Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй жана Талас облустарынын отуз муниципалитети кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн гранттык колдоо алышат

2023-11-07 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Кеңешбек ЭРГЕШОВ, гранттар, мониторинг жана баалоо боюнча менеджер, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көрсөтүү чөйрөсүндө бир топ көйгөйлөр бар, анын ичинде финансы ресурстарынын чектелүү болушу, ЖӨБ органдарынын потенциалынын төмөндүгү, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу процессин пландоо практикасынын жоктугу, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалынын төмөндүгү, буга кошумча калк тарабынан мониторинг системасынын жоктугу же чабал болгону ж.б.

Муниципалитеттердин деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу – бул жергиликтүү бийликтин калк алдындагы эң маанилүү артыкчылыктарынын жана милдеттенмелеринин бири. Себеби, жарандардын жашоо сапатынын деңгээли сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү камсыз кылуу менен тикелей байланышта болот. Мындан улам кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө карата калктын талаптары жыл сайын көбөйүүдө жана бул күтүлгөн эле процесс. ЖӨБ органдарына жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу барган сайын оор болууда. Ресурстар жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгон шартта кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда жаңы чечимдерди табуу үчүн муниципалитеттерден көп күч-аракет талап кылынат. Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу процессине донордук, гранттык каражаттарды тартуу ЖӨБ органдары үчүн мындай мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна кайрылып, эки облустун муниципалитеттерин калкка кызмат көрсөтүүнү уюштуруу маселелери боюнча эксперттик жана техникалык жардам алган муниципалитеттердин катарына кошууну өтүнүшкөн.

КР ЖӨБ Союзунун өтүнүчү боюнча ЖДКЖ Долбоору Талас облусунун муниципалитеттери жана Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата жана Чүй райондорунун муниципалитеттери үчүн гранттык программага ачык конкурс жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алган. Программа жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу көйгөйлөр катары биргелешип аныктаган Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер Планын (КЖАП) колдоп бериши керек эле.

Долбоордун гранттык программасы төмөнкү максаттарга жетишүүгө багытталган:

  • конкреттүү кызмат көрсөтүүнү уюштуруу системасын жакшыртуу;
  • кызмат көрсөтүүнү уюштурууда жана финансылык каражаттарды, атап айтканда, капиталдык салымдарды пландоо, бөлүштүрүү жана натыйжалуу башкаруу көндүмдөрүн бекемдөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү;
  • сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү биргелешип көрсөтүү максатында муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жакшыртуу;
  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана ага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.

Бул багытта гранттын каражаттары конкурстук комиссия тандап алган иш-аракеттер планына ылайык конкреттүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн пайдаланылат.

2023-жылдын февралында Талас облусунун муниципалитеттеринин жана Чүй облусунун Кемин, Чүй жана Ысык-Ата райондорунун муниципалитеттеринин өкүлдөрү үчүн эки кириш семинары өткөрүлдү. Бул семинарлардын жүрүшүндө ЖДКЖ Долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө толук маалымат берилип, ачык конкурс тууралуу жарыя айтылып, ага катышуу үчүн өтүнмөлөр кабыл алына баштаганы маалымдалган.

Конкурска катышуу үчүн эки облустан 81 айыл өкмөтүнөн өтүнмөлөр түшкөн, алардын ичинен 54 ЖӨБ органы тандалып алынган.

Бардык тандалып алынган айыл өкмөттөрү үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдап, ишке ашыруу боюнча окутуучу семинарлар, тренингдер уюштурулду. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча методика эмне үчүн натыйжалуу? Себеби мында басым инфраструктурага эмес, конкреттүү кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу системасын жакшыртууга жасалат. Тренингдерде КР ЖӨБ Союзунун консультанттары ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө жергиликтүү деңгээлде артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү кантип тандап алуу керектигин, кандай аспаптарды колдонууга болорун, көйгөйлөрдү аныктап, алардын ичинен эң артыкчылыктуусун тандап алуу үчүн фокус-топторду өткөрүүнүн актуалдуулугун айтып берип, калк менен чечимдерди макулдашуу аспаптарына (айылдык чогулуштар жана коомдук угуулар) окутушту. Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоо процесси; кызмат көрсөтүүнү туура тандап алуунун жана пландоонун маанилүүлүгү; ресурстарды, анын ичинде адамдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу башкаруунун маанилүүлүгү; кызмат көрсөтүүчүнү туура тандоонун зарылдыгы; муниципалитеттин тургундарына кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү тууралуу толук маалымат берилди. Ошондой эле гранттык программанын максаттары, милдеттери, талаптары жана шарттары түшүндүрүлдү.

Семинарлардан кийин Чүй жана Талас облустарынын муниципалитеттери кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдап чыгышып, гранттык комиссиянын кароосуна беришти. Жалпысынан гранттык комиссиянын кароосуна 54 айыл өкмөтүнөн 94 план түштү. Алардын ичинен 89 планды муниципалитеттер жекече түзүп чыгышкан, мында бир айылдын же бир айыл өкмөтүнүн аймагында көрсөтүлгөн кызматты жакшыртуу пландалган. Ал эми беш план муниципалитеттер аралык кызматташуу мүнөзүндө болгон, бул жерде бир эле кызмат көрсөтүүнү эки же андан көп муниципалитетте жакшыртуу пландалган. Иш- аракеттер пландары ар кандай чөйрөлөрдө кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган. Алар: маданият, жаштар, муниципалдык жолдор, ичүүчү суу менен камсыздоо, таштанды чогултууну жана ташып чыгарууну уюштуруу, спорт, эс алуу, элеттик китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыздоо, жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу, аймактарды көрктөндүрүү жана башкалар.

Иш-аракеттер планын даярдоо учурунда ЖӨБ органдарында ар кандай мүнөздөгү кыйынчылыктар болду. Башында дээрлик бардык айыл өкмөттөрү грант алуу жөнүндө гана ойлоп келишкен, себеби көпчүлүк адамдар кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда жана көрсөтүүдө финансы жана жакшы инфраструктура болушу керек деп эсептейт. Бирок “Кызматты ким көрсөтөт? Кызмат көрсөтүүчүлөр барбы? Бул канча болот? Кызмат көрсөтүүнүн тарифи эсептелгенби? Эмне үчүн мындай тариф болду? Тариф эмнеден турат? Тарифти эсептөөгө кандай чыгымдар киргизилген? Бул тариф ким менен макулдашылган? Тариф бекитилдиби жана ким бекитти? Кызмат көрсөтүүнү ким каржылайт? Финансы булактары кандай болот? Инфраструктура кантип тейленет? Ким жана кантип башкарат? Кызмат көрсөтүүнүн стандарттары болобу?” өңдүү суроолордун үстүнөн ойлонгондор аз. Бул суроолордун көбүндө муниципалитеттерде жооп жок жана алар “адегенде баштай береличи, анан бул маселелерди чечээрбиз да” деген принцип боюнча иш алып барышат.

Бирок ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелип турган шартта тигил же бул кызмат көрсөтүүнү уюштурууну мүмкүн болушунча натыйжалуу жол менен камсыз кылуу үчүн башкаруучулук өңүткө басым жасоо өтө маанилүү. Ал эми кызмат көрсөтүү процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн муниципалитеттерде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин так планы болушу керек, ошол планда жогоруда тизмектелген суроолордун баарына жооптор болот.

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш- аракеттердин мыкты пландарын тандап алуу боюнча гранттык комиссияга ЖДКЖ Долбоорунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана КР ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү кирди. Комиссия бардык өтүнмөлөрдү карап чыгып, 44 планды тандап алып, алар жалпы суммасы 14 миллион сомдон ашык гранттык колдоого ээ болушту. Дээрлик тогуз миллион сомду кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча “жеке” иш-аракеттер планы, беш миллион сомдон ашыгын муниципалитеттер аралык кызматташтыктын негизинде түзүлгөн пландар алышты.

Гранттарды ишке ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар процессине байланыштуу кыйынчылыктар келип чыкты. ЖДКЖ Долбоорунун алкагында гранттык программанын өзгөчөлүгү – бардык гранттык каражаттар айыл өкмөтүнүн атайын эсебине которулат жана автоматтык түрдө жергиликтүү бюджеттин каражатына айланат. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ушул мыйзамдын талаптарына ылайык сатып алууга тийиш. Региондордо, өзгөчө алыскы аймактарда кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн жоктугунан улам айрыкча сатып алуулардын суммасы аз болсо, Мыйзамдын жол-жоболук талаптарын аткарууда көйгөйлөр пайда болууда, потенциалдуу кызмат көрсөтүүчүдө электрондук эсеп-фактуралар болбой калууда, мунун натыйжасында сатып алууларды бир нече жолу жүргүзүүгө туура келип жатат.

Гранттык колдоо алган бардык пилоттук муниципалитеттер үчүн Долбоордун улуттук өнөктөшү – ЖӨБ Союзу мамлекеттик сатып алуулар процессинде консультацияларды берип, практикалык жактан колдоо көрсөтүп, Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер пландарын ишке ашыруу процессинде пилоттук айыл өкмөттөрүн координациялап, жардам берип турганын белгилей кетүү зарыл.

Окшош материалы: