Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ тажрыйбасы
Үчүнчү орун: Тогуз-Торо айыл өкмөтү “Таза суу – жашоо булагы” демилгеси менен ээледи
Иманбек БОРБОЛДОЕВ, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн IT жана инвестицияларды тартуу боюнча адиси
Көйгөй
Аймактагы Кош-Булак жана Өрнөк айылдарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү жергиликтүү тургундардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун, жолугушуулардын жана фокус-топтордун жүрүшүндө ар дайым артыкчылыктуу маселелердин бири болуп келген, себеби ал адамдардын жашоо сапатына жана айлана-чөйрөнүн экологиялык абалына тикелей таасирин тийгизген.
Жамааттын тургундары таза суунун тартыштыгы алардын жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө терс таасирин тийгизерин түшүнүп, суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө абдан кызыкдар экенин айтышкан. Суунун тартыштыгынан улам жашылдандырууну толук өнүктүрүү, бак-дарактарды кароо жана адамдар эс алчу аймакка айланган парк зоналарын түзүү мүмкүн болбой келген. Ал тургай, социалдык объектилерде – мектептерде, бала бакчаларда жана фельдшердик-акушердик пункттарда да суунун кескин тартыштыгы байкалды. Мындай кырдаал ушул мекемелердин иштешине гана олуттуу кыйынчылыктарды жаратпастан, балдардын жана жалпы калктын ден соолугуна коркунуч келтирген.
Таза суунун тартыштыгы мал чарбачылыгына да таасирин тийгизди. Жергиликтүү тургундар жана мал-жандыктар бир суу булагын колдонууга аргасыз болуп, бул жугуштуу оорулар жайылат деген тобокелдикти жараткан. Оорулардын чыгышы күтүлбөгөн жерден пайда болушу мүмкүн эле, бул болсо калктын тынчсыздануусун күчөтүп, чукул чара көрүү зарылдыгын көрсөтүүдө.
Көйгөй жергиликтүү тургундардын ар бир жолугушуусунда такай көтөрүлүп, коомдук иш-чараларда, райондук администрация менен жолугушууларда, анын ичинде райондун акими менен жеке баарлашууда талкууланып келген. Таза суу темасы коомчулуктун күн тартибинин ажырагыс бөлүгүнө айланып, келечекке кам көрүүнүн жана муниципалитеттин туруктуу өнүгүүсүнө умтулуунун символу болуп калды.
Бул көйгөйдүн маанилүүлүгүн баамдоо менен ЖӨБ органдары суу менен камсыздоо маселесин Тогуз-Торо айылдык аймагын 2023-2027-жылдарга узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиялык планына киргизишти, муну менен ар бир адам коопсуз таза сууга жете ала турган шарттарды түзүү үчүн аракеттерди бириктирүү максатында жергиликтүү бийликтин жана тургундардын бирдиктүү каалоосун чагылдырышты.
Көйгөй кантип чечилди?
Таза суу менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүү үчүн суу менен жабдуу схемасы иштелип чыгып, тиешелүү долбоор даярдалган. Ушундан кийин ар кандай донорлорго кайрылуулар жөнөтүлүп, керектүү уюштуруучулук кадамдар жасалган. Райондон суу менен камсыздоо боюнча адис Эсенбай ЖУНУСОВ чакырылып, кемчиликтер жазылган акт жана алдыдагы иштердин сметасы түзүлдү; Чамынды, Кайыңды жана Ж.Атыканов көчөлөрү боюнча суу түтүктөрүн өткөрүү картасы түзүлүп, бекитилип, социалдык объектилерге – Ы.Кадыркулов атындагы орто мектепке, “Аздек” балдар бакчасына, 7-бөлүм элеттик китепканасына жана ФАПтын имаратына суу жеткирилди. Ошондой эле “Жашыл Мурас” долбоорунун алкагында 0,30 гектар аянтты ээлеген сейил бакты сугаруу жана жашылдандыруу пландалууда. Техникалык чечимдерди жана сметаларды тактоо үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарында иштеген суу менен камсыздоо адистери менен консультациялар өткөрүлдү.
Кош-Булак айылындагы көчөнүн башында жайгашкан булактан алынган суунун сапатын текшерүү үчүн үлгүлөр алынып, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жөнөтүлдү. Лабораториялык анализдин жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыкты: сууну ичүүгө болот деп табылды.
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Марлис ОЛЖОТОЕВ буга чейин суу менен камсыздоо багытында “Ассанабил” кайрымдуулук фонду менен кызматташып келген. Фонддун колдоосу менен Кара-Суу айылында таза суу чыгаруу долбоору ишке ашырылган эле. Бул ийгиликтүү тажрыйбага таянып, Кош-Булак айылынын жамаатынын өкүлдөрү жардам сурап ошол эле фондго кайрылышты. “Ассанабил” фонду суунун жарактуулугу боюнча берилген сметаны жана Санэпидкөзөмөлдүн расмий корутундусун карап чыгып, андан соң 3 миллион 850 миң сомго 5 500 метр суу түтүктөрүн тартып келип колдоо көрсөткөн. Бул Кош-Булак айылын таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө чоң салым болду.
Ошондой эле Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондуна таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор сунушталды. Райондун акиминин буйругу менен фонддон 500 миң сом бөлүнүп, ага көмөкчордон жана зымдар сатып алынып, 300 м электр чубалгысы тартылып келди.
Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен кошумча 1 млн 296 миң сом бөлүнүп, анын эсебинен суу түтүгү үчүн 4 400 метр траншеялар казылып, ар кайсы объектилерге суу жеткирүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү тургундар резервуарды курушкан.
Практиканын экономикалык таасири
Ишке киргизилген практиканын жардамы менен муниципалдык ишканада бир жумушчу орун түзүлдү – кызматкер суу үчүн төлөмдү кабыл алат; калк сууну пайдаланганда электр энергиясына кеткен акчаны чогултат; бузулган жерлерди калыбына келтирет. Ошондой эле айылдагы адамдардын ден соолугуна жана малга коркунуч келтиргенден улам келип чыгышы мүмкүн болгон олуттуу экономикалык жоготуулардын да алдын алууда.
Практиканын социалдык таасири
Ишке ашырылган практиканын натыйжасында буга чейин ар кандай кооптуу булактардан суу ичип келген Кош-Булак айылынын 558 тургуну жана Өрнөк айылынын 118 тургуну таза суу менен камсыз болушту. Элдин ден соолугуна коркунуч туудурган булактан адамдар да, мал да суу ичип келген эле.
Жандуу үндөр
Г. ЖЭЭНАЛИЕВА, Кош-Булак айылындагы орто мектептин директору: “Мен айылда 2000-жылдан бери жашап, иштеп келатам. Ушунча жылдардан бери булактан таза суу ичип келем. Айыл тургуну жана мектептин директору катары тургундардын, окуучулардын ден соолугуна кам көрөм. Өткөн жылы Араб фондунун колдоосу жана жергиликтүү бюджеттин каражаты менен суу түтүктөрүн төшөө долбоору ийгиликтүү аяктаганына абдан кубанычтамын. Учурдан пайдаланып, бардык демилгечилерге, демөөрчүлөргө жана долбоорду ишке ашыргандарга ыраазычылык билдиргим келет”.
А. САТЫГУЛОВА, медайым: “Медициналык кызматкер катары жашоочулардын ден соолугуна кам көрүшүм керек. Адамдын ден соолугуна биринчи кезекте булганган суу зыян келтирет, аны ичкенде ар кандай жугуштуу оорулар пайда болот. 2024-жылдан бери аракеттер көрүлүп, эми элибиз таза суу менен камсыз болду. Бул үчүн жашоочулар да, мен да абдан ыраазыбыз”.
Каталар жана алынган сабактар
Бул тажрыйбаны иш жүзүнө ашырууда биз “Муниципалитет” журналы аркылуу башка муниципалитеттерден үйрөнгөн алдыңкы тажрыйбаларды колдонууга аракет кылдык. Ошондой эле бул журнал аркылуу кесиптештерибиз менен мыкты тажрыйбаларыбызды туруктуу негизде бөлүшүп турабыз.
Бул практиканы ишке ашырууда эч кандай каталар жана кыйынчылыктар болгон жок. Биз 2022-2023-2023-жылдары ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар конкурсуна катышып, байгелүү орундарды ээлеп келдик.
Окшош материалы:
-
№11 (169) / 2025-11-29 Биринчи орун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө: "Зомбулукка каршы "маданий иммунитетти" тарбиялоо – жалпы жамааттын иши"
-
№11 (169) / 2025-11-29 1700 жаран өз муниципалитеттеринин мыкты тажрыйбасы үчүн добуш берди: “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2025” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды
-
№11 (169) / 2025-11-29 Экинчи орунду ЖӨБ органдары жана жарандык коом менен кызматташтыкта аялдар үчүн ден соолукту чыңдоо борборун түзгөн Багыш айыл өкмөтү ээледи
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Нарындыктар достук зонасын жашылдандырышты: Нарын шаардык мэриясынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Жамаат жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө: Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бойго жеткен жарандар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн моралдык жактан жооптуу: Масы айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Суу – бардык нерсенин башаты: Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Сизге сунуш менен келген уюмдардын алдында эшигиңизди жаппаңыз: Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн практикасы


















