Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Турист үчүн оңой эмес тандоо: кооз жерлерби же ыңгайлуулукпу? Кашка-Суу АА Падыша-Ата коругуна келгендер үчүн шарт түзүп берүүдө

2022-11-29 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Турист үчүн оңой эмес тандоо: кооз жерлерби же ыңгайлуулукпу? Кашка-Суу АА Падыша-Ата коругуна келгендер үчүн шарт түзүп берүүдө

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык аймагында Падыша-Ата мамлекеттик коругу жайгашкан.

Майдан сентябрга чейин бул жерде чет өлкөдөн, негизинен Өзбекстандан келген коноктор, ошондой эле кыргызстандыктар эс алышат. 2021-жылы улуттук паркка 30 миңге жакын турист келген. Бирок, корукка жеткенге чейин жолдо туристтер бир топ эле кыйналышчу: дааратканалар, эс алуу жана күтүү жайлары жок эле. Белги такталарынын жоктугунан улам кайсы бир жерди табуу да кыйын болчу.

2022-жылы “Аксы районундагы мамлекеттик-жеке диалог” долбоору үч туристтик аялдама курган. Долбоор GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын бир бөлүгү болуп, коомдук угууларда долбоорду аймактын жашоочулары жактырышкан.

Аялдамаларды жолчулар үчүн эс алууга ыңгайлуу болгон жерлерде – борбордук айылдагы Жаңы-Жер участогунда, Коз-Булак жайгашкан Кара-Арчада жана Падыша-Атанын кире беришиндеги Мазарда орнотуп чыгышты. Иштин баары нөлдөн баштап жасалды – жерди тегиздеп, брусчатка төшөп же шагыл чачып, аялдар жана эркектер үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн даараткана курушту. Бутту сунуп, эс ала тургандай үстү жабык отургучтар коюлуп, таштандылардын ар кандай түрлөрү – кагаз, пластик, айнек жана тиричилик калдыктары үчүн контейнерлер орнотулду, унаа токтотуу үчүн атайын жайларды бөлүп беришти, ошондой эле коноктор көп сураган шам-шум тамактарды жана улуттук суусундуктарды саткан күркөлөрдү ачып коюшту. Аялдамалардын биринде Падыша-Атага, Шах-Фазилге, Сары-Челекке багыттарды көрсөткөн стенддерди орнотуп чыгышкан.

Туристтерге кызмат көрсөтүү Кашка-Суу айыл аймагынын тургундарынын үй-бүлөлүк бюджетин толтуруунун бир булагы болуп саналат. Туристтик кызматтарды негизинен Кара-Арча, Айбек жана Жайык айылдарынын жашоочулары көрсөтүшөт – алар кийизден, жыгачтын баалуу түрлөрүнөн улуттук сувенирлерди даярдап, кыргыздын тамагын колго жасашат, бул жерде курут, кымыс, максым, сары май, сүзмө, каймак, жарма сатышат. Жаштар университеттеги окуусу, кийим-кече жана кеңсе буюмдарын сатып алганга акча табуу үчүн жайкы каникулда иштеп кетишет, туристтерге ат мингизишет, же жөө кыдыртып чыгышат, ошондой эле жапайы малина терип, саткандар да аз эмес.

КАМЧЫБЕК уулу Шекербек, Кашка-Суу айы өкмөтүнүн башчысы: “Мен бир кезде гид болуп иштегендиктен, туристтерди тейлөөгө байланыштуу көйгөйлөрдү жакшы билем. Корукта конокторду кабыл алуу үчүн кадимки шарттар да болгон эмес. Азыр туристтик аялдамалар айыл өкмөтүнүн балансында турат, бирок конкурс өткөрүп, ошонун негизинде жеке колго ижарага берейин деп жатабыз. Конкурсту өткөрүү үчүн документтер, анын ичинде келечектеги ижарачылар менен келишимдин үлгүсү даяр турат. Жаңы курулмалар кийинки жайкы сезондон баштап иштей баштайт. Дааратканаларды жана аялдамаларды тейлөөнү ижарага өткөрүп бергенден кийин жыл сайын бюджетке 450 миң сом түшөт деп болжолдоп жатабыз. Мен туристтик инфраструктураны түзүүгө жардам берген GIZке ыраазычылыгымды билдирем”.

Инфраструктура маалыматтык камсыздоосуз толук деп эсептелбейт. Бул жагынан алганда долбоор Аксы районундагы туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү дайындар базасын да колго алды. https://aksy-tourism.agents.kg деген сайт QR-кодго байланган, бул код 2023-жылы туристтик сезон башталаар алдында аялдамаларга жайгаштырылып чыгат. 

Салия АКУЛОВА, долбоордун эксперти: “Биз ишкерлердин маалыматтарын чогултуп, тактап, бир топ иштерди жасадык, анын ичинде объекттерди сүрөткө тартып чыктык, буга бери дегенде эки ай убакыт кетти. Натыйжада, туристтик жана ага байланыштуу кызмат көрсөтүүчүлөр жөнүндө толук маалымат алдык. Мунун баары туристтер үчүн кайсы бир маалыматты издөө ишин жеңилдетет – алар кайсы жерден курсакты тойгузса болот, эмнелерди көрүп, ал жакка кантип жетсе болот, кайсы жерде токтоп, же медициналык жардам сурап кайда кайрылса болорун билип калышат. Дайындар базасы зарыл болгон учурда пайдаланып, же жаңылап туруу үчүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген. Баса, мындай маалымат райондук мамлекеттик администрацияда да жок”. 

Кашка-Суу айылдык аймагында ишке ашырылган долбоор туристтик инфраструктураны жөнгө салуу үчүн айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ресурстарын мобилизациялап, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шарттарын көрсөтүп берди. Ошондой эле салыктардын ыктымалдуу булагы жана калкка социалдык-экономикалык шарттарды түзүп берүүчү катары ишкерлер менен кызматташуу үчүн документтерди даярдоо тажрыйбасы пайда болду.

Айдай ШАРШЕЕВА, долбоордун координатору: “Долбоор туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түздү. Туристтик аялдамалар туристтик аймактардын жагымдуулугун арттырат, ал эми бирдиктүү дайындар базасы кызмат көрсөтүүчүлөр менен туристтердин ортосундагы байланышты жеңилдетет”.

Падыша-Ата коругунун аялдамаларын куруп, тегерек-четин көрктөндүрүүгө 5,6 млн. сом сарпталды, бул акчанын 3,8 млн. сомун GIZ бөлүп берсе, калган бөлүгүн Кашка-Суу айыл өкмөтү кошкон. Долбоордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер бөлүп берип, жергиликтүү бюджеттен курулуш иштерине аз болсо да каражат бөлсө, мындай аялдамаларды башка жерлерде да куруп чыгууга болот. Долбоорду даярдап жатканда аймактын жашоочуларынын пикирин эске алуу зарыл, себеби жарандар, анын ичинде ден соолугу чабал жарандар бул жерлерде иштөөгө байланыштуу маселени чечүүгө катышат.

Салия АКУЛОВА, долбоордун эксперти: “Учурда өтө керектүү гана шарттар түзүлгөн. Бул жерде балдар аянтчаларын, маалыматтык стенддерди куруп, соода күркөлөрүн ачса болот. Туристтик жерлерди көрктөндүрүү боюнча иштерди алдын ала, башкача айтканда туристтик сезон башталганга чейин пландаштыруу керек. Ал эми аялдамаларды ижарага берүү менен жергиликтүү бюджетти жыл сайын толуктап турса болот, мунун натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгүн кеңейет”.