Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Улахолдо Швейцариянын колдоосу менен маданий борбордун расмий ачылыш аземи өттү

2017-08-23 / Социалдык кызмат көрсөтүүлөр

Түрмөктү ЖДКЖ Долбоорунун ХЕЛВЕТАС адиси, Махабат МУРЗАКАНОВА даярдаган

2017-жылдын 18-июлунда Улахол айылдык аймагынын Оттук айылынын жана ага жакын жайгашкан Кара-Шаар айылынын 3500дөн ашуун тургуну үчүн маданий борбордун расмий ачылыш аземи өттү. Жалпы суммасы 5 миллион сомдун тегерегинде Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын финансылык колдоосунун жана айылдык аймактын өз салымынын эсебинен мада- ний борбордун бош убакытты өткөрүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөрү жакшырды. Салтанаттуу аземге ай- мактын жашоочулары, айыл өкмөттүн жана жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, ошондой эле Долбоорду ишке ашырган HELVETAS Swiss Intercooperation жана Өнүктүрүү саясат ин- ститутунун өкүлдөрү катышты. Улахол айылдык аймагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча мыкты Аракеттер планына жарыяланган конкурста утуп алган. Бул конкурс “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Ал эми Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы каржылайт жана HELVETAS Swiss Intercooperation Ассоциациясынын филиалы менен Өнүктүрүү саясат институтунан турган консорциум аткарат. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планы – бул системалык усул. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыгын аныктоого, ошондой эле аларды уюшту- руу жана аткаруу иштерин пландап, жакшыртууга жол ачат.

Бош убакытты өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аймактын жашоочулары артыкчылыктуу катары фокус топтордогу талкуулар маалында жана жалпы чогулуштарда тандап алышкан. Жашоочулар жыл бою жаштарды пайдалуу иштерге тарткысы келет. Бул үчүн тиешелүү шарттар зарыл болчу. Ошондуктан эски клубдун имаратын оңдоп-түзөп, ал жерде жаштар үчүн бош убакытты өткөрүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу зарыл эле. Биринчи кезекте жылуулук системасын оңдоо талап кылынган. Бул болсо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кошкондо бардык жашоочулардын катышуусу менен кызыктуу кечелерди өткөрүүгө шарт түзмөк. Ошондуктан майыптар үчүн пандустар курулду. Маданий борбор бий, тил курстары жана башка билим берүүчү иш-чаралар өңдүү бош убакытты өткөрүү жана маданият чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтөт. Ал ошондой эле өзүнө балдар үчүн оюн аянтчасын жана WI-FI зонасын камтыйт.

“Ушул күндөн баштап Оттук жана Кара-Шаар айылдарынын жашоочулары маданий чөйрөдө сапаттуу жана жетимдүү кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат. Борбордо мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алар эми айылдын маданий турмушуна жигердүү катыша алышат. Буга чейин айылда алар үчүн эч нерсе жок болчу, – деп белгиледи Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек МАМАТКЕРИМОВ. – Мурда кыз-жигиттер кечки убакытты кантип өткөрөрүн билбей, убара болчу. Айрымдары футбол ойносо, калгандары үйүндө отурчу. Эми болсо алар жолугушуп, баарлашып, дараметтерин өнүктүрө ала турган жер бар”. Улахол айылдык аймагына ЖДКЖ Долбоору жергиликтүү артыкчылыктарды эсепке алуу менен бош убакытты өткөрүү жана маданият чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн узак мөөнөттүү планын түзүү боюнча кошумча консультациялык жардам берүүдө. “Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үзгүлтүксүз процесс экенин унутпаш керек. Бул жерде сөз жаңы жабдууну сатып алуу же инфраструктура объекттеринин ремонту жөнүндө гана жүргөн жок. Биринчи кезекте муниципалитеттин бардык жашоочуларына жеткиликтүү болгон сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан талаптагыдай башкаруу жөнүндө сөз жүрүүдө.

Бул кызмат көрсөтүүлөр туруктуу негизде жеткирилет”, – деп айтты Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ренэ ХОЛЕНШТАЙН. “Маданиятты өнүктүрүү боюнча көпчүлүк долбоорлор шаарларда ишке ашырылып келет.

Ал эми элет жергесинде мындай долбоорлор аз, бирок алар жаштарды өнүктүрүү үчүн өтө зарыл болуп жатпайбы”, – деп белгиледи Тоң районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек АЖИЕВ.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Казбек КОКУМОВ буларды айтты: “Жаштар гана эмес, карыкартаңдар да ыңгайлуу жерде орун алган бул борбордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуу менен айылдын маданиятынын өнүгүүсүнө жигердүү катышып, тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштарга билимин жана көндүмдөрүн өткөрүп беришсин”.

“Биз Швейцария Элчилиги колдоого алган долбоорлор менен кызматташтыкты 2012-жылы баштаганбыз. Долбоорлордун жүрүшүндө мен жергиликтүү бюджетти түзүүгө жана бөлүштүрүүгө, жарандарды бюджеттик процесске тартууга үйрөндүм. Бул билимдердин жана көндүмдөрдүн жардамы менен депутат болуп, жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайландым”, – деп белгиледи Улахол айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Тынчтык АШИМОВ.

Долбоордун бет ачарынын алкагында тасма көрсөтүлүп, анда бул Долбоорду тандап алуу себептери саналып өттү:

  • жаштардын, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жана пенсия курагындагы тургундардын пайдалуу курстар менен алектенип, бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү;
  • кумар оюндарына кызыгууну азайтуу жана аракечтикти тыюу, бул болсо жаш үй-бүлөлөр арасында ажырашуу-лардын санын кыскартат;
  • түрдүү курактагы жашоочулардын социалдашуусу;
  • спорт менен алектенүүгө дем берүү; таланттарды өстүрүү, адабиятка жеткиликтүүлүк ж.б.

Ошондой эле тасма борбордун капиталдык ремонтко чейинки жана андан кийинки абалын даана көрсөтүп, Долбоордун өзү жөнүндө кыска маалымат берди. Ишчаранын этегинде маданий борбордун окуучулары жана мугалимдери даярдаган мыкты концерт өттү. Ал эми соңунда майрамдын уюштуруучуларына жана маданий борбордун реновациясына жигердүү катышкан конокторго ыраазычылык каттары тапшырылды.