Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талды-Булак айылдык аймагында ишкерчиликти өнүктүрүү Арстанбап токоюнун жүгүн азайтууда

2022-11-29 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Талды-Булак айылдык аймагында ишкерчиликти өнүктүрүү Арстанбап токоюнун жүгүн азайтууда

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айылдык аймагында айыл өкмөтүнө тийиштүү эски имараттарды ремонттоп чыккандын натыйжасында ишкердиктин бир нече түрү менен алектенген жаштардын жана аялдардын жаңы толкуну пайда болду.

Жаңыланган жайларда пластик терезелерди жана эшиктерди, металлдан жасалган продукцияларды чыгаруучу цехтер, автоунааларды оңдоо кызматтарын көрсөткөн жайлар, кондитердик жана тигүү цехтери жайгашкан. Жеке сектордун жана жергиликтүү бийликтин кызыкчылыктары “Каба ишкерлери” муниципалдык ишканасында өз ордун тапты десек болот. Айыл өкмөтү менен ишкерлердин өнөктөштүгү тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Техникалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (АКТЕД) менеджери Сарыгул АЛЧЫНБАЕВ айтып берди.

 – Долбоордун демилгечиси болуп калууңузга эмнелер себеп болду?

 – Биздин агенттик Жалал-Абад облусунда ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги каржылаган GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасына катышууну чечкен. Биз бул аймакта көптөн бери иштеп келе жатабыз жана дээрлик бардык аймактардагы абалдан кабарыбыз бар. Талды-Булактын турмуш-тиричилигин дагы бир жолу талдап чыгып, жашоочулардын ачыла элек дараметин көрө алдык. Элеттиктер демилгени өз колуна ала турган кыймылдаткыч бир күчкө муктаж болгондой сезилди. Алар кызматташтыкка ачык болуп, жаңы окуяларды чыдамсыздык менен күтүп жатышкан эле.

Айыл өкмөтүнүн активисттери жана кызматкерлери менен Талды-Булак аймагынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программасын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк платформасын иштеп чыгуу биринчи милдет эле, муну ийгиликтүү жасай алдык.

Платформанын алкагында мыкты бизнес-долбоорлорго конкурс жарыяладык. Экономикалык жактан эң аялуу деп эсептелген аялдардын жана жаштардын идеяларына өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн тренингдерди уюштурдук. Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар бизнес-идеялары кантип пайда болуп, кагазда кандайча чагылдырыларын, рентабелдүүлүк кантип эсептелип, бизнес-пландар кандайча жазыларын үйрөнүштү. Ошондой эле ишти ачуу үчүн укуктук ченемдер жөнүндө билип, презентация жасап, бири-биринин алдында долбоорлорун коргошту. Ошентип, тренинг учурунда реалдуу демилгелер пайда болгон.

– Эмне үчүн ушундай чоң аймактын ичинен жардам берүү үчүн эки айыл гана тандалып алынган?

– Талды-Булак айылдык аймагында сегиз калктуу конуш бар. Алар: Каба, Үч-Булак, Кыргоо, Көк-Алма, Сары-Жайык, Катар-Жаңгак, Ак-Терек жана Ак-Тыт. Баарынан да көбүрөөк кызыгууну Кабанын жана Үч-Булактын жашоочулары көрсөтө алышты. Кабада жаштардын бир нече тобу пластик эшик-терезелерди, металлдан буюмдарды, пеноблоктон кирпич өндүрүү ишин жолго салып, ошондой эле автоунааларды оңдоо кызматтарын көрсөтүүгө ынтызар болушту. Үч-Булакта болсо аялдардын эки тобу тигүүчү жана кондитердик цехтерди ачууну каалады.

Совет мезгилинен бери бул эки айылда эки чоң бош имарат ээнсиреп турган. Айыл өкмөтүнө таандык болгону менен, имараттар эч колдонулбай келген. Кабада аянты беш жүз чарчы метр болгон үй мурда унаалар үчүн гараж катары колдонулчу, ал эми Үч-Булак айылында аянты эки жүз чарчы метр болгон имаратта почта бөлүмү жайгашкан. Жолугушуулардын биринде идея пайда болгон: пайда алып келе турган болсо, бул имараттарды калыбына келтирсе кандай болот? GIZ капиталдык реконструкциялоо иштерин колдоп, 2,5 млн. сом бөлүп берген. Эмгек салымын айыл өкмөтү жана бенефициарлар да кошту. Ошентип, биздин стартаптар үчүн имараттар пайда болгон.

– Бизнес-долбоорлор канчалык деңгээлде иштеп кетти? Аларды ишке ашыргандан кийин кандайдыр бир жыйынтыктар болдубу?

– Өтүнмөлөрдү ылгап жатканда биз долбоорлордун туруктуулугуна, адам ресурстарынын жетиштүү болгонуна көңүл бурдук. Азыр биз мониторинг жүргүзүп, прогрессти көрүп жатабыз: тигүүчүлөрдүн тобу Бишкектин тигүү цехтери менен кызматташа баштады. Ал эми кондитердик цех болсо негизги ишинен тышкары тойлорго да кондитердик азыктарды жасоого жергиликтүү тургундардан буюртма алып турат. Жакында эле бул цех мектепке таттуу жасап туруу үчүн тендерге катышууга даярданып жатканын уктук. Бул жаңылыктар бизди абдан кубандырат.

– “Каба ишкерлери” муниципалдык ишканасы кандай максатта түзүлгөн эле?

– Азыр цехтер жергиликтүү бийликтин бирдиктүү башкаруусуна жана колдоосуна муктаж, ошондуктан муниципалдык ишкана ачуу максатка ылайыктуу болгон. Ишкананын уставы жана өнүгүү пландары жазылып, башкаруунун курамы бекитилген. Айыл өкмөтү ишкананы алты айлык ижара акысынан бошотуп, өнүгүү үчүн шарттарды түзүп берди. Ошол эле маалда ар бир цех менен келишим түзүлгөн – эгерде цех бир ай иштебей калса, анда жоопкерчиликти күчөтүү үчүн имараттарды бошотуп берүүгө тийиш. Бирок биздин бенефициарлардын чоң пландары бар. Алар райондун, облустун же республиканын деңгээлине чыккысы келет. Алар жада калса КР ЖИАга – Жеке ишкерлер ассоциациясына кирүүгө умтулуп жатышат. Мындай максат чоң ишке шыктандырууда.

– Долбоор кандай экономикалык пайда алып келди?

– Жалал-Абад облусунда мен он жылдан ашык убакыт ар кандай өнүктүрүү долбоорлорунда иштедим жана Талды-Булак айылдык аймагын жакшы билем. Муниципалитет дотацияда тургандыктан, бул жерде кандайдыр бир ишкана ачылганын көргөн эмесмин. “Каба ишкерлери” ишканасы Арсланбап жаңгак токойлорунун боюнда жайгашкан, мындан улам аны ары-бери каттаган адамдар көп көрүшөт. Ушул эле жолдун жанында Могол жана Кызыл-Үңкүр айылдык аймактары жайгашкан, бул болсо коңшу айылдардын жашоочулары үчүн Кабадагы жана Үч-Булактагы цехтердин кызматтарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Жумуштун көлөмү көбөйгөн сайын жумуш орундарынын саны да көбөйөт.

Албетте, биздин долбоор үлгү көрсөтө алды: токой ресурстарынан киреше алуудан тышкары, өз ишин ачып, андан да киреше тапса болот. Мындан улам долбоор жаңгак токоюна түшкөн жүктү азайтууга да салым кошту десек болот.

2022-жылдын аягында имарат үчүн ижара акысынын көлөмү талкууланат. Келерки жылдан тарта жергиликтүү бюджет цехтердин ишинен кандайдыр бир киреше таба башташы ыктымал.

Иштелип чыккан жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программасынын жардамы менен аймакта иш жанданды. Оңдолгон бул имаратта 20 жыл мурун чайкана болчу деп айтышат. Азыр бул жерде билим берүү борбору ачылып, балдарга чет тилдерди үйрөтөт жана спорттук машыгуулар өтүп турат.

– Жасалган иштин социалдык натыйжасы барбы?

– Аялдар менен жаштардын маанайы оңолуп, өзүнө ишеним пайда болгонун байкадык. Жаштарды жана аялдарды жумушка орноштурууга багытталган долбоор эмгек миграциясын азайтууга шарт түзөт, себеби жарандардын аялуу категориялары акча табуу үчүн чет жактарга кетип жатышпайбы.

Жаштарга жана аялдарга басым жасаганыбыздын себеби, дал ушул топтор аялуу болгонун билебиз. Дүйнөдө болуп жаткан соңку окуялардан улам, миграцияда жүргөн жаштардын көпчүлүгү айылдарга кайтып келип, чет өлкөдөн кем эмес киреше таба алган жумуштарды издешет. Жергиликтүү бийлик бизнес-идеяларды колдоого көмөктөшүшү керек, бул дагы жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алат.

Үч-Булак – бул негизинен өзбек улутундагы адамдар жашаган айыл, алардын жамааттарында аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүнө көп маани беришпейт. Бул жагынан алганда, долбоор адамдардын ой жүгүртүүсүнө таасир этүүнүн жакшы мисалын көрсөтүп жатат.

– Долбоордон кийин жергиликтүү бийликтин көндүмдөрү жакшырдыбы?

– Долбоорду ишке ашыруу процессинин өзү айыл өкмөтүн көп нерселерге үйрөттү. Алар стратегиялык документтерди, уставдарды жана жоболорду даярдаганды үйрөнүштү, ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү ыкмаларын, бизнес-сектор менен кызматташуу көндүмдөрүн, адамдарды коомго пайдалуу ишке тартуунун ыкмаларын өздөштүрүштү, конкурстарды жана ишкерлердин жеке өнүгүүсү үчүн тренингдерди кантип уюштуруш керектигин билип калышты.

Айыл өкмөтүндө жаңы демилгелерди ишке ашырууда муниципалитеттин кызматкерлери көп жакшы кызыкпаганы байкалууда, себеби алар муниципалитеттин күнүмдүк ишине байланып калышкан. Бул жагдайга башкаруу, уюштуруу түзүмү, убакытты башкаруу сыяктуу себептер таасир этиши мүмкүн.

Түзүлгөн инклюзивдүү долбоорлор жергиликтүү бийликтен көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат, себеби ал жарандардын социалдык же экономикалык жактан аялуу категорияларынын катышуусуна негизделген. Мындай бизнес материалдык гана эмес, муниципалитеттин моралдык колдоосуна да муктаж – кайтарым байланышка убакыт таап, ишкерлердин турмушунан кабардар болуп, грамота же диплом менен сыйлап, ар кандай жарманкелерди өткөрүп туруш керек. Идеялар көп, болгону көндүмдөр жана өзүнө болгон ишеним жетпей турат.

Тигүү цехинде иштеген аялдарга, айрыкча өзбек улутундагы аялдарга өзгөчө мамиле керек. Бийликтин кайдыгерлиги, салттуу жана маданий калыптанып калган көз караштар аларды мурдагы жабык, экономикалык жактан активдүү эмес жашоого кайтарышы мүмкүн. Бирок биз айыл өкмөтү жана ишкерлер менен дайыма байланыштабыз, ошондуктан алардын абалынан ар дайым кабардарбыз.

Окшош материалы: