Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясы тууралуу

2016-04-12 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 28-мартында КР Өкмөтүнүн №155 токтому менен “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясы”, ошондой эле ушул Стратегияны ишке ашыруу Планы бекитилди. Ушул Стратегия Кыргыз Республикасынын калкын таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын жакшыртуу, ошондой эле 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана кабыл алынды. Бул токтом менен КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен, 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Планды аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту берүү тапшырылды.

Стратегия Дүйнөлүк банктын колдоосу менен, Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу максатында иштелип чыккан. Стратегия суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга, башкы проблемаларды чечүүгө, келечектүү багыттарды аныктоого, тийиштүү министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктоого багытталган. Бул Стратегияда негизги түшүнүктөр пайдаланылат.
 
Мында “суу менен камсыздоо” керектөөчүлөрдү жана башка пайдалануучуларды сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз, зарыл болгон өлчөмдө, коопсуздуктун санитардык талаптарына ылайык камсыздоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы катары аныкталган.“Саркынды сууларды чыгаруу” түшүнүгү - үй чарбаларынын жана өнөр жай ишканаларынын аймагынан саркынды сууларды калктуу пункттар үчүн коопсуз жана анын айлана-чөйрөгө кайтып келишинде суунун сапатынын стандарттарына жооп берүүчү ыкма менен чыгарууну камсыздоочу ишчаралардын жана техникалык объекттердин жыйындысы№ Азыркы мезгилде республикалык бюджетте бул секторго капиталдык салым жумшоо үчүн жетиштүү каражат жок, андыктан келечекте эл аралык донорлордун колдоосу зарыл болот.
 
Суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун абалынын деңгээлин көтөрүү үчүн керектүү инвестициялардын болжолдуу көлөмү алдын ала болуп эсептелет. Көз карандысыз тышкы эксперттердин жана улуттук эксперттердин баалоосу боюнча айылдык калкты суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн керектүү инвестициялардын көлөмү 26 млрд. 420 млн. сомдон ашык Бул Стратегияга ылайык 2026-жылга чейин республиканын 425 айылында суммасы 8 млрд. 882 млн. сомду түзгөн суу түтүктөрүн ошондой эле 27 райондук борбордо суммасы 4 млрд. 048 млн. сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда. Шаарларды суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын баштапкы эсептөөлөрүнө ылайык республиканын шаарларынын (Бишкек жана Ош шаарларынан башкалары) суу менен камсыздоо тутумдары үчүн керектүү инвестициялардын көлөмү 9,79 млрд. сомдон ашат.
 
Айылдарда суу менен камсыздоо тутумдарынын жакшыртылышы саркынды сууларды чыгаруу проблемасын курчутту жана саркынды суулардын көбөйүшүнө алып келди, ал эми суу булактарынын андан ары булганышын болтурбоо үчүн тазалоо жана зыянсыздандыруу маселелери техникалык чечимди талап кылат. Тармактык адистердин эсеби боюнча айыл жеринде суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфратүзүмү үчүн керектүү инвестициянын көлөмү 64,7 млрд. сомдун тегерегин түзөт. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана учурдагы абалды эске алуу менен 27 райондук борбордо саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын курууну жана реабилитациялоону караштыруу зарыл. Тармактык адистердин баштапкы эсептөөлөрү боюнча, ушул калктуу конуштарда саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо үчүн керектүү сумма 4 млрд. 048 млн. сомду түзөт.