Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жайыттар жана жайыт комитеттери тууралуу

2016-06-22 / Мыйзам жаӊылыктары
Жайыттар жана жайыт комитеттери тууралуу

2016-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарга).

 Кабыл алынган Мыйзам жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин жана алардын аткаруучу органдарынын – жайыт комитеттеринин ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты жана жайыт комитеттеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айлана чөйрө жана токой чарбачылык органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү, кызматташуусу үчүн шарттарды түзөт.Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жакшыртуу маселесинде, ошондой эле токой фондунун жайыттарын пайдаланууда кызыкдар жактардын конструктивдүү мамилесинде тараптардын кызматташуусу, жергиликтүү бийлик органдары менен коомдук уюмдардын ролун күчтөндүрүү үчүн шарттарды түзүү кабыл алынган Мыйзамдын негизги милдеттери болуп эсептелет.
 
Мыйзам менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди. Анда жайыт маселелери боюнча айылдык кеңештин ыйгарым укуктары кеңейтилип, аларга КР мыйзамдарына ылайык кароо жана жайыттарга тиешелүү башка маселелер боюнча мүмкүнчүлүктөр берилди. Андан кийин “Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Аларга ылайык:
 
  • Мыйзамдын 3-беренесинде жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча комиссиянын курамы жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана айлана-чөйрө жана токой чарбасы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен толукталды;

Мыйзамдын 3-беренеси төмөнкү редакциядагы 5-1-бөлүгү менен толукталды:

  • "51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт билетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн";
  • Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө жайыт комитетинин курамына айлана-чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү кошулду;
  • Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн жаңы редакциясына ылайык, жайыт комитетинин терагасы тиешелүү айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат;
  • Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүндө жайыт билети үчүн бөлүк-бөлүгү менен акы төлөөнүн мөөнөттөрү учурдагы жылдын 1-ноябрына чейин узартылды (буга чейин учурдагы жылдын 1-октябрына чейин белгиленген).
Ушуну менен бирге кабыл алынган мыйзам мөөнөтүнөн кечиктирилген акынын жалпы көлөмүнө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туумду чегерүүнү белгилейт;
 
  • Мыйзамдын 11-беренесинин 3-бөлүгү жергиликтүү бюджетке жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акынын бөлүгүн багыттоону караштырат. Ал болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын көлөмүн эске алуу менен түзүлөт;
  • Мыйзамдын 13-беренеси 2-1-бөлүгү менен толукталган. Ага ылайык, ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.