Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Экинчи орунду ЖӨБ органдары жана жарандык коом менен кызматташтыкта аялдар үчүн ден соолукту чыңдоо борборун түзгөн Багыш айыл өкмөтү ээледи

2025-11-29 / ЖӨБ тажрыйбасы
Экинчи орунду ЖӨБ органдары жана жарандык коом  менен кызматташтыкта аялдар үчүн ден соолукту чыңдоо борборун түзгөн Багыш айыл өкмөтү ээледи

Баяман ЗАМИРБЕКОВ, Багыш айыл өкмөтүнүн адиси, Анаркүл МАШАЕВА, “Аймира” коомдук фондунун жетекчиси

Көйгөй 

Багыш айылдык аймагында жашаган аялдардын жалпы саны 16 812 адамды түзөт. Салт боюнча, пенсияга чыккандан кийин улгайган аялдар өздөрүн коомго керексиз сезе башташат: алар үйдөн чыкпай, тиричиликке сүңгүп, моралдык жана психологиялык жактан кыйналышат. Бир сөз менен айтканда, өздөрүн жоготуп, инсан катары коом үчүн керексиз адамдай сезишет. Алар өмүр бою талыкпай иштеп, татыктуу пенсияга чыккандан кийин мурда билинбеген көптөгөн оорулар күчөп, дары-дармектерге жана камкордукка көз каранды болуп калышат.

Келиндер да кыймылсыз жашоо калыбына өтүп, ашыкча салмак кошуп, кант диабети, гипертония, кан тамыр оорулары сыяктуу ооруларга эрте курагында эле кабылышат. Натыйжада жаш энелердин арасында алы жок, аз кандуу жана оорулуу, анын ичинде майыптыгы бар балдар көп төрөлүүдө.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда айылдык аймакта 1702 майыптыгы бар адам жашайт, алардын жарымынан көбүн аялдар түзөт. Майыптыгы бар балдардын саны – 256. Бул муниципалитет үчүн олуттуу көйгөй.

Мындай кейиштүү көрүнүшкө күбө болгон Багыш айылдык аймагынын Аялдар кеңешинин төрайымы Анаркүл МАШАЕВА кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте Аялдардын ден соолугун чыңдоо борборун түзүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бирок финансылык колдоо болбогондуктан бул демилге көпкө чейин ишке ашпай келген.

Көйгөй кантип чечилди?

Кыргызстанда көп жылдардан бери жергиликтүү өнүгүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) жергиликтүү демилгелерге конкурс жарыялаганда, Багыштын активисттери – Аялдар кеңешинин мүчөлөрү конкурска катышуу үчүн долбоордук өтүнмө беришип, кароонун жыйынтыгында  100 000 сом өлчөмүндөгү гранттык каражаттарды утуп алышты. Аялдардын ден соолугун чыңдоо борборун ачуу үчүн жай бөлүп берүү өтүнүчү менен алар айыл өкмөтүнө кайрылышып, оң жооп алышкан. Гранттык каражаттар Борбор үчүн керектүү жабдууларды жана спорттук шаймандарды сатып алууга жана орнотууга жумшалды. Демилгечи МАШАЕВА Борборду жабдуу максатында айыл өкмөтүнө кайрылганда, ЖӨБ органдары Сузак райондук өнүктүрүү фондунун дарегине 100 миң сом өлчөмүндө долбоор даярдап, колдоо табышкан. Бүгүнкү күндө Борбор өз ишин улантууда жана ал жерде 200дөн ашык кыз-келиндер машыгышууда.

Практиканын экономикалык таасири

Керектүү спорттук жабдуулар жана шаймандар орнотулгандан кийин, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеткиликтүү баалар белгиленген соң бардык курактагы аялдардын Борборго кызыгуусу байкаларлык өстү. Күн сайын келген катышуучулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 20–30 пайызга өскөн. Бул өзгөрүүлөр айылдагы кыз-келиндердин ден соолугун чыңдоого, жигердүү жашоо образын жүргүзүүгө, коомдук байланыштарын бекемдөөгө чоң салым кошту. Борбор өз максатына жетип, элеттик аялдардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн жайга айланды.

Практиканын социалдык таасири 

  • Социалдык активдүүлүк жогорулады – Борборго айылдагы ар кандай курактагы аялдар жана кыздар келе баштады, бул кошуналардын ортосундагы байланышты бекемдөөгө көмөктөштү; биргелешкен машыгууларды жана иш-чараларды өткөрүү маданияты калыптанды.
  • Борборго келгендердин ден соолугу оңолду – үзгүлтүксүз машыгуулардын натыйжасында айылдагы аялдардын арасында ашыкча салмак, бел жана омуртка оорулары, гипертония сыяктуу көйгөйлөр азая баштады.
  • Жаштардын спортко болгон кызыгуусу артты – Борбордогу заманбап жана ыңгайлуу шарттардан улам кыздар жана аялдар жигердүү жашоо образын тандап, бош убактысын пайдалуу өткөрүп жатышат.
  • Психологиялык абал оңолуп, стресстин деңгээли азаюуда – спорттук машыгуулардын натыйжасында аялдардын маанайы жакшырып, депрессия жана чарчоо деңгээли төмөндөдү.
  • Ролдук моделдин эффектиси – Борбордун ачылышы айылдагы башка социалдык объектилер үчүн үлгү болуп, активисттер жаңы демилгелерди көтөрө башташты.

Практиканын башкаруучулук (административдик) таасири 

Жарандардын ишеними артты – айыл өкмөтү демилгени колдоп, Борбор жабдылгандан кийин тургундардын жергиликтүү бийлик органдарына болгон ишеними артты. Эми тургундар да айыл өкмөттүн башка демилгелерине жигердүү катыша башташты.

Коомдук уюм менен кызматташтыкта маселени ыкчам чечүү боюнча тажрыйба топтолду – көйгөйдү аныктоо, чечимдерди тандоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө процесси системалуу жүргүзүлүп турду. ЖӨБ органдары долбоорду уюштурууда жана ишке ашырууда натыйжалуу башкарууну көрсөтө алышты.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө калктын тартылуусу жогорулады – айыл өкмөтү тургундардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн угуп, аларды чечимдерди табууга тартты. Бул жергиликтүү тургундар менен ЖӨБ органдарынын ортосунда диалогду түзүүгө көмөктөштү.

Жандуу үндөр 

Мунара ПРАТБАЕВА, Багыш айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери: “Бул долбоор айыл өкмөтү менен биздин муниципалитеттин тургундарынын кызматташтыгын бекемдеди. Алардын демилгелери колдоого алынарын көргөн тургундар өздөрү да демилге көтөрүп, башка коомдук иш-чараларды өткөрө башташты”.

Бурул АБДЫКАДЫРОВА, Багыш айыл өкмөтүнүн кызматкери: “Башында аптаптан улам машыгуу кыйын болчу. Бирок эми кондиционер орнотулгандан кийин спорт зал салкындап, көбүрөөк машыгып жатабыз. Күн сайын машыгууга келгенге мотивация бар”.

Чачыкей АБСАЛИЕВА, Октябрь айылынын тургуну: “Спорттук килемдер келип, биз ыңгайлуу машыгып калдык – тизелерибиз оорубайт, тайгаланбайт”.

Жумагүл ЖУСУБАЛИЕВА, Аялдар кеңешинин мүчөсү: “Ден соолукту чыңдоо борборунун шарты оңолгондон кийин балдарды тарбиялап эле үйдө отура бербестен, спорт менен машыгып, ден соолугубузду чыңдап жатабыз. Бул дагы психикалык абалыбызга жакшы таасирин тийгизди”.

Айзада ЮСУБАЛИЕВА, жергиликтүү жаш активист: “Биз үчүн жаңы, коопсуз жана заманбап Борбор ачылды, ал жакка спорт менен машыгып, ден соолукту жакшыртуу үчүн барабыз”.

Каталар жана алынган сабактар

Баштапкы пландоодогу каталар: кондиционердин кубаттуулугун туура эмес эсептегендиктен, биринчи айда залды толук муздатуу мүмкүн болгон жок. Алынган сабак: Кийинки долбоорлордо техникалык эсептөөлөрдү адистерге тапшырып, баштапкы экспертиза жүргүзүү зарыл.

Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүүнүн кечеңдеши: материалдарды жана жабдууларды жеткирүү кечигип, жумуштар белгиленген мөөнөттөн бир жумага кеч бүттү. Алынган сабак: келишимдерди алдын ала түзүш керек, ал эми жеткирүүчүлөрдү так мөөнөттөрдү сактоого жана айыптарды эске алууга милдеттендирүү чечими кабыл алынды. 

 

Окшош материалы: