2017-01-02 / СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
Ар бир өлкөнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү көп учурда адамдык капиталдын бар болгонунан жана анын сапатынан, ошондой эле өндүрүмдүү эмес (текке кеткен) чыгымдардын көлөмүнөн көз каранды болот. Мындай чыгымдардын ичине социалдык өнүгүүгө кеткен чыгымдар да кирери талашсыз. Мамлекеттик башка- руу жана социалдык өнүгүү жөнүндө заманбап илим далилдегендей, мамлекеттин социалдык саясаты жөлөк пул түрүндө түз жардам берүүгө эмес, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн жеткирүүгө негизделип түзүлүшү керек. Мындай саясат күнүмдүк чыгашаларга карата гана үнөмдүү болбостон, ошону менен бирге келечекте мамлекеттик бюджетке болгон жүктү азайтат.
Чындыгында эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды өмүр бою интернаттык мекемеде кармаганга караганда, алар өз жанын өзү багып, кесипке ээ болгондо гана мамлекетке бир кыйла жеңил болмок. Эгерде үй-бүлөдөгү зомбулуктан азап чеккен аял аракеч күйөөсүнүн колунан ажалын таппай, убактылуу жайда башпаанелесе, анда мамлекет соттук жана пенитенциардык чыгашалардан, жетим балдарды тарбиялоого кеткен чыгымдардан өтө чоң суммаларды үнөмдөп калмак.Мындай чечимдерди кабыл алуу мүмкүн жана заманбап мамлекетте кеңири колдонулуп жатат. Анткен менен аларды ишке ашыруу үчүн муктаждыктарды аныктоо жана интернаттыкка альтернатива болчу жарым стационардык социалдык кызматтарды көрсөтүү системасы зарыл. Мындай система шаарларда гана эмес,ошону менен бирге алыскы айылдарда да кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыздап, Кыргыз Республикасынын бардык аймагында натыйжалуу иштеп кетиши керек.
2016-жылдагы кырдаал: жарым стационардык кызмат көрсөтөөргө жеткиликтүүлүктүн жоктугу Жалпысынан Кыргыз Республикасынын аймагынын 70 пайызында муктаж болгон жарандарда – оор турмуштук кырдаалда калган балдарда жана үй-бүлөлөрдө, майыптуулугу бар балдарда жана улуу адамдарда, кары-картаңдарда – жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө физикалык жеткиликтүүлүгү жок.Социалдык кызмат көрсөтүүлөргө физикалык жеткиликтүүлүктүн жоктугу. 2016-жылы 150нүн тегерегинде муниципалитеттин жашоочуларында гана жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк болгон. Башкача айтканда, өлкө аймагынын дээрлик 70% стационардык эмес типтеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө физикалык жеткиликтүүлүк болгон эмес. Айрым бааларга ылайык, Кыргыз Республикасында 100 миңден 400 миңге чейин адам социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж. Анткен менен, бул муктаждыктар эң минималдуу даражада канааттандырылган же такыр эле канааттандырылган эмес (муктаждардын 2% гана стационардык эмес социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү бар).
Мамлекеттик каржылоонун жетишсиздиги. Интернаттыкка альтернативалуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо мамбюджеттин социалдык коргоого кеткен жалпы чыгашаларынан эч качан 0,1% ашкан эмес (бул каржылоо мамлекеттик социалдык тапшырыктын – МСТнын алкагында берилет). Бул такыр эле жетишсиз, мындай кызмат көрсөтүүлөргө кеткен каржылоону бир кыйла көбөйтүү зарыл. Кыргызстандан социалдык коргоо түрдүү жөлөк пулдарды төлөп берүү жана интернаттык (стационардык) мекемелерди күтүү формасында гана иштеп келатат. Жергиликтүү бюджеттер мындай кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого укугу жок. Анткени алар мамлекеттин ыйгарым укуктарына кирет (жергиликтүү бюджеттен турмуш-тиричиликке жардам берүүнүн бир аз каржылаган мисалдар бар. Мисалы, жалгыз бой жашаган карыларга көмүр сатып берүү).
Мамлекеттик каражаттарды интернаттык мекемелерге багыттоо. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик концепциясы Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүүгө жол берди. Мында мамлекеттик, муниципалдык, жеке коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар жеткирүүчү боло алышат. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөрдүн саны болжол менен бирдей эле. Анткен менен жеке жеткирүүчүлөр өзүнө жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 72 пайызын алса, мамлекеттик жеткирүүчүлөр 65 пайыздан ашык интернаттык кызматтарды көрсөтөт. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарды аныктоо системасынын жоктугу. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болгон артыкчылыктуу топтор: оор турмуштук кырдаалда калган балдар жана үй-бүлөлөр; майыптуулугу бар адамдар; кары-картаңдар1. Кыргыз Республикасынын аталган максаттуу топторунун социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктары тууралуу так маалыматтар жок. Анткени бул муктаждыктарды эсепке алуу системасы түзүлгөн эмес. Муктаждыктарды аныктоо жана эсепке алуу милдети формалдуу түрдө ЖӨБ органдарына жүктөлгөн. Бирок бул милдет тиешелүү түрүндө аткарылбай жатат.
Биринчиден, ЖӨБ органдары муктаждыктарды аныктап, эсеп жүргүзүүгө кызыкдар эмес. Себеби андан ары кызмат көрсөтүү алардан көз каранды эмес (алар аярлуу топко алсыз көрүнүшөт). Экинчиден, мамлекет бул жумуштарды каржылабайт. Иштеп жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн туруксуздугу. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 72 пайызын мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөр ишке ашырат. Алардын көбү эл аралык донорлордун долбоорлорунун эсебинен түзүлгөн жана иштеп жаткан коммерциялык эмес уюмдар болуп эсептелет. Бул болсо кызмат көрсөтүүлөрдү өтө эле туруксуз кылууда, себеби уюмдар долбоор иштеген учурда гана кызмат көрсөтө алышат. Долбоор жыйынтыкталгандан кийин көпчүлүк борборлор жабылып калууда. Борборлор үчүн мамлекеттик каржылоого ээ болуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү – мамлекеттик социалдык тапшырык. Бирок тапшырыктарды бөлүштүрүү өркүндөтүлбөгөн шарттарда бул маселе чечилбей жатат. Мындай борборлорду күтүү үчүн жоопкерчиликти ЖӨБ органдарына жүктөп коюу тенденциясы бар.
Бирок бул колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келет. Ошондуктан КР Эсептөө палатасы ЖӨБ органдарын мындай борборлорду жергиликтүү бюджеттен каржылоону токтотууга мажбурлап, ЖӨБ органдарына айып салууда.Жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушталган системасы Сунушталган система мамлекеттин, бизнестин жана коомдук сектордун укуктук мамилелер системасына толугу менен кирет, Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу саясатында ишке ашырылган айрым бир жалпы узак мөөнөттүү тенденцияларга жана концепцияларга шайкеш келет. Тагыраак айтканда:
-
социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү деинституционалдаштыруу концепциясы;
-
социалдык коргоону өнүктүрүүү концепциясы;
-
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр концепциясы;
-
жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү концепциясы;
-
аймактык саясаттын концепциясы;
-
мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, мамлекеттин бизнес жана коомдук сектор менен кызматташтыгынын концепциясы.
Аталган концепцияларга ылайык, Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногу түзүлгөн. Анткен менен калктын муктаж болгон категориясы тарабынан физикалык жеткиликтүүлүктүн чегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде социалдык инфраструктуранын жоктугунан улам бул рынок бардык иш жүзүндөгү муктаждыктарды канааттандыра албайт. Жалпак тил менен айтканда, мамлекет аярлуу жарандардын жашаган жери боюнча жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөргө укуктары бар болгонун жарыялаганы менен, мамлекеттик бюджетте бул үчүн каражаттар бар болсо да, иш жүзүндө бул милдеттенмелерин аткарбай жатат. Кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн система кандай болууга тийиш? Система өзүнө жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн түрдүү категориясын камтышы керек. Алардын ар бири өз сектору же муктаж болгон топтор менен алектенүүгө тийиш. Тапшырыкчы катары мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыгышы керек.
Алар бул кызмат көрсөтүүлөрдү каржылаганы менен, методологиялык жактан камсыздоо, стандарттарды бекитүү (мамлекет), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү (мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу) өзүндө калышы керек. 1-сүрөттө системанын схемалык көрүнүшү берилди. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын мыйзамдык укуктарын жана мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн бекитет. Зарыл болгон учурда эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык милдеттенмелерди кабыл алат. Узак мөөнөттүү мезгилге социалдык өнүгүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөр (ЖСК) жана аларды жеткирүү системасынын мыйзам чыгаруу алкактарын белгилейт. Мында системанын ар бир катышуучусунун ролун жана жоопкерчилигин аныктайт. Мыйзамдардын аткарылышын контролдойт. Бюджет жөнүндө жылдык мыйзамда ЖСКны каржылоо көлөмүн бекитет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Социалдык өнүгүүнүн күнүмдүк артыкчылыктарын аныктаган мамлекеттик программаларды бекитет. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун көлөмүн, анын ичинде ЖСК боюнча ЖӨБ органдарына берилген ыйгарым укуктарды каржылоонун көлөмүн белгилейт. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүү сапатынын стандарттарын, регламенттерин жана аларды каржылоо стандарттарын бекитет. ЖСКга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн сапаттык жана сандык индикаторлорду белгилейт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги. Социалдык өнүгүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана КР Өкмөтүн жиберет. Ал мамлекеттик программаларда ЖӨБ органдары берген суроо-талаптардын базасында географиялык алкакта аярлуу топтордун артыкчылыктары жана муктаждыктары эсепке алынат. ЖСКнын стандарттарын, кызмат көрсөтүүлөрдүн регламенттерин жана каржылоонун стандарттарын, көлөмдөрүн иштеп чыгат жана КР Өкмөтүнө жиберет. ЖӨБ органдары жарым стационардык социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча берилген ыйгарым укуктарды аткарган учурда аларга методологиялык жактан көмөктөшөт.
ЖСКга мониторинг жүргүзөт жана жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен көлөмүн өкмөт белгилеген сапаттык жана сандык индикаторлорго канчалык шайкеш келгенин баалайт. Кызмат көрсөтүүнү тикелей уюштурбайт жана ишке ашырбайт! Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Калктын жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктайт жана эсеп жүргүзөт. Социалдык өнүгүүнүн жергиликтүү саясатын иштеп чыгат. Ал социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана эки бөлүктөн турат: жергиликтүү маанидеги маселелерге ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган бөлүгүнөн жана ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аркылуу мамлекеттик бюджеттен каржыланган бөлүгүнөн. Муниципалитеттин аймагындагы аярлуу топторго жана алардын жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгына жараша Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дарегине маалыматтык суроо-талаптарды түзөт. Муниципалитеттин аймагында өз каражаттарынын эсебинен да (жергиликтүү маанидеги маселелердин чегинде), жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүү боюнча мамлекет берген ыйгарым укуктарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттен берилген трансферттердин эсебинен да ЖСК уюштурат.
Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык мекемелерге (чакан муниципалитеттерде жана муниципалитеттер аралык кызматташтыктын негизинде), же мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөргө (ири муниципалитеттерде) өткөрүп берет. Муниципалитеттин аймагында ЖСКга мониторинг жана баалоо жүргүзөт. Берилген ыйгарым укуктардын алкагында жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине отчет берет. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик жеткирүүчүлөр.
Райондун деңгээлинде жана айрым шаарларда атайын кадрдык потенциалды талап кылган тар адистештирилген жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле муктаж болгон айрым топторго жарым стационардык социалдык кызматтарды көрсөтөт. Мисалы, логопеддин, дефектологдун, реабилитологдун ж.б. адистердин кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле согуштун, этностор аралык жаңжалдардын же кырсыктын курмандыктары үчүн жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөр. Өлкөнүн ири муниципалитеттеринде жана район борборлорунда гана иштешет.
Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык жеткирүүчүлөр. Жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен да (жергиликтүү маанидеги маселелердин чегинде), ЖСК боюнча мамлекет өткөрүп берген ыйгарым укуктарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн трансферттердин эсебинен да жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн муниципалдык мекеме түрүндө ЖӨБ органдарынын чечими менен түзүлөт. Көбүнчө ЖСКны мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөрдүн рыногу көп жакшы өнүкпөгөндүктөн аны аутсорсингге берүү кыйын болгон чакан муниципалитеттерде иштешет. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөрү. ЖСКны калктын аярлуу категорияларына жеткирип, Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык, мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан мамлекеттик социалдык тапшырыкты аткарышат. Мамлекеттен алган МСТнын алкагында жалпы республикалык мааниге ээ болгон долбоорлорду аткарат жана кызмат көрсөтөт. Мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдүн уникалдуу түрлөрүн, жаңы усулдарды иштеп чыгат, механизмдер менен усулдарды сынайт, саясатты иштеп чыгуу, социалдык өнүгүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү максатында изилдөө жүргүзөт. МСТнын алкагында ЖӨБдүн атынан бир кыйла ири муниципалитеттерде иштейт. Бул болсо мамлекеттик социалдык тапшырыкты натыйжалуу жайгаштыруу үчүн атаандаштык чөйрөнү камсыздоо максатында жасалат.