Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнөктөштөр “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун долбоорун талкуулашты

2023-12-10 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Өнөктөштөр “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун долбоорун талкуулашты

Асел АКМАТАЛИЕВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча консультанты

2023-жылдын күзүндө Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен “Муниципалдык менчиктеги мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун долбоору талкууланды.

Жолугушууга катышкан эксперттер жана ведомствонун кызматкерлери муниципалдык мүлктү эсептен чыгарууга байланышкан кыйынчылыктарды талкуулашты.

Бул иш колдонуудагы “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” жана “Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу жөнүндө” Типтүү жоболорду өркүндөтүү максатында жасалып жатат. Мындай муктаждык өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында келип чыкты, ошондой эле муниципалдык мүлктүн электрондук реестрин киргизүүгө байланыштуу да актуалдуу болуп турат.

“Бул акыр соңунда ЖӨБ органдарына эмне берет? Бул Типтүү жобо кабыл алынып, бекитилген учурда ЖӨБ органдарынын колуна муниципалдык менчикте турган, физикалык же моралдык жактан эскирген мүлктөн “кутулууга” жардам бере турган документ тиет. Белгилүү бир мүлктү эсептен чыгарууда комиссия даректүү чечимдерди кабыл алалат. Мисалы, ремонтко жатпаган кандайдыр бир техника же курулуштар же жабдуулар (фотокамера) негизинен жаңы болуп, бирок моралдык жактан эскирсе жана ишке же пайдаланууга жараксыз болсо, ал эсептен чыгарылат. Чечимдин варианттары ар кандай болушу мүмкүн – мүлк эсептен чыгарылат, сатылат, башкаларга өткөрүлүп берилет. Албетте, Типтүү жобо ар бир муниципалитетке ылайыкташтырылып, жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүгө тийиш”, – деди USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун 1-компонентинин координатору Бакыт БАЙСАКОВ.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча МКЖӨБМАнын өкүлдөрү да өз пикирлерин айтышты, бул пикирлерди документти жеткире иштеп чыгуу процессинде ведомство кайрадан карап жаткан маалда эске алат.

Окшош материалы: