Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суу – бардык нерсенин башаты: Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн практикасы

2024-04-20 / ЖӨБ тажрыйбасы
Суу – бардык нерсенин башаты: Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн практикасы

“ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” Конкурсунда 2-орунду ээлеген “Сары-Булуң аймагынын Кара-Суу жана Табылгыты айылдарын таза суу менен камсыз кылуу” мыкты тажрыйбасы

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык аймагында ичүүчү суунун жоктугу жергиликтүү тургундардын күнүмдүк жашоосундагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген. Таза суу адам үчүн өтө зарыл – ал жашоонун булагы. Көп жылдан бери Сары-Булуң айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилбей келаткан. Суунун жоктугунан улам элеттиктер аны арыктан алып, тамак-аш даярдоо үчүн колдонууга аргасыз болуп келишкен, бул өз кезегинде санитардык-гигиеналык нормалардын бузулушунан улам курч жугуштуу ичеги ооруларынын чыгышына алып келген. Ал эми үйгө суу ташып келүү үчүн аялдар менен балдардын өтө көп убактысы жана күчү кетчү. Элеттиктер бул маселени көп жолу көтөрүп, жардам сурашканы менен, мындан эч майнап чыккан эмес.

“Албетте, биз бул маселени чечкибиз келчү. Ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси 2022-жылга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын (СЭӨП) артыкчылыктуу маселелеринин тизмесинде биринчи орунда турган. Жарандарыбыз азап чегип жатканын көрүп, кантип кайдыгер отура алмак элек? Жашоочуларыбызды таза суу менен камсыз кылуу – бул биринчи кезекте биздин тикелей милдетибиз. Бирок адаттагыдай эле жергиликтүү бюджетте каражат тартыш болуп1, жардамды кимден, кайсы жерде алаарыбызды билбей, аргасыз күтүп жүрдүк”, – деп эскерет Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис ОЛЖОТОЕВ.

2022-жылы гана Сары-Булуң муниципалитетинин ЖӨБ органдары интернеттен маалымат алып, “Ассалам” аттуу араб кайрымдуулук фонду менен кызматташа баштаганда гана иш ордунан жылды. ЖӨБ органы фонддун өкүлдөрү менен байланышып, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери көйгөйдү баяндап, чыгымдардын сметасын тиркеп кайрылуу кат жөнөтүшкөн. Катта сүрөтчү дайындалганы, ал күн сайын жумуш жүрүп жаткан жерден 10го жакын сүрөттү жиберип тураары, ошондой эле 8 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнү айтылып, бул топтун жумуштардын жүрүшүн көзөмөлдөп турууга макулдук-каттары кошо тиркелген. Сүйлөшүүлөрдүн жана жумуштардын жыйынтыгында Кара-Суу айылында узундугу 6040 метрге жеткен таза суу өткөрүлүп, 1660 жергиликтүү тургунду ичүүчү суу менен камсыз кылса, Табылгыты айылына 5540 метр таза суу өткөрүлүп, 1139 адам таза суу менен камсыз болду. 

“Биздин эки айылыбыз тең – Кара-Суу жана Табылгыты бүгүнкү күндө дээрлик 80% таза суу менен камсыз болушту. Жергиликтүү тургундар өз демилгеси менен арыктарды кол менен казып, айрым участоктордо суу үчүн резервуарларды куруп, суу өткөрүүгө жардам көрсөтүштү. Таза суу менен камсыз кылуу иштеринин жалпы суммасы 13 842 676 сомго жетип, курулуш иштерине тартылган жергиликтүү тургундардын эмгек салымынын наркы 2 290 000 сомду түздү”, – деп кошумчалады Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы.

Муниципалитеттин башчысы ошондой эле алынган жыйынтыктарды көрүп, жергиликтүү тургундардын ыраазычылыктарын угуп, ЖӨБ органдарынын кызматкерлери улам бир демилгени көтөрүп, өз алдына жаңы милдеттерди коюп жатышканын белгиледи.

___________ 

1 Айылдык аймактын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин көлөмү 8 млн 294 миң 800 сомду түзгөн. Булак: https://gb.minfin.kg/view.php

Окшош материалы: