Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дизайн-ой жүгүртүүсү Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймактарында керектүү чечимдерди долбоорлойт

2022-11-29 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Дизайн-ой жүгүртүүсү Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймактарында керектүү чечимдерди долбоорлойт

Жалал-Абад облусунун пилоттук айыл өкмөттөрүнө инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программаларын (ИЖЭӨ) даярдоого колдоо көрсөтүү – GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасын ишке ашырып жаткан өнөктөштөрдүн алдына коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири болду.

Бардык айыл өкмөттөрү үчүн соңку продукт ИЖЭӨ программасы болгонуна карабастан, ар бир өнөктөш аны даярдоодо өз ыкмасын колдонду. 

Ага Хан Фонду каржылаган “Тоолуу жамааттарды өнүктүрүүнү колдоо программасы” коомдук фонду (Mountain Societies Development Support Program – MSDSP) Кыргызстан үчүн адаттан тыш дизайн-ой жүгүртүүсү ыкмасын колдонууну чечти.

Human-Centered Design же сөзмө-сөз которгондо “чордондо адам турган дизайнды” Кыргызстанда Ага Хан Фонду инновациялык ыкма катары адаптациялаган жана биринчи жолу 2020-2021-жылдары “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунун жети аймагында – Ак-Коргон, Ак-Там, Ала-Бука, Балтагул, Өрүктү, Терек-Сай жана Сумсар аймактарында колдонгон.

Элдияр ЭШМАМБЕТОВ, долбоордун координатору: “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасына катышкан ар бир уюм ЖЭӨ программасын даярдоо үчүн өз ыкмасын сунуштай алган. Албетте, аны дизайн-ой жүгүртүүсүз эле жазса болот. Бирок биз инновациялык ыкманы киргизүүнү чечтик, себеби ал инклюзияны жакшы колдойт, ар кандай адамдардын муктаждыктарын эске алат, чабал жактарына эмес, күчтүү жактарына басым жасайт”.

Дизайн-ой жүгүртүүсү деген эмне?

Ыкма алты негизги этаптан турат: түшүнүү, эмпатия, синтез, идея, прототип жана тест. Биринчиси – көйгөйдүн маңызын түшүнүүгө багытталган. Экинчи кадамда баарлашуу жана маектешүү аркылуу өзүңдү адамдын ордуна коюшуң керек, бул этапта маалымат чогултулат. Үчүнчү этапта алынган маалымат иштетилип, акыл чабуулу болот. Төртүнчү этапта көйгөйдү чечүү үчүн ар кандай идеялар тандалат. Бешинчи этапта кайсы бир продукт иштелип чыгат. Жыйынтыктоочу – алтынчы этапта иштелип чыккан продукт канчалык жакшы болору сыналат.

 Дизайн-ой жүгүртүүсүн ар кандай деңгээлде жана түрдүү масштабда колдонууга болот. Бул ыкма көбүнчө АКШда жана Европада бизнесте, мисалы, Google кандайдыр бир өнүмдү иштеп чыгууда колдонот. Эми MSDSPнын жардамы менен аны эл аралык корпорациялардан башкалар да колдоно алышат. Ыкманын уникалдуулугу – адаптацияланган жоболорду Кыргызстанда ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда колдонууга болот. Себеби, негизги максат – кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу, ал эми негизги суроо – муну кантип жасаш керек? Дал ушул нерсе бул ыкманы кыргызстандык муниципалитеттерде өзгөчө алгылыктуу кылууда. Белгилүү болгондой, айыл өкмөттөрү өнүгүү пландары жана бюджет жөнүндө көп деле маалымат бере беришпейт, буга байланыштуу ЖӨБ органдарынын ишине тургундар анчалык ыраазы болушпайт. Дизайн-ой жүгүртүүсү ушул боштукту толтурууга жардам берет.

“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында иштеп жатып, MSDSP биринчи кезекте ар бир аймактын калкынын муктаждыктарын жана өнүгүү факторлорун аныктоо менен аймактардын учурдагы экономикалык абалына талдоо жүргүзүп чыкты. Бардык угууларга муниципалитеттердин өкүлдөрү, жигердүү жарандар, жеке сектор, социалдык жана экономикалык жактан аялуу жарандар катышты. Эмнелер аныкталды? Коомдук иш-чараларга аялдар көп катышпайт; аялуу топтор аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында экинчи планда кала беришет, өздөрүн процесстен четтетилгендей сезишет, айыл өкмөттөрү өз иштери тууралуу маалыматты жетиштүү түрдө таратышпайт. 

Чогулуштар өткөрүлгөндөн кийин аялуу топтордун өкүлдөрү төмөнкү багыттарды өнүктүрүүнү сунуш кылышты: тигүү цехтерин, кондитердик цехтерди, күнөсканаларды ачуу; мөмө-жемиштерди жана сүттү кайра иштетүү; сугат сууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү; майыптар үчүн өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен тротуарларды оңдоо; көчөлөрдү жарыктандыруу; зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар үчүн эс алуу парктары жана борборлор түрүндөгү коомдук зоналарды уюштуруу; футбол талааларын куруу же калыбына келтирүү; тиричилик калдыктарын башкаруу жана ичүүчү суу менен жабдууну жакшыртуу сыяктуу маселелерди эске алуу.

Бардык жети айыл аймагында мамлекеттик-жеке диалог боюнча платформаларды түзүү жарандарды инклюзияга басым жасоо менен өнүктүрүү программаларын даярдоого, б.а. жергиликтүү калктын бардык катмарын камтууга жигердүү тартты. Айыл өкмөтү дизайн-ой жүгүртүүсү принциптери менен таанышып, жарандарды өз ишине көбүрөөк тартып, жашоочуларда ишенимди жаратып, эл аралык донор уюмдар менен иштөө көндүмдөрүн жакшырта алышты.

MSDSP жети жумушчу топту түздү, алардын ар бирине 30 же андан ашык адам кирди: айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, айыл чарба, соода, кондитердик же тигүү иштери менен алектенген жигердүү жарандар; алардын арасында – аялдар жана жаштар, саны аз этностордун өкүлдөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Топтор айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү пландарын жакшыртуунун үстүндө иштеп, аларга дыйканчылык, мал чарбачылыгы, аарычылык, пайдалуу кендерди казып алуу, кум жана шагыл чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну жана башкаларды киргизишти. 

Дизайн-ой жүгүртүүсү ыкмасы бар долбоорлорду тандап алуу үчүн жумушчу топтордун курамынан 49 адам тандалып алынган, алардын ар бири жети адамдан турат. Бул активисттер донорлор кошо каржылай турган долбоорлорду аныктоого катышкан. 16 демилгенин ичинен жети долбоор кошо каржылоо үчүн GIZ программасына жана Ага Хан фондуна сунушталган:

  • Ак-Коргон айыл аймагында сугат суусу үчүн скважинаны бургулоо,
  • Ак-Там айыл аймагында сугат суусу үчүн скважинаны калыбына келтирүү;
  • Балтагулов айыл аймагында сугат суусу үчүн скважинаны калыбына келтирүү жана бала бакчаны ашкана жабдуулары менен камсыздоо;
  • Өрүктү айылдык аймагында муниципалдык мал базарын куруу;
  • Сумсар айыл аймагында интернат-мектептин жатаканаларында суу-санитардык системаны уюштуруу;
  • Терек-Сай айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн атайын техникаларды сатып алуу.

2021-жылдын жазында жумушчу топтор айыл кеңештерине ЖЭӨ программаларын сунушташты. Депутаттар документтер менен таанышып чыгып, программалар алардын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү көз карашына шайкеш келерин белгилешти. Ар бир айыл өкмөтү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Натыйжада программалар бекитилип, жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн учурдагы стратегияларына кошулду. Алар ошондой эле Жалал-Абад облусунда “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасын ишке ашырып жаткан GIZке да берилди.

Бул масштабдуу иштер көп чыгымды талап кылды. Евробиримдик/GIZ төрт долбоорду кошо каржылоо үчүн 9,62 млн. сом бөлдү. Ага Хан фонду үч долбоорду кошо каржылоо үчүн 4,88 млн. сом бөлүп берди. Ал эми жети долбоор боюнча жергиликтүү жамааттардын салымы 56 миллион сомдон ашты, анын ичинде Өрүктүдөгү мал базарынын курулушуна 40 млн. сомдон ашык түз жеке инвестиция да бар.

Махабат БОЗГУНЧИЕВА, Өрүктү айылдык аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы: “Адамдардын социалдык статусу жана муктаждыктары тууралуу баштапкы маалыматтар чогултулду. “Бизде кандай ишкерлер бар? Экономикага дем берүү үчүн кайсы багытта иштей алабыз?” деп сурашты. Сурамжылоонун негизинде ишке ашырылчу долбоорлор тандалып алынды”.

Мохигүл БӨРҮБАЕВА, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси: “Аялдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жеке сектордун өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлүп, айыл аймагын өнүктүрүү планынын экономикалык блогун карап чыгып, 21 пункттан турган жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгышты. Алар айыл тургундарынын муктаждыктарын изилдеп жана баалап, артыкчылыктуу иш-чараларды аныкташты. Аялуу топторго өзгөчө көңүл бурган дизайн-ой жүгүртүүсү үчүн пилоттук аймак болгонубузга кубанычтабыз. Инклюзия социалдык мамилелерди калыбына келтирет, чечим кабыл алуу процессине калктын бардык топторун, анын ичинде ден соолугу начар адамдарды камтыйт”.

 

Окшош материалы: