Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ тажрыйбасы
Нарындыктар достук зонасын жашылдандырышты: Нарын шаардык мэриясынын практикасы
Нарындыктар достук зонасын жашылдандырышты: “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” конкурсунда шыктандыруучу байгени алган Нарын шаарынын “№1 кыргыз-араб достук зонасын – Жаңы-Жер участогун жашылдандыруу үчүн шарттарды түзүү” практикасы
Нарын шаарынын Жаңы-Жер аймагындагы Кыргыз-араб достугу атындагы №1 участогунун башкы көйгөйлөрдүн бири – агын суу үчүн арыктардын канааттандыраарлык эмес абалы. Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин пайда болгон сел үйлөрдү жана бакчаларды каптап, жергиликтүү тургундарга олуттуу зыян келтирчү. Арыктардын абалы талаптарга жооп бербегендиктен жайында күн катуу ысыганда шаардыктар бакчаларын таза суу менен сугарууга аргасыз болуп келишкен. Дал ушул сугат суунун тартыштыгынан улам Жаңы-Жер айылында жашылдандыруу иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой, жолдорду бойлото бак-дарактар отургузулган эмес. Себеби, алар баары бир кургап калышмак.
2022-жылы Нарын шаарынын мэриясынын жана жеке демөөрчүлөрдүн биргелешкен аракети менен аймактын чыгыш тарабында жайгашкан Теке-Секирик тоосунун чокусундагы булактын нугун калыбына келтирүү боюнча долбоор ишке ашырылган. Бирок акыркы жылдары арыктын нугу дээрлик жок болуп кеткен, себеби арыктын мурунку нугу өткөн айрым жерлер турак жай курууга берилген эле. Жергиликтүү тургундар арык тармагын калыбына келтирүүнүн зарылдыгы жөнүндө ойлонуп, жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуулардан жана талкуулардан кийин Теке-Секириктен жолдун түндүк бөлүгүнө карай аккан сууну өткөрүү үчүн арык тармагын куруу жөнүндө биргелешкен чечим кабыл алынган.
2022-жылы Швейцария өкмөтү Ага Хандын Өнүктүрүү тармагынын агенттиктери менен биргеликте “Нарын шаарын туруктуу өнүктүрүү” долбоорун (NURP) ишке ашырууга киришкен. Бул долбоор Нарын шаарынын мэриясына экологиялык, социалдык жана экономикалык тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатууда колдоо көрсөтүүгө багытталган. MSDSP KG КФ долбоорунун алкагында (Ага Хан фондунун демилгеси) Нарын шаарынын мэриясынын буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлүп, ага Нарын шаарынын муниципалдык мекемелеринин өкүлдөрү, кварталдык комитеттердин башчылары, жигердүү жарандар жана жергиликтүү депутаттар кирген, алардын арасында Кыргыз-араб достугу атындагы №1 участогунун жумушчу тобунун мүчөсү Айгүл АКМАТОВА да болгон.
2022-жылдын октябрь-ноябрь айларында жумушчу топ Жаны-Жер аймагындагы Кыргыз-араб достугу атындагы №1 участогунун калкынын негизги муктаждыктарын жана артыкчылыктарын аныктоо максатында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү менен бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүп чыккан. Төмөнкүдөй көйгөйлөр аныкталган: айрым көчөлөрдө арыктардын канааттандыраарлык эмес абалы, ал тургай арыктардын жоктугу, жерди жашылдандыруу боюнча иштердин жетишсиз жүргүзүлгөндүгү, бак-дарактардын жана жашыл бактардын жетишсиздиги, таза суу менен камсыз кылуудагы үзгүлтүктөр, канализация системасындагы көйгөйлөр. Ичүүчү суу жана канализация маселеси Нарын шаарынын мэриясынын 2023-жылга белгиленген иш планына киргизилип калгандыктан, аталган долбоордун алкагында ички арык системасын оңдоп-түзөөгө, жашылдандырууга жана таза сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүүгө киришмей болушкан. Кыргыз-араб достугу атындагы №1 участогунун демилгелүү тобунун мүчөсү А. АКМАТОВА долбоордун аткаруу комитети үчүн презентация өткөрдү. Колдоого ээ болуп, ал артыкчылыктуу милдеттерди чечүү үчүн гранттык каражаттарды алууга өтүнмө даярдаган. Өтүнмө жактырылып, каражат бөлүнгөн. Натыйжада аймакты жашылдандырып, нөшөрлүү жаан-чачын болгон учурда суунун бирдиктүү нугун түзүп, ошондой эле Нарын шаарынын Жаңы-Жер аймагындагы Кыргыз-араб достугу атындагы №1 участогунда Теке-Секириктен жолдун түндүк бөлүгүнө агымды которуу жолу менен селдин кесепеттерин алдын алуу үчүн жалпы узундугу 1 км арыктар курулду. Фонддон каражат алууга өтүнмөдө 2 500 000 сом көрсөтүлгөн, ал эми өз салым катары Нарын шаарынын мэриясы арыктар курулуп жаткан жерлерди топографиялык сүрөткө тартуу, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана кемчиликтер актысын түзүү милдетин өзүнө алган. Ишке ашырылган практиканын натыйжасында Нарын шаарынын Кыргыз-араб достугу атындагы №1 участогунда жашаган 563 кожолук сугат суу менен камсыз болду. Ошону менен бирге Жаңы-Жерди сугат суусу менен камсыз кылуучу система тартипке келтирилип, ичүүчү таза суу системасына түшкөн жүк алынды. Жолдун боюна бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу пландаштырылууда, алардын ар бири келечекте табигый абаны тазалоо чөйрөсүнүн бир бөлүгү болуп калмакчы.
Окшош материалы:
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Жамаат жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө: Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бойго жеткен жарандар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн моралдык жактан жооптуу: Масы айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Суу – бардык нерсенин башаты: Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Сизге сунуш менен келген уюмдардын алдында эшигиңизди жаппаңыз: Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бишкекте “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен БАЖБА Талас жана Чүй облустарынын ЖӨБ органдарынын квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнөбүз: Баткендеги муниципалитеттер Жалал-Абаддагы айыл өкмөттөрдүн мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүүдө
-
№6-7 / 2022-07-05 “Кайрымдуулук” социалдык дүкөнү калктын аялуу топторуна жардам берүүдө