Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары калктын аярлуу жана артта калып жаткан топтору үчүн шарттарды түзүүдө
Айнура БАЛАКУНОВА, ӨСИнин консультанты
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) – бул райондун, шаардын же айылдык аймактын белгилүү бир мезгилге өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган комплекстүү документ. Ал калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу, ишкердикти колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экономиканын өсүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыгат. СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикасы биринчи жолу атайын бөлүмдү камтыйт – өнүгүүнүн инклюзивдүүлүгү, анын максаты бардык аярлуу топторго өнүгүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
СЭӨП өзүнө социалдык-экономикалык кырдаалдын учурдагы абалын талдоону, көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоону, өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле механизмдерди жана каржылоо булактарын аныктоону камтыйт. Программа мамлекеттик программаларды, улуттук артыкчылыктарды жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен даярдалууда.
СЭӨПнын жаңы методикасында өнүгүүнүн жалпы деңгээлине түрдүү чөйрөлөрдүн – экономиканын, социалдык коргоонун, экологиянын, инфраструктуранын таасирин эске алуу максатында секторлор аралык өз ара аракеттенүүгө басым жасалды. Актуалдуу статистикалык дайындарды жана санариптик каражаттарды колдонуу аймактарды өнүктүрүүнү кыйла так болжолдоого жана пландоого мүмкүндүк берет. Жарандардын катышуусу маанилүү ролду ойнойт, ал жергиликтүү жамааттарды, бизнестин өкүлдөрүн, өкмөттүк эмес уюмдарды жана башка кызыкдар тараптарды СЭӨПны иштеп чыгууга тартууну болжолдойт, бул программаны аткаруу үчүн ачык-айкындуулуктун жана жоопкерчиликтин деңгээлин жогорулатат. Методика жакырчылык менен күрөшүү, сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана экологияны коргоо сыяктуу эл аралык максаттарга ылайыкташтырылган. Мониторинг жана баалоо механизмдерин киргизүү стратегиялык пландарды социалдык-экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсүнө жараша түзөтүүгө мүмкүндүк берет.
Гендердик өңүткө басым жасаган мамиле жана инклюзивдүүлүк СЭӨПны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун ажырагыс принциптери болуп калды. Бул пландоодо бардык социалдык топтордун, анын ичинде аялдардын, жаштардын, кары адамдардын, майыптыгы бар адамдардын жана калктын аярлуу катмарынын керектөөлөрү эске алынат дегенди билдирет. Программалар эркектер менен аялдардын ортосундагы иш менен камсыз кылуудагы жана эмгек акыдагы ажырымды кыскартуу, аялдардын ишкердигин колдоо, билимге жана кесипкөй даярдыкка жетүүгө багытталган чараларды камтыйт. Коомдук жайларда, транспортто, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринде тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү инклюзивдүүлүктү камсыз кылуунун маанилүү өңүтү болуп саналат. Чакан жана орто бизнести колдоо программалары, аялдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн атайын гранттар жана жеңилдетилген насыялар аярлуу топтордун экономикалык эркиндигине көмөктөшөт. Билим бе-рүү программаларына, социалдык жөлөкпулдарга жана медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү социалдык саясаттын негизги багыты болуп саналат. Гендердик жана инклюзивдүү чаралардын натыйжалуулугуна жасалган туруктуу талдоо зарыл болгон учурда стратегияны түзөтүү мүмкүнчүлүгү менен программаларды кыйла натыйжалуу кылууга жана калктын реалдуу керектөөлөрүнө ыңгайлаштырууга жардам берет.
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун (мындан ары – ЖДКЖ Долбоору) алкагында 2024-2025-жылдары Кыргызстандын алты пилоттук районунда 24 муниципалитет жана 6 жергиликтүү мамлекеттик администрация үчүн СЭӨПны даярдоо боюнча консультациялар өткөрүлдү. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас Кыргызстан уюму Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырууда.
Заманбап СЭӨПлар бардык жарандардын кызыкчылыктары эске алынган адилеттүү жана туруктуу коомду түзүүгө багытталган. Жаңы методикаларды киргизүү жана гендердик өңүткө басым жасаган ыкмаларды эске алуу социалдык-экономикалык пландоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана калктын турмушунда кыйла олуттуу оң өзгөрүүлөргө жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Райондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына (СЭӨП) инклюзивдүү жана гендердик өңүткө басым жасаган чараларды киргизүү туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн, жакырчылыкты кыскартуунун жана ар кандай социалдык топтордун коомдук турмушка катышуусун кеңейтүү каражаты катары СЭӨПнын маанилүү бөлүгү болуп калды.
Мындай чараларды киргизүү процесси калктын аярлуу категорияларына: аялдарга, жаштарга, майыптыгы бар адамдарга, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга жана эмгек мигранттарына баа берүүдөн башталды. Райондор тургундардын арасында сурамжылоолорду өткөрүп, консультацияларды беришти, бул алардын биринчи кезекте билим берүүдө, ишке орношууда, негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө жана зомбулуктан коргоодо негизги муктаждыктарын аныктоого шарт түздү.
Бул дайындардын негизинде СЭӨПда конкреттүү иш-чаралардын пландары иштелип чыкты. Эң кеңири жайылган чаралар социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизилди. Булар калктын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүнүн негизги жана кеңири таралган формалары болуп саналат, алар райондук деңгээлдеги дээрлик бардык СЭӨПларга киргизилген.
Мындай чараларга өзгөчө аялдарды жана жаштарды кесипке окутуу жана кайра даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу кирет. Окутуу тигүүчүлүк, дыйканчылыктын негиздери, IT-көндүмдөр, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана кол өнөрчүлүк сыяктуу эң көп талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлөт.
Дагы бир кеңири жайылган багыт – финансылык сабаттуулукту жогорулатуу. Бул иштин алкагында райондун тургундары үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу боюнча окуудан өтүп, микронасыяларды алуунун, бизнес-пландарды түзүүнүн жана чакан бизнести жүргүзүүнүн шарттары менен таанышып чыгышат.
Кара-Камыш айылдык аймагында гендердик өңүткө басым жасаган саясат өзгөчө актуалдуу, себеби жумушсуздардын олуттуу бөлүгүн аялдар жана жаштар түзөт. Программанын алкагында бизнести пландоо, кооперативдерди өнүктүрүү боюнча тренингдер, ошондой эле аялдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын билим берүү демилгелери каралган. Буга кошумча, туризмди, кол өнөрчүлүктү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүнүн эсебинен жаңы жумуш орундарын түзүү пландалып жатат. Программада жол инфраструктурасын модернизациялоо, этно-кафелерди, мейманканаларды жана эс алуу жайларын куруунун эсебинен туристтик дараметти жакшыртуу боюнча чаралар каралган. Экологиялык чакырыктарды эске алуу менен жаратылыш ресурстарын коргоо, жердин бузулуусун алдын алуу үчүн малдын санын көзөмөлдөө жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн коргоо боюнча иш-чаралар пландаштырылууда.
Ак-Жол айылдык аймагында программада калктын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча төмөнкүдөй чаралар каралган: инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү чөйрөсүндө шарттарды түзүү, кол өнөрчүлүктү жана чакан ишканаларды колдоо, ошондой эле асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү. Буга кошумча сейил бактарды, балдар аянтчаларын куруу пландалган, ошондой эле мада-ниятты жана спортту өнүктүрүүгө көңүл бурулган.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар аркылуу убактылуу ишке орноштуруу механизми, ошондой эле “социалдык контракттар” системасы кеңири колдонулууда. Бул система аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өз бизнесин ачуу үчүн колдоо табышат.
Мындай чаралар өзгөчө элет жергесинде негизги экономикалык инклюзияга жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган.
Оригиналдуу чаралар ар бир райондун кайталангыс мүнөздөмөлөрүн – анын маданиятын, салт-санааларын, географиялык өзгөчөлүктөрүн жана жамааттык дараметин эске алуу менен иштелип чыккан. Бул чаралар адатта демилгелер “төмөн жактан” пайда болгондо келип чыгат жана күчтүү жергиликтүү мааниге ээ.
Кол өнөрчү аялдардын жана элеттик товар өндүрүүчүлөрдүн катышуусундагы этнофестивалдарды ушундай чаралардын мисалы катары айтсак болот, алар жергиликтүү экономиканы гана жандандырбастан, аялдардын жамааттагы макамын да көтөрөт. Айрым райондордо “санжыра борбору” түзүлөт. Бул борборлор ата-бабалардын тарыхын сактоо максатын көздөп, анда карыялар каада-салтты жаштарга өткөрүп беришет.
Жергиликтүү жаратылыш ресурстарын пайдаланууга багытталган чаралар да оригиналдуу болуп эсептелет. Мисалы, Ак-Суу районунда аялдар дары чөптөрдү чогултуу, кургатуу жана кайра иштетүү боюнча окуудан өтүп, кошумча киреше таап, экологиялык билимге ээ болушат.
Бакай-Ата районунда жаш жана болочок энелер менен агартуучу иштер боюнча практикалар киргизилет: алар балдардын өнүгүүсүндөгү кемчиликтердин алгачкы белгилерин кантип эрте мөөнөттө аныктаса болорун, жаңы төрөлгөн ымыркайларга кантип туура кам көрүп, алардын өнүгүүсүнө кантип колдоо көрсөтсө болорун үйрөнүшөт. Бул чаралар майыптуулуктун алдын алууга жана ата-энелердин компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшмөкчү.
Ошондой эле оригиналдуу чараларга майыптыгы бар адамдар – кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, музыканттар үчүн мастер-класстарды өткөрүүнү да киргизсе болот. Бул аларга киреше гана бербестен, ошону менен стереотиптерди жок кылып, алардын коомдун жашоосуна катышуусун күчөтөт.
Жети-Өгүз районунда “электрондук социалдык паспортту” – аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдү эсепке алуунун санариптик системасын киргизүү мисал боло алат. Бул социалдык жардамды башкарууну кыйла жөнөкөйлөтүп, аны даректүү жана ачык-айкын кылат.
Бакай-Ата районунда мекемелерде табличкаларда жана көрсөткүчтөрдө Брайлдин шрифти колдонула баштайт, ошондой эле көрүүсү начар адамдар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр адаптацияланат. Чүй районунда майыптыгы бар балдар үчүн нейрогимнастика жана инклюзивдүү окутуу методикалары киргизиле баштайт – бул ыкмалар балдар ийримдеринде жана кошумча билим берүү борборлорунда ийгиликтүү колдонулууда.
Биологиялык жер семирткичтерди колдонуу менен аялдарды органикалык айыл чарбасына окутууну да инновациялык деп атоого болот. Ноокен районунда жашыл экономика жигердүү өнүгүп жатат, мында аялдар теориялык билимди гана эмес, ошону менен бирге консультациялар түрүндө практикалык колдоону да табышат.
Алыскы айылдардагы аялдар жана жаштар үчүн окутуунун онлайн форматтары (анын ичинде Zoom, WhatsApp тайпалары жана мобилдик тиркемелер) да инновациялык чечимдердин бир бөлүгү болуп калды. Окууга жетүү кыйын болгон райондордо бул чаралар көндүмдөрдү өнүктүрүү жана өз алдынча иш менен камсыз болуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Жети-Өгүз районунда китепканаларга караштуу балдарды эрте мөөнөттө өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул мейкиндиктер ата-энелерге балдарды, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар балдарды кичинекей кезинен баштап интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө басым жасоо менен тарбиялоого жардам берет.
Ноокен районунда “Азия балдары” турнири өткөрүлөт. Бул – өспүрүмдөр, анын ичинде мигранттардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө өскөн балдар үчүн спорттук иш-чаралар. Бул аларды жамаатка интеграциялоого, ишенимди өнүктүрүүгө жана тартибин бузчу чөйрөдө калуу тобокелдигин азайтууга жардам берет.
Ак-Суу районунда кыз-келиндер туризмин өнүктүрүү үчүн кызыктуу практика киргизилмекчи: ишкер жана кол өнөрчү аялдардын катышуусунда туристтик фестивалдар өткөрүлөт, ал жерден алар өздөрүнүн товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн тааныта алышат. Бул болсо стандарттуу эмес тармактарда аялдардын ишкердигине түрткү бермекчи.
Чүй районунда миграция агымы жана акча которуунун жергиликтүү экономикага тийгизген таасири боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Мындай дайындар мигранттарды реинтеграциялоо программаларын пландап, алардын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл.
Инклюзивдүү жана гендердик өңүткө басым жасаган чаралар Кыргызстандын райондорунун СЭӨПсынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Аларды өнүктүрүү төрт параллель багытты камтыйт:
- текшерилген тажрыйбаларды ишке ашыруу,
- жергиликтүү демилгелерди киргизүү,
- инновациялык чечимдерди колдонуу
- жана мезгилдин чакырыктарына жооп кайтаруу үчүн жаңы стратегияларды иштеп чыгуу.
Бул ыкмалардын айкалышы калктын аярлуу топторун колдоонун ийкемдүү, ыңгайлашкан жана туруктуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берди. Бул чаралар социалдык адилеттүүлүккө гана көмөктөшпөстөн, ошону менен бирге, экономикалык активдүүлүктү жогорулатып, коомчулуктун байланыштарын чыңдап, коомдогу чыңалууну азайтат.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№10 (168) / 2025-10-04 Бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү: “сокур” колдоодон өнүгүүнүн даректүү чараларына өтүү: Грузиянын тажрыйбасы
-
№9 (167) / 2025-09-21 "Устат-шакирт" моделинин жаңы версиясы же Шакирттик аярлуу топторду өнүктүрүү чарасы катары
-
№9 (167) / 2025-09-21 ЖӨБ органдары СЭӨПны кантип иштеп чыгууда? КР Экономика жана коммерция министрлиги үчүн мониторингдин жыйынтыктары
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
















