Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жер мунапысы тууралуу
ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин суроолоруна жоопторду ЖӨБ Союзунун юристтери, муниципалдык кызмат өтөө маселелери боюнча эксперт А. БУРКАНОВА, жер мамилелери боюнча эксперт А. КЕНЖЕБАЕВА жана укуктук маселелер боюнча эксперт У. ТЕМУРМАЛИКОВА даярдашты
Кайсы объекттер жер мунапысына жатпайт?
“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жер мунапысы төмөнкү жерлерге жайылтылбайт:
- 1) газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдү, мал көмүлгөн жерлерди, таштандыларды коргоо зонасында өзүм билемдик менен курулган жер участокторуна, социалдык- маданий, тиричилик багытындагы объектилерди куруу үчүн арналган жерлерге, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине;
- 2) экологиялык, санитардык-эпидемиоло- гиялык талаптарга жооп бербеген, аларга карата сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын зонасына кирген жер участокторуна, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилери, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери бар жер участокторуна;
- 3) маданий жана эс алуу парктарына, ботаникалык паркка;
- 4) “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” жана “Суу фондунун жерлери” категорияларындагы жер участокторуна, ошондой эле үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум чарбалардын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илимий-изилдөө мекемелеринин жер участокторуна.
Кайсы ченемдик укуктук актынын негизинде сугат жерлерге өзүм билемдик менен курулуш курган жарандарга карата чаралар көрүлөт?
Мындай учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык, текшерүү жүргүзүп, эскертүү бериш керек. Эгерде жаран эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө жерди кайтарып бербесе, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 212-беренесине ылайык чара көрүүгө болот.
Бул беренеге ылайык, башка бирөөнүн жер участогун өзүм билемдик менен басып алуу 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып менен жазаланат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо жана (же) максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Окшош материалы:
-
№1 (147) / 2024-01-31 Баткен облусунун беш муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат
-
№12 (146) / 2023-12-10 Өнөктөштөр “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун долбоорун талкуулашты
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Чүй жана Талас облустарынын отуз муниципалитети кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн гранттык колдоо алышат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Таштандыларды башкаруу – мамлекеттик маанидеги жана улуттук коопсуздукка тиешелүү маселе: катуу тиричилик калдыктарын (кооптуу эмес калдыктарды) башкаруу тууралуу өзүнчө эл аралык жөнгө салуу актылары
-
№8 (142) / 2023-09-07 Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБТ): бир эле ачкыч менен бир нече эшикти кантип ачса болот?
-
№3 (137) / 2023-04-27 Башкаларга окшобогон жетекчи
-
№4 (114) / 2021-04-30 Жергиликтүү өнүгүү тууралуу билимди башкаруу: Мыкты тажрыйбалар порталы ЖӨБ органдарына, анын ичинде дыйкандарга пайдалуу контентти даярдоо үчүн жаңы өнөктөштөрдү табууда