Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик иштин негиздери жана администравдик жол-жоболор жөнүндө

2015-07-08 / Мыйзам жаӊылыктары

2015-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Аталган Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алган.

Мыйзамдын демилгечилери – КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Г. СКРИПКИНА, Д. ТЕРБИШАЛИЕВ, Э. АЛЫМБЕКОВ, Ө. ТЕКЕБАЕВ, М. АБДЫЛДАЕВ жана Б. СУЛЕЙМАНОВ.Кабыл алынган Мыйзам КР Конституциясынын 3 жана 5-беренелеринин талаптарын ишке ашырууга багытталган. Анда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдында ачыктыгы жана жоопкерчилиги, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусу каралган.Мыйзам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын башкаруучу жана административдик ишин оптималдаштыруу максатын көздөйт. Мыйзам администраттык жол-жоболорду жүзөгө ашыруу тартибин деталдаштырат.
 
Анын ичинде: төмөнкү укуктук жаңылыктарды жана принциптерди киргизет: укуктуу колдонуунун теңдеш өлчөмүн, административдик органдын күнөө таанымын, арзыбас талаптар менен создуктурууга тыюу салууну жана башкаларды; жогору турган административдик органдар менен алардын аймактык, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат, ошондой эле администраттык жол-жоболорду тиешелүү жүзөгө ашырууга ички ведомстволук контролду оптималдаштырат; жаңы административдик-укуктук маданиятты жайылтуу үчүн шарт түзөт; бийликтин аткаруу бутагынын органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу – тескөөчү органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жеке жана юридикалык жактарынын алдындагы ролу менен жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшөт; бийликтин аткаруучу бутагынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу – тескөөчү органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу администраттык жол-жоболордун бүдөмүксүздүгүн,жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатат; администраттык талаштарды сотко чейин кароону регламенттөө, ошондой эле көрсөтүлгөн талаштарды кароо боюнча сот органдарынын жүгүн азайтуу жолу менен сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жакшыртат.
 
Азыркы убакка чейин бул чөйрө «Административдик жол-жоболор жөнүндө» КР Мыйзамы менен жөнгө салынып келет. Бирок көрсөтүлгөн Мыйзамды колдонуунун практикасын талдоо күнүмдүк иште анын ченемдери мамлекеттик жана муницикодексине жана Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Салык кодексинин 52-1-беренесинин 3-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ЖӨБ органдары аларга тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төм. укуктуу: салык контролун ишке ашырууда салык төлөөчүдөн Салык кодексинин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылууга; Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө татаал, банк мекемелери болбогон калктуу конуштарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык төлөөчүлөрдөн салык төлөөнүн эсебинен нак акча каражаттарын кабыл алууга. Ошондой эле мыйзам долбоору менен Салык кодексинин 52-1-беренеси 5-бөлүк менен толукталды. 
 
Анда аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн ЖӨБ органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралган. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине киргизилип жаткан толуктоолор жана өзгөртүүлөр ЖӨБ органдарына административдик комиссиялар аркылуу (Мамлекеттик салык кызматынын катышуусуз) салыктык контролдун жыйынтыгы боюнча айрым бир салыктык укук бузуулар үчүн административдик айыптарды салуу укугун берет. Бул укук жалпысынан ЖӨБ органдарынын өз алдынчалуулук жана жопокерчилик деңгээлин жогорулатып, салыктык тартипти арттырууга жана бюджетке кирешени толуктоого көмөктөшөт. Өз кезегинде ЖӨБ органдарынын жергиликтүү салыктар жана патенттин негизинде салыктар боюнча акча каражаттарын чогултууну түздөн-түз жүзөгө ашыруусу төм. көмөктөшөт: салык төлөө боюнча салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө; банк мекемелери болбогон, алыскы жана жетүүгө оор калктуу конуштарда салыктын айрым түрлөрүн нак акча каражаттары менен чогултуу боюнча ченемдик жактан бекитүүгө; салыкты башкарууну жакшыртууга жана жергиликтүү бюджетке каражаттын түшүүсүн арттырууга. Ошентип, жогоруда аталган кодекстерге түзөтүүлөрдү киргизүү менен ЖӨБ органдарынын салыкты башкаруусу үчүн толук цикл түзүлмөкчү.