Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясы райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо боюнча биргелешкен процесстин жыйынтыктарынын бири болуп калды. Бул процесстин алкагында өкмөт, бизнес жана коомчулук Ат-Башы районунда жашаган адамдар үчүн жаңы келечекти биргелешкен күч-аракеттер менен түзүү үчүн биригишти. Ассоциация өзүнүн уставына ылайык, жыл сайын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди жана бар болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулаган иш-чара өткөрүп, ага жергиликтүү ишкерлерден тышкары министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү да катышып келишет.
Мындай иш-чара Ассоциация үчүн салтка айланып калды. 2025-жылдын 23-майында акимдин жана ЖӨБ органдарынын башчыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлүнүн, КР Айыл чарба министринин биринчи орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн, медианын жана аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлордун катышуусу менен конференция өттү.
“Кезектеги конференция биздин жергиликтүү ишкерлер жана жогорку бийлик органдары үчүн жергиликтүү өнүгүүгө бут тосуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жолдорун издөө үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды”, – деди райондун акими Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ.
Конференциянын жүрүшүндө райондун негизги сегиз кластери (бал, сүт, эт, туризм жана кол өнөрчүлүк, мөмө-жемиштер жана дары чөптөр, балык), ГЭСтин жана “Кара-Булак” логистикалык борборунун курулушу, алардын жетишкендиктери, кыйынчылыктары жана аларды чечүү жолдору жөнүндө маалымат берилди.
КР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир САРИЕВ белгилегендей, ишкерликти өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте жергиликтүү шарттар жана бийликтин колдоосу талап кылынат. Муну өз мисалында Ат-Башы району ийгиликтүү көрсөтүүдө.
“Бүгүн атбашылык ишкерлердин квалификациялуу баяндамалары абдан кубандырды. Артыкчылыктуу багыт – туризм – абдан келечектүү болгонун белгилей кетким келет. Туристтердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Мисалы, быйыл биздин өлкөгө 10 миллионго чейин турист келет деп күтүлүүдө. Сиздин районуңузда жаратылыш бардык шарттарды түзүп койгон, силер районду ыңгайлуу кылып, даамдуу тамак-аш менен камсыздашыңар керек. Силер муну жасап жатканыңарды көрүп турам”, – деди ал.
КР Айыл, суу чарба жана өнөр жай министринин биринчи орун басары Жаныбек КЕРМАЛИЕВ айыл чарбасына керектүү техникаларды, анын ичинде лизинг аркылуу алуунун ыкмалары, кесиптик окууларга кайдыгер карабоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз билимдерин жогорулатуу боюнча кеңештерин берди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү Эльмира ТУРГАНБАЕВА региондо мөмө-жемиштерди жана сүттү кайра иштетүү боюнча кластерлердин алкагында ишке ашырылып жаткан жана пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат менен бөлүштү.
Талкуунун жана пикир алмашуунун соңунда өлкөнүн жетекчилигине даректелген резолюция кабыл алынды. Бул резолюцияда бизнести өнүктүрүү маселелери гана эмес, аларды чечүү боюнча сунуштар да камтылган.
Салт боюнча, конференцияны көргөзмө-жарманке коштоду. Бул жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр өз продукциялары менен тааныштырышты. Алардын арасында Ассоциациянын мүчөлөрү да, чакан бизнесин жаңыдан баштап жаткан жеке ишкерлер да болду.
Мисалы, Ача-Кайыңды айылынын тургуну Ырысгүл СУЛТАНАЛИЕВА көргөзмөгө колго жасаган самынды ала келген. Мунун себебин сураганда, ал балдардын ден соолугуна байланыштуу деп жооп берди: “Үй-бүлөмдүн айрым мүчөлөрү жарадан жана аллергиядан азап чегип келишкен. Кадимки самын, шампунь аларга туура келбей койду. Ошондон улам бул көйгөйдү чечүүнүн жолун тапканга аракет кылдым, – деп сөзүн баштады ишкер. – Мен максаттуу түрдө интернеттен маалымат издеп жүрүп, колго жасалган самын жөнүндө жарнаманы көрүп калып, алар менен байланышып, үч айлык окуудан өттүм. Адегенде кир самынды жасагандан баштадым. Көрсө, аны биз колдонгондон кийин ыргытып жиберген майлардан жасаса болот экен. Андан ары зарылчылыгына жараша түрдүү кошумчаларды: глицеринди, ар кандай чөптөрдү, витаминдерди кошуунун технологиясын тереңирээк үйрөндүм. Биринчи болуп, албетте, үй-бүлө мүчөлөрүм жана өзүм колдонуп көрдүк. Ошол заматта терибиз кадимкидей дем ала баштаганын байкадык; экзема кетип, аллергия жоголду. Андан кийин чачтын түшүүсүн токтоткон, женьшень кошулган каражатты, беттеги безеткиге каршы самынды, бал, зайтун майы кошулган дене үчүн самынды, скраб үчүн кофени же Е витамини кошулган, чакалайдан, экземадан жана псориаздан масканы даярдап, ага эрмен, глицерин, чычырканак жана башкаларды коштум. Мунун баарын өзүбүз колдонуп көрүп, жыйынтык алгандан кийин гана жеке бизнес менен алектенүүнү чечтим. Бирок буларды жасап жатканда өлчөмдөрдү так сакташ керектигин эскертким келет. Антпесе, бул пайдалуу эмес, зыяндуу болуп чыга келет. Бул иш миллиондогон киреше алып келет деп айтпайм. Мисалы, 10 миң сом чыгаша болсо, 6 миң сом киреше табам. Буга сиздин эмгек акыңыз да кирбейт. Эң негизгиси кардарларыңызды алдабаңыз жана алардын ден соолугуна зыян келтирбеңиз”.
Жарманкеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык контракт программасынын бенефициарлары болгон кол өнөрчүлүк, ашпозчулук/нан бышыруу жана гүл өстүрүү чөйрөсүндөгү жеке ишкерлердин продукциялары коюлду.
Тилек СУЛТАНГАЗЫ уулу, Ат-Башы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн жетекчиси: “2022-2025-жылдары Ат-Башы районунда 523 үй-бүлө социалдык контракт линиясы боюнча өз ишин баштоо үчүн 100 миң сомдон, 4 үй-бүлө 200 миң сомдон ссуда алышкан. Артыкчылыктуу багыт – мал чарбачылыгы – 80%, ал эми калган 20% – чакан ишкерликтин ар кандай түрлөрү. Жардам алгандардын баары бүгүнкү күндө өз иштерин ийгиликтүү жүргүзүп жатышат. Алардын ичинен ишин наабайканадан баштап, бүгүнкү күндө “Манты центр” кафесин жана эс алуу борборун ачкан Дамира ТУРДАЛИЕВАны белгилегим келет. ТОКОН кызы Асыл да наабайканасы бар чоң цех ачкан. Мына ушундай ишкерлер бар болгон үчүн 10дон 20га чейин адам жумуш менен камсыз болуп, алар аркылуу үй-бүлөсү да, жергиликтүү бюджет да салык жана чегерүү түрүндө киреше таап жатат. Жакында бул эки ишкер Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясына мүчө болуп, кирешеси миллион сомго жеткендердин катарына кирет деп күтүп жатабыз”.
Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек НАРЫНДЫКОВ бардык катышуучуларга жана өз командасынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, конференция ийгиликтүү өткөнүн билдирди.
“Биз алдыбызга максат койдук – бизнес менен бийликтин ортосунда ийгиликтүү, конструктивдүү диалогду уюштургубуз келди. Жалпы жигердүүлүктүн жана кызыктуу талкуулардын жардамы менен бардык тараптар убакытты текке кетирген жок деп ойлойм. Талкуунун аягында катышуучулар кызыккан суроолорун беришип, аларга КР айыл, суу чарба жана өнөр жай министринин орун басары, КР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана райондун акими жооп беришти. Алардын кайрылуулары жана сунуштары кийинчерээк аткарылышын көзөмөлдөө максатында Резолюцияга киргизилди. Биз жаштарыбызга үлгү болушубуз керек, алар дагы ар бир пикири же сунушу укуктук талаптарга туура келсе жана КР мыйзамдарына каршы келбесе, жерде калбай турганын түшүнүшү керек. Жаштарыбыз – биз таянган негизги ресурсубуз. Биз Ассоциацияда атайын жаштар канатын түздүк, ал алты жаш ишкер менен максаттуу иш алып бармакчы. Биз аларга чоң үмүт артып жатабыз жана алар өздөрүн кайсы кластерде гана сынап көрүшпөсүн, инновациялык ыкмаларды киргизет деп күтөбүз”, – деп сөзүн жыйынтыктады конференциянын башкы уюштуруучусу, Ат-Башы районунун Ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстандагы региондордун келечеги: региондорду социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын негизги кадамдары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин болжолдоого кандайча жардам берүүдө?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси