Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдар жаңырат деп күтүлүүдө

2016-06-19 / Мыйзам жаӊылыктары
ЖӨБ чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдар жаңырат деп күтүлүүдө

("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регалменти жөнүндө" КР Мыйзамдары) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын айрым нормаларын өркүндөтүү максатында даярдалды.

Мыйзамдын долбоору төмөнкү маселелерди чечүүнү караштырат:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын туруктуулугун камсыздоону;
  • ЖӨБ маселелерине тиешелүү ЧУА долбоорлорун муниципалитеттин ассоциациялары менен алдын ала талкуулоо бөлүгүндө ЖӨБ Союзунун жана муниципалдык ассоциациялардын ролун жогорулатууда;
  • ченем чыгаруу демилгелерин ишке ашырууда;
  • ЖӨБдүн аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ар кандай түрдөгү ченемдик актыларды жана ченемдик укуктук актыларды (токтомдорду, чечимдерди, тескемелерди) иш жүзүндө кабыл алуусунда;
  • ЧУА долбоорлорун ачыктоодо жана кабыл алынган ЧУАнын расмий жарыялануусунда.
Айталы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары, жергиликтүү жамааттардын союздары менен консультацияларды жана талкууларды мыйзамда белгиленген тартипте өткөрөт. Анткен менен иш жүзүндө ченем чыгаруучу мамлекеттик органдар ЧУА даярдоодо жана кабыл алууда бул жол-жоболорду сактабайт. ЖӨБ органдары, ошондой эле алардын ассоциациялары/союздары маалыматка жетпей калышууда.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарын кынтыксыз сактоо ЖӨБдүн ченемдик укуктук базаларына тең салмактуу жана туруктуу мамиле жасоого алып келет.
 
Ушул тапта ченемдик укуктук актылар биринин артынан бири кабыл алынууда, кырдаал жеринде терең изилденбейт, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн пикирлери эске алынбай, ЧУА долбоорлору пакет түрүндө киргизилет. Мунун натыйжасында кабыл алынган айрым ченемдик укуктук органдар иш жүзүндө реалдуу турмушка коошпой калууда. Ошентип, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарын күчөтүүнүн алкагында мыйзамдарда ЖӨБО жана/же алардын бирикмелери жана союздары менен консультацияларды жана талкууларды өткөрүүдө ченем чыгаруучу мамлекеттик органдарга коюлган талаптарды кеңейтүүнү, ЧУА долбоорлорунун негиздеме каттарында тийиштүү ЖӨБ органдары жана/же алардын ассоциациялары, союздары менен консультациялардын жана талкуулардын жыйынтыктарын чагылдырууну сунуштайбыз. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 14-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө болсо төмөнкүлөрдү белгилей кетүү зарыл: бул өзгөртүү облустук жана республикалык маанидеги шаарларда колдонулбай турган ченем чыгаруу демилгесинин жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.
 
Анткени 14-берененин колдонуудагы редакциясына ылайык, жергиликтүү ченем чыгаруучу (элдик) демилге укугуна жергиликтүү жамааттын үчтөн биринен кем эмес мүчөсү ээ. Бул болсо мисалы, Бишкек шаарында 300 миң тургунду түзөт. Айрым ЖӨБ органдарынын ишине жүргүзүлгөн анализ “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын нормалары ар түрдүү чечмеленип жатканын көрсөтүүдө. Мыйзамдын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктун жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары, АӨ башчылары ар башкача чечмелеп келишет. Айталы, жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу органынын иши тууралуу отчетту угуу ЖӨБдүн аткаруучу органынын аппаратынын ар бир кызматкеринин отчетун угуу дегенди билдирет деп эсептешет. Буга байланыштуу аппараттын ар бир кызматкерине жергиликтүү кеңештин алдында отчет берүүнү сунушташат. Бул болсо максатка ылайыктуу эмес.Анткени “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 44-бер. 1-б. 8-п. жана 50-беренесинин 2-п. ылайык, ЖӨБдүн аткаруучу органы-нын башчысы өзү (шаар мэри жана АӨ башчысы) шаардагы, айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жанабюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарын колдонуу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо тууралуу жарым жылда бир жолудан аз эмес жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет.
 
Жогоруда аталган маселени чечүү жана мыйзамдын нормаларын иш жүзүндө туура колдонуу максатында 31-берененин 6-пунктун конкреттештирүүнү сунуштайбыз. Ушул тапта айылдык кеңештер өткөргөн сессияларга жасалган анализ алардын ишин жана чечим кабыл алуу жол-жоболорун уюштуруу туура эместигин көрсөтүүдө. Көпчүлүк айылдык кеңештерде сессияны өткөрүү процесси чогулуштарга окшошуп кетет. Көпчүлүк АК сессияда каралчу маселелерди туруктуу комиссияларга алдын ала каратпастан жана алар боюнча тийиштүү тыянактарды жана документтерди даярдабастан алып чыгышат. Натыйжада узакка созулган талаш-тартыштардан кийин профилдик туруктуу комиссиялардын корутундусу жок эле мыйзамдардын нормаларына карама-каршы келген чечимдер кабыл алынып калууда. Ошондой эле иш жүзүндө шаардык кеңештерде фракциялардын, же азчылыктардын фракция коалицияларынын мүчөлөрү бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын курамына гана кирүүгө умтулушат. Анткени бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиялардын курамына азчылыктардын өкүлдөрү гана кире алат деп эсептешет.
 
Мындан тышкары иш жүзүндө шаардык кеңештердин фракциялары көпчүлүк жана азчылык фракцияларына бөлүнгүсү келбегенин, биримдикти жана туруктуулукту сактоо үчүн баары көпчүлүк фракциялардын коалициясына гана биригүүнү каалайт. Бул болсо мыйзамдарда так жөнгө салынган эмес. Буга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди жөнгө салуу максатында Мыйзамдын 32-беренесин конкреттештирүүнү сунуштайбыз. “КР ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамдын 33-1-беренесинин талаптарына ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 32-беренесин 11-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз. Анткени “КР ченемдик укуктук актылар жөнүндө” КР Мыйзамынын 33-1-беренесине ылайык, ченем чыгаруучу органдар (кызмат адамдары) КР Өкмөтүтуруктуу негизде белгилеген тартипте кабыл алган ченемдик укуктук актыларга мониторинг жана баалоо жүргүзүшөт. Бул болсо өз аракеттеринин натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн аныктоо максатында жасалат. Ченемдик укуктук актыларга мониторингди жана баалоону жүзөгө ашырууга көз карандысыз эксперттер жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү тартылат.
 
Ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугу жана эффективдүүлүгү төмөн болгонун тастыктаган мониторинг жана баалоо тууралуу маалымат аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, же коомдук мамилелердин бул чөйрөсүн дагы да натыйжалуу жөнгө салган жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелет. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамдын 35-беренеси, 37-беренесинин 9-10-бөлүмдөрү менен сунушталган өзгөртүүлөр айылдык кеңештер үчүн дискриминациялык нормаларды алып салуну караштырат. Муну менен айылдык кеңештин төрагасы үчүн шаардык кеңештердин төрагаларына барабар айлык акыны белгилөө сунушталат. Мындан тышкары айылдык кеңештерге кошумча штаттык бирдик – АК жооптуу катчысы кызматын киргизүү, анын айлык акысы шаардык кеңештердин жооптуу катчыларыныкына барабар кылуу сунушталат. Мындай сунуштарды КР ЖК Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынынын катышуучулары берген. Ошондой эле муну Жогорку Кеңештин депутаттары сөз сүйлөгөндө сунушташкан.
 
КР Юстиция министрлигинин айрым аймактык органдары бүгүнкү күндө ЖӨБ органдарынан ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу үчүн укук нормаларын камтыган жергиликтүү кеңештин токтомдорун, б.а., адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана бир нече жолу колдонууга эсептелген жалпы үчүн милдеттүү болгон жүрүм-турум эрежелерин гана жиберүүсүн талап кылышууда. Ошол эле кезде Юстиция министрлигинин айрым аймактык органдары жана прокуратура органдары ЖӨБ органдарынан жергиликтүү кеңештин бардык токтомдорун жарыялоону жана ЧУАны Мамлекеттик реестрге кошуу үчүн жиберүүнү талап кылышууда. Анткени алар бул токтомдордун баары ченемдик укуктук акты болуп эсептелет деген пикирди карманышат.Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештер өз компетенциясына кирген тигил же бул маселелер боюнча токтомдорду кабыл ала турганы бардык жерде көрсөтүлгөн. Бирок жергиликтүү кеңештер түрдүү мүнөздөгү токтомдорду кабыл алса болору эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Башкача айтканда ЧУА болуп эсептелген токтомдор жана жөн гана укуктук актыга кирген токтомдор бар.
 
Тилекке каршы КР Өкмөтү жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын жарыялоо жана каттоо тартиби гана жөнгө салынган. Ал эми жергиликтүү кеңештердин укуктук мүнөзгө ээ болгон токтомдорун жарыялоо жана каттоо тартиби жөнгө салынбаган бойдон кала берүүдө. ЖӨБ органдары өтө кыйчалыш абалда калышты. Анткени баарында эле документтерди ЧУА жана укуктук акты деп ажырата алган квалификациялуу юристтер боло бербейт. Жеринде айрым документтер боюнча талаштуу кырдаалдар түзүлүүдө. Мисалы, жергиликтүү бюджетти бекитүүнү кайсы жагына киргизсе болот – ЧУАгабы же укуктук актыгабы? Анткени ал ЖӨБдүн аткаруучу органынын гана колдонуусу үчүн киргизилген. Ошол эле маалда ага адамдардын аныкталбаган чөйрөсү, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү да кызыгышы мүмкүн. Мындай түрдөгү документтер жеринде көп болушу мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү кеңештер кабыл ала турган чечимдерди так бөлүп кароо зарыл. Бул болсо мыйзам долбоорунун ушул редакциясында сунушталган: ЖӨБдүн аткаруучу органдары окшош маселелер боюнча ар кандай ченемдик актыларды иш жүзүндө кабыл алуу маселелери (токтомдор, чечимдер, тескемелер).
 
Тилекке каршы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы ЖӨБдүн аткаруучу органдары укуктук актылардын кайсы түрлөрүн же формаларын чыгарыш керектигин көрсөткөн эмес. Бул маселени жөнгө салган жалгыз документ болуп “КРда иш өндүрүшү боюнча Типтүү нускама” эсептелет. Аны КР Өкмөтү 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекиткен.Анда министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге иш өндүрүшүн Типтүү нускама боюнча жүргүзүү сунушталган. Анткен менен бул документ мекемелерде даярдалган буйрук берүүчү документтердин жалпы тизмегин гана берет. Типтүү нускамага ылайык, ЖӨБ органдарынын буйрук берүүчү документтерине “токтомдор, чечимдер, тескемелер” кирет. Коллегиалык башкаруунун негизинде иш алып барган мекемелерге “токтомдор (чечимдер) жана тескемелер” киргизилген. Ушуну менен бирге Типтүү нускамада кабыл алынган буйрук берүүчү документтердин мүнөзү, ошондой эле бул документтер кабыл алынган багыттар сүрөттөлгөн эмес. Буга байланыштуу ЖӨБдүн аткаруучу органдары жеринде бир эле маселе боюнча ар түрдүү укуктук актыларды кабыл алып келишет.
 
Мисалы, эгерде Жалал-Абад облусундагы айрым АӨ башчылары жер участокторун бөлүү маселелери боюнча “АӨ чечимдерин” кабыл алса, Ысык-Көл облусундагы айрым АӨ башчылары ушул эле маселелер боюнча “АӨ токтомдорун” кабыл алышууда. Бүгүнкү күндө ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын укуктук актыларды бир түрдүү кол-донуусу жана кабыл алуусу үчүн так стандарттар жана формалар жок. Ошондуктан мыйзам долбоору ЖӨБдүн аткаруучу органдары өз компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерди токтомдор жана буйруктар формасында белгилеп коюуну сунуштайт. Ал токтомдор жана буйруктар шаар мэри/ айыл өкмөт башчысы кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет. Мындан тышкары өздөрү кабыл алган укуктук актыларды жокко чыгаруу боюнча ЖӨБдүн аткаруучу орган башчыларынын ыйгарым укуктарын толуктоо зарыл деп эсептейбиз. Мыйзамдарда мындай түрдөгү нормалардын болбогонунан улам көпчүлүк ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын башчылары өздөрү кабыл алган укуктук актыларды жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алууда ыйгарым укукка ээ болбогонун айтышат, же бул маселени соттук тартипте гана чечсе болот деп эсептешет.
 
Мыйзамдардагы карама-каршылыктарды болтурбоо жана аны иш жүзүндө туура колдонуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 41-беренесинде 3-1-пунктун башка редакцияда баяндоону сунуштайбыз. “КР ЧУА жөнүндө” КР Мыйзамынын 33-1-беренесине ылайык, ченем чыгаруучу органдар (кызмат адамдары) өз иштеринин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо максатында КР Өкмөтү белгиленген тартипте өздөрү кабыл алган ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзүшөт. Ченемдик укуктук актыларга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат. Ченемдик укуктук актылардын ишинин эффективдүүлүгү жана натыйжалуулугу төмөн болгонун тастыктаганы тууралуу маалымат аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, же коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүн дагы да эффективдүү жөнгө салган жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелет. Мындай учурда шаардык кеңеш кабыл алган социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна мониторинг жа баалоо жүргүзүү боюнча шаар мэриясына ыйгарым укуктарды берүү туура эмес болуп калат.
 
Анткени шаардын СЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын шаардын мэриясы иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин ишке ашырат. Мындай учурда мыйзам шаар мэриясын өзүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө милдеттендирет. Бул болсо максатка ылайыктуу эмес жана кабыл алынган мыйзамдын онцепциясына карама-каршы келет.Мыйзамдын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда “бир жолудан кем эмес” деген сөздү “бир жолу” деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз. Анткени колдонуудагы нормада ЖӨБдүн аткаруучу органы жергиликтүү кеңештин алдында алты айда бир жолудан кем эмес отчет бере турганы айтылат. Ушул норманы карманып, көпчүлүк жергиликтүү кеңештер аткаруучу органдын башчыларынан отчетту ай сайын, айрым жергиликтүү кеңештер квартал сайын талап кылышат. Бул болсо аткаруучу органдын ишине бир кыйла тоскоол болууда. Мындан улам аткаруучу орган жергиликтүү кеңешке отчетту жарым жылда бир жолу тапшырганы дагы оптималдуу жана максатка ылайыктуу болмок деп эсептейбиз.“ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамдын 41-беренесинде жана 47-беренесинде 3-1 жана 1-1-пункттарын иш жүзүндө туура колдонуу максатында тактап коюуну сунуштайбыз.Мындай учурда ушул пунктка тиешелүү үч маселени тактоо зарыл:
 
  •  айыл өкмөт башчысы кимдин алдында отчетту же маалыматты берет;
  • айыл өкмөт башчысы отчетту же маалыматты эл алдында берет;
  • калк айыл өкмөт башчысынын маалыматы менен кантип тааныша алат.
Биринчи маселе боюнча бир нерсени такташ керек: айыл өкмөт башчысы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу жергиликтүү жамаатка отчетту эмес, маалыматты берет. Б.а., калкка берет. Анткени айрым айыл өкмөттөрү муну ар башка чечмелей алышат. Экинчи маселе боюнча бир нерсени такташ керек: айыл өкмөтү жергиликтүү жамаатка отчет эмес, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Ал эми айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчикти колдонуу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңешке жарым жылда бир жолу отчет берет. Берилген отчеттун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңеш АӨ башчысынын отчетун канааттандыруу же канааттандырбоо тууралуу чечим кабыл алат.
 
Эгерде АӨ башчысынын отчету канааттандырылбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттары АӨ башчысына ишеним көрсөтпөй коё алат. Ушуну менен бирге жергиликтүү жамааттын айыл өкмөтүнүн отчетун канааттандырарлык эмес деп расмий таануу жана АӨ башчысына ишеним көрсөтпөө укугу мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес. Үчүнчү маселе боюнча: калкка иш-чарага чейин жана андан кийин, айыл өкмөтүнүн аймактын СЭӨ программасынын аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү зарылчылыгы тууралуу жобону тактап, толуктоо керек. Б.а., жергиликтүү жамаатта маалымат менен таанышуу, ал боюнча кошумчаларды жана сунуштарды берүү үчүнжеткиликтүүлүк болуш керек. Бул нерсе ушул нормада каралган эмес. Конституциянын 111-беренесине жана "ЖӨБ жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:
 
  • жергиликтүү кеңештер (айылдык, шаардык, райондук) - өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;
  • айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.
Ушуну менен айрым маселелер боюнча мыйзамдардын талаптары шаар мэриясы үчүн да, айыл өкмөтү үчүн да тең өлчөмдө белгилениш керек. Анткени мыйзамдарда шаардык жана элеттик муниципалитеттерге бирдей статус берилген. Буга байланыштуу “ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамдын 50-беренесинде айыл өкмөт башчысына шайлан-гандан кийин үч айдын ичинде аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун айылдык кеңешке берүү тууралуу ыйгарым укук ыйгарууну сунуштайбыз.ЖӨБдүн айрым өкүлчүлүктүү органдарында жергиликтүү кеңештин кээ бир депутаттары туруктуу комиссиялардын курамына кирүүдөн жана алардын ишине катышуудан баш тартып келет. Анткени Мыйзамдын 7-беренесиндеги талапты аткарууга милдеттүү эмес деп эсептешет. Буга байланыштуу “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын милдеттерин тактап, алар тиешелүү туруктуу комиссиялардын курамына милдеттүү түрдө кирип, депутаттык ишин аткарышы керектигин белгилеп коюуну сунуштайбыз.
 
“Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-23-беренелеринин талаптарына ылайык, кабыл алынган ЧУА гана эмес, ошону менен бирге ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдарынын ЧУА долбоорлору да коомдук тал-кууга коюлуш керек. Бул болсо ЧУА долбоорунун текстин жарыялоо жана ага жергиликтүү жамааттын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу ишке ашат. ЧУА долбоорлорун коомдук талкууга коюу мөөнөтү жарыяланган күндөн тарта бир айдан кем эмес болот. Ушуну менен бирге Мыйзам ЧУА долбоорлорун ЖӨБ органдарынын, мамлекеттик органдардын расмий сайттарында, же жергиликтүү гезиттерде жарыялоону талап кылат.Бул маселе кабыл алынган ЧУАны жарыялоого, аны менен катар кабыл алынган ЧУАны мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын расмий сайттарында жана жергиликтүү ММКда жарыялоого да тиешелүү. Анткен менен ЖӨБ органдарынын, маморгандардын расмий веб-сайттарында, жергиликтүү ММКда ЧУА долбоорлорун же кабыл алынган ЧУАнын текстин жарыялоо ачыкка чыгаруунун максатына толук кандуу жетпейт. Б.а., жергиликтүү калкка өз сунуштарын киргизүү же иш жүзүндө колдонуу үчүн кабыл алынган ЧУАнын тексти менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүн бербейт.
 
Анткени бардык эле райондордо интернет байланыш боло бербейт. Ошондой эле калктын басымдуу бөлүгү алыскы аймактарда жана бийик тоолуу райондордо жайгашкандыктан компьютердик техника менен колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. Мындан тышкары ЖӨБ органдарына веб-сайтты ачып, аны талаптагыдай деңгээлде улам жаңылап туруу үчүн кошумча чыгымдар жана штаттык кызматкер зарыл. Муну болсо көпчүлүк дотациядагы ЖӨБ органдары жасай албайт. Атүгүл облустук жана райондук гезиттер адатта айына эки жолу гана чыгып турат. Алар алыскы муниципалитеттерге жакшы дегенде 5-10 күндөн кийин жетет. Буга байланыштуу ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын эсепке алып, ошондой эле жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздап, кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды жана алардын долбоорлорун расмий жарыялоонун жолдорун жакшыртуу боюнча тапшырманы толук кандуу аткаруу үчүн бул документтердин тексттерин жергиликтүү кеңеш аныктаган атайын жерлерге (маалымат такталарына, стенддерге) жайгаштыруу керек. Бул ыкма жергиликтүү калктын кабыл алынган же кабыл алынууга даярдалып жаткан ченемдик укуктук актыларына чындап жетүүсүн камсыздап, маалымдуулукту жакшыртып, ЖӨБ органдарынын убактысын жана ресурстарын үнөмдөйт.