Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Баткен облусунун беш муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат

2024-01-31 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникация боюнча консультанты

Баткендеги муниципалитеттерге жана жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана башкаруу чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашырууга колдоо көрсөтүлдү1

1 Тренингдин кыргыз тилиндеги бардык материалдарын QR-код боюнча алууга болот. .

Баткенде “Башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу” деген темада тренингдер өттү. Аларга Баткен облусунун Кыштут, Суу-Башы, Тогуз-Булак, Сумбула жана Кең-Талаа айылдык аймактарынын өкүлдөрү катышты. Тренингдерди “MSDSP KG” (Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи) коомдук фонду ишке ашырып жаткан “Баткен жана Согди облустарынын чек аралаш аймактарын өнүктүрүү” долбоорунун буйрутмасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери өткөрүштү.

“Суу менен жабдуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, көчөлөрдү тазалоо, парктарды жана жолдорду күтүү сыяктуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр жашоочулардын күнүмдүк жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. Бирок, кызмат көрсөтүүлөрдү колдоп, жакшыртуу үчүн каражат керек жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тариф боюнча төлөмдөрдү чогултуу алардын финансылык туруктуулугунун негизги булагы болуп саналат. Ошол эле маалда жигердүү жарандык катышуу жана маалымат алмашуу өңдүү факторлор да олуттуу ролду ойной турганы талашсыз. Алар маалыматты жайылтуунун, коомдук пикирди өзгөртүүнүн жана адамдардын жүрүм-турумуна таасир этүүнүн маанилүү механизми катары кызмат кылып берет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөгөн муниципалитеттерде кызмат көрсөтүүлөр үчүн тариф боюнча төлөмдөр аз чогулуп жаткан көйгөй бар. Бул болсо өз кезегинде муниципалдык инфраструктураны тейлөө үчүн, анын ичинде жолдорду, суу менен камсыздоону жана тиричиликке байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттын тартыштыгына алып келүүдө”, – деди Өнүктүрүү саясат институтунун тренер-консультанты Мирлан МОЛДОБЕКОВ.

Тренингдердин жүрүшүндө жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туура уюштуруунун жана аны андан ары көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгү айкын болду. Катышуучулар кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштөө боюнча жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту, жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн өз ара жоопкерчилиги тууралуу жамаат кеңири түшүнүк алды, ошондой эле өз ара жоопкерчилик принциби боюнча тарифтерди талкуулоого катышып, мында кызмат көрсөтүүчү өз ишинин сапаты үчүн жооп берерин, ал эми керектөөчү көрсөтүлгөн кызматтарга өз убагында төлөй турганын түшүнүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга катышып, бул практиканы мындан ары жайылтууда заманбап технологияларды (социалдык тармактарды, мессенжерлерди) колдонуу аркылуу ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы натыйжалуу коммуникацияны жакшыртуу жөнүндө маалымат алышты. Катышуучулар менен биргеликте ЖӨБ органдарынын жана маморгандардын карамагында турган маалыматтарды алуунун мыйзамдык негиздери, маалымат алмашуу үчүн ресурстар жана чечимдерди кабыл алуу процессине жарандык катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралды; ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы маалымат алмашуунун учурдагы деңгээлдери аныкталды. Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын укуктары жана милдеттери, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жер- гиликтүү жамааттардын ролу тууралуу маалымат берилип, жаштардын / жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусунун ыкмалары, мындай учурлар жана мунун мааниси жөнүндө баяндаган тасма көрсөтүлдү1.

Өз кезегинде катышуучулар жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын аныктап, долбоорлордун ичинен артыкчылыктуусун иргеп алып, ийгиликтүү ишке киргизүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү; “Баткен жана Согди облустарынын чек аралаш аймактарын өнүктүрүү” долбоорунан социалдык долбоорлорду/ демилгелерди ишке ашырууга алынган гранттык жардамдын мисалында кандай кыйынчылыктарды жеңишкенин, келечекте мындан ары кандай пландары бар болгонун айтып беришти.

Башка өлкөлөрдүн мисалында катышуучулар жергиликтүү демилге, мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ механизми аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуунун ыкмалары жөнүндө да билип калышты. Бул механизмдер аркылуу жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрү коомго пайдалуу долбоорду же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен демилгени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу үчүн жардам сурап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрыла алышат2.

“Тренингдердин катышуучулары теориялык билимдерди алып, муну кийин практикада колдонушту. Мисалы, жергиликтүү деңгээлде (ЖӨБ органдары жана жамааттар) кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгуу көндүмдөрүн үйрөнүп, өздөрүнүн алгачкы долбоорлорун даярдай алышты. Мындан тышкары, ар бир муниципалитеттин өкүлү бул багытта өзүнүн “социалдык долбоорун” аныктап, аны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды белгилеп чыкты. Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун мисалдарын андан ары жайылтуунун ыкмасы катары биз ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталын, социалдык тармактарды жана Өнүктүрүү саясат институту Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) аркылуу чыгарып жаткан “Муниципалитет” журналын3

Каржылоо булактары: жергиликтүү демилгени каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле КР мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар. сунуштадык”, – деди ӨСИнин тренер- консультанты Султан МАЙРАМБЕКОВ.

Эки күндүк тренинг 11 сессиядан туруп, алардын ар биринде катышуучулар өз ишинде кезиктирген суроолорду узатып жатышты. Мисалы, “Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат” сессиясы маалында катышуучуларда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри боюнча суроолор болду. Бул реестр бардык муниципалитеттер үчүн бирдиктүү болгон муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктап, айылдык аймактын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө байланган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине бөлүнөт.

Катышуучулар жеринде мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө бир катар көйгөйлөр бар экенин моюнга алышты: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана сапаттын параметрлерин көп жакшы түшүнө беришпейт; бардык жерлерде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты төмөн; коомго кызматтарды сапатсыз көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жоопкерчилиги бүдөмүк ж.б. Катышуучулардын бири “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси кандай кызмат көрсөтүүлөрдү камтышы мүмкүн?” деп суроо узатты. Бул суроо катышуучулардын арасында өзгөчө кызыгууну жаратты, себеби 5 муниципалитеттин биринде дагы муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн иштелип чыккан кошумча тизмеси болбогону аныкталды. Мындан тышкары, катышуучулар аларда жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү жана уюштуруу процессин пландоо практикасы болбогонун, ошондой эле жергиликтүү кеңеш жана жарандар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөөгө системалуу мамиле жасабастыгын айтышты. Бул негизинен жергиликтүү бюджеттерде финансылык ресурстардын чектелгендигине байланыштуу болууда.

Жарандык коомдун бийлик органдары менен эриш-аркак иштешүүсүн камсыз кылган, коомдун бакубатчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындуулукка өбөлгө түзгөн социалдык отчеттуулук механизмдери жөнүндө тема да талкууга түштү. Мындай кызматташуунун негизинде “биз баарыбыз бир коомдо жашайбыз жана ар бирибиздин бакубатчылыгыбыз бүтүндөй коомдун бакубатчылыгынан көз каранды” деген идея жатат. Катышуучулар кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын (тарифтерди) кантип туура эсептеш керектиги, кызмат көрсөтүүчүлөрдү кантип тандаш керектиги, келишимдик мамилелерди кантип туура түзсө болоору жөнүндө суроолорду узатышты.

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жаш активисти, жеке ишкер АЙТКОЗУ УУЛУ Алчынбек жергиликтүү жамааттын өкүлү катары жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуунун бардык этаптарына жигердүү катышууга умтуларын айтты: “Көбүбү кызмат көрсөтүүлөрдү кантип сапаттуу уюштуруш керектиги жөнүндө аз билебиз. Бүгүнкү күндө тренингде биз жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жеткирүү маселелерин жеринде ийгиликтүү чечүү боюнча көптөгөн механизмдерди жана шаймандарды өздөштүрүп жатабыз. Натыйжада биз муниципалдык же башка коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин планын даярдап, аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна абдан кубанычтамын. Себеби алардын жардамы менен өз айылдык аймагыбызга пайда алып келебиз. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана сапатын жогорулатууга тиешелүү бардык чечимдер жарандардын катышуусу менен, жамааттын айрым өкүлдөрү үчүн эмес, бүтүндөй жамааттын пайдасына ачык-айкын кабыл алынууга тийиш”.

Жергиликтүү жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу үчүн катышуучуларга “Карта түзүү”, “Көйгөйлөр галереясы” жана “Анкета толтуруу” өңдүү аспаптар тууралуу маалымат берилди. Бул аспаптарды катышуучулар Ага Хан Фондунан каржылоого өтүнмөнү жиберүү үчүн артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап, аларды өз муниципалитети боюнча иргеп алуу үчүн колдонушту. Натыйжада эң көп добушка ээ болгон багыттар төмөнкүлөр болду: мектепке чейинки билим берүү (Суу-Башы, Кыштут жана Тогуз-Булак), сугат суу (Сумбуладагы жасалма муз) жана спорт (Кең-Талаа).

“Бул тренингде мен өз үнүмдү жергиликтүү бийликке кантип жеткиришим керектигин, кантип көңүл бурдура алаарымды, кызыкчылык- тар боюнча бириккен топтор менен иштешкенди үйрөндүм. Мындан тышкары, мен бир сабакты өздөштүрдүм: мен ар дайым ар кандай маселени өзүм чечкенге аракет кылып келем. Ушул тренингден кийин көмөкчү механизмдердин жардамы менен көйгөйлөрдү биргелешип аныктап, алардын ичинен артыкчылыктуусун тандап алып, колдо болгон ресурстарды таап, аларды туура пайдалануу үчүн адамдарды мобилизациялоо керектигин түшүндүм”, – деди Сумбула айылдык аймагынын Таш-Булак айылынын “Жаштар” мектебинин директору Кисматулло ДЖУМАЕВ.

Кайтарым байланышты жана жүйөлүү сын- пикирлерди алуу үчүн катышуучулар ар кандай турмуштук кырдаалдардын мисалынын негизинде топтордо аткарган иштеринин жыйынтыктары менен кесиптештерин тааныштырышты. Ошондой эле алар мыйзамдардагы чыгаруу чөйрөсүндөгү жаңылыктар, жергиликтүү маселелердин ичинен артыкчылыктуусун тандап алуу, ишке ашырылып жаткан долбоордун туруктуулугунун маанилүүлүгү жана аны камсыз кылуу ыкмалары жөнүндө билип калышканын айтышты.

“Акыркы эки күндүн ичинде мен өзүм үчүн бир нерсени түшүндүм: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чечим кабыл алууда жергиликтүү жамааттар менен иш алып барып, алардын пикирлерин жана сунуштарын эске алып, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруп, муниципалдык ишканаларды түзүп, алардын ишин жөнгө салып, аймактагы долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөшү керек экен. Ошондой эле артыкчылыктуу маселелерди аныктоодо фокус-топтор менен кантип иштөө керектигин жана жергиликтүү деңгээлде долбоорлорду ишке ашыруу процессинде биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун маанилүүлүгү жөнүндө билип калдым”, – деди Тогуз-Булак айылдык аймагынын Айкөл айылынын старостасы Исманали ЖОРОБАЕВ.

Тренингдердин жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучулар муниципалдык жана башка коомдук кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча Биргелешкен аракеттердин планын (БАП) түзүү тапшырмасын алышты. БАПтын формасы сессиялардын биринин жүрүшүндө көрсөтүлүп, кенен маалымат берилген. Жасалган иштин натыйжасында катышуучулар 2024-жылы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча пландалып жаткан иш-аракеттерди кошуу менен өз муниципалитеттери үчүн БАПты даярдап чыгышты.

 

1-таблица. Ага Хан фондунун каржылоосу үчүн жергиликтүү жамааттар тарабынан тандалып алынган долбоорлор

 

Өз иштерин башкаларга тааныштырып, тренингдердин катышуучулары ошондой эле гранттык жана консультациялык колдоо жаатында “MSDSP KG” коомдук фонду менен кызматташуудан эмнелерди күтүп жатканын айтып, Мыкты тажрыйбалар порталына жайгаштыруу үчүн ЖӨБдүн мыкты практикасынын үч мисалынын темасын сунушташты:

  • “Ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрүн өткөрүү”, Тогуз-Булак айылдык аймагы;
  • “Кошумча класс ачуу”, Сумбула айылдык аймагы;
  • “Жашыл мурас”, Кең-Талаа айылдык аймагы.

Тренингдердин соңунда катышуучулар жаштар менен биргеликте кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү жакшыртуучу бир социалдык долбоорду аныктап, бул үчүн Ага Хан Фондунан каржылоо алууга жиберүү тапшырмасын алышты.

Эмилбек ЖОРОЕВ, Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы: “Окутуунун жардамы менен актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо процессинде ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы кызматташуунун пайдасы, жергиликтүү жамааттардын катышуусунун жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды издөөгө жардам берүүсүнүн ролу жана мааниси жөнүндө жаңы маалыматтарды алдым. Топтордогу практикалык иштер өзгөчө пайдалуу болду, биз жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн ролун, ал эми жергиликтүү жамааттар болсо ЖӨБ органдарынын ролун аткарды. Мен ошондой эле Ага Хан Фондуна кызматташтыгы жана жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем, мунун натыйжасында биз көйгөйлүү маселелердин бирин чечип алдык. Бул долбоор биз менен кызматташууну улантат деп үмүттөнөм”. Өздөрүнүн муниципалитеттерине кайтып келгенден кийин тренингдердин катышуучулары ӨСИнин консультанттарынын жардамы менен муниципалдык же башка коомдук кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттердин пландарын жеткире иштеп чыгып, артыкчылыктуу социалдык долбоорлорду тандап алышты.

“Кыргызстандагы тоолуу жамааттарды өнүктүрүүнү колдоо программасы (MSDSP KG), Ага Хан Фондунун демилгеси Кыргызстандын тоолуу райондорундагы айрым жамааттардын турмуш шартын жакшыртууга умтулат. Фонд инклюзивдүү экономикалык өнүгүү, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу, чек аралаш аймактардын кызматташтыгы, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында бир катар интеграцияланган иш-чараларды жүзөгө ашырып келүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну, жарандык жамаатты күчтөндүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу Ага Хан Фондунун/MSDSP KG коомдук фондунун ишинде комплекстүү багыттар болуп саналат”, – деди Баткен-Согди облустарын чек ара аркылуу өнүктүрүү долбоорунун (II фаза) координатору Таалайбек АЗИМОВ.

Өнүктүрүү саясат институтунун консультанттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамаат үчүн сунуштарды жана кызматташууну кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгышты.

ЖӨБ органдарына сунуштамалар:

  • пландоону, башкарууну өркүндөтүп, кызмат көрсөтүүчүлөр менен натыйжалуу байланыш түзүү, социалдык отчеттуулук жана башка өнөктөштөр аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатын дайыма жакшыртуу;
  • кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
  • жеке секторду жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүгө тартуу;
  • кызмат көрсөтүүнү уюштуруу экономикалык максатка шайкеш келишине көз салып туруу;
  • башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн дараметин жогорулатуу;
  • кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө жергиликтүү бюджеттен субсидияларды караштыруу;
  • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусуна, ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна дем берүү;
  • жаш жарандарды коом үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга жигердүү тартуу, ар кандай деңгээлдеги жаштар саясатын түзүп жатканда жаштардын пикирин эске алуу, демилгелерди ишке ашырууга жардам берүү;
  • жарандардын кызыкчылыктарынын жана ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн тең салмактуулугуна негизделген кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча иш-аракеттер планын даярдоо;
  • калктын көрсөтүлгөн кызматтарга канааттануу деңгээлине туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүп туруу.

Жергиликтүү жамаатка сунуштамалар:

  • кызмат көрсөтүүнү жеткирүү тууралуу келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу (тарифти төлөө, мүлккө аяр мамиле кылуу, келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо);
  • кызмат көрсөтүүчүлөргө кызмат көрсөтүүгө болгон керектөөнү шарттаган жагдайлар өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында маалымдоо;
  • кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүү;
  • жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ЖӨБ органдарынын чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттын демилгелеринин ичинен артыкчылыктуусун тандап алууга жигердүү катышуу;
  • жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү процессине, ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалануу үчүн тарифтерди жана эгерде бар болсо, башка кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын талкуулоого жигердүү катышуу;
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен иш-аракеттерин пландоого катышуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине жигердүү катышуу;
  • жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жигердүү катышуу.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө сунуштамалар:

  • Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) базасында муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстарынын программасына киргизүү жолу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, өнүктүрүү ыкмалары, мыкты практикалардын мисалдары жөнүндө билимди мындан ары да топтой берүү жана билимди институционалдаштыруу зарыл;
  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, муниципалдык менчикти башкаруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча муниципалдык ишкана түзүү, инклюзивдүү социалдык-экономикалык пландоо, гранттык долбоорлорго биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү, айлана- чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана аялдардын лидерлигин колдоо маселелерин кошо алганда, жергиликтүү башкаруу органдарын башкаруу жана өнүктүрүү технологияларына окутууну колдоо зарыл;
  • жергиликтүү жамааттын демилгелерин ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди жергиликтүү деңгээлде киргизүүнү колдош керек;
  • окутууга аялдарды жана жигердүү жаштарды, майыптыгы бар адамдарды, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн көбүрөөк чакыруу керек;
  • гранттык долбоорлорду ишке ашыруу процессинде биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору менен иштешүү зарыл;
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү процессине жарандарды тартуу практикасы боюнча ЖӨБдүн максаттуу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүп бериш керек.

https://youtu.be/mWjC6f6EM7g

2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01- 18/84 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү жобо жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ЖӨБ органдарынын тандап алуусунун жана каржылоосунун тартибин белгилейт. Максаты: жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусуна шыктандыруу. “Жергиликтүү демилге” деген төмөнкүнү түшүндүрөт: жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар демилгелеген долбоор, идея жана башка демилгелер.

Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) – 2021-жылы түзүлгөн Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бири, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууга лицензиясы бар мекеме. БАЖБАнын башкаруусунда ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы иштейт (www.myktyaimak.gov.kg) жана “Муниципалитет” журналы чыгып турат (www.municipalitet.kg). Вазыйпасы: Башкаруу органдарына, жарандарга жана алардын бирикмелерине жергиликтүү өнүгүү боюнча актуалдуу жана практикалык билим берүү.

 

 

Окшош материалы: