Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамаат жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө: Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгынын практикасы

2024-04-20 / ЖӨБ тажрыйбасы
Жамаат жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө: Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгынын практикасы

“ЖӨБдүн мыкты практикасы-2023” конкурсунда шыктандыруучу байгени алган Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн “Узун-Акмат дарыясында дамбанын курулушу” практикасы

“Келечек-Актектир” жамааты 2007-жылы 7 кожолуктан (25 адам) түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. Түзүлгөн учурдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бул жамаат муниципалитеттин ЖӨБ органдарынын жана ар кандай эл аралык уюмдардын колдоосу менен ар кандай социалдык жана экологиялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келатат. Бул долбоорлор жергиликтүү өнүгүүгө жана өз жамаатынын мүчөлөрүнүн турмуш шартын оңдоого багытталган.

2023-жылы Актектир айылындагы “Кулдаке” участогундагы токой баскан 20 гектар аянтты жазгы суу ташкынынан коргоо Чолпон-Ата айылдык аймагынын ЖӨБ органдары үчүн да, бул участокту ижарага алган “Келечек-Актектир” жамааты үчүн да эң башкы милдет болуп калды.

“Жыл сайын жазгы суу ташкыны башталганда токойдун аймагында суу жерди жууп кетип, өсүмдүктөр талкаланып; суу жээктин дээрлик 5-10 метрин жууп салчу. Мунун баары токой катмарынын бузулушуна алып келип, ижарачыга кошумча көйгөйлөрдү жараткан. Бул аймакка негизинен мөмө-жемиш бактары отургузулгандыктан, суу ташкынынын кесепетинен дыйкандар күтүлгөн түшүмдү ала албай, туруктуу киреше булагынан ажырап калышчу”, – деди “Келечек-Актектир” жамаатынын жетекчиси Акмат ЧАЛОВ.

Көйгөйдү чечүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ЖӨБ органдары менен биргеликте мобилизациялык иш-чараларды уюштуруп, атайын техниканы тартып келип, өз каражаттарынын эсебинен тор жана байлоочу зым сатып алып, жээктерди бекемдөө иштерин жасашты, торлорду таштар менен толтуруп чыгып, бийиктиги 1 метр жана туурасы 0,70 метр дамба тургузушту. Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Эмгек үчүн азык-түлүк” долбооруна кат менен кайрылып, жамаат пайда болгон тобокелдиктер жана аларды алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жана аткарылган иштер тууралуу кабарлашты. Натыйжада, дамбанын курулушуна катышкан 47 адамдын ар бирине 150 доллардан акчалай сыйлык берилди; эмгек үчүн азык-түлүк түрүндө жалпысынан 7050 доллар бөлүндү.

“Биздин “Келечек-Актектир” жамаатыбыздын мүчөлөрүнө ыраазымын, алар бул демилгени дароо кабыл алып, ишке ашырууга киришти. Ошол эле учурда биздин айыл өкмөтүбүз да четте карап турган жок – жергиликтүү бюджеттин эсебинен атайын техника бөлүнүп, ал ишибизди кыйла жеңилдетти. Биргелешкен күч-аракетибиз менен биз жемиш бактарын (дээрлик 1 гектар алма багын), теректердин көчөттөрүн, ошондой эле токойдун аймагында өстүрүлгөн жапайы, бирок жегенге боло турган мөмөлөрдү коргой алдык”, – деди жамааттын жетекчиси.

Окшош материалы: