Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Келишимдик мамилелер жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун аспабы катары

2024-06-08 / Мыйзам жаӊылыктары

Бакыт БАЙСАКОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү кайра уюштурууга түрткү болгон Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары боюнча USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөш муниципалитеттери муниципалдык ишкананын ишин уюштуруу жана муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча келишимдерди туура түзүү боюнча консультацияларды берүү өтүнүчү менен кайрылып жатышат. Төмөндө Өнүктүрүү саясат институту аткарып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультанттары жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу процессинде келишимдик мамилелерди уюштуруу боюнча консультацияларга карата ЖӨБ органдарынын суроо-талабына жооп беришет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкарууга, калкка ар кандай кызматтарды көрсөтүүгө жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга байланышкан ыйгарым укуктарга ээ. Бул ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда ар кандай келишимдер колдонулат.

Келишим түшүнүгү КР Граждандык кодексинин 381-беренесинин 1-пунктунда бекитилген, ага ылайык жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө эки же бир нече жактын макулдашуусу келишим катары таанылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү келишимдер деп ЖӨБ органы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды чечүү үчүн жеке, мамлекеттик же муниципалдык уюм, ошондой эле жеке жактар менен түзгөн келишимдерди түшүнүш керек.

КР Граждандык кодекси келишимге карата белгилүү бир жалпы талаптарды белгилейт, бирок ЖӨБ органдары келишимдерди түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин өзгөчөлүктөрүн жана келишимдердин айрым типтеринин өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш.

Келишимге карата коюлган негизги талаптар:

  • Тараптарды идентификациялоо. Келишимде бүтүмдүн катышуучуларын так аныктоо зарыл, ошондо жактар (жеке адамдар жана юридикалык жактар) чаташтырылбай, бир беткей идентификацияланат.
  • Келишимдин предмети. Келишимде кызматташуунун маңызы кеңири баяндалышы керек. Мисалы, кызмат көрсөтүү келишими болгон учурда, кызмат көрсөтүүнүн мүнөзүн, көлөмүн, шарттарын ж.б. аныктоо зарыл.
  • Келишимдин мөөнөтү. Келишимде келишим күчүндө боло турган белгилүү бир мөөнөттү көрсөтүү маанилүү. 
  • Төлөө. Тараптар келишимде төлөм ыкмаларын же сый акынын башка түрлөрүн сүрөттөп, ошондой эле төлөмдөрдүн өлчөмүн жана графигин белгилеши керек.
  • Тараптардын жоопкерчилиги. Эгерде тараптардын бири келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, кандай кесепеттерге алып келери жөнүндө так түшүнүк болушу керек.
  • Келишимди бузуунун жол-жобосу. Келишимдин шарттары эки тараптуу макулдашуу боюнча да, бир тараптуу тартипте да аны бузуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
  • Форс-мажордук жагдайлар. Келишимде анын шарттарын аткарууга убактылуу же биротоло тоскоол боло турган күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда ар бир тараптын иш-аракеттеринин тартиби каралышы керек.

Келишимди түзүүдө анын мазмуну мыйзам ченемдерине каршы келбегенин дыкат текшерип алуу өзгөчө маанилүү. Антпесе, келишим жокко чыгарылып, ал эми келишим боюнча бүтүм жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда колдонулуучу келишимдердин негизги түрлөрү

ЖӨБ органдарынын иш тажрыйбасында кели-шимдердин типтеринин жана түрлөрүнүн көп саны кездешет, бирок ирилештирилген түрдө келишим-дердин үч тибин же тобун түзүүгө болот. Алар: муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү келишимдер; функцияларды жана ыйгарым укук-тарды ишке ашырууну камсыз кылган келишимдер; ЖӨБ органынын инвестициялык иши менен байла-нышкан келишимдер (1-таблицаны караңыз).

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда келишимдик мамилелерди түзүүнүн схемасын карап көрөлү.

Жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда (катуу тиричилик калдыктарын чогултууда жана ташып чыгарууда, ичүүчү суу менен камсыздоодо, ирригацияны, спорттук секцияларды жана ийримдерди уюштурууда) укуктук мамилелерди туура түзүү үчүн келишимдердин төмөнкүдөй түрлөрү колдонулса болот:

  • кызмат көрсөтүүнү жеткирүү келишими;
  • мүлктү пайдалануу келишими;
  • абоненттик келишим.

Мисалы, катуу тиричилик калдыктарын (мындан ары – КТК) чогултуп, ташып чыгаруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригация, спорттук секциялар же ийримдер кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу учурунда ЖӨБ органы ар кандай ыкмалар менен, келишимдердин ар кандай типтерин пайдаланып кызмат көрсөтүүнү уюштура алат (2-таблицаны караңыз).

Сунушталган схеманы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында бардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн колдонсо болот.

Кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди түзүүдө кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын, эмгек мыйзамдарын жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча мыйзамдарды эске алуу зарыл.

ЖӨБ органы муниципалдык мүлктү (жер участогун, имаратты, курулманы, жабдууну, транспорт каражатын) жеке берүүчүгө (жеке же юридикалык жакка) конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 календардык күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыялоо менен конкурс же аукцион өткөрүү аркылуу гана берүүгө укуктуу.