Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө

2015-07-09 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ 2015-жылдын 7-августунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алган. Кабыл алынган мыйзамдын демилгечилери – КР Жогорку Кеңешинин депутаттары К. ДЫЙКАНБАЕВ, З. ЖООШБЕКОВ, А. СУЛТАНОВ, Н. МУРАШЕВ жана М. БАКИРОВ. Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылыкэкономикалык абалын жакшыртууга, турукташтырууга жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.
 
Ушул тапта ЖӨБ органдарынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан ижарага берилген жерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөөсүнө байланыштуу кырдаал калк менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы ишеним деңгээлине терс таасирин тийгизип жатат. Кыргыз Республикасында мамлекеттик камсыздандыруу системасынын аткаруучу органы катары КР Социалдык фонду айыл өкмөтүнөн карыздарды өндүрүп алуу, анын ичинде сот органдары аркылуу өндүрүп алуу боюнча мыйзамдуу чараларды көрүп келет. Сот аткаруучулары ЖӨБ органдарынын эсебин жана мүлкүн арестке коюуда. Бул болсо алардын ишинин токтоп калуусуна алып келип, калктын жүйөлүү нааразылыгын пайда кылууда. Экинчи жагынан жарандардын – Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жерлерди ижарага алуучулардын пенсия курагы келгенде мамлекеттен кепилденген пенсия алууга байланышкан конституциялык укуктары да бузулууда. Эгерде көпчүлүк ЖӨБ органдары дотациялык абалда турганын жана республикалык бюджеттен колдоого муктаж болгонун эске алсак, алардын КР Социалдык фондуна болгон карызы жакынкы убакытта тындырылбай турганы анык.
 
Мындай кырдаал республикада Пенсиялык системаны өркүндөтүү концепциясын алга жылдырууда ЖӨБ органдарынын да, КР Социалдык фондунун да ишине бут тосуп келатат. 2015-жылдын 1-январына карата Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан ЖӨБ органдарына ижарага берилген жерлер үчүн карыз 74,0 млн. сомду түзөт. Анын ичинде: негизги карыз 63,1 млн. сом жана финансылык санкциялар 10,9 млн. сом. Эң негизгиси мындай төлөөчүлөрдүн карызы туруктуу өсүп жатат. Карыздарды сот тартибинде өндүрүп алуу мүмкүн эмес. Себеби карызкордун турган жерин аныктоо, укук улантуучунун болуп-болбогону жана ага тиешелүү эсепте, салымдарда же банкта, баша насыя уюмдарында турган акча каражаттары, башка баалуулуктары тууралуу маалымат алууга мүмкүн эмес. Ошондой эле мүлкүн өндүрүп алуу предметине айландыруу үчүн карызкордун мүлкү жок жана сот аткаруучулары анын мүлкүн алып коюу боюнча кабыл алган дээрлик бардык уруксат берилген чаралар майнапсыз болуп калды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени чечүү максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялары жана туумдар боюнча карызын эсептен чыгаруу жөнүндө» атайын КР Мыйзамын иштеп чыгышты. Бул мыйзам төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын колдоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.