Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
Район акимдери региондорду өнүктүрүү тууралуу
2025-жылдын 28-майынан 24-июнуна чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын жоболорун түшүндүрүү боюнча аймактык жолугушууларды өткөрдү. Аталган Мамлекеттик программа (мындан ары – Мампрограмма) Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтому менен бекитилген.
Аймактык жолугушуулар “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) программасынын колдоосу менен өткөрүлдү. Аталган Программаны Улуу Британиянын Өкмөтү FCDO аркылуу каржылап, Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта ишке ашырып келатат.
Жолугушуулар Мамлекеттик программаны ишке ашырууда коомдун, бизнестин жана өкмөттүн күч-аракеттерин бириктирүү; дайындардын негизинде оптималдуу башкаруу чечимдерин таап, аларды ишке ашыруу; мамлекеттик программаны субулуттук деңгээлде ишке ашыруу боюнча багыттарды жана иш-аракеттерди терең түшүнүү максатында өткөрүлдү.
Жолугушууларга КР Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча райондук Координациялык кеңештердин тең төрагалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Темирболот АБЫКЕЕВ, Баткен шаарынын мэри: “Жолугушуу абдан пайдалуу болуп, өз убагында өттү. Бизге Региондорду өнүктүрүү программасы сунушталды, бул биздин шаар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Баткен динамикалуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат жана биз шаарды өнүктүрүү программабызда региондорду өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттарын жана артыкчылыктарын чагылдырууга ниеттенүүдөбүз. Регионалдык жана шаардык программалардын ортосунда ырааттуулукту сактоо өзгөчө маанилүү. Шаардын өнүгүүсү жалпы регионалдык вектордун ажырагыс бөлүгү болууга тийиш. Ушуга байланыштуу конкреттүү сунуш киргизгим келип турат: “Баткен Сити” долбоорун ишке ашырып жатканда Баткен шаарынын стратегиялык кызыкчылыктарын, анын инфраструктурасын, калктын керектөөлөрүн жана экономикалык дараметин эске алуу зарыл. Ошондо гана биз региондун гана эмес, анын административдик борборунун да туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүн камсыздай алабыз”.
Аскарали АБДИБАЕВ, Ноокат шаарынын мэри: “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча сунушталган методика сандык да, сапаттык да көрсөткүчтөрдү эске алат, эң башкысы – жарандардын катышуусуна басым жасайт. Дал ушул пландоо жана чечимдерди кабыл алуу процессине калктын жигердүү катышуусу аркылуу реалдуу, сезилээрлик жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Ошону менен бирге пландаштырылган иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ресурстар маселесин чечүү маанилүү болуп турат. Биздин шаарда инвестицияларды тартып, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн колдонулса боло турган бош муниципалдык жерлер дээрлик жокко эсе. Бул өзгөчө мамилени талап кылган олуттуу чектөө болуп жатат. Шаардык өнүктүрүү программабызды жеткире иштеп чыгуу процессинде биз ырааттуулукту камсыз кылып, кошумча колдоо алуу максатында Мамлекеттик программанын артыкчылыктарын жана максаттарын интеграциялоону пландап жатабыз. Мындай мамиле бизге улуттук өнүгүү саясаты менен бирдей ыргакта алдыга умтулууга жана жергиликтүү маселелерди натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет”.
Замирбек СЫДЫКОВ, Кара-Кулжа районунун акими: “Райондордо Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда иш жүзүндө финансы каражаттарынын тартыштыгы көйгөйүнө туш болуп жатабыз. Муниципалитеттер олуттуу инвестицияларды талап кылган ири долбоорлорду камтыган программаларды сунуштап жатышат. Ушуга байланыштуу мен ар дайым ыктымалдуу ресурстарга жана пландардын реалдуулугуна алдын ала талдоо жүргүзүү зарыл болгонун баса белгилеп келем. Ошол эле маалда ресурстардын чектелгендигине карабастан, бул программалар жергиликтүү калк үчүн өтө маанилүү экенин түшүнөм. Тармактык министрликтердин компетенциясына кирген милдеттерди интеграциялоодо да кыйынчылыктар болууда, мисалы, республикалык маанидеги жолдорду куруу жана оңдоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү системаларын өнүктүрүү, социалдык кызматтарды көрсөтүү. Бул маселелер адатта райондук мүмкүнчүлүктөрдүн алкагынан чыгып, ведомстволор аралык кызматташууну талап кылат. Министрликтин өкүлдөрү өз кезегинде өздөрүнүн борбордук пландарынан жана бюджеттеринен көз каранды экенин айтышууда, бул болсо координациялоону кыйындатып жатат. Келечекте борбордук бийлик органдарынын деңгээлинде, анын ичинде жергиликтүү артыкчылыктарды улуттук программаларда макулдашуу жана интеграциялоо жаатында колдоону күчөтүү маанилүү деп эсептейм. Бүгүнкү жолугушуу абдан пайдалуу болду, себеби ал алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарды өнүктүрүү маселелерин көтөрүүгө шарт түздү. Мындай аймактар Кара-Кулжа районунда да бар жана алар аймактык саясатты пландоодо жана ишке ашырууда көз жаздымында калбашы биз үчүн өтө маанилүү”.
Каныбек АПБАСОВ, Өзгөн районунун акими: “Аймактын табигый жана экономикалык ресурстарын эсепке албай туруп, аймактарды натыйжалуу өнүктүрүү маселесин кароого болбойт. Мисалы, биздин райондо олуттуу ресурс болуп саналган карьер бар. Бирок аны иштетүүгө лицензиялар, эреже катары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылбастан эле түз ишкерлерге берилип келет. Мунун натыйжасында карьерди иштетүүдө экологиялык жана инфраструктуралык кесепеттер көп учурда эске алынбай калууда. Биз буга чейин эле олуттуу көйгөйлөргө туш болуп келгенбиз: көзөмөлсүз казып алуунун натыйжасында дарыялардын жана суу сактагычтардын нугу өзгөрүүдө, бул суу ташкындоо жана жээк сызыгын бузуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын түзүлүшүнө алып келүүдө. Райондук администрация жана жергиликтүү бийлик органдары башынан эле чечимдерди кабыл алуу процессине тартылбаса да кесепеттерин жоюуга аргасыз болуп калууда. Жаратылыш ресурстарын башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Биз кабардар болуп гана тим болбостон, мындай объектилерди пайдаланууну лицензиялоо жана көзөмөлдөө процессине да тартылышыбыз керек. Бул тобокелдиктерди азайткандан тышкары, жеринде кыйла туруктуу жана адилеттүү өнүгүүнү да камсыздайт. Бул маселе аймактарды өнүктүрүүгө тикелей байланыштуу жана мамлекеттен да, өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун алкагында да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат деген ишенимдемин”.
Мирбек ШАМЫРКАНОВ, Чоң-Алай районунун акими: “Өнүктүрүү фонддорунун алкагында ишкерлерге колдоо каралган, бирок иш жүзүндө биз олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болуп жатабыз: бул ченем иш жүзүндө толук иштебейт. Натыйжада, айрыкча Чоң-Алай сыяктуу алыскы райондордогу ишкерлер экономикалык долбоорлорду баштап, кеңейтүү үчүн берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатышат. Логикалык суроо жаралат: механизм иш жүзүндө жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүп, жеринде демилгени колдоп кетиши үчүн аны кантип өркүндөтсө болот? Жолугушууда жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо механизмдери тууралуу да пайдалуу маалыматтар берилди. Бул ыкмалар өнүктүрүү программаларын пландоонун жана ишке ашыруунун кеңири системасына кандайча интеграцияланары абдан кызыктуу болуп турат. Мындай демилгелер жарандардын катышуусун олуттуу күчөтүп, долбоорлордун туруктуулугун жогорулата алмак. Мындан тышкары, Мамлекеттик өнүктүрүү программасынын чараларын райондук жана жергиликтүү программаларга интеграциялоодо биз бийликтин борбордук органдарынын конкреттүү колдоосун сезгенибиз да өтө маанилүү. Талаптагыдай координация жана ресурстар болбосо, жеринде эң келечектүү идеялар да ишке ашпай кала берет. Мамлекеттик колдоо – бул жергиликтүү деңгээлде чараларды ийгиликтүү ишке ашыруунун жана бардык аймактарды, анын ичинде жетүүгө оор болгон аймактарды да бирдей өнүктүрүүнү камсыз кылуунун ачкычы”.
Данияр ЭРКИМБАЕВ, Араван районунун акими: “Бүгүнкү күндө өзгөчө туризмди өнүктүрүү маанисинен алып караганда, экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы билимдер, изилдөөлөр болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп жатат. Биз таанымал рекреациялык локацияларда турист-тер келип кеткенден кийин таштандылар, тебеленген өсүмдүктөр калып жатканын, айлана-чөйрөнүн бузулуп жатканына күбө болуудабыз. Бул туристтик агымдарды жөнгө салуунун жана жаратылыш аймактарын туруктуу башкаруунун регламенттеринин, механизмдеринин жок-тугунун тикелей кесепети. Жаратылышты сактап, туристтердин өздөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу максатында экосистемага уруксат берилген жүктөмдү жана аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу маанилүү. Бирок, аймактык деңгээлде мындай эсептерди компетенттүү жүргүзүп, туристтердин келишинин жүйөлүү эрежелерин түзүү үчүн адатта аспаптар же тажрыйба жетишсиз болуп жатат. Бизге илимий жактан негизделген формулалар, адистердин, анын ичинде экологдордун корутундулары, ошондой эле туруктуу практикаларды киргизүү боюнча сунуштамалар керек болуп турат. Мунун баары регионалдык өнүгүүгө тикелей байланыштуу, себеби экологиялык тең салмактуулук болбосо, аймактын туризм үчүн узак мөөнөттүү жагымдуулугу жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн болбойт. Бүгүнкү жолугушууда биз бул маселелерди көтөрүп чыгып, экологиялык туруктуулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү програм-маларына кантип интеграциялай аларыбызды талкуулаганыбыз кубандырат. Бул багыт биздин аймактардын келечегин пландоодо артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калууга тийиш”.
Жылдыз ЖАНТЕЛИЕВА, Ат-Башы районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары: “Ушул тапта райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө аялдардын катышуусуна талдоо жүргүзүп жатабыз. Бул азыркы кырдаалды түшүнүп, аялдардын ишкердиктен баштап, чечимдерди кабыл алууга катышууга чейинки ар кандай чөйрөлөрдө туш болуп жаткан тоскоолдуктарын аныктоо үчүн маанилүү. Бизде мамлекеттик программа бар жана биз бул программага гендердик өңүттөрдү интеграциялоо жана аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сүрөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Биз ошондой эле жергиликтүү демилгелерге жана мамлекеттик башкарууга тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу аймакты өнүктүрүүдө аялдардын ролун күчөтүүгө кызыкдарбыз”.
Сымбат АТТОКУРОВА, Ат-Башы районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү: “Аймактарды өнүктүрүү программасын Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына (СЭӨП) интеграциялоону камсыз кылуу абдан маанилүү болуп турат. Бул артыкчылыктар менен ресурстарды шайкеш келтирип, районду өнүктүрүүгө туруктуу жана системалуу мамилени камсыз кылат. Мындан тышкары, жергиликтүү ишкерлерди колдоону күчөтүү да зарыл. Райондо Өнүктүрүү фонддору, “Теңир-Тоо” фонду сыяктуу каржылоо булактарына жеткиликтүүлүк бар, бирок татаал жол-жоболордон жана ашкере коюлган талаптардан улам иш жүзүндө бул колдоону алуу кыйын. Айрыкча ишин жаңыдан баштап жаткан ишкерлер, аялдар жана жаштар үчүн өтүнмөлөрдү берүү жана жактыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Ийкемдүү шарттар жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу калкты ишкердикке жигердүү тартууга жана жер-жерлерде жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет”.
Улан АЛЫБАЕВ, КР ЭКМнын Нарын РБ сектор башчысы: “Биз өнүктүрүү маселелери боюнча жоопторду жана сунуштарды кунт коюп угуп чыктык, себеби дээрлик эки жылдан бери тиешелүү программаларды ишке ашыруунун үстүнөн жигердүү иш алып баруудабыз. Бул убакыт аралыгында биз бир катар кыйынчылыктарга туш болдук, айрыкча натыйжалуулуктун так, өлчөнө турган көрсөткүчтөрүн аныктоодо кыйынчылыктар болду. Бул жылыштарды толук талдоого бут тосуп жатат. Программанын өзүн ишке ашыруу да негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө: программада мониторинг механизмдери каралганына карабастан, иш жүзүндө биз чыныгы кайтарым байланыштын жоктугу өңдүү көйгөйгө дуушар болуп жатабыз. Мониторингдин маалыматтары боюнча суроо-талаптарды жиберип турабыз, бирок, тилекке каршы, көпчүлүк учурда жыйынтыктарды ала албай калуудабыз. Ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, ошондой эле маалыматтарды чогултуу, талдоо жана берүү үчүн ачык системаны түзүү зарыл. Бул жылыштарга көз салып турууга гана жардам бербестен, ошону менен бирге милдеттерди өз убагында аткарууга болгон мамилени түзөтүүгө да жардам берет”.
Бакыт ЭГЕМБЕРДИЕВ, эксперт: “Райондук деңгээлде экономикалык көрсөткүчтөргө тереңирээк талдоо жүргүзүү максатка ылайык болуп турат. Мындай маалыматтар өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын так аныктоого жана тармактык министрликтер аркылуу колдоо сурап жүйөлүү кайрылууларды жолдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Өнүктүрүү фонддорунун ишин жөнгө салуучу жоболорду кайра карап чыгуу жана жеткире иштеп чыгуу процессине жергиликтүү ишкерлердин жигердүү катышуусун камсыздоо маанилүү. Алардын пикирлери жана практикалык тажрыйбасы шарттарды кыйла реалдуу жана жеткиликтүү кылууга жардам берет. Нормативдик документтерди даярдоонун алгачкы этаптарына бизнестин өкүлдөрүн тартуу бул аспаптардын натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, ошону менен бирге бизнес коомчулугунун аларга болгон ишенимин да бекемдейт”.
Адыл САПАРОВ, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары: “Нарын мамлекеттик университетинде буга чейин аймакты өнүктүрүү үчүн аналитикалык жана консультациялык жардам бере ала турган Өнүктүрүү фондун же изилдөө борборун түзүү идеясы каралган эле. Жеринде сапаттуу маалымат жана талдоо жок болгондуктан, бул өзгөчө актуалдуу маселе болуп саналат. Себеби ошол маалыматтардын жана талдоонун негизинде натыйжалуу экономикалык саясатты түзүү мүмкүн болмок. Мисалы, Ферганада ишкерлер болжолдоо, рынокторду талдоо жана келечектүү багыттар боюнча эксперттик колдоо сурап кайрыла турган борбор иштеп жатат. Мындай түзүмдөр Нарын облусуна да абдан керек болуп турат. Ушул тапта аймакта өндүрүш чөйрөсүндө долбоорлор дээрлик жокко эсе. Көпчүлүк өтүнмөлөр жана демилгелер туризмге тиешелүү экенин көрүп жатабыз, бирок башка тармактарда ишкерлер долбоорлорду сейрек сунуштап келишет. Бул комплекстүү изилдөө жүргүзүү зарылчылыгын көрсөтүп турат: биздин аймак үчүн экономиканын кайсы тармагы көбүрөөк келечектүү болгонун, жаратылыш, адамдык жана инфраструктуралык ресурстарды эске алуу менен кайсы секторлорду өнүктүрүү керектигин тастыктайт. Реалдуу талдоонун жана илимий мамиленин негизинде гана биз өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап, туруктуу экономиканы түзө алабыз”.
Каныбек АДИЕВ, Түп районунун акими: “Биз өзүбүздүн өнүктүрүү программабызды иштеп чыктык жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү дал ушул Өнүктүрүү фонддорунун натыйжалуу ишинен башталарын даана көрүп турабыз. Бул жергиликтүү демилгелерди колдоонун негизги аспаптарынын бири. Бирок, чектөөлөр да бар: мисалы, биз бир долбоорду каржылоого 3 миллион сомдон ашык бере албайбыз. Бул өзгөчө өндүрүш жана инфраструктура чөйрөлөрүндө масштабдуу демилгелерди ишке ашырууга мүмкүндүк бербей жатат. Кадр маселеси да өтө курч турат. Жаш адистер райондук мамлекеттик администрацияга умтулушпайт: аларга мотивация жана карьералык келечек жетпей жатат. Жаш кадрларды аймактарга тартуу үчүн атайын дем берүүчү программаларды же методикаларды даярдоо зарыл деп эсептейбиз. Бул, мисалы, сыйлык системасы, кошумча социалдык кепилдиктер, андан ары жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгүн берген стажировка программалары, мансаптык тепкичтер жана насаатчылык болушу мүмкүн. Жергиликтүү адистердин күчтүү жана мотивациясы жогору командасы болбосо, ал тургай эң сапаттуу өнүктүрүү программаларын да ишке ашыруу өтө кыйын болот. Ошондуктан кадрдык туруктуулук – бул долбоорлорду каржылоо сыяктуу эле артыкчылыктуу маселе”.
Кадырбек АЖИЕВ, Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары: “Административдик-аймактык реформадан кийин биздин райондун беш айылдык аймагы дотациялык абалдан чыга алышты. Бирок бүгүнкү күндө Өнүктүрүү фонддору аркылуу жеткиликтүү болгон каражаттардын көлөмү жетишсиз бойдон кала берүүдө. Эгерде буга чейин жигердүү болгон айылдык аймактарга колдоону көбөйтсөк, алар өсүштүн чыныгы локомотиви жана башкалар үчүн үлгү боло аларына ишенебиз. Бизди түйшөлткөн негизги маселелердин бири – бул салыктарды кайра бөлүштүрүү. Сатуудан алынуучу салыктын жок дегенде 50% жергиликтүү деңгээлде калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу максатка ылайыктуу болуп турат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, аларга республикалык бюджетке кошумча жүк салбастан, көбүрөөк инфраструктуралык жана социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк бермек. Райондо алыскы жана жетүүгө кыйын аймактар бар экенин эске алганда, мындай аймактар өзгөчө даректүү колдоого муктаж болуп турушат. Бизди ошондой эле Ысык-Ата жана Өзгөн райондорунда жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү – ал жакта аймактарды өнүктүрүүгө болгон ыкма кандай ишке ашырылып жатканы, кандай аспаптар жана механизмдер колдонулганы кызыктырууда”.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ош облусунун Ноокат району: туризм – өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерине карабастан пландалган өсүш
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району: туризмге инвестиция тартуу туристтердин санынын көбөйүшүнө жана бул тармактагы жумуш орундарынын өсүшүнө алып келет
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кантип жардам бере алат?
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?