Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бойго жеткен жарандар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн моралдык жактан жооптуу: Масы айыл өкмөтүнүн практикасы

2024-04-20 / ЖӨБ тажрыйбасы
Бойго жеткен жарандар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн моралдык жактан жооптуу: Масы айыл өкмөтүнүн практикасы

“ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” конкурсунда 3-орунду ээлеген “ЖӨБ органынын ачык иши + жергиликтүү тургундардын жигердүүлүгү жана колдоосу = өлкөнүн өнүгүүсү” мыкты тажрыйбасы

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун борборунда жайгашкан Масы айылдык аймагында 26 998 адам жашайт, алардын 6 миңден ашыгын мектепке чейинки курактагы жана мектеп жашындагы балдар түзөт1. Аймакта 7 мектеп жана 9 бала бакча бар, аларга 6000ден ашык бала барышат.

Бүгүнкү күндө балдардын тамактануусуна байланышкан кырдаалды байкап, бойго жеткен муун балдардын саламаттыгына, тактап айтканда, күн сайын көп убактысын өткөргөн мектепте эмне ичээрине көңүл бурушту. Себеби, жыл сайын мектептин башталгыч класстарында балдарга акысыз тамак берилип келет.

“Ооба, балдарыбыз мектепте жана бакчада ичкен ширелердин пайдасын билебиз. Бирок, адистердин ырасташынча, абдан пайдалуу деп жаңы сыгылган ширелер саналат экен, аларды 15-50 мүнөттүн аралыгында ичүү сунушталат. Бирок бул канчалык реалдуу? Эгерде туура эмес даярдап койсо, алар витаминдер менен толуктагандын ордуна зыян келтирип алышы ыктымал экен. Ошондуктан, биз бала бакчалардын тарбиялануучуларын, ошондой эле мектеп окуучуларын экологиялык таза кургатылган жемиштерден жасалган шербет же компот менен камсыз кылууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Себеби, бул алардын организминин өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Дал ушул себептен улам биз мөмө бактарын отургузуп, келечекте кургатылган жемиштерден суусундуктарды жасоо иштерин демилгеледик”, – деди Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат НАРМАТОВ.

2022-жылы Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында жарыяланган “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн колдоосу менен Масы аймагынын ЖӨБ органдары №827 контурундагы 10,7 гектар аянтты муниципалдык менчикке кайтарып алышып, ал өз кезегинде жеке адамга ижарага берилген.

“Бак кароосуз калып, мөмө бербей калганда “Азвирт” ЖЧКсы бизге жемиш бактарын отургузуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Биз алардын кайрылуусу менен таанышып чыгып, бул демилгени колдоп берүүнү чечтик. “Азвирт” ЖЧКсы үч сорт алманын 8000 көчөтүн сатып алып, отургузуп чыккан. Көчөттөр аймактагы 7 мектеп менен 9 бала бакчанын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Тигилген бак-дарактарга кам көрүү милдетин өзүнө ЖЧК алды, бирок жеринде көчөттөрдү мектептин жана бала бакчалардын кызматкерлери карап жатышат. Алма бактары 3-4 жылдан кийин мөмө бере баштаганда, балдарга экологиялык таза жемиштерден компот даярдап беребиз. Ошондой эле мөмө-жемиштерди кургатуу үчүн аппарат сатып алабыз”, – деди бул процесске тартылган айыл өкмөтүнүн адиси Бекмамат АБАРОВ.

Жергиликтүү тургундар, анын ичинде мектепке чейинки курактагы жана эми гана мектепке бара баштаган балдардын ата-энелери, эгерде аракет кылса, ички ресурстарды табууга болооруна ынанышты, ал эми аймактагы бардык көйгөйлөрдү чечүүгө каражат дайыма эле жетиштүү боло бербейт. Ошондуктан жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары менен тыгыз эриш-аркак иштешүүсү аймактагы башка көйгөйлөрдү мындан ары да натыйжалуу чечүүгө оң таасирин тийгизди. Мындан тышкары, алар айыл өкмөтү жасап жаткан жана пландаштырылган иш боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин айта башташты, муну менен ишеним көрсөтүштү.

Ошондой эле ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү бул практиканы ишке ашыруунун аркасында жергиликтүү жамаат менен биргеликте иш-чараларды жигердүүлүк жана шыктануу менен өткөргөндү үйрөнүшкөнүн, бул иш алардын жери жана эли үчүн пайдалуу экендигин: айылдаштары жана өсүп келе жаткан муундары үчүн эмнелерди жасап, кандай пайдалуу нерселерди сатып алыш керектигин түшүнүшкөнүн жана бак-дарактарды отургузуу менен ушундай мыкты мисалдардын бирин көрсөтүп бере алышканын айтышты.

___________ 

1 https://www.stat.kg/ru/statistics/naselenie

 

Окшош материалы: