Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Монголиядан келген делегация бюд- жеттик процессте жарандык катышуу чөйрөсүндөгү кыргызстандык БӨУ тажрый- басы менен таанышууда

2016-08-16 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Монголиядан келген делегация бюд- жеттик процессте жарандык катышуу чөйрөсүндөгү кыргызстандык БӨУ тажрый- басы менен таанышууда

2016-жылдын 26-майында Бишкекте ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өкүлдөрү Монголиядан келген конокторго Долбоордун максаттары жана тапшырмалары, Кыргыз Республикасында аны ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу айтып беришти

Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессинде айкындуулукту жана жарандык катышууну камсыздоо жаатындагы учурдагы абал талкууланды. Монголиядан келген делегациянын жетекчиси, Монголиянын Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары БАНЗААРАЙ Нэргуй буларды белгиледи: “Сапарыбыздын жүрүшүндө биз Кыргызстандын түз демократиянын укктук негиздерин жана чечим кабыл алууга жарандардын катышуусун камсыздоо жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүп жатабыз. Монголия Президентинин демилгеси боюнча, биздин өлкөдө бийлик органдарынын калк алдындагы отчеттуулугун жогорулатууга жана жарандардын чечим кабыл алууга, жергиликтүү элдик ченем чыгаруучулукка катышуу укугун ишке ашырууга багытталган мыйзамдар кабыл алынган”. Бул сапарды децентралдаштыруу реформалары жана демократизациялоо процессинде Монголия Өкмөтүнө көмөктөшүүнүн алкагында Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) уюштурду. 

Окшош материалы: