Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Онлайн-форматтагы коомдук бюджеттик угуулар: ЖӨБ органдары үчүн мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар

2024-11-07 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Онлайн-форматтагы коомдук бюджеттик угуулар: ЖӨБ органдары үчүн мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар

Руслан ДОСАЛИЕВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун адиси

2021-жылдан бери Кыргызстандын 48 максаттуу муниципалитетинде долбоор жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча коомдук бюджеттик угуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келатат. Угууларды өткөрүүгө Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору колдоо көрсөтүүдө. Мындай практика жарандардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуу деңгээлин кыйла жогорулатып, ошол эле учурда жарандардын жергиликтүү бийликке жана жер-жерлерде жүргүзүп жаткан саясатына болгон ишенимин бекемдейт.

Бюджеттердин долбоору боюнча коомдук угуулар бардык жерде өтүп жатат жана өлкөдө жарандардын жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган аймактар өтө аз калды. Ошого карабастан, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү практикасы көрсөткөндөй, бардык эле жарандар бюджеттик процесске катышуунун мыйзамдуу укугунан толук пайдалана бербейт. 

Жарандардын жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске көп жакшы катышпаганы жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жасап жаткан иштерге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул жергиликтүү кеңештердин жетишсиз даярдыктагы депутаттарынын көп санынын пайда болуу тобокелдигин жаратышы мүмкүн, бул жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын кошо алганда коомдук ресурстарды бөлүштүрүү боюнча кабыл алынып жаткан чечимдерге таасирин тийгизиши ыктымал. Кыйыр түрүнөн алганда, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы коррупциялык тобокелдиктердин көбөйүшүнө да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бюджеттик процессте жарандардын көп жакшы жигердүү болбогонунун негизги себептерин талдоо менен эки негизги факторду бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • коомдук угууларды өткөрүүгө жооптуу кызматкерлерге өтө көп милдеттер жүктөлгөндүн натыйжасында ЖӨБ органдары алдыда боло турган жана өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө жарандарды өз убагында маалымдоо боюнча иштерди жетиштүү жүргүзбөй жатышат;
  • жарандар пассивдүү, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө ЖӨБ органдары менен биргелешип иштөөдөн качышат, бул “биз үчүн башкалар чечип койду” деген калыптанган стереотиптин натыйжасы болуп саналат.

Жарандардын бюджеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга жигердүү катышуусу эмне үчүн маанилүү?

  • бюджет боюнча чечимдер алардын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизүүдө – бюджеттик процесстерге жана угууларга катышуу менен, мисалы, көчөсүндөгү жолду оңдоого же башка көйгөйдү чечүүгө болот;
  • жарандардын катышуусу ЖӨБ органдарынын бюджеттерди түзүү жана аткаруу үчүн жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт;
  • жергиликтүү бюджетке көңүл буруу менен жарандар бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатып, каражаттарды максатсыз пайдаланууну болтурбайт;
  • жарандардын катышуусу аярлуу топторду
    өнүктүрүү үчүн (инклюзивдүү өнүгүү), эркектер менен аялдар үчүн тең шарттарды түзүү, жакырчылыкты кыскартуу ж.б. сыяктуу көйгөйлөргө башкаруу органдарынын көңүлүн көбүрөөк бурат дегенди билдирет.

Учурда бюджеттик процессте жарандардын чабал жигердүүлүгүн, ошондой эле Финансы министрлиги 2022-жылдын 14-майында №84-Б буйругу менен бекиткен “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча методиканын” (мындан ары – Методика) жоболорун эске алып, Ысык-Көл районунун Шайыбек-Ата жана Тору-Айгыр-Тамчы муниципалитеттери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосу менен 2024-жылдын июлунда Google Meet (Google компаниясы иштеп чыккан видео-телефон байланышы жана видеоконференциялар сервиси) аркылуу аймактын жашоочуларынын онлайн-катышуусун ийгиликтүү сынап көрүштү.

Шайыбек-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек АБДЫРАХМАНОВдун жана ФЭБ жетекчиси Жаңыл ҮЧКЕМПИРОВАнын баамында, бул аспап айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин аймактын жашоочуларынын мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуусун камсыздоо боюнча ишин кыйла жеңилдетти. Алсак, кандайдыр бир себептер менен угууларга катыша албай калган тургундар муну онлайн режиминде жасашты (ушул Методиканын 6-главасы, 16-пункту, 18-пункту, 8-главасы, § 2, 47-48-пункттары). Мындай формат угууларды өткөрүү мезгилин – элеттиктердин көбү айыл чарба жана курорттук жумуштар менен алек болгон жай айларын, ошондой эле адамдар жумушка кеткен, ден соолугуна байланыштуу чектөөлөргө дуушар болгон, эмгек өргүүсүнө чыккан ж.б. кырдаалдарды эске алуу менен өзгөчө актуалдуу болуп турат.

Google Meet сервисин пайдалануу менен (угуулар түз көрсөтүлдү) угуулар учурунда аймактын жашоочуларына ыңгайлуу болсун деп “Жергиликтүү жамааттын жарандык бюджети” аттуу атайын веб-багытындагы тиркеме да колдонулду (https://gb.minfin.kg), ал аркылуу тургундар кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет менен тааныша алышты. 

Жаңы технологиялар бюджет боюнча коомдук угууларга катышкан жарандардын масштабын кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Алсак, Шайыбек-Ата айыл өкмөтүндө онлайн режиминдеги угууларга кошумча 70ке жакын адам, ал эми Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүндө дагы 60ка жакын катышуучу кошулду. Бул уникалдуу тажрыйба иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүгү жок тургундарга биринчи жолу коомдук угууларга катышууга мүмкүнчүлүк берди. Бюджеттин долбооруна тиешелүү онлайн режиминде берилген сунуштар жана суроолор башка сунуштар менен катар иш-чаралардын протоколуна киргизилди. 

Тажрыйба көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн коомдук бюджеттик угууларда гана эмес, ошону менен бирге айылдык аймактын көйгөйлөрүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын талкуулоодо жана айылдык кеңештердин сессияларын өткөрүүдө да ийгиликтүү колдоно алышат. Технологиялар жарандардын ЖӨБ органдары менен санариптик өз ара байланышын камсыздоого мүмкүндүк берет, ал эми ЖӨБ органдарынын негизги милдети жарандарга сапаттуу, жеткиликтүү, ачык жана өз убагында кызмат көрсөтүү болуп саналат.

Заманбап санариптик технологиялар кызмат көрсөтүү ыкмасын гана өзгөртпөстөн, ошону менен бирге жарандык укуктарды ишке ашыруу, маалымат алмашуу жана коомдук пикир менен таанышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.

 

Окшош материалы: