Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Социалдык кызмат көрсөтүүлөр
КОРРЕКЦИЯЛЫК КЛАССТАР – өзгөчө билимге муктаж балдарга камкордук
Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы каржылаган, HELVETAS Swiss Intercooperation Ассоциациясынын филиалы менен Өнүктүрүү саясат институтунан турган консорциум аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (мындан ары – ЖДКЖ Долбоору) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Бостери айылдык аймактарында коррекциялык класстарды ачууга техникалык жана финансылык колдоо көрсөттү. Конкурстун натыйжасында бул демилгени ишке ашыруу боюнча “Келечек Плюс” коомдук фонду ЖДКЖ Долбоорунун өнөктөшү болуп табылды.
Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана балдар кайсы жерде жашаганына карабастан социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж. Кыргызстандын айылдык аймактарында муктаждарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү системасы болбогондуктан, мамлекеттик органдар дайыма эле аларды зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздай алышпайт. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым демилгелер гана аймактарда ишке ашырылып келет. Бул негизинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар менен үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча долбоорлорду аткарган эл аралык донорлор менен жергиликтүү коомдук уюмдардын колдоосу жана катышуусу менен ишке ашууда.
2017-жылдын 1-мартынан тартып “Келечек Плюс” коомдук фонду ЖДКЖ Долбоорунун тап- шырыгы боюнча мектептердин базасында эки коррекциялык класстардын ачылышына даярдана баштады. Класстар Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Мамытов атындагы мектепте жана Жети-Өгүз айылындагы Д.Иманов атындагы мектепте ачылмай болду. Чүй облусунун чегинде алгачкы коррекциялык класстар 1-сентябрда – Билим күнүндө ачылышы керек. Жалпысынан Кыргызстанда мындай төрт класс бар жана алардын баары Бишкек шаарында жайгашкан.
СССР жоюлгандан кийин көптөгөн мектепинтернаттар, атайын мектептер жана коррекциялык класстар жабылган. Мунун себептери көп: бир жерде каржылоо жетишпесе, экинчи жерде мекеме кайра уюшулган же жөн гана мамлекеттин колу өзгөчө билимге муктаж балдарга (ӨБМ) жетпей калган.
Анткен менен өзгөчө билимге муктаж балдар төрөлбөй калган жери жок, атүгүл алардын саны көбөйгөн тенденция да байкалууда. Ушул тапта Кыргыз Республикасында майыптуулугу бар 29 000 бала жашайт.
29 миң ДМЧ бала: алар кантип күн көрүүдө? Жалпысынан Кыргызстандын аймагында өнүгүүсүндө көйгөйлөрү бар балдар үчүн 13 билим берүү уюму жана төрт атайын көмөкчү мектеп бар. 2500гө жакын бала бул мекемелерде билим алышат. Балдардын аз гана бөлүгү жеке реабилитациялык же күндүзгү борборлорго барат, андан да азы жалпы билим берүүчү мектептерде окуйт. Майыптуулугу бар 20 000ден ашуун бала эмне менен алектенет? Алар үйлөрүндө камалып отурат, интернаттарда жашашат, жалданып иштешет. Тилекке каршы, бул маселе боюнча так маалыматтар жок.
Үйүндө отурган балдардын көбүндө социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү жок, атүгүл күнүмдүк турмушундагы кадыресе көндүмдөргө да ээ эмес; алар жөн гана өлбөстүн күнүн көрүп жашашат.
“ӨБМ балдар жана алардын айылдардагы жашоосу” Долбоорунун алкагындагы изилдөөлөр ЖДКЖ Долбоорунун принциптери кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоодо жергиликтүү жамааттын милдеттүү түрдө катышуусун камтыйт. Бостери жана Жалал-Абад айылдарында ата-энелер менен өткөрүлгөн фокус топтордун натыйжасында Ысык-Көл жана Жети-Өгүз райондорунда коррекциялык класстардын жана башка билим берүүчү мекемелердин жоктугунан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим албай келатканы аныкталды. Ушул себептен улам ӨБМ балдар коомго адаптацияланган эмес. Ал эми ата-энелер ишке чыга алышпайт, алар үйдө отуруп, балдарын багууга муктаж. Ошондой эле айрым ата-энелер майыптуулугу бар баланы тарбиялап жатканын моюнга алууга даяр эместигин айтышкан. Мунун себептеринин бири – диний ынанымдар, ага ылайык, үй-бүлөдө өзгөчө баланын төрөлүшүн “күнөөлөр үчүн жаза” катары кабыл алышат. Балдарга жана үй-бүлөлөргө орто кылымдагыдай мамиле ата-энелердин маалыматы жоктугунан, сабатсыздыгынан улам болуп, ДМЧ балдардын муктаждыгы менен алектенген уюмдардын жеринде иш алып барбаганынан улам күч алды.
Кайраты качкан ата-энелер Майыптуулугу бар балдардын ата-энелери ЖДКЖ Долбоору менен кызматташуу башталганга чейин маалыматы жок, пассивдүү болчу. Алар ӨБМ балдары жашоодо ордун таппай калабы деп стресс абалында болуп, депрессияда жашашчу (көпчүлүк ата-энелер семинарда ыйлап отурушкан). Майыптуулугу бар балдарды үйдө багуу жана өнүктүрүү көндүмдөрүн үйрөткөн семинарлардан кийин жана энелерди активдештирүү боюнча жолугушуулардан соң ата-энелердин психологиялык абалы оң жаңына өзгөрө баштады. Алар өздөрүнүн жана балдарынын укуктары тууралуу көбүрөөк билип, жалгыз болбогонун, алардын жанында башка ушундай эле үй-бүлөлөр бар экенин, эң негизгиси – эми алардын ӨБМ балдары коррекциялык класстарда окуй турганын баамдашты. Мындан ары аларда өз облусунун чегинде билим берүү мекемелерин издөөгө же Бишкекке барууга муктаждык болбойт.
Ата-энелер дайыма мамлекеттен колдоо күтүшөт. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө майыптуулугу бар баланы үйүндө баккан жана жумушка чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан өзүн иште көрсөтө албаган энелерге баласын бакканы үчүн маяна төлөнөт. Биздин энелерге да ушундай колдоо керек. Моралдык, физикалык жана материал дык муктаждык ӨБМ балдары бар 99% ата-энеде байкалат.
Мектеп жана мугалимдерМайыптуулугу бар балдарды окутуу тууралуу өтүнүчкө мугалимдердин жана мектеп администра-циясынын биринчи реакциясы – бул коркуу сезими. Мындай балдардын өзгөчөлүктөрүн, ӨБМ балдар менен иштөөнүн усулдарын жана ыкмасын билбе-гендиктен улам пайда болгон коркуу сезими алар менен иштөө мүмкүн эмес деген жалган мифтерди пайда кылууда.
Мугалимдердин ӨБМ балдар менен иштөө бо-юнча билими жок. Ар бир мугалим өз предмети тууралуу билимге ээ. Ал эми жогорку окуу жайлар-да “Өзгөчө билимге муктаж балдарды окутуу” деп аталган предмет окутулбайт. Майыптуулугу бар балдар менен иштөөгө атайын педагогдорду жана кууш адистерди – логопед, психолог, сурдологдор-ду гана үйрөтүшөт. Бирок практика көрсөткөндөй, мындай адистер чоң шаарларда гана иш издешет, ал эми элеттик мектептерге иштегени барышпайт.
Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдер жана мектеп администрациялары коррекциялык класс- тарга оор диагнозу бар балдарды албоону өтүнүштү. Мындай өтүнүчтү түшүнсө болот, анткени бир класска бир мугалим, ал эми коррекциялык класстарга оор диагноз коюлган балдар барышат. Эгерде алардын арасында диагнозу оор балдар болсо, анда мында эки вариант болушу мүмкүн:
1-вариант – оор диагнозу бар балага жалпы класска караганда көбүрөөк көңүл буруш керек, мунун айынан класстын өнүгүү динамикасы аксайт;
2-вариант оор диагнозу бар бала окуунун аягына чейин жөн гана отуруп берет жана окуу процессине катышпайт. Баланын өнүгүүсүндө динамика болбойт. Экинчи варианттын ыктымалдуулугу азыраак, себеби мындай балдар адатта бир жерде тынч эле отура беришпейт.
Жогоруда айтылгандардан улам коррекциялык класстардын мугалимдерине жардамчы же мугалимдин ассистенти керек экени түшүнүктүү болду. Ар бир баланы окуу процессине кошуу педагогдун өзгөчө көңүл буруусун талап кылат. Ал эми ӨБМ балдар гана окуган класста мугалим эки эсе көңүл бурушу керек.
Ошентсе да мектеп жалпысынан өзгөчө балдарды кабыл алууга даяр. Өзгөчө окуучулар буга ынтызар. Бирок ата-энелердин реакциясы – бул башка маселе. Айрым ата-энелер майыптуулугу бар балдардын диагнозу жугуштуу, кооптуу жана башка балдар үчүн коркунучтуу деп ойлошот. Жаңжалдарды болтурбоо максатында майыптуулугу бар балдарды активдештирүү зарыл, ата-энелер балдарына байланыштуу кырдаалды жеткиликтүү тил менен, ызы-чуусуз түшүндүрүп бергенди би-лиши керек. Ошондой эле республикалык жана жергиликтүү ММК, ӨБМ балдар жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу даректүү жана көркөм тасмалар аркылуу коомчулукка өзгөчө балдардын жашоосу жөнүндө маалымат жеткирүү зарыл. Түшүнбөстүктү жана коркуу сезимин жоготуу үчүн адамдар маалы-матка ээ болушу керек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптуулугу бар балдар өскөн үй-бүлөлөр менен жеринде иштөөгө даяр Бирок бул багытты колдоп берүүгө жергиликтүү бюджетте берене да, каражат да каралбагандыктан, алардын колдору байлануу. ӨБМ балдарга (ДМЧ балдар) жана үй-бүлөлөргө кам көрүү милдети мыйзам менен мамлекетке жүктөлгөн. Буга ылайык, эгерде ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүгүн бир нерсе жасаса, эртең Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында бул үчүн жазага тартылышы ыктымал.
Тиешелүү нускамалардын, ведомстволор ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттенмелердин жана жоопкерчиликтин жоктугу да бир топ көйгөйдү жаратууда. Ар бир ведомство майыптуулугу бар баланын кайсы бир бөлүгү үчүн гана жооптуу: колдору Социалдык өнүгүү министрлигине, буттары Саламаттык сактоо министрлигине, башы Билим берүү министрлигине, тулку бою ата-энесине “тиешелүү”. Ар бир ведомство бир эле адамга тиешелүү өз ишин аткарат, бирок жалпы картинаны бирдей көрүү, өз ара аракеттенүү жоктой. Натыйжада бала гана азап чегүүдө, ага тиешелүү болгон кызмат көрсөтүүгө жетпей келет. Анткени социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук пакетин алуу үчүн анын апасы жүз инстанциядан өтүп чыгышы керек.
Жүз инстанция?Күнүмдүк жашоосуна акча таап, үйдү кармап, тамак жасап, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө кам көрүп, короодо иштеп, суу ташып, кир жууп, буга кошумча майыптуулугу бар баланы багыш керек болгон энени жүз инстанция күтүп турат. Бул оор. ӨБМ балага зарыл болгон маалыматты толук билген, ата-энесин багыттап, кепкеңешин бере алган адистин жоктугунан улам бул өтө оор. Буга кошумча структурага салынган маалымат жана маморгандардын өз ара аракети жок.
Биз Бостери айылдык аймагынын ЖӨБ органдары менен биргелешкен инклюзивдүү иш-чара өткөрүүгө аракет жасадык. Бирок мындан майнап чыккан жок. Анткени алардын өз пландары жана элеси, ал эми биздин өз көз карашыбыз бар экен. Ар бир ЖӨБ органынын жылдык бюджетинде калк- тын аярлуу катмарлары үчүн иш-чараларга каражат бекитилет: аз камсыздалгандарга, майыптуулугу бар балдарга, жетимдерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө ж.б. Эрежеге ылайык, айыл өкмөтү калктын аярлуу катмары үчүн иш-чараларды өткөрүүгө бюджетинде каражат карайт. Бирок адатта бул сумма 50 000 сомдон ашпайт. Дээрлик дайыма эле бул каражатка майыптуулугу бар балдарга жылына эки жолу – 31-декабрда жана 1-июнда белек сатып беришет.
Керексиз белектерге – балмуздак, таттууга мына ушуга бюджеттик каражат сарпталат. Албетте биз ЖӨБ кызматкерлерин деле түшүнүп турабыз, алар колунан келгенин жасап жатышат. Бирок бул акча көбүрөөк пайдалуу иш-чараларга багытталса жакшы болмок. Мисалы, жылына бир жолу ӨБМ балдардын ата-энелерин чогултуп, алар үчүн балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү боюнча окуу иш-чараларын өткөрүп же психолог жана логопед менен жолугушууларды уюштурса болот. Же жок дегенде эки күнгө балдар үчүн лагерди уюштурса да болот. Ошондой эле майыптуулугу бар балдарды баккан, өтө жакыр үй-бүлөлөргө мал (уй же эчки) сатып алууга социалдык насыя берсе болот. Бул аярлуу үй-бүлөлөрдө өскөн балдардын тамактануусун жакшыртуунун бирден бир жолуна айланмак. Ошондой эле мындай балдардын жашоосу жөнүндө социалдык тасма тартып, жергиликтүү жамааттын көңүлүн бул маселеге буруп, маалымат берүү үчүн тасманы жергиликтүү каналдардан көрсөтүп турса да болот.
ЖДКЖ Долбоору эмнелерди жасады? ЖДКЖ Долбоорунун алкагында төмөнкүдөй ишчаралар өткөрүлдү:
- максаттуу топтордун керектөөлөрүн баалоо (ӨБМ балдар, мугалимдер жана мектеп администрациясы, ошондой эле ата-энелер);
- коррекциялык класстарды уюштуруу боюнча ата-энелер үчүн семинарлар;
- мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуу, өнүктүрүү жана үйдө багуу боюнча ата-энелер үчүн эки күндүк семинар;
- жогорку класстын окуучулары үчүн майыптуулук боюнча билим берген сабактар;
- ДМЧ балдар үчүн инклюзивдүү иш-чаралар;
- коррекциялык класстарда иштеген мугалимдер үчүн методикалык сунуштамалар иштелип чыкты;
- коррекциялык класстарды уюштуруу жана каржылоо боюнча КР Билим берүү министрлигинде “тегерек стол”;
- ата-энелерди активдештирүү боюнча жолугушуулар;
- коррекциялык класстар жөнүндө жобо иште- лип чыгып, учурда КР Билим берүү министрлигине бекитүүгө жиберилди.
Алдын ала жыйынтыктар
- Мугалимдер коррекциялык класстарды уюштуруу боюнча минималдык стандарттар менен таанышып чыгышты.
- ӨБМ балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин керектөөлөрү изилденди.
- Коррекциялык класстардын мугалимдери жана ата-энелер өзгөчө керектөөлөрү бар балдарды өнүктүрүүнү, мындай балдардын жеке билим алуусунун планын жазганды үйрөнүштү.
- Ата-энелер өздөрүнүн жана ӨБМ балдардын укуктары жөнүндө маалымат алышты.
- Жогорку класстын окуучулары майыптуулугу бар балдарга ак ниет мамиле жасоо сабактарын өткөргөндү үйрөнүштү.
- Коррекциялык класстарда иштеген мугалимдер үчүн методикалык сунуштамалар иштелип чыкты.
- Мектеп администрациясы жана мугалимдер коррекциялык класстарга балдарды кабыл алууга даяр жана бул иштер башталды. Сентябрга чейин коррекциялык класстар үчүн жабдууларды сатып алуу пландалып жатат:парталарды, акыл-эсти өнүктүрүүчү оюнчуктарды, китептерди, спорттук шаймандарды, эмеректерди жана кеңсе буюмдарын.
Коррекциялык класстар ӨБМ балдарга коомго адаптацияланууга жардам берет деп ишенебиз. Анткени мектеп базалык көндүмдөргө, билимге жана жөндөмдүүлүктөргө үйрөтөт. Ал эми буларсыз өзгөчө билимге муктаж балдардын мындан аркы окуусу жана өнүгүүсү мүмкүн болбойт.
Фатима ТОЛБАЕВА, “Келечек Плюс” коомдук фондунун директору
Окшош материалы:
-
№4-5 (90-91) / 2019-06-18 Кочкор-Ата мамлекеттик социалдык заказды киргизүүдө
-
№№ (12-1) 86-87 / 2019-01-27 Кайырмак менен балыктын ортосунда калган соцкоргоо
-
№8(69) / 2017-08-23 Улахолдо Швейцариянын колдоосу менен маданий борбордун расмий ачылыш аземи өттү
-
№1 / 2017-03-23 СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
-
№1 / 2017-01-20 Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдө деинституционалдаштыруу (интернаттардан жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөргө өтүү): Украинанын тажрыйбасы
-
№1 / 2017-01-02 Кыргыз Республикасында жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдө реформалоонун КОНЦЕПЦИЯСЫ