Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сузак районунда ирригация объекттеринин санарип картасы 80 миң адамдын сугат сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат

2022-11-29 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Сузак районунда ирригация объекттеринин санарип картасы 80 миң адамдын сугат сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат

1997-жылы жобо даярдалып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында сугат тармактарын кармоо үчүн Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) түзүлгөн, ал эми 2002-жылы чарбалар ортосундагы каналдарды ассоциациялардын балансына өткөрүп берген мыйзам кабыл алынган.

Ошентип, ассоциациялардын негизги милдети дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу болгон.

Азыркы учурда Кыргызстанда 500гө жакын ассоциация бар, алар 750 миң гектарды же жалпы сугат аянтынын 75 пайызын тейлешет. СПАлар суу берүү үчүн түшкөн кирешенин эсебинен каржыланат. Суу ресурстары кызматынын райондук түзүмдөрү сууну СПАга өткөрүп беришет, алар болсо сууну дыйкандардын арасында бөлүштүрүп чыгышат. Жасалган жумуштардын масштабы СПАны өлкөнүн айыл чарба тармагынын маанилүү институту катары баалоого жол ачат. 

СПА 15 жылдан бери чарбалар ортосундагы каналдардын 20 миң километрден ашык техникалык абалына көз салып келет. Бирок совет мезгилинде курулган ирригациялык объекттер олуттуу реабилитациялоого муктаж. Эскирген инфраструктурадан улам талааларга жетпей жолдо көп суу жоголот. Суу талаштан түшүмүн жана кирешесин жоготкон дыйкандар жабыркашууда.

2021-жылы “Суу жана экология боюнча борбор азиялык альянс” бирикмеси (мындан ары – Суу жана экология альянсы) Жалал-Абад облусунун Сузак районунун айыл аймактарына эки көйгөйдү тандап алууну сунуш кылган – альянс бул көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бермек. Альянстын сунушуна Сайпидин Атабеков атындагы аймак жана Сузак үн катып, сугат сууга жетүү маселесин көтөрүп чыгышкан. Алар сууну адилетсиз бөлүштүрүүдөн улам талаш-тартыштар чыгып, пландар үзгүлтүккө учурап, СПА менен сууну башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы мамилелер чыңалып турганын айтышкан. Мындай жагдай өзгөчө майда дыйкандарга терс таасирин тийгизген.

Маселени иликтеп чыгып, эки муниципалитеттин өкүлдөрү менен майда-чүйдөсүнө чейин тактаган соң, Суу жана экология боюнча альянс жергиликтүү активисттерге кырдаалды талдоо үчүн ирригациялык тармактарга инвентаризация жүргүзүүнү сунуш кылган. Техникалык ревизиянын натыйжасында башкаруудагы көйгөйлөргө скважиналардын географиялык абалы жана алардын идентификациялык номерлери жөнүндө так эмес маалыматтар себеп болгону аныкталды.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Суу жана экология боюнча альянс аталган аймакта санариптик картирлөөнү жана сугат системалары тууралуу толук маалымат даярдоону демилгелеген. Андан соң алты айдын ичинде Атабеков жана Сузак айылдык аймактарында “Ирригациялык тармактардын ГИС-картасын түзүү” аттуу долбоор ишке ашырылган1.  Эки жаңылык ишке ашырылган долбоордун жыйынтыгы болду:

Биринчи жаңылык: Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишине электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилди

СПАнын кызматкерлеринин, сугат системалары башкармалыгынын адистеринин, суу пайдалануучулардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу бул багытта жасалган биринчи кадам болду. Алар үчүн институционалдык өнүктүрүү боюнча тренингдер уюштурулуп, анын жүрүшүндө катышуучулар суу бөлүштүрүүчү курулмаларга мониторинг жүргүзгөндү, ремонттош керек болгон объекттерди аныктаганды, дефекттик актыларды түзгөндү, иш пландарын, анын ичинде каналдарды тазалоо, бюджетти жана сууну бөлүштүрүү графигин даярдаганды, сууну өлчөө иштерин жүргүзгөндү, суу пайдалануучулар менен келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөгөндү, сугат талааларынын аянтына жана өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө жараша сугаттын санын тактаганды, дыйкандарга сугат сууну пайдалангандыгы үчүн өз убагында акы төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматты жеткиргенди үйрөнүштү.

Финансылык тренингде катышуучулар бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жаңы мыйзамдар менен таанышып, активдер, милдеттенмелер, кирешелер жана чыгашалар, салыктык, статистикалык жана финансылык отчетторду тариздөө сыяктуу финансылык отчеттуулуктун элементтери боюнча билим алып, суу пайдалануучулардын электрондук базасын жүргүзгөндү жана келишимдерди түзүүдө КР Граждандык кодекстин талаптарын сактаганды үйрөнүштү.

Суу пайдалануучулар жана райондук сугат системалары башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдердин жаңы үлгүлөрү, суунун кубометринин өздүк наркын жана сууну керектөөнүн орточо көрсөткүчүн эске алуу менен эсептелген бир гектар жерге сугат сууну пайдалануунун жаңы тарифи тренингдин жыйынтыгы болду.

Ассоциациянын жаңы тажрыйбасын киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө процесстин катышуучулары Сузак районунун башка СПАдагы кесиптештери менен тажрыйба алмашуу сапарынын жүрүшүндө бөлүштү.

Экинчи жаңылык: ирригациялык тармактардын ГИС-картасы

Атабеков жана Сузак айылдык аймактарында ирригациялык тармактарга жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктары алынгандан кийин сугат системасынын картографиясын түзүү боюнча талаа тренингдери өткөрүлдү. Тренингдерде СПАнын кызматкерлери атайын программага маалыматтарды берүү үчүн көчмө GPSти колдонгонду үйрөнүштү жана ГИС-адис менен бирге скважиналардын, гидропосттордун, суу сактагычтын, түтүктөрдүн, лотоктордун жана насостук станциялардын так геолокацияларын чогултушту, өткөрүү жөндөмдүүлүгү, категориясы, абалы, тейлөө аянты, узундугу сыяктуу тармактардын мүнөздөмөлөрүн сүрөттөп чыгышты. Андан соң маалыматтар чекиттерди жана сызыктарды бириктирип картага түшүрүлдү. Жалпысынан алганда, картаны түзүү үч этаптан турган: механизмдерди иштеп чыгуу, маалыматтарды чогултуу жана иштетүү, ГИСке киргизилген маалыматтардын синтези.

Шавкат СУЛТАНОВ, “Бек-Абад Суу” СПАнын директору: “GIZтин долбоорунда биз жумушчу топтун мүчөлөрү болчубуз жана долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоодон тартып ГИС-картирлөөгө чейинки бардык маселелерге катыштык. Жаңы көндүмдөрдү алуу – бул баа жеткис тажрыйба. Эми так маалыматтары бар электрондук картанын жардамы менен сугаруу үчүн суунун көлөмүн аныктай алабыз. Сугат тармактар башкармалыгы менен, андан соң дыйкандар менен келишим түзөбүз. Калкты суу менен камсыз кылуу – жооптуу иш. Ошондуктан күздөн баштап дыйкандардын санына жана сугарылчун талаалардын аянтына жараша ишти пландаштырабыз. Эрте жазда сезонго даярданабыз – каналдарды тазалап чыгабыз, себеби тазаланган тармактар сууну үнөмдөп, сугаттын натыйжалуулугун көбөйтөт. Карта жок такталбаган жерлер көп болуп, суу көп жоготулган”.

Махамаджан РАИМОВ, “А.Юнусов” СПАнын директору: “Мен 2007-жылдан бери СПАда иштейм, ал эми 2015-жылдан бери директор болуп иштеп келатам. Мен суу жөнүндө башкалардан көбүрөөк билгендеймин. Бирок, ГИС системасын өздөштүргөндө көзүм чоң ачылгандай болду. Тренингдерге катышып, ГИС-картирлөөнү өздөштүрүүнү сунуш кылышканда адегенде баш тарткым келди. Мен карып деле калдым да, жада калса компьютерде иштегенди билчү эмесмин, жаңы технологияларды кантип өздөштүрмөк элем деп ойлодум. Бирок тренингдер ушунчалык жакшы өткөндүктөн, мен смартфонду колдонуп, тиркемелер менен иштегенди, компьютерди телефон менен туташтыргандан тышкары, GPS маалыматтарын кошуп, картага өзгөртүүлөрдү киргизгенди үйрөндүм. Картаны онлайн режиминде көзөмөлдөй алганыма сыймыктанам. Бул жеке мен үчүн чоң жетишкендик болгонун моюнга алам”.

Өткөрүлгөн ГИС-иш-чараларынын жыйынтыгында бир жагдай белгилүү болду: суу бөлүштүрүүдө ассоциациялар өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында чогултулган маалыматты колдонуп жүрүшчү, ал маалыматтар чыныгы кырдаалды чагылдыра алчу эмес. Мисалы, эски картада сугат жер деп көрсөтүлгөндөр иш жүзүндө кайрак жер болуп чыга келди, же тескерисинче, түшүм бербеген жерлер айдоо аянтына айланган.

Гүлшан ЕРГЕШОВА, ГИС-консультант: “ГИС-карта ирригациялык тармактардын так узундугун көрсөтөт, бул ассоциациялардын бюджетин, атап айтканда тазалоо жумуштарга бюджетти бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Ассоциациялардын өкүлдөрү эски маалыматтар жаңы маалыматтардан такыр башкача экенине ынанышты. Санариптик картирлөөнүн артыкчылыгы – ассоциацияларда маалыматтардын толуктугунун негизинде кырдаалды визуалдык түрдө талдоо мүмкүнчүлүгү пайда болот”.

Жылдызхан ЫСМАНОВА, менеджер: “Биз сууга жетүүгө умтулган айылдык аймактардын демилгелерине өзгөчө көңүл бурууга аракет кылдык, себеби Сузак айылдык аймагындагы СПА – бул дыйканчылыктын эсебинен кирешени күткөн 50 миң адам, Атабеков айылдык аймагында суу дээрлик 30 миң адамды багат. Ар бир сезондо алар жашылча-жемиштерден, дан эгиндеринен же тоют өсүмдүктөрүнөн жакшы түшүм алгысы келет. Өзгөчө сууну адилеттүү бөлүштүрүүгө буга чейин үнү жетпей келген адамдар – экономикалык жана социалдык жактан аялуу жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар, үй-бүлөсүн жалгыз өздөрү баккан аялдар муктаж. Долбоор узак мөөнөттүү натыйжа берет деп үмүттөнөбүз. 

Себеби, СПАнын кызматкерлери иш-чаралардын түздөн-түз катышуучулары болуп саналышат. Бул практика аларга карталарга керектүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө, сууну алуу жана бөлүштүрүү процесстерин башкарууга мүмкүндүк берет”.

Долбоордун кандай пайдасы болду?

Жаңы санариптик карта СПАнын, суу пайдалануучулардын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда сууну жең ичинен бөлүштүрүүнүн натыйжасында же суунун тартыштыгынан улам келип чыккан түшүнбөстүктөрдү алдын алат. Карта ассоциацияларга материалдык, эмгектик жана финансылык ресурстарды жакшыраак башкарууга жардам берет, себеби ГИС-карта ирригациялык инфраструктуранын объекттерин ачык көрсөтүп берет. Жыйынтык көпкө күттүргөн жок: “Суу жана экология боюнча борбор азиялык альянс” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, 2022-жылы айыл аймактарындагы ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акынын көлөмү 35 пайыздан 70 пайызга чейин көбөйгөн.

Кызыгы, ушул жылы дыйкандар дан эгиндерине караганда көп сугатты талап кылган кулпунайды да иштете башташты. Дыйкандар негизинен башка өсүмдүктөргө салыштырмалуу сууну көп керектебеген дан эгиндерин өстүрүшөт. 2022-жылдан баштап алар мөмө-жемиштерди отургуза башташты. Мисалы, 20 сотик жерде буудай өстүрүү үчүн эки адам жетиштүү болсо, кулпунайды өстүрүүгө 20га чейин жумушчу тартылат. Эгерде жемиш өстүрүү Сузак районунун дыйкандарынын арасында популярдуу болуп калса, сезон сайын көбүрөөк адамдар жумуш табат.

ГИС-картаны киргизүү айыл өкмөттөрүнө да жардам берди, алардын базасы ирригациялык тармактар боюнча гана эмес, жер участокторунун категориялары – түшүмдүү, кайрак жерлер боюнча да маалыматтар менен жаңыртылды. Муниципалитеттер мындан ары көп акча коротуп, маалыматтарды тактоо үчүн адистерди же уюмду жалдабай деле койсо болот.

Сузак районунун эки аймагында өткөрүлгөн ийгиликтүү тажрыйба көрсөткөндөй, актуалдуу маалымат суунун коромжусун азайтууга, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жардам берет. Мындай тажрыйбага райондун башка муниципалитеттери, СПАлар жана суу ресурстары кызматынын райондук бөлүмдөрү да муктаж, себеби эксперттердин маалыматы боюнча сугат сууну бөлүштүрүү боюнча абал бүткүл өлкө боюнча бирдей эле.

__________________ 

1   Долбоор Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги каржылаган GIZтин “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы тарабынан каржыланды.