Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айдар АКБАШЕВ: «Мен үй-бүлөмдүн финансы билимдеги кенемтесин толуктоого аракет жасайм»

2015-08-20 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Айдар АКБАШЕВ: «Мен үй-бүлөмдүн финансы билимдеги кенемтесин толуктоого аракет жасайм»

Бардык балдар – «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» жайкы мектебинин катышуучулары алган билимдерин андан ары өткөрүп бере алышат.

Бардык балдар – «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» жайкы мектебинин катышуучулары алган билимдерин андан ары өткөрүп бере алышат. Бул иште маалыматты жайылтуу үчүн долбоорлорду уюштура ала турган жигердүү жаштардын жардамы керек. Балким жаштарды финансылык агартуусу боюнча долбоор менин алгачкы өз алдынча долбоорум болуп калат чыгаар. «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» жайкы мектебинде беш күндүн ичинде финансылык агарту-учулук сабактары өттү. Мен бешөөнө тең катыштым. Мен акчанын негизги принцибин түшүндүм: «Акча бир жерде эле жөн жата бербеш керек». Үйгө баргандан кийин ушул жерден алган билимимди үй-бүлөмдүн жана Кыргызстандын керегине колдоном. Менин үй-бүлөмдүн мүчөлөрүндө жаш кезинде финансы тууралуу билим алуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Мен аларга алган билимдин кайсы бир бөлүгүн жеткирем деп үмтөтөм. Өз замандаштарыма пайда алып келериме ишенип турам.

Окшош материалы: