Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасы жыйынтыкталууда

2022-11-29 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү

2022-жылдын аягында Жалал-Абад облусунун муниципалитеттерин инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүгө багытталган GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасы өз ишин жыйынтыктайт.

Эки жылдын ичинде жергиликтүү жана эл аралык КЭУлардын атынан программанын өнөктөштөрү облустун бардык райондорундагы муниципалитеттерге жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө гана жардам бербестен, артта калып жаткан топторду – жакыр жана өтө жакыр үй-бүлөлөрдү, майыптуулугу бар адамдарды, аялдарды, жаштарды ж.б. жигердүү экономикалык процесстерге тартуу үчүн шарттарды түзгөн жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга да көмөктөшүп келишти.

Ар бир КЭУ өзүнүн ыкмаларын колдонгон, бирок максаты бир эле – бардык тараптардын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, бизнестин жана аялуу адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен инклюзивдүү өнүктүрүү максатында диалог үчүн аянтчаларды түзүү. “Муниципалитет” журналы инклюзивдүү өнүктүрүү темасына бир нече жолу кайрылган – теориялык көз караштан да, ошондой эле Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган долбоордун алкагында аткарылган реалдуу долбоорлордун мисалдарын да келтирген. Журналдын ушул санында редакция ӨСИ да, Программанын өнөктөшү болуп калган башка КЭУлар да ишке ашырган долбоорлордун мисалдарын жарыялоону чечти. Долбоордун негизиндеги окуяларды Программанын сунушу жана ӨСИнин буюртмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА жазды.

Окшош материалы: