Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси
Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
СЭӨПнын жаңы методикасы райондордун социалдык инфраструктурасынын абалын, анын ичинде калкка тигил же бул кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү үлүшүнүн көрсөткүчтөрүн же инфраструктуранын сапатын байкоо мүмкүндүгү үчүн бир катар салыштырмалуу көрсөткүчтөрдү колдонот.
Көрсөткүчтөрдүн акыркы категориясына райондун ички (республикалык маанидеги транспорттук коридорлорго кирбеген) жолдору нун сапатынын индикатору кирет – ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальт төшөлгөн ички жолдордун үлүшү (% менен). Бул көрсөткүчтүн талдоосу башка салыштырмалуу көрсөткүчтөр менен салыштыра келгенде райондун жол тармагы (жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалда болгону 20%) катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу сыяктуу башка райондор үчүн көйгөйлүү тармактан (2024-жылы райондун калкынын кызмат көрсөтүүсү менен камтуунун 85%) олуттуу артта калып келатканын байкоого мүмкүндүк берди. 2025-2027-жылдары СЭӨПны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин баштапкы планында райондун ички жолдорун калыбына келтирүү боюнча чаралар жана инвестициялык эсептөөлөр камтылган эмес. Жол тармагынын инвестициялык керектөөлөрүнө байланган бул божомол орто мөөнөттүү мезгилдин аягына карата кызмат көрсөтүүлөр менен камтууну көбөйтүү максатында Иш-аракеттер планын зарыл чаралардын топтому менен толуктоого багытталган (2-сүрөттү караңыз).
2-сүрөт. Айтматов районунда асфальт төшөлгөн ички жолдордун үлүшүнүн өсүшүнө божомол, % менен

Райондун жол тармагын өнүктүрүү башка инфраструктуранын өнүгүшүнөн кыйла артта калып жатат, бул болсо экономиканын өсүшүнө жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жолтоо болууда. Ички жолдун бир чакырымын калыбына келтирүүнүн орточо наркынын негизинде эсептелген жол тармагын инвестициялык пландоого жана бюджеттик инвестицияларга көңүл буруу көрсөткүчтү буга чейин пландалгандай 20 пайыздан 30 пайызга чейин жеткирбестен, 2027-жылы райондун жолдорунун жарымын тартипке келтирүүгө жардам берет.
Ошентип, СЭӨПнын жаңы методикасы тармактык профилдер аркылуу артта калып жаткан тармактарга көңүл бурууга, алар үчүн инвестициялык муктаждыкты так баалоого жана инвестицияларды тартуу үчүн күч-аракеттерди жумшоого мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө социалдык инфраструктура тармактары үчүн актуалдуу маселе.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№10 (168) / 2025-10-04 Бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү: “сокур” колдоодон өнүгүүнүн даректүү чараларына өтүү: Грузиянын тажрыйбасы
-
№9 (167) / 2025-09-21 "Устат-шакирт" моделинин жаңы версиясы же Шакирттик аярлуу топторду өнүктүрүү чарасы катары
-
№9 (167) / 2025-09-21 ЖӨБ органдары СЭӨПны кантип иштеп чыгууда? КР Экономика жана коммерция министрлиги үчүн мониторингдин жыйынтыктары
-
№9 (167) / 2025-09-21 Инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары калктын аярлуу жана артта калып жаткан топтору үчүн шарттарды түзүүдө
















