Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине кол коюлду

2016-06-14 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул мыйзамдар бюджеттик процессти оптималдаштырууга жана өлкөнүн бюджеттик мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган.

Бюджеттик кодекстин кабыл алынуусу менен бюджеттик чөйрөдөгү бардык мыйзамдар биринчи жолу бирдиктүү кодекске бириктирилди жана буга чейинки карама-каршылыктар жоюлду.Бюджеттик кодекс мыйзамдардагы ар башка болуп калган нормаларды олуттуу түрдө кайра иштеп чыгуу жана бирдиктүү ченемдик комплекске чогултуу, бирдиктүү коддолгон мыйзам чыгаруу актысын кабыл алуу зарылчылыгына байланыштуу даярдалган. Ал мыйзам чыгаруу актысы өлкөнүн бюджеттик мыйзамдарынын негизи болуп калат. Кыргызстандын бюджеттик процессин дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу жана прогрессивдүүжаңычылдыкка адаптациялоо үчүн бюджеттик про-цессти оптималдаштыруу жана бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү Бюджеттик кодексти иштеп чыгуунун максаты болуп эсептелет.
 
Бюджеттик кодекс республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттик инвестицияларды, мамлекеттик жана муниципалдык карызды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин түзүү, карап чыгуу, бекитүү, тактоо жана аткаруу процессинде мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө пайда болгон мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуунун негиздерин белгилейт. Ошондой эле бюджеттик процесстин катышуучуларынын статусун жана бюджеттик мыйзамдарды бузганы үчүн жоопкерчиликтин укуктук негиздерин аныктайт. Бюджеттик кодексти кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү өңдүү стратегиялык тапшырманы аткарууда. Ал тапшырма – эффективдүү ачык-айкын бюджеттик системаны түзүү, аны экономикалык өсүшкө дем берүүгө багыттоо, бюджеттик чыгашалардын натыйжалуулугу жана мамлекеттин өз функцияларын эффективдүү ишке ашыруусу.Бюджеттик мыйзамдарды андан ары реформалоо максатында Бюджеттик кодекске төмөнкүдөй негизги багыттар киргизилген:
 
  • жарандардын бюджеттерди түзүү маселелерин талкуулоого ачык катышуусун жана бюджеттерге мониторинг менен көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо, бул укукту ченемдик акты менен бекитүү;
  • КР Жогорку Кеңештин контролдук ыйгарым укуктарын күчөтүү;
  • республиканын бюджеттик системасындагы бюджеттерди түзүүгө, бекитүүгө жана аткарууга карата негиз салуучу талаптарды жана бюджеттик принциптерди киргизүү;
  • бюджеттик системаны, бюджеттик процессте колдонулган аныктамаларды жана терминдерди, бюджеттерди түзүү жана аткаруу жолжоболорун так регламенттештирүү;
  • бюджеттик пландоонун негиз салуучу механизмдерин, ошондой эле жыйынтыкка багыт алган программалык-максаттуу бюджеттөөнү киргизүү;
  • бюджеттик процесстин айкындуулугун камсыздоо жана бюджетти түзүү, аткаруу циклдеринде коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу;
  • жөнгө салуунун айкын аспаптары бар бюджеттер аралык мамилелердин эффективдүү системасын түптөө;
  • ролдорду жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, бюджеттик процесстин катышуучуларынын жоопкерчилигин бекитүү;
  • бюджеттер ортосунда чыгымдоочу милдеттенмелерди бөлүштүрүү;
  • региондордун ырааттуу өнүгүүсү;
  • өнүгүү максатына багыт алган бюджеттик инвестицияларды аныктоо.Бюджеттик кодекске киргизилген төмөнкү багыттарды бөлүп кароо да өтө зарыл:
  • мамлекеттик карыздын чоңдугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык көрсөткүчтөрдү эсепке алуу менен аныктайт;
  • мамлекеттин финансы милдеттенмелерин өзгөртүү, республикалык бюджеттен каржыланган бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүү,же анын ресурстарын кыскартуу тууралуу мыйзамдардын долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл алынат деген норма так аныкталды;
  • атайын каражаттарды эсептөө системасы реформаланды. Мындан ары алардын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмек боюнча аткарылган жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган каражаттар гана кошулат;
  • сот системасынын жана Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын бюджеттерин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү каралды;
  • Милдеттүү социалдык камсыздандыруу фондунун бюджети өз алдынча болуп калды жана мындан ары Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен бекитилет.
Бюджеттик кодекс 2017-жылдын 1-январынан тарта “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен күчүнө кирет. Бирок бул Мыйзамдын 87-беренеси (“Бюджеттик программалардын эффективдүүлүгүн баалоо”) гана 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын 4 негизги Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.Алар: “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Казыначылыгынын негизги жоболору жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө” мыйзамдары.