Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сейдикум АА: гүлдөгөн аянттар жана бакчалар үчүн скважиналар

2022-12-28 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Сейдикум АА: гүлдөгөн аянттар жана бакчалар үчүн скважиналар

GIZТИН “АЙМАКТАРДЫ КОМПЛЕКСТҮҮ ӨНҮКТҮРҮҮ” ПРОГРАММАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА. 2022-жылдын аягында Жалал-Абад облусунун муниципалитеттерин инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүгө багытталган GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасы өз ишин жыйынтыктайт. Эки жылдын ичинде жергиликтүү жана эл аралык КЭУлардын атынан программанын өнөктөштөрү облустун бардык райондорундагы муниципалитеттерге жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө гана жардам бербестен, артта калып жаткан топторду – жакыр жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдү, майыптуулугу бар адамдарды, аялдарды, жаштарды ж.б. жигердүү экономикалык процесстерге тартуу үчүн шарттарды түзгөн жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга да көмөктөшүп келишти. Ар бир КЭУ өзүнүн ыкмаларын колдонгон, бирок максаты бир эле – бардык тараптардын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, бизнестин жана аялуу адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен инклюзивдүү өнүктүрүү максатында диалог үчүн аянтчаларды түзүү. “Муниципалитет” журналы инклюзивдүү өнүктүрүү темасына бир нече жолу кайрылган – теориялык көз караштан да, ошондой эле Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган долбоордун алкагында аткарылган реалдуу долбоорлордун мисалдарын да келтирген. Ушул санда редакция ийгиликтүү долбоордун дагы бир мисалын жарыялоодо (башка мисалдар 2022-жылдын ноябрдагы № 11 (133) чыгарылышында). Долбоордун егизиндеги окуяларды Программанын сунушу жана ӨСИнин буюртмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА жазды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылдык аймагынын тургундары негизинен дыйканчылык менен алектенишет. Бул жерде пахта, күрүч, жүгөрү, жашылча-жемиштер өстүрүлөт. Бирок акыркы жылдары сугат суунун тартыштыгынан дыйкандар күтүлгөн түшүмдү ала албай, бул албетте, алардын чөнтөгүн жукартууда. 2020-жылы катуу кургакчылык болуп, сугат суунун тартыштыгы күчөгөндө дыйкандар Сейдикум айыл өкмөтүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын алдында митинг өткөрүп, көйгөйдү чечүүнү талап кылышкан.

2021-жылы Сейдикум айылдык аймагы долбоорлордун өнөктөш муниципалитеттеринин бири болгон, бул долбоорлордун жардамы менен СССР кулагандан кийин кароосуз калган 50дөн ашык скважинаны калыбына келтирүү мүмкүн болду. Муниципалитетке “Абад” фонду жана BIO.kg органикалык кыймыл федерациясы жардам берди. Бул үчүн жергиликтүү бийликти мобилизациялап, Жалал-Абад облусунда ишке ашырылган GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын жардамы менен финансылык ресурстарын тарткан.

Жергиликтүү тургундардын катышуусунда жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагындагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо долбоордун алгачкы кадамдарынын бири болду. Долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жигердүү дыйкандардан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлгөн, бул топ жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгышы керек эле. Жумушчу топтун мүчөлөрү артыкчылыктуу маселелердин бири катары сугат суу көйгөйүн бөлүп алышты. Ошол эле учурда “Абад” фонду жана BIO.kg органикалык кыймыл федерациясы “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында Сейдикум айылдык аймагында үч скважинаны калыбына келтирүү боюнча долбоорду колдоого алууну GIZке сунуш кылышкан. GIZтин бул программасын Европа Биримдиги менен Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги каржылайт.

Ошентип Сейдикумда “Биргелешкен пландаштыруу жана катышуу жолу менен туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу” долбоору башталган. Скважиналарды калыбына келтирүүнүн негизги этаптары насосторду тазалоо, сатып алуу жана орнотуу, электр энергиясын жеткирүү жана аймактарды тосмолоп чыгуу болгон. Долбоор ЖӨБ органдарынын ресурстарын мобилизациялоого жардам берип, гидротехникалык жабдууларды сатып алууга 1,13 млн сом бөлгөн, Райондук өнүктүрүү фонду скважиналардан талаага чейин узундугу 2,5 км болгон түтүктөрдү сатып алууга жана төшөп чыгууга жардам берсе, айыл өкмөтү трансформаторлорду орнотуп, электр энергиясы менен камсыз кылган.

Абдыкапар уулу НУРЛАН, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: “2021-жылдын жайында скважиналардан суу чыга баштаганда, эл абдан сүйүнгөн эле! Бизде сөзсүз түрдө бирөө баштап бериш керек эмеспи. GIZ мына ушул ишке түрткү болду. Үч скважинанын ремонту 30 жылдан бери эл үмүтүн үзүп койгон чоң иштерге айланды. GIZтин гранты райондук жана облустук финансы системаларын тартуу менен 26 млн. сомдук ири долбоорго айланды».

Үч скважинаны оңдоо боюнча долбоор демилгечилердин күткөнүнөн да ашып түштү, себеби дыйкандардын түшүмдүү участокторуна гана эмес, буга чейин кайрак деп эсептелген 20 гектар жерге да суу жете баштады. Мындай ийгиликке шыктанган жумушчу топ мүмкүн болушунча көп жерге сууну жеткирүү үчүн көбүрөөк скважиналарды калыбына келтирүүнү чечти.

Чолпон ЭРГЕШОВА, “Абад” коомдук фондунун жетекчиси: “Сейдикумда 4,5 миң гектар айыл чарба жерлери бар. Бул жакта жайыт жок, ошондуктан адамдар мал багышпайт, баары талаада иштешет, бул жердеги негизги ресурс – бул суу. Айылдык аймак Кара-Дарыя дарыясынын этегинде – Өзбекстандын жанында жайгашкан жана тайыз өзөндүн айынан суунун тартыштыгы совет маалында деле чоң көйгөй болчу. Ошондуктан бул жерде кошумча суу булагы катары 50дөн ашык скважина бургуланган”.

Абазбек НУРБАЕВ, BIO.kg органикалык кыймыл федерациясынын өкүлү: “Союз ыдыраганда, скважиналар кароосуз калып, аларды Суу пайдалануучулар ассоциациясына өткөргүсү келишкен, бирок бул ишке ашпай калган. Аларды оңдоп, талаптагыдай күтүп алууга эч ким чыккан жок, ошентип алар кароосуз кала берген”.

Жумушчу топ калыбына келтирүү иштерин каржылоо өтүнүчү менен ар кандай түзүмдөргө бир нече долбоорду даярдап, жөнөткөн. Бардык уюмдар мурдагы инфраструктураны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө оң жооп беришти, себеби иш илгерилей баштаганына көзү жеткен.

Учурда Жалал-Абаддын Аймактарды өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен 15 скважина калыбына келтирилип жатат: тогуз скважина оңдолуп, калган алтоо оңдоо процессинде. Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду үч скважинаны, ал эми айыл өкмөтү эки скважинаны калыбына келтирүүгө жардам берди. Ошондой эле Сейдикум айыл өкмөтү 55 км ички каналдарды муниципалдык менчикке өткөргөн, Районду өнүктүрүү фондунун колдоосу менен узундугу 13,5 км болгон каналдар тазаланган.

Ошентип, учурда 23 скважина иштеп жатат, аларды калыбына келтирүүгө 26 млн сомдон ашык каражат сарпталды: GIZтен 1,13 млн сом, Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 17,7 млн сом, Базар-Коргон районун өнүктүрүү фондунан 4,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1,1 млн сом бөлүнсө, жергиликтүү жамаат 1,8 млн сом салым кошту.

Мавлюда ИМИНОВА, “Сейдикум Био” аялдар кооперативинин башчысы: “Биз күнөсканада жашылча өстүрөбүз. 2021-жылы сугат суунун тартыштыгынан улам күнөсканага сууну цистерналар менен ташып жеткирүүгө туура келди. Жакшы эле кымбат болуп чыкты – көлөмү 7 тонна болгон бир суу ташуучу машинеге 700 сом төлөйсүң, ал болсо араң бир нече күнгө жетет. 2022-жылы жаныбыздагы скважина оңдолгондо баары өзгөрдү. Суу канча керек болсо, ошончону алып калдык”.

Долбоорду ишке ашыруу процессинде айыл өкмөтүнүн иши үчүн маанилүү документтер иштелип чыкты: Сейдикум айылдык аймагынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программасы, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын уставы, абоненттер менен түзүлгөн келишимдердин үлгүлөрү, сугат суусун пайдалануу боюнча тарифтик пландар жана башкалар.

Абазбек НУРБАЕВ, BIO.kg Органикалык кыймыл федерациясынын өкүлү: “Эгерде айыл өкмөтү долбоорго кызыкса, анда бардык иштер жетишээрлик тез жана сапаттуу болот. Сейдикум айыл өкмөтүнүн адистери абдан кызыкдар болгонун, айыл чарба маселелерине көзү жетээрин далилдей алышты. Маанилүү ишти чогуу жасаганыбызга кубанычтамын”.

Учурда жергиликтүү бийлик калган скважиналарды оңдоону ойлонуп жатат, себеби долбоор жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү планына киргизилген. Бардык скважиналарды башкаруу милдети “Тазалык” муниципалдык ишканасына тапшырылган. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу 750 гектар жерге сугат суусун жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

Абдыкапар уулу НУРЛАН, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: “Долбоордун жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок. Эгерде мурда бош жерлер көп болсо, азыр алар азайып баратат. Ижарага алынган жерлер 483 гектарга көбөйдү. Адамдар суу көйгөйлөрү чечилип жатканын көрүп, көбүрөөк жер сурай башташты. Келечектеги түшүмдүн эсебинен жумшаган акчасы акталаарына көзү жетип калды”.

Жумшаган чыгымды кайтарып алуу үчүн коммерциялык жактан пайдалуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү керек, кайсы бир убакыттан кийин сатылган түшүмдүн наркы олуттуу өсөт. Тажрыйбалуу дыйкандар муну өз башынан өткөргөнү үчүн билишет.

Абдыкапар уулу НУРЛАН, Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: “Эгерде өндүрүүчүлөр өз кирешелерин көбөйтсө, анда жергиликтүү бюджет да көбөйөт – бала бакчаларды, мектептерди оңдоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, суу түтүктөрүн төшөөгө, муктаж болгондорго материалдык жардам көрсөтүүгө каражат пайда болот. Бюджеттик угууларга катышып, биздин тургундар мунун баарын жакшы түшүнө башташты. Ошондуктан реалдуу пайда алып келе турган долбоорлорду илгерилетүү керек, бул үчүн “Абад” уюмунун жетекчиси Чолпон Эргешовага ыраазычылык билдирем. Калган скважиналарды жеке инвестициялардын эсебинен оңдоо, түшүмдүн көбөйүшүнө байланыштуу жашылча-жемиштер үчүн муздаткыч жабдууларды сатып алуу өңдүү идеялар айтылып жатат. Адамдарда акча болгондо, алар өздөрү эле алдыга умтула башташат экен. Мотивация бар: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Сейдикум айыл өкмөтү республика боюнча мыктылардын катарына кирди. Ижарага алынган айыл чарба жерлерин көбөйтүүдөн бюджеттин 2,4 млн сомго өсүшү баалоонун критерийлеринин бири болду”. 

 

Окшош материалы: