Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бала бакчалар – пландоонун дүйнөлүк тажрыйбасы

2015-12-17 / ЖӨБ тажрыйбасы
Бала бакчалар – пландоонун дүйнөлүк тажрыйбасы

Кайсы бир шаардын тигил же бул районунда жашоонун ыңгайлуулугу көп учурда ал жакта зарыл болгон социалдык инфраструктуранын, өзгөчө бала бакчанын болуп-болбогонуна көз каранды. Анткен менен наристелер үчүн билим берүүчү мекемелер жетиштүү санда гана эмес, ошону менен бирге балдар үчүн сапаттуу, коопсуз жана кызыктуу да болуш керек. Назарыңыздарга балаңыз өзү эле барам деп айта турган бала бакчалардын айрымдарын сунуштайбыз.

ЯПОНИЯ: Fuji Kindergarten Көптөгөн эл аралык басылмалардын пикири жана рейтингдик баалар боюнча, адаттан тыш бала бакчалардын бири болуп Япониядагы Tezuka Architects компаниясы долбоорлогон Фуджи (Fuji) бала бакчасы эсептелет. 2009-жылы колдонууга берилген бул эки кабаттуу бала бакчанын имараты сүйрү формада курулган. Биринчи кабатында окуу класстары жайгашса, экинчи кабаты – жапыз, бекем тосмолонгон чатыр. Ал жерде объекттер өтө аз болуп, балдар каалашынча чуркап, ойной алышат. Ошондой эле сыртта өскөн бак-дарактарды имараттын ичинен да көрүүгө болот. Балдардын коопсуздугу үчүн чатырдагы сөңгөк үчүн арааланган тешиктер аркандан жасалган бекем торчо менен тосмолонгон. Ал болсо өз кезегинде оюнчук же спорттук шайман катары да колдонулат.
 
Класстар да өзгөчө – алар үч жагынан гана кошулган, ал эми төртүнчүсүндө такыр эле дубалдар жок жана ички тегерек короого ачылат. Ошондуктан балдар өздөрүн жабык жайларда ыңгайсыз сезбейт. Мындан тышкары мындай бөлмөлөрдүн ар биринде окуулар үчүн чатырда бери деген бир жарык люк бар. Ал аркылуу жогорку жакта жүргөн балдар дүйнөнү жаңы, кызыктуу жана адаттан тыш чекиттен көрө алышат.Япон тарбиячылары балдар тегеренип чуркаганды жакшы көрөрүн байкашкан. Ошондуктан бала бакчанын негизги имаратынын жанында оюн үчүн спиралдык конструкция курулган. Анын чордонунда чоң дарак жайгашкан. Конструкциянын бийиктиги тышкы радиус боюнча тор тешик менен чектелген түрдүү жолдорду кошкондо 5 метрге жакын болот.Бул адаттан тыш бала бакчадан чыккан балдардын ден соолугу жана дене бой өнүгүүсү жагынан мыкты көрсөткүчтөргө жетишкени да таң калычтуу эмес: бала бакчанын администрациясынын баасы боюнча, ар бир бала күнүнө орточо 4 км чуркайт экен.
 
ВЬЕТНАМ: Farming Кindergarten Адаттан тышкары жана адистердин оң баасын алган дагы бир бала бакча Вьетнамда бар. Бул бакчада айыл чарбанын адам үчүн мааниси жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо тууралуу ойду балага “тырмактай” кезинен эле калыптандырууну чечишкен. Донгнай шаарында Vo trongnghia architects компаниясынын долбоору боюнча, “фермердик бала бакча” пайда болгон. Узун бир кабаттуу имараттын чатырында бакча жасашкан. Ойку-кайкы болуп ийилген, бийиктиги өзгөрүлмө болгон имаратты жашыл аймактар курчап турат жана кызыктуу мейкиндик түзүлгөн. Ал бийик болгонуна карабастан балдар үчүн коопсуз. Оюн жана көнүгүүлөр үчүн жерлерден тышкары, чатырда 200 чарчы метр жерде чыныгы чарбак бар жана балдарга түрдүү жашылчаларды өстүргөндү үйрөтүшөт.
 
Бала бакчанын имараты эки тарапта тең жайгашкан терезеден күндүн нуру тийип, ошондой эле жел уруп тургандай курулган. Ошентип имарат кондиционерсиз иштейт жана айлана-чөйрөгө терс таасирин да тийгизбейт, электр энергиясына да бир кыйла үнөмдөйт. Эң кызыгы – бала бакча жакын жердеги бут кийим чыгаруучу фабриканын жумушчуларынын балдары үчүн абдан чектелүү каражатка курулган. Анын курулушунда жергиликтүү курулуш материалдары (кирпич өңдүү) жана эң жөнөкөй технологиялар колдонулган. Натыйжада 1 чарчы метрдин баасы 500 доллар гана болгон. Имарат Вьетнамда болсо да, жылуулук үчүн ал жакта көп деле акча коротулбаса да, бул мисал сапаттуу объекттер сөзсүз эле асман чапчыган баада болбош керектигин көрсөтөт. 
 
ДАНИЯ: Bernts Have Daycare Center Инновациялык бала бакчалар түштүк региондордо гана мүмкүн деген пикир калыптанып калбаш үчүн чатыры жашыл, бирок Данияда (Холбэк шаарында) орун алган имарат тууралуу да айтып берели. Бул бала бакчанын көп деңгээлдүү имаратынын жалпы аянты 1350 чарчы метрди түзөт жана кенже топтогу (3 жашка чейинкилер үчүн) 56 балага, 3төн 6 жашка чейинки 80 балага эсептелген. Анын жашыл чатыры акырындап жашыл дөбөгө өтүп кетет. Жашыл чатыр суук мезгилде мыкты жылыткыч ролун аткарат. Анын жардамы менен имарат жылуулук үчүн акчаны бир кыйла үнөмдөп келатат. (Жашыл чатырлардын мүмкүнчүлүктөрү менен бул жерден тааныша аласыз).Ар кайсы курактагы балдар үчүн бала бакчада өзүнчө канат жабдууланып, алардын ортосунда жалпы мейкиндик жана ошону менен бирге өзгөчө климаттык зона уюштурулган. Бул мейкиндик туш тарабына терезелер бар, анткен менен суук болгондо көп деле от жагышпайт. Бирок колдонулган технологиялардын жана айнектен тийген күндүн нурунун айкалышуусунун жардамы менен балдар бул жерде кол капсыз эле ойной алышат. Алар үчүн жайларда клумбалар жасалып, балдар гүл өстүргөндү үйрөнүшөт. Мындайды көчөдөн да көрө аласыз. Ал жакта түрдүү чөптөрдөн тышкары мөмөлүү бактар да өсөт.
 
Бала бакчанын маңдай жагы башкалардан айырмалуу паззл түрүндө панелдерден жасалган. Тегерек ар кандай түстөгү терезелер ички жайларда да негизги элемент болуп эсептелет. Күндүз балдар имараттын ичинде жүргөндө терезеден өткөн күндүн нуру ашканага жана класстарга өзгөчө жарык берип турат. Муну менен кызыктуу жана жомоктогудай маанай пайда болот. Ал эми кечинде ар кандай түстө күйүп турган терезелер бардык район үчүн кооздук тартуулайт. Ошону менен бирге бала бакчанын имараты чыныгы музейдей жарыктандырылган.Бала бакчанын ичинде үч топтогутарбиялануучулар үчүн бири-биринен түсү жагынан айырмаланган бөлмөлөр бар: өтө кичинекейлер үчүн (1 жашка чейинкилер) бөлмөлөр көк түскө боёлгон. Бул түс балдарды сооротуп, уктаганга, эс алып, күч топтогонго жардам берет. 1ден 2 жашка чейинки курактагы балдар үчүн бөлмөлөр кызгыл сары түскө боёлгон. Бул түс алардын психомотордук өнүгүүсүн өрчүтөт. Ал эми 2-3 жаштагы балдар үчүн бөлмөлөр жашыл түскө боёлгон. Бул балдарды табиятка аяр мамиле жасоого үйрөтмөкчү.
 
Түрдүү курактагы балдардын бири-бири менен мамилесин бекемдөө максатында коридорлор жана жалпы имарат аралаш түскө боёлгон. Фасад здания детского сада спроектирован из панелей, в виде своеобразного паззла. Круглые разноцветные окна являются основным элементом даже во внутренних помещениях. Днем, когда дети находятся внутри здания, проходящий сквозь такие окна свет причудливо освещает помещения столовой и классов, создавая там интересную и сказочную атмосферу. А вечером разноцветные светящиеся окна  служат украшением всего района, при этом само здание детского сада имеет подсветку как настоящий музей.
 
ГЕРМАНИЯ:Kindergarten Bolles+Wilson Ал эми Германияда бала бакчалар кээде колдонулбаган жайларды кайра калыбына келтирүү жолу менен түзүлөт. Мисалы, Мюнстердеги орто кылымдагы Ысык Себастиан чиркөөсү кайсы бир учурда кароосуз калган. Цилиндр формасындагы жана алып салынган куполдорсуз бир аз кызыктай көрүнгөн имаратты бала бакчага айландыруу тууралуу чечим долбоорлор сынагынын жыйынтыгында кабыл алынган.
 
Имараттын эки кабатында окуу үчүн кенен класстар, ал эми алардын алдында чоң көлөмдөгү уникалдуу оюн аянтчасы даярдалган. Анын өзгөчөлүгү – шыбындагы жана дубалдардагы тешиктер аркылуу күндүз күн нуру жана таза аба өтүп турат. Бул жерде абанын температурасы сырттагыдай эле. Бул оюн имаратынын аянты – 540 чарчы метр. Төшөлмө катары спорттук аянтчалар үчүн атайын материалдар колдонулган. Оюн мейкиндигинин дагы миң чарчы метри көчөдө жайгашкан.Мурдагы чиркөөнүн имаратына корпус кошулган. Ал жерде администрациянын кеңселери, ашкана, ата-энелер үчүн күтүү бөлмөлөрү жайгашкан.
 
ОРУСИЯ:Юградагы «Эрудит» Орусияны ала турган болсок, 2014-жыл үчүн түзүлгөн рейтингге ылайык, түрдүү белгилердин жана факторлордун жыйындысы боюнча, мыкты деп Ханты-Мансы автоном оркугунун Нижневартовск шаарындагы №77 “Эрудит” бала бакчасы табылган.

Окшош материалы: