Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн семинарларды өткөрдү

2025-01-30 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн семинарларды өткөрдү

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын 9-декабрынан 20-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында жергиликтүү кеңештердин төрагалары, депутаттары жана жооптуу катчылары үчүн 29 окуу семинары өткөрүлдү. Катышуучулардын жалпы саны өлкөнүн бардык айылдык аймактарынан 1200 адамды түздү.

Семинарлар жергиликтүү кеңештердин депутаттарына зарыл болгон базалык билимдерди берүү жана практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү максатында уюштурулду. Бул билимдер жана көндүмдөр депутаттарга ченем жаратуу, көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк функцияларын натыйжалуу аткара алышы үчүн өтө зарыл.

Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү темаларды өздөштүрүштү:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери;
  • жергиликтүү кеңештин натыйжалуу ишин уюштуруу;
  • депутаттардын ченем жаратуу, көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк функциялары;
  • жергиликтүү кеңештин компетенциялары;
  • жергиликтүү кеңештин регламенти жана статусу;
  • жергиликтүү кеңештин ишин пландоо;
  • ченем жаратуу процесси жана анын техникасы;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү;
  • шайлоочулар менен байланышуу;
  • отчеттуулук ж.б. жаатында дараметти жогорулатуу.

Катышуучулар теориялык билимден тышкары, көмөкчү таркатма материалдарды да алышты:

  • жергиликтүү кеңештин типтүү регламентин;
  • жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын типтүү Этика кодексин;
  • ЖӨБдүн аткаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында жасаган иштери жөнүндө отчеттуулугунун типтүү регламентин;
  • жергиликтүү кеңештердин жана туруктуу комиссиялардын иш планын даярдоонун методикалык колдонмосун;
  • жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченемдик укуктук актылардын жыйнагын;
  • семинардын презентацияларын.

Семинарларды КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамагенттиктин (МКЖӨБМА) буйрутмасы менен КР ЖӨБ Союзу жана БАЖБА Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен өткөрдү.

Окшош материалы: