Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Ош облусунун Ноокат району: туризм – өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерине карабастан пландалган өсүш
Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
Ош облусунун Ноокат району кыргызстандык ички туристтер арасында популярдуу – аларды облустук жана республикалык маанидеги транзиттик жолдордун болушу, туристтик сезондун узактыгы, ошондой эле облустун тоолуу ландшафтынын өзгөчөлүктөрү тартып турат. Ноокат районунда баарынан да эс алуу зоналары өнүккөн, алар жергиликтүү калктын дем алыш күндөрүн өткөрүүсүнө арналган. Ошону менен бирге райондо регионалдык жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшө ала турган табигый, рекреациялык, тарыхый, ал тургай сакралдык мүнөздөгү өзүнө тарткан жерлер бар.
Ноокат районунун кооз жерлерине төмөнкүлөр кирет: Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркы; Туя-Моюн тоолор массиви; 3500 м бийиктикте көлү бар Кара-Кой курорту; 15 метрлик шаркыратмасы бар Абшыр-Ата капчыгайы – шаркыратма тик аскадагы тешиктен агып чыгат. Туристтер эң көп талап кылган кызмат көрсөтүүлөр: ат менен турлар, жөө турлар, маданий экскурсиялар, коомдук тамактануу, мейманканалар, боз үй шаарчаларындагы боз үйдү ижарага алуу.
Райондо туризм тармагын өнүктүрүүнүн деталдуу болжолу биринчи жолу 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 2024-жылы жасалган. 2025- жылы божомол жаңыланган, мында 2024-жылдын дайындары эсепке алынган. Туристтердин көрсөткүчтөрүнүн жана калктын кирешелеринин негизинде 2023-2024-жылдарга иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде тармактын өнүгүүсүнүн болжолун салыштыруу төмөндөгү 4- жана 5-сүрөттө берилди.
4-сүрөт. Ноокат районунда туристтердин санынын өсүшүнүн болжолу, адамдардын саны
5-сүрөт. Ноокат районундагы туризм тармагында иштеген калктын кирешесинин өсүшүнүн болжолу, сом менен
4-сүрөттө көрүнүп тургандай, 2024-жылы иш жүзүндөгү көрсөткүч форс-мажордук жагдайлардан улам болжолдонгон көрсөткүчтөн төмөн болуп чыкты: 2024-жылдын июнь айында селдин кесепетинен туристтер каза болушкан. Туристтер көп барган айрым жерлерде туристтердин саны азайды жана бул тенденциянын 2025-жылы да сакталып калмакчы, себеби талкаланган инфраструктура калыбына келтирилип, туристтердин бул жерлердин коопсуздугуна болгон ишеними кайрадан пайда болууга тийиш. Форс-мажордук жагдайларга карабастан, райондун СЭӨПсында белгиленген чаралар кырдаалды оңдоп, 2026-2027-жылдары буга чейинки серептин оптимисттик божомолунан да кыйла жогору жыйынтыктарды алууга жардам бермекчи. Мындай чараларга төмөнкүлөр кирет:
- негизги инфраструктурага (жолдор, алыскы боз үй шаарчаларын электр энергиясы менен камсыздоо) мамлекеттик инвестицияларды кошо алганда, районду өнүктүрүү фондун чыгымдоо багыттарынын программалык артыкчылыктарын аныктоо;
- туристтик зоналарда туристтердин эс алуусу үчүн шарттарды түзүү, жаңы соода түйүндөрүн түзүүгө дем берүү;
- эс алуу жайларына баруучу жолдорду оңдоо, автоунаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү;
- асфальт төшөлгөн жолдорду, анын ичинде Кара-Кой улуттук жаратылыш паркына жана Абшыр-Ата эс алуу аймагына баруучу жолдорду куруу;
- жаңы соода түйүндөрүн куруу;
- бузулушун жана булганышын болтурбоо максатында биочөйрөнүн уруксат берилген туристтик жүктөм боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын жайылтуу;
- туризм чөйрөсүндө иштеген ишкерлердин дараметин жогорулатуу үчүн окутууну уюштуруу;
- катуу тиричилик калдыктарын бөлүп-бөлүп чогултууну жана ташып чыгарууну уюштуруу жана башкалар.
Ушундай эле кырдаал тармакта иштеген калктын жалпы кирешесинин өсүү динамикасына карата да болжолдонууда (5-сүрөттү караңыз).
Диаграммадан көрүнүп тургандай, өткөн серептин болжолу өтө пессимисттик болгон жана табигый кырсыктардын кесепеттерине карабастан, кирешенин негизги линиясына салыштырмалуу өсүш 2026-2027+жылдары жогору болот.
Ошентип, туура божомолго негизделген инфраструктураны пландуу өнүктүрүү өзгөчө кырдаалдар оптимисттик пландарды ишке ашырууга тоскоол болгон күндө да туруктуу өсүштү камсыз кылат.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району: туризмге инвестиция тартуу туристтердин санынын көбөйүшүнө жана бул тармактагы жумуш орундарынын өсүшүнө алып келет
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кантип жардам бере алат?
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?