Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин болжолдоого кандайча жардам берүүдө?
Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
Региондорду өнүктүрүүнү пландоонун жана божомолдоонун жаңы усулдары Кыргыз Республикасынын айрым райондорундагы кырдаалды өзгөртүүгө кандай таасир тийгизерин түшүнүү максатында Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери EGED Программасынын пилоттук райондордун абалына жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечегине төмөнкү параметрлер боюнча серептик баалоону жана таасирин болжолдоону даярдашты: 1) районду экономикалык адистештирүү аркылуу жергиликтүү экономикага дем берүү; 2) социалдык инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, өзгөчө артта калып жаткан жана райондук мамлекеттик администрациялар менен муниципалитеттердин көңүлүн талап кылынган тармактарда; 3) өнүктүрүү саясатын пландоодо дайындарды пайдалануу аркылуу секторлордун өз ара байланыштарын кыйла сапаттуу пландоо жана эсепке алуу.
Сереп EGED Программасы соңку жыйынтыктардын деңгээлинде Кыргыз Республикасынын 7 облусундагы 7 райондун экономикалык адистешүүсүнө же социалдык инфраструктура тармактарын өнүктүрүүгө кандай таасир тийгизгенин же тийгизерин көрсөткөн мисалдарды камтыйт. Бул райондор 2025-жылдан 2027-жылга чейинки божомол мезгилинин ичинде ушундай таасирди талдоо үчүн тандалып алынган.
Талдоонун жүрүшүндө ишке ашырылган болжолдоолор жана эсептөөлөр төмөнкүдөй тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берди: EGED Программасынын колдоосу менен иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоонун жаңы методикасын киргизүүнүн натыйжасында болжолдоолордун тактыгын жана райондордун деңгээлинде пландарды макулдашууну бир кыйла жогорулатууга мүмкүн болду.
Тармактардын ортосундагы таасирлерди эске алып, экономикалык жана мейкиндик факторлорун айкалыштырган комбинациялуу мамиле артыкчылыктуу тармактардын дараметин да, алардын өнүгүүсүнө таасирин тийгизген инфраструктуралык чектөөлөрдү да эске алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды. Бул айрыкча айыл чарбасы, туризм, тоо-кен өнөр жайы жана социалдык инфраструктура сыяктуу тармактарда инвестициялык артыкчылыктарды так аныктоого жана реалдуу, жүйөлүү божомолдорду жасоого мүмкүндүк берди.
Тармактык профилдерди колдонуу буга чейин бааланбай калган чабал жерлерди аныктап, инвестицияларды тартуунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен артта калып жаткан секторлорго назарды бурууга мүмкүндүк берди.
Экономикалык жана мейкиндик чараларынын өз ара көз карандылыгын аныктап, моделдөө өзгөчө мааниге ээ болду – мисалы, жумуштуулукту өнүктүрүү түзүлгөн ресурстарды колдонууну эске алуу менен өндүрүштү кеңейтүү үчүн мейкиндик базасын түзүү менен макулдашылды.
Айлана-чөйрө, социалдык инфраструктура жана жумуштуулук өңдүү чөйрөлөрдү комплекстүү камтуу бир сектордо пландоонун туруктуу мүнөзүн жана башкаларында ордун толуктоочу өсүштүн эсебинен тобокелдиктерди мүмкүн болушунча азайтууну камсыз кылды.
Натыйжада, жаңы методика практикалык жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды, себеби анын негизинде жасалган болжолдоолор иш жүзүндөгү дайындар менен тастыкталды, ал эми көп факторлуу талдоонун элементтерин киргизүү учурдагы пландарга түзөтүүлөрдү киргизип, күчөтүүгө мүмкүндүк берип, аларды өзгөрүп жаткан шарттарга, анын ичинде ыктымалдуу өзгөчө кырдаалдарга көбүрөөк ыңгайлаша ала тургандай кылды.
Райондордун жана ЖӨБдүн деңгээлинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын натыйжалуулугун андан ары да жогорулатуу үчүн тармактык жана мейкиндик пландоону интеграциялоону уланта бериш керек. Мында аналитикалык аспаптарды колдонууга, дайындарды туруктуу негизде жаңылоого жана СЭӨПны бюджеттик процесс менен байлоого басым жасоо зарыл.
Өтө маанилүү экономикалык жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү ишкердикти даректүү колдоону, жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүүнү жана координациялоо механизмдерин институционалдык чыңдоону камтыган комплекстүү мамилени талап кылат.
Өзгөчө санариптештирүү шартында жеринде кадрларды даярдоо жана аналитикалык потенциалды өнүктүрүү олуттуу ролду ойнойт.
Регионалдык өнүгүүнүн туруктуулугун жогорулатуу бийлик деңгээлдеринин ортосунда функцияларды так бөлүштүрүүдө, бизнес жана коом менен өнүккөн өнөктөштүктө, ошондой эле экономикалык өсүшкө дем берүүнүн заманбап аспаптарын жигердүү пайдаланууда мүмкүн болот.
Окшош материалы:
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстандагы региондордун келечеги: региондорду социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын негизги кадамдары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-15 Жаңы райондук СЭӨП: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-15 Туризмдин туруктуу өнүгүшү: мыкты чечимдерди райондук деңгээлде издөө керек
-
№6 (152) / 2024-07-05 Жаңы райондук СЭӨПлар: маалыматтарга негизделген инклюзивдүү пландоо экономикалык өсүшкө алып келет
-
№6 (152) / 2024-07-05 Диалог платформасы: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Координациялык кеңеши ЖӨБ үчүн актуалдуу маселелерди талкууга кызыкдар тараптардын санын кеңейтүүнү сунуштоодо
-
№5 (151) / 2024-06-08 Аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу: Кыргызстан үчүн тенденциялар жана эл аралык сабактар