Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл чарба багытындагы жерлердин бөлүнбөстүгү жөнүндө

2016-11-07 / Мыйзам жаӊылыктары

2016-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган. Аталган Мыйзамдын демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутатыӨ.Ч.ТЕКЕБАЕВ.

Кабыл алынган Мыйзам айыл чарба багытындагы жерлердин бөлүнбөстүгүн жана максаттуу пайдаланылышын камсыздоого, айыл чарба багытындагы жерлердин белгилүү бир өлчөмүн мыйзамдар менен бекитип берүү жолу менен фермердик чарбаларын ирилештирүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле жерлерди бир категориядан экинчисине эч жүйөсүз өткөрүүлөрдү азайтууга багытталган. Мыйзамдын демилгечиси белгилегендей, республикада сугат жерлерге курулуштарды жүргүзүү фактылары аз эмес жана өзүм билемдик менен басып алууларды болтурбоого багытталган чаралардын кабыл алынгандыгына, жерди бир категориядан башка категорияга өткөрүүгө мораторий киргизилгендигине карабастан шаарлардын жана айылдардын айланасында айыл чарба багытындагы жерлердин көлөмү тездик менен кыскарууда. Мыйзамдын демилгечиси мунун бир себеби болуп айыл чарба багытындагы жерлердин бөлүнбөстүгүн камсыз кылган мыйзам менен бекитилген ченемдердин жок болгону деп эсептейт. Ошого байланыштуу ири аянттагы мындай жерлери бар көптөгөн менчик ээлери бир жолку пайданы алуу максатында аларды майда участкаларга бөлөт жана жеке адамдарга менчик үй курууга сатып жиберишет. Демилгечи мамлекеттин негизги байлыгы болгон жерге мындай мамиле жол берилбеш керек деп эсептейт. Ошону менен бирге демилгечи белгилегендей, мындан ары фермердик чарбалардагы жерлер ирилениши, айдоо жерлердин аянты көбөйүшү гана керек. Ал үчүн айыл чарба багытындагы жерлердин, бөлүнгүс болуп саналган белгилүү бир өлчөмүн мыйзам аркылуу бекитүүнү, муну менен фермердик чарбалардагы жерлердин ирилешишине жана көбөйүшүнө ыңгайлуу болгон шарттарды түзүш керектигин сунуштады.

Демилгечи буга байланыштуу жана көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн зарылдыгын түшүнүп, КР Жер кодексине жана “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.Айталы, жаңы редакциядагы Жер кодексинин 72-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мындан ары “5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат. 5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес”. “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-16-беренелерине ылайык, «15-берене. Айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн менчик ээси мамлекеттик алымды төлөбөстөн, ушул Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын эске алуу менен аны сатууга укуктуу. 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн. Жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес. 16-берене. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу. Менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес”.