Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ЖӨБОнун ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири

2017-03-26 / Мониторинг жана баалоо
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ЖӨБОнун ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири

Бул макала элеттик муниципалитеттерде биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (мындан ары – БМжБТ) ишинен пайдага байланыштуу бир катар татаал суроолорго жооп берүүгө аракет жасайт. Бул суроолордун арасында, мисалы, төмөнкүлөр бар: БМжБТ мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде айкындуулуктун, ачыктыктын жана отчеттуулуктун жакшыруусуна чындап эле көмөктөшүп жатабы? Айыл өкмөт башчыларына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана айыл жашоочуларына БМжБТ кандай жардам көрсөтүп жатат? БМжБ топторунун келечеги кандай болот?

Бул макала үчүн маалымат чогултуу максатында 2017-жылдын февраль айында төрт айылдык аймакта үч максаттуу аудитория (топтор) менен 12 маектешүү өткөрүлгөн. Алар: АӨ башчылары, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары; айыл жашоочулары; БМжБТ мүчөлөрү. 2015-жылдын жаз мезгилинен баштап Чүй облусундагы муниципалитеттер жергиликтүү жамаатты чечим кабыл алуу процессине, бюджеттик процесске, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү, жашоочулар үчүн артыкчылыктуу маселелерди чечүү процессине тартып келишти. Бул иштер Жарандарды бюджеттик процесске катышуу моделин жайылтуунун алкагында Долбоордун өнөктөштөрү болгон 12 максаттуу муниципалитетте жигердүү түрдө жүргүзүлүп келди. Аталган модель жамааттын муктаждыктарын аныктоону, ЖӨБ органдарынын ошол муктаждыктарды канааттандыруу боюнча иш-аракеттерди пландаштыруусун караштырат. ЖӨБО бул иштерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана жарандардын жигердүү катышуусу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча өз милдеттенмелеринин алкагында аткарат. Өзгөчө жигердүү жарандар ЖӨБ органдарына артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен жетишкендиктерге, ЖӨБ органдарынын ишинин жыйынтыктарына көз салып, баалап турууга жардам беришет. Бул активисттер – биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) мүчөлөрү. Бул топтор айылдык кеңештин Токтому менен түзүлөт.
Эрежеге ылайык, топтор 7-9 кишиден турат, алардын арасында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, БӨУ, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жамааттагы абройлуу адамдар бар. Айылдык аймактын чегинде өткөрүлгөн ишчараларга мониторинг жүргүзөөрдөн мурда БМжБТ мүчөлөрү окуудан өтүшөт. “Жамааттарда мониторинг жүргүзүү жана өткөрүү” деп аталган бир күндүк тренинг БМжБТ мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү, топтун мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттенмелери боюнча негизги талаптарды билип алууга жардам берет. БМжБ мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн инструментарийлери менен иштөө үчүн баштапкы билимге жана көндүмдөргө ээ болушат. ТренингдердеБМжБ тобунун мүчөлөрү мониторинг боюнча план жана график түзгөндү, мониторингдин жыйынтыктары боюнча отчет даярдаганды жана мониторинг боюнча башка бир катар маанилүү маселелерди чечкенди үйрөнүшөт. Бардык максаттуу 12 муниципалитеттеги БМжБ топтору үчүн окуулар даяр иш пландары менен жыйынтыкталды. Ага жергиликтүү маанидеги маселелерди – жамааттардын артыкчылыктарын чечүү боюнча пландардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, АӨ чогулуш тууралуу жарыяны “өзүнүн элпек жакын адамдары” же “дүжүр активисттер” үчүн гана эмес, бардык жашоочулар үчүн да жайгаштырганына ынануу максатында чогулуштардын уюштурулганына жана өткөрүлгөнүнө мониторинг жүргүзүү боюнча аныкталган иш-чаралар кирди. БМжБ топторунун мүчөлөрү жарыялар айылдын борборунда гана эмес, четинде да болуп-болбогонун текшеришти. ЖӨБ органдары конкурс аркылуу жалдаган подрядчылар аткарган ремонттук иштерге жүргүзүлгөн мониторинг өзгөчө маанилүү болду.
Жамааттын катардагы өкүлдөрүнүн мындай жумуштарга жүргүзүлгөн мониторингге катышуусу айыл өкмөтүнө же мэрияга жумуштардын графикке ылайык аткарылышын дыкат көзөмөлдөөгө жардам берет.Активисттер көзөмөлдөөгө жигердүү катышкан чакта подрядчылар ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, алган акысына жараша ишти бүтүрүүгө умтулушат. БМжБТ иши тууралуу маалымдуулук Сурамжылоолор көрсөткөндөй, БМжБТ мүчөлөрү тууралуу маалымдуулук бардык топтордо ар башкача болгон. БМжБ топтору тууралуу баарынан жакшы ЖӨБО жетекчилери кабардар болушкан. Дээрлик бардык АӨ жетекчилери “БМжБТ мүчөлөрүн тааныйсызбы?” деген суроого алардын аты-жөнүн атап, иштеген жерин жана коомдук статусун (АК депутаты, АӨ кызматкери, жергиликтүү жамааттын лидери) айтып беришкен. Бул табигый көрүнүш. Анткени дал ушул ЖӨБ органдарынын жетекчилерине БМжБТ баарынан көп суроо берет, маалымат суратып алат, жамаатка берилген убадалардын аткарылышын талап кылышат. Кокустан тандалып алынган жамаат мүчөлөрүнүн БМжБТ тууралуу маалымдуулугу орточо 41,8% түздү. БМжБТ тууралуу маалымдуулук жөнүндө пикирлер арасындагы айырмачылык минималдуу 22,2 пайыздан максималдуу 80,0% түздү. БМжБТ тууралуу эң көп маалыматка ээ жамаат Юрьевка айылдык аймагында болду (80,0%). Атүгүл айылда жашоочулардын көйгөйлөрү кантип чечилип жатканына мониторинг жүргүзгөн топ бар болгонун билген адамдар 20% болсо да, бул топтун бир жарым жылдык тажрыйбасы үчүн жакшы жыйынтык. БМжБ топтору жасаган иштердин болгон түрлөрүн санап бере албаган ЖӨБ органдарынын жетекчилери болду.
Топтордун лидерлери ушунун үстүнөн ишти улантышы керек. Алар мониторингдин жыйынтыктары тууралуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарына үзгүлтүксүз (квартал сайын) маалымат берип, зарыл болгон чакта ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды жана жыйынтыктарды аткаруучуларга берип турушу керек. Калк үчүн БМжБ топторунун иши тууралуу маалымат эрежеге ылайык чогулуштарда берилет. Бул абдан туура. БМжБ топтору бардык чогулуштарда жана курултайларда дайыма чыгып турушу керек, алар артыкчылыктуу маселени чечүү боюнча, өнүктүрүү пландарынын аткарылышы боюнча ЖӨБ органдары чындап кандай иштерди жасап жатканы тууралуу маалыматтын туруктуу альтернативалуу булагы болуп калууга тийиш. Маалымат такталарына жана сайттарга текшерүүлөрдүн, мониторинг сапарларынын жыйынтыктары, б.а., БМжБ топторунун иши тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу зарыл. БМжБТнын баалосу. БМжБТ менен ЖӨБ органынын кызматташтыгы БМжБ тобунун ишинин жыйынтыктарын баалоо дагы сурамжылоонун предмети болуп калды. “Мониторинг жүргүзүүнүн пайдасы канчалык болду?” деген суроого 12 кишинин алтоо гана жооп бере алышты. Алар конкреттүү мисалдарды кел- тиришти. Мисалы, Александровка АА БМжБТнын сунуштарынан кийин бардык үч айылда тең жаңы маалымат такталарын кайра орнотушкан. БМжБТ мүчөлөрүнүн кыраакылыгынын арты менен асфальт өз убагында төшөлгөн, б.а., подрядчы каалагандай жаан-чачын убагында эмес. Мониторинг маалында активисттер буга жол берген эмес.
Ак-Башат АА БМжБТ мүчөлөрүнүн кийилигишүүсүнөн кийин суу токтобогон колонка оңдолгон, анын тегерегиндеги тоңуп калган муз тазаланган. Александровка жана Юрьевка айылдык аймактарында клубдун төшөлмөсү жана дубалдары сырдалган, ошондой эле подрядчы техникалык көзөмөлдү түзгөндөн кийин гана эмес, БМжБТ текшергенден кийин да өткөрүп алуу актысына кол коюу тууралуу АӨ башчысынын сунушуна эч каршылыксыз макул болгон. Боролдой айылдык аймагында подрядчы ремонттолуп жаткан объекттин дубалдарын жана плинтусун оңдогон. Сурамжылоонун катышуучуларына кызыкту суроо узатылган: БМжБТ тарабынан мониторинг жүргүзүлбөсө, анда эмне болмок? БМжБТнын жоктугу ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына терс таасирин тийгизмек. Бул ошондой эле айыл жашоочулары тарабынан ЖӨБ органына карата нааразылыктын жана ишенбестиктин пайда болуусуна шарт түзмөк. Мисалы, Александровка айылдык аймагынын АӨ башчысынын орун басары эгерде БМжБТ болбогондо маалымат такталарында жайгаштырылган маалымат жылдап жаңыланмак эмес деп айткан. Юрьевка айылдык аймагынын АӨ башчысы АК депутаттары менен элеттиктер, айыл өкмөт башчысы менен депутаттар ортосунда чоңпикир келишпестиктер пайда болмок деп божомолдоду. Сурамжылоонун катышуучусу, Боролдой АА жашоочусу “эч кандай кыймыл-аракеттер болбой, мындан улам эч кандай өсүш жана прогресс болбогондуктан бардык чөйрөлөрдө жылыш да байкалмак эмес” деген пикирин айтты. Сурамжылоонун катышуучусу, айылдык аймактардын бириндеги БМжБТ мүчөсү тендер өткөрүү маалында жана акча каражаттарын туура сарптоодо көп мыйзам бузуулардын бардыгы тууралуу суроого жооп берди. Бирок дал ушул мониторинг эрежелердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө жол берет.Дагы бир маанилүү суроо БМжБТ ишин баалоого байланыштуу болду.
“БМжБТ ишин кандай баалайсыз?” деген суроого бир айыл өкмөт башчыны кошпогондо, сурамжылоого катышкан АӨ башчылары оң баасын беришти. Сурамжылоонун катышуучуларынын айрым жоопторун сунуштайбыз. Александровка АӨ башчысынын орун басары жана БМжБТ мүчөсү: “БМжБТ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жамаат ортосунда көпүрөгө айланды. Жамаат коомдук иш-чараларга жигердүү катыша баштады. Ошондой эле БМжБТ бюджет айкындуулугу боюнча көп иштерди жасап, конкреттүү жыйынтыктар болду. Алар АӨ кызматкерлерине бюджет, АӨ иши тууралуу кандай маалымат качан берилиши керектигин, жергиликтүү кеңештин кайсы чечимдери жарыяланууга тийиш болгонун эскертип турушту”. Ак-Башат жана Боролдой айылдык аймактарынын БМжБТ өкүлдөрү өз ыйгарым укуктарын жана милдеттенмелерин жакшы үйрөнүп калышканын, бул болсо аларга мониторинг жана баалоону сапаттуу жүргүзүүгө жардам берип жатканын айтышты. БМжБТ калк менен көбүрөөк иштешет, калкка маалымат жеткирет жана кайра байланышты түзөт. Юрьевка айылдык аймагынын БМжБТ мүчөсү подрядчылар алардын пикирин эске алаарын белгиледи: “алар кол учунан жасалган иш көңүл сыртында кала бербей турганын түшүнүштү. Себеби биз мониторинг жүргүзө турганыбызды дайыма эскертип турдук”. Башка бир суроо БМжБ өңдүү топтун зарылчылыгын баалоого арналды. Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, анын катышуучуларынын 50% БМжБТ зарыл экенин айтышты. БМжБ тобунун бар болгонуна ЖӨБ органдары кызыкдар.
Мисалы, Александровка жана Юрьевка айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери БМжБТны толугу менен колдоп, алар менен кызматташышат: айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, анын ичинде подрядчылар тууралуу маалымат беришет, БМжБТ менен кеңешишет, аларды курулуш материалдарын сатып алуу процессине тартышат, айыл өкмөт башчысы тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүп турат. Ак-Башат ААда БМжБ тобуна материалдык колдоо көрсөтүлгөн – БМжБТ төрагасына байге ыйгарылган. Боролдой ААда айыл өкмөтүнүн аппараты тарабынан дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп ке-лет. БМжБТ ишинин туруктуулугу Айыл өкмөт башчылары БМжБТ потенциалын жана маанилүүлүгүн да баалашкан. Ак-Башат айылдык аймагынын АӨ башчысынын орун басары: “АӨ калк менен иштешүүдө БМжБТнын ресурсун 100% түшүнөт. Анткени бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатпайбы жана бул биринчи кезекте бүтүндөй айылдык аймактагы адамдардын турмуш шартынын оңолуусуна таасирин тийгизип жатат. Бирок БМжБ тобу менен депутаттардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маанилүү. Анткени топтун активисттери жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишин көзөмөлдөө жаатында депутаттарга өз милдеттерин дагы да сапаттуу аткарууга жардам берип жатканын азырынча бардык эле депутаттар баамдаша элек. Анткени бул активисттер көчөлөрдү кыдырышат, объекттерге барышат, кызмат көрсөтүүлөрдү баалап, адамдар менен жолугушат”; Александровка айылдык аймагынын АӨ баш-чысынын орун басары: “БМжБТ – бул ишенимдин жана контролдун, жамааттын айыл өкмөтүнө болгон ишениминин ресурсу. Бирок АК депутаттарынын айрымдары азырынча БМжБТнын ролун толук кандуу баалай элек”; Боролдой ААнын АӨ башчысы: “БМжБ тобунун жардамы менен айыл өкмөттөгү да, депутаттык корпустагы да кемчиликтер аныкталууда. Бул болсо ЖӨБ органына өз ишиндеги калпыстыктарды оңдоого жардам берип жатат”. Юрьевка айылдык аймагынын АӨ башчысы: “Жеке өзүм жөнүндө айта турган болсом, БМжБ тобунун иш жүзүндө эффективдүүлүгүн көрүп жатам.
Бул топ бүтүндөй калк үчүн чоң пайда алып келүүдө. Бирок азырынча АӨнүн айрым кызматкерлери жана АК депутаттары топтун дараметин жана ресурстарын көрө албай жатышат. Болгону убакыт керек деп эсептейм. Айылдык кеңештеги үч депутат гана колдойт, алар өздөрү БМжБТ мүчөлөрү болуп эсептелишет. Ал эми айылдык кеңештин көпчүлүк депутаттары топтун ишине көп деле кызыга беришпейт”. БМжБТнын келечеги тууралуу суроо дагы сурамжылоо маалында өтө маанилүү болду. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, бардык катышуучулар БМжБ тобунун келечеги бар болгонун айтышкан.Сурамжылоонун катышуучулары белгилегендей, “БМжБ тобунун жардамы менен курулуш, ремонт, жарык берүү ж.б. иштер сапаттуу аткарылып жатат. Кандайдыр бир прогресс, илгерилөө байкалат, бардык пландалган иштер, долбоорлор өз убагында бүтөт. БМжБ тобунун келечеги сөзсүз болушу керек. Анткени бул айылдык аймактын өсүп өнүгүүсү үчүн керек”. Сурамжылоонун катышуучулары дагы бир суроого көңүл бурушкан: БМжБ тобунун келечеги кимден көз каранды болот? Боролдой айылдык аймагы “эгерде жумуштар айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана жашоочулар менен биргеликте ачык өткөрүлсө анда келечеги болот” деп жоопкайтарышкан. Александровка айылдык аймагы: “бул БМжБТ мүчөлөрүнүн өздөрүнөн көз каранды, аларды эч ким мажбурлабашы керек, алар өздөрү демилге көтөрүп, активдүүлүгүн көрсөтүшү керек, жеке мен (АӨ башчысынын орун басары) жолугушуп, уюштуруу маселелерин талкуулоо үчүн дайыма убакыт табам, БМжБ тобунун бардык сунуштары жана эскертүүлөрү өз убагында аткарылат, БМжБТнын демилгелерин дайыма колдойм”. Ак-Башат ААнын АӨ башчысынын орун басары: “Айылдык кеңештин депутаттары, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү топ менен биргеликте мониторинг жүргүзүшү керек. Ошондо аймактын бардык жашоочулары үчүн көп пайдасы болот”.
БМжБТ ишиндеги көйгөйлүү маселелер Сурамжылоонун жүрүшүндө БМжБ тобунун ишиндеги жана өнүгүүсүндөгү кыйынчылыктар аныкталды. Көйгөйлөр ар түрдүү – жигердүү жана ак ниет жарандардын катышуусун камсыздоодон баштап, БМжБ тобунун ишин уюштурууга колдоо көрсөтүүгө чейин. Көпчүлүк катышуучулар БМжБ тобунун мүчөлөрүнүн билим деңгээли тууралуу айтып, топко адистер мүчө болушу керектигин белгилешкен. Мисалы, түрдүү чөйрөлөрдөгү инженерлер, адистер, эксперттер чатырдын ремонтуна дефекттик актыны түзүүнүн сапатын, же суу түтүгүн ондоого сметанын сапатын баалай алышмак. Атүгүл таза суу менен камсыздоого техникалык чечимге баа беришмек. Албетте, муниципалитеттин аймагында жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен чечилип жаткан маселе боюнча эксперт жашаса, анда болгон аракетти жумшап, ошол жа- шоочуну БМжБ тобуна кеп-кеңеш берүүгө чакырса болот. Ошону менен бирге мындай адисти БМжБ тобунун курамына сөзсүз эле кошуш керек эмес. Анткени бүгүн жолдун ремонту жөнүндө сөз болсо, эртең мектепте терезекаалгаларды алмаштырууга туура келет жана ЖӨБ органдары жасап жаткан иштердин бардык түрлөрүнө мониторинг жүргүзгөн топтун курамын камсыздоо мүмкүн эмес. Анткен менен ЖӨБ органдары жасалып жаткан ремонттук-курулуш иштерге техникалык көзөмөлдү өздөрү камсыздоого тийиш. Бул жерде аткаруучу бийликтин ресурстарды бириктирүүгө көмөктөшкөнү маанилүү жана пайдалуу болот. Б.а., башынан эле техникалык көзөмөлдү БМжБ тобу менен тааныштырып, объектке чогуу барууну сунуштап, туруктуу диалог түзүшү керек. Тыянактар Чүй облусунун максаттуу муниципалитеттериндеги БМжБТ иш практикасы бул топту натыйжалуу башкаруунун аспабы катары ЖӨБ системасына киргизүү зарылдыгын көрсөттү.ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн айкындуулугун, отчеттуулугун, сапатын камсыздоо максатында түзүлгөн бул аспап жарандарга көп пайдасын тийгизет. Мисалы, жарандарга ЖӨБ органдарынын ишинин, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына таасир тийгизүүгө жардам берет. Бул болсо ЖӨБ органдарынын ишинин ачык болушуна жана алардын дал ушул жергиликтүү жамаат алдында отчеттуу болушуна көмөктөшөт. Чүй облусундагы муниципалитеттердин коомчулук менен биргелешкен мониторинг жана баалоону жайылтуу чөйрөсүндөгү тажрыйбасы мындай структураны түзүүдө жана ишти уюштурууда төмөнкүлөр маанилүү болгонун көрсөттү:
 
  • БМжБТ курамын тандап алууга өзгөчө көңүл бурулуш керек; бул топто ак ниет жана таза адамдар гана эмес, ошондой эле иштеген жана жигердүү, өз муниципалитети үчүн чындап күйгөн адамдар болууга тийиш;
  • БМжБ тобунун мүчөлөрүнүн саны 5-7 кишиден ашпашы керек, бирок алар командада мониторинг жана баалоо боюнча иш планын аткарууга даяр, жигердүү болуп, зарыл документтерди, мисалы, мониторинг тууралуу актыларды даярдоо жана тариздөө иштерин кечиктирбеши керек;
  • БМжБТ менен жергиликтүү кеңеш ортосунда дагы да бекем байланыш түзүлүшү керек, анткени дал ушул жергиликтүү кеңеш БМжБТ ишинин жыйынтыктарын толук өлчөмдө колдонгон орган болуп эсептелет;
  • коомдук иш-чаралар (чогулуштар, коомдук угуулар, курултайлар, жергиликтүү кеңештердин сессиялары) жана маалымат такталары аркылуу БМжБТ ишинин жыйынтыктарын кеңири жайылтуу боюнча ишти жолго салуу зарыл. Себеби жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү БМжБТ тууралуу билбеши мүмкүн. Бирок бул өтө маанилүү – адамдар БМжБ тобунун ар бир мүчөсүн таанышы керек;
  • ЖӨБ органдары (АӨ жана жергиликтүү кеңеш) моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү менен, БМжБТ мүчөлөрүнүн ишине дем берип, аларды шыктандырып турушу керек. Мисалы, коомдук иш-чараларда (чогулуш, угуулар, курултай, жергиликтүү кеңештердин сессиялары) Ардак грамоталары жана сыйлыктар менен белгилей алат.
Мүмкүн болушунча материалдык сый акыны караштырып көрүү зарыл. БМжБ тобунун потенциалын ЖӨБ органдары баалашты. Бирок баары эле эмес. Долбоор журналдын окурмандары Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун максаттуу муниципалитеттери болгон Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн тажрыйбасын колдоно алат деп ишенет (байланыш жолдорун Долбоордун www.vap.kg сайтынан таба аласыз).

Окшош материалы: