Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кайырмак менен балыктын ортосунда калган соцкоргоо

2019-01-27 / Социалдык кызмат көрсөтүүлөр
Кайырмак менен балыктын ортосунда калган соцкоргоо

2019-жылдын бюджетинде Кыргызстандын Өкмөтү чыгашалардын дээрлик жарымын социалдык тармакка багыттайт. Бирок бул баары бир жетишсиз. “Ач адамдын курсагын тойгузуш үчүн ага балык эмес, кайырмак бер” деген белгилүү макал кыргызстандык аткаминерлердин да оозунан түшпөй калды. Алар калктын аялуу катмарларын колдоо тууралуу сөз болгондо эле бул макалды жаттап алгандай айтып калышат. Бирок бул бир караганда талашсыз болгон даанышман макалга социалдык маселелер жана финансы жаатындагы эксперт, буга чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген Жамиля СОПУКЕЕВА кошулбайт. – Бул жерде бир кайырмак менен эле иш бүтпөйт, - деп эсептейт эксперт Жамиля СОПУКЕЕВА. – Балык кармаганды үйрөнгөчө ачка адам өзү жана үй-бүлөсү кантип жашайт? Бул убакыт ичинде алар колдоого муктаж болушат да. Мамлекет ишти аягына чыгарышы керек – өндүрүш каражатын берип коюп, бир жолу жардам бербестен, ал адамга бутунан туруп кетүүгө мүмкүнчүлүктү кошо бериши керек. Мисалы, жөлөкпул бөлүп, балдарды бала бакчага орноштуруп дегендей. Бир сөз менен айтканда, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн болгон пакетин колдонуш керек.

Мына ушундай чаралар менен гана жакырчылыкты жеңүүгө болот. Жамиля СОПУКЕЕВАнын “Бюджет-2019: Социалдык коргоону каржылоо жана 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы артыкчылыктар” деп аталган презентациясы мына ушул темага арналган. Бул презентация менен ал 23-ноябрда Өнүктүрүү саясат институтунун пресссессиясында сөз сүйлөдү. Республикадагы калктын эң эле коргоосуз катмарларын колдоо көйгөйү өтө курч тургандыктан ӨСИ республикадагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн ушул маселеге бурууну чечти. Бул үчүн ӨСИ “Калыс социалдык коргоо. Бул Кыргызстанда мүмкүнбү?” аттуу пресс-сессия өткөрдү.

Иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу (SDC) Швейцариянын Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Коомчулук экономиканын социалдык тармагына субсидияны көбөйтүүнү талап кылганда өкмөттүн эң эле кадыресе актануусу – “казынада акча тартыш болуп жатат”. Бирок Эсеп палатасынын 2017-жылы республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзгөн аудити көрсөткөндөй, чыгашалардын корголгон беренелери 856 миллион сомго каржыланбай калган. Казынада каражат жетиштүү болгондо да мына ушундай көрүнүш келип чыкты! Аудиторлордун корутундусуна ылайык, бюджеттик каражаттардын негизги бөлүштүрүүчүлөрү өтүнмөлөрдө толук сумманы көрсөтпөгөндүктөн, же өтүнмөлөр толук толтурулбагандыктан мына ушундай көрүнүш пайда болду. Бирок факт бар – 856 миллион сом казынада козголбогон бойдон кала берди. Ал арада үстүбүздөгү жылдын башынан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1135 арыз жана даттануу түштү. Алардын ичинен кайрылуулардын 30 пайызга жакыны мамлекеттик жөлөкпулга байланыштуу болсо, калганы жеңилдиктерди берүүгө, жардам көрсөтүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын көйгөйлөрүнө жана башкаларга байланыштуу болгон. Мекемеге кайрылган арыз ээлеринин арасында акчасы Финансы министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ортосунда кала бергендер да бар болушу мүмкүн деп божомолдосо болот. Ал эми соцкоргоо тармагында “үнөмдөлгөн” акчанын суммасы 100 миллион сомдон ашат. Республикада калктын эң аялуу катмарларын социалдык жактан коргоонун акыйкат системасын түптөө маселеси көптөн бери көтөрүлүп келатат. Президент Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ 2018-жылдын 1-ноябрында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жөн жерден бекиткен жок. Улуттук стратегияда бул маселеге бир кыйла көңүл бурулган. Негизгиси – өкмөт артыкчылыктарды аныктап алды. Алар: балдардын жана аялдардын кызыкчылыктарын коргоо жана илгерилетүү, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана социалдык заказ системасын өнүктүрүү.

Социалдык коргоо системасынын иши толугу менен үй-бүлөнү бекемдөөгө, энеликти жана балалыкты, эмгекке жарамсыз адамдарды колдоого багытталышы керек. “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын социалдык интеграциясы ийгиликтүү болушу үчүн аларга жардам берип, өз потенциалын көрсөтө алышы үчүн бирдей шарттар түзүлүшү керек”, деп эсептешет оор турмуштук кырдаалда калган адамдардын кызыкчылыктарын сүрөгөн коомдук уюмдар. Ал эми оор кырдаалда калган адамдар республика боюнча жүз миңдеп саналат. Ушул тапта 2019-жылга бюджет жөнүндө мыйзам долбоору бардык деңгээлдерде талкууланып жатат. Пландалган 161,7 миллиард сомдук чыгашадан социалдык коргоого 13,8 миллиард сом жана социалдык жардамга 11 миллиард сом бөлүнүүдө. Бул көппү же азбы? Өлкөнүн башкы финансылык документинин авторлору бюджетти даярдап жатканда Улуттук стратегияга киргизилген социалдык артыкчылыктарды эсепке алыштыбы? Бүгүнкү күндө бул суроолор өтө маанилүү. Себеби тышкы гана эмес, ички да миграция өсүүдө. Өлкөдө жумушсуздуктун реалдуу деңгээли мурдагыдай эле жогору бойдон кала берүүдө. Мурдагы жылдардагыдай эле өкмөт 2019-жылдын бюджети социалдык мүнөзгө ээ болгонун, себеби бул тармакты каржылоо чыгашалардын жалпы суммасынан 48 пайызды түзө турганын жарыялады. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 11,7 миллиард сом же республикалык бюджеттин чыгашаларынан болгону 7,3 пайызын алат. Ошол эле маалда расмий эсептер боюнча, социалдык жардамга муктаждардын саны 400 миң адамдан ашат. Балдардын жөлөкпулуна 5,3 миллиард же министрликтин бюджетинин 45 пайызын сарптоо пландалды. Ай сайын берилчү социалдык жөлөкпулга 3,4 миллиард сом же ведомствонун бюджетинин 30 пайызы каралган. Социалдык жардам көлөмү жагынан өтө эле жупуну болгонун белгилей кетиш керек: жетим балдарга айына 2000 сом, кары адамдарга 1000 сом, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга – улууларга 2700 сомдон 4000 сомго чейин каралган. Бул акчага жашаса болобу? Бул риторикалык суроо. Бирок бул жарытпаган акча да көптөгөн муктаждарга жетпей калууда.

Акча жетпей жатканына жакында эле Бишкектеги Алтын-Казык жана Мурас-Ордо жаңы конуштарына барган жаңы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек КОЧКОРОВ да өзү ынанды. Бул конуштарда негизинен ички мигранттардын үй-бүлөлөрү жашайт. Борбор калаага кошулбаган бул конуштарда статустун жоктугу ушул жакта жашаган чөнтөгү жука үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик жөлөкпулдарды албай калуусунун негизги себептеринин бири. – Аз камсыздалган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн ар бир жаңы конушту документтердин негизинде шаардын кайсы бир районуна бекитип бериш керек, - деп айтты министр. – Мына ошондон кийин жашоочулар ай сайын жөлөкпул алып туруу өтүнүчү менен кайрыла алышат, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү да алышат. Бул жылы “КРнын мамлекеттик жөлөкпулдары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Жөлөк пул катталган жери боюнча эмес, иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат. Бул болсо мүмкүн болушунча көбүрөөк муктаж адамдарга кол сунууга шарт түзөт. Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча, Бишкекте мындай үй-бүлөлөрдүн 88 пайызы мамлекет тарабынан колдоо көрбөй келет. Бул санды министр менен кошо жаңы конуштарды кыдырып жүргөн Балдардын (ички мигранттардын) укуктарын коргоо боюнча борбордун адиси Фатима САГИТОВА айтты. Адис жаңы конуштардын көпчүлүк жашоочуларына жардам берсе болот деп ишенет. Бирок бул жашоочулардын негизги көйгөйү – аларда керектүү маалыматка жеткиликтүүлүгү жок жана укуктук жактан сабатсыз. – Эгерде соцкызматкерлер жок дегенде эки саат убактысын консультация берүүгө жумшаса, миңдеген үй-бүлөлөр документ алып, жөлөкпулга жетип, балдарын мектептерге жана бала бакчаларга орноштура алышмак, - дейт адис. – Мен юрист эмесмин, бирок бул чөйрөдө чоң иш тажрыйбам бар. Эксперттин айтымында, ал турак массивдериндеги адамдарга эки сааттан акысыз консультацияларды берип турат. Натыйжада 9 айдын ичинде Келечек жана Дордой-Мурас конуштарында жашаган 154 наристенин ата-энеси балдарына жөлөкпул ала баштады. Өзгөчө мындай жардам жакырчылык деңгээли Бишкекке караганда бир кыйла жогору болгон алыскы айылдарда зарыл болуп турат. Бул айылдардын тургундарында маалымат болбогондуктан өздөрүнө тиешелүү болгон жардамды сурап кайрылышпайт. Муну көп жылдардан бери ушул маселени изилдеп келаткан ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА да тастыктады. – Аймактарда социалдык корголбогондук өзгөчө көзгө урунат, - деп айтты ДОБРЕЦОВА журналисттерге. – Социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасы жер-жерлерде өнүккөн эмес, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муну менен алектене алышпайт, себеби мындай ыйгарым укуктары жок. Буга карабастан жергиликтүү бюджеттердин социалдык өнүгүүгө жана коргоого кеткен чыгашалары туруктуу негизде өсүп жатат. Бул адамдардын жана турмуштук жагдайлардын басымынан улам болууда. Шаарлар майыптарга жардам берген борборлорду колдоого, селсаяктар үчүн жатаар жерди уюштурууга мажбур. Аларда мындай иштерди жасоого укугу болбосо да жасашууда. Себеби биринчи эле болуп аларга жарам сурап кайрылышат эмеспи. Мындай учурда жетекчилер тобокелдикке барышууда, себеби эгерде прокуратура бузууларды аныктаса, жетекчилер оңбой калат.

Эксперттин айтымында, шаарлар арасында социалдык коргоону каржылоодо аймактык ажырым өтө чоң. Айталы, эгерде Нарында чыгашалар калктын жан башына 465 сомду түзсө, КараСууда 17 сом болот. Мындан да чектен чыккан теңсиздикти соцкоргоого кеткен чыгашаларды айылдардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылоодо байкаса болот. Мисалы, Талас облусунун Манас районунда 3 сомду, ал эми Нарын районунда 240 сомду түзөт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бардык калктуу конуштарды камтууга күчү жетпей жаткандыктан улам мына ушундай кырдаал түзүлдү. Министрликтин штатында болгону 865 кызматкер иштейт. Ошол эле маалда шаарлар жана айыл өкмөттөрү соцкоргоо иштерин аткарып, муну ачык, мыйзамдуу жасай алмак. Бул үчүн аларга финансы менен бекитилген ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилиши керек. Өкмөт буга көндү, бирок парламент маселени чечүүдө кыймылдабай жатат. Бир топ жылдардан бери республикада мамкызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып келатканы менен, муз ордунан жылган жок. Надежда ДОБРЕЦОВА муниципалитеттер дин жана айылдардын башчылары бул чөйрөдө аз ишти жасай аларын кошумчалады. Мисалы, 9-майда согуштун жана ооруктун ардагерлерине жардам берүү, кары адамдарды Карылар күнүндө куттуктоо, бир жолку жөлөкпул берүү – болду, ушуну менен чектелет. А бирок жашоо андан да оор тапшырмаларды берип жатпайбы, аларды чечүү үчүн бюджетте каражаттар каралган эмес.

– Ошентип, адамдарга жардам берүү үчүн алар болгон айла-амалдарды издешүүдө. Мисалы, бир шаарда селсаяктар түнөй турган жайды ачуу үчүн туристтик имиджди жакшыртуу боюнча долбоор иштеп чыгышкан, - деп айтып берди Н. ДОБРЕЦОВА. – Чыгашаларга “селсаяктарды талаптагыдай жүрүм-турумга үйрөтүү максатында тренингдерди өткөрүүнү” киргизишкен. Же күлөөрүңдү, же ыйлаарыңды билбейсиң. Мындай нормадан чыккан кырдаал көйгөйдү чечүүдө системага салынган мамиленин жоктугунан, парламенттин депутаттары мыйзамды кабыл албай жатканынан улам пайда болууда. Бирок социалдык коргоо боюнча бардык эле тапшырмаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кармата салган да туура эмес, - деп эсептейт Жамиля СОПУКЕЕВА. – Кырдаал ого бетер тереңдеп кетет, себеби бюджеттер жана мүмкүнчүлүктөр ар кайсы жерде ар кандай. Ошондо жакырлар ого бетер кыйналат, ал эми ички миграция күчөйт.

– Шаарлар гана кандайдыр бир деңгээлде соцкоргоо менен алектене алышат. Азыр айрым аткаминерлер жана депутаттар мамкызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү маанидеги функцияга айландыруу идеясын көтөрүп жатышат. Бирок биз каршыбыз, - деп билдирди эксперт. – Ыйгарым укуктарды ресурстар менен кошо өткөрүп бериш керек. Бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясат өкмөттө кала бериши керек. Өкмөт стандарттарды иштеп чыгууга тийиш. Адам кайсы жерде жашаганына карабастан, соцкоргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей пакетине ээ болушу керек. Баса, жакында эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул тапта өлкөдө майыптуулугу бар 29,9 миң бала жашай турганын, алардын ичинен 6 миң бала биринчи топтогу майыптарга кирээрин эсептеп чыкты. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, ата-энелерди жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды колдоо үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен 420 миллион сомго жакын акча талап кылынат. Бирок бул мамлекеттин камкордугуна муктаж болгон адамдардын бир гана категориясы. Мындан тышкары көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, жетим балдар жана башкалар да бар. Өкмөт, коомчулук булар үчүн да жооптуу. Себеби булардын баары биздин жарандар.

Лариса ЛИ, ӨСИнин медиа-консультанты