Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БМжБ топторунун кварталдык жолугушуулары – окутуу, байланыш түзүү, билим жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа

2024-07-05 / Мониторинг жана баалоо
БМжБ топторунун кварталдык жолугушуулары – окутуу, байланыш түзүү, билим жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа

Султан МАЙРАМБЕКОВ, ӨСИ ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультанты; Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИ ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун компонентинин координатору

Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБ топторунун)1 жакшы салты бар – алар квартал сайын өз ишин жана жыйынтыктарын талкуулоо үчүн чогулуп, тажрыйбасы, мыкты практикалар, алынган сабактар, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө кызыктуу практикалар жана келечекке пландар менен бөлүшүп турушат. Бул салтты USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору колдоп келет.

Алсак, Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрүнүн кезектеги кварталдык жолугушуусу 2024-жылдын 22-23-май күндөрү Ош шаарында өттү. Буга чейин мындай жолугушуулар Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа райондорунун, Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунун БМжБ топторунун мүчөлөрү үчүн өткөрүлгөн.

Кварталдык жолугушуулар 304 адамдын башын бириктирди, анын ичинде 144 аял бар, булар долбоордун 48 БМжБ тобунун мүчөлөрү. Алардын катары калыңдап баратат: 2024-жылы дагы 84 адам БМжБ топторуна мүчө болушту. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен 7 жолугушуу өтүп, ага 140тан ашуун адам катышты.

Жалпы жонунан алганда, 2022-2023-жылдары БМжБ топторунун мүчөлөрү 160 мониторинг актысын түзүп чыгышкан, аларда мониторинг процессинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштар камтылган, мисалы: айылдагы туюк көчөлөрдөн да катуу

  • тиричилик калдыктарын чогултуп, таштанды чыгаруу графигин өзгөртүү;
  • чакан футбол талаасынын айланасында көрүүчүлөр үчүн кошумча отургучтарды орнотуу;
  • ФАПтын пайдубалында ысык чыгарчу тешик жасоо (подрядчыга сунуштама);
  • аймактын жашоочулары арасында маалыматтык өнөктүк өткөрүү жана балдар бакчасынын курулушу жөнүндө маалыматтык стенд жасоо (БМжБ тобу айылдын эли бул аймакта бала бакча курулуп жатканын билбей турганын аныктады);
  • комузда ойногонду үйрөтүүчү ийрим ачылганы тууралуу калкка маалымат берүү.

Бирок сунуштарды берип коюу жетишсиз, алардын аткарылышы да маанилүү. Бул жагынан да пайдалуу мисалды Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Алиев АА БМжБ тобу көрсөттү. Бул топ таштанды чогултуу үчүн контейнерлердин санын көбөйтүүнү сунуштады – бул сунуш кабыл алынып, кошумча беш контейнер орнотулду (КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу графиги боюнча топтун мүчөлөрү жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы).

Кварталдык жолугушуулардын жүрүшүндө БМжБ топторунун ишинин жыйынтыктарынан тышкары, катышуучулар мониторинг жүргүзүүдө туш болгон көйгөйлөрү, аларды жоюу боюнча чечимдери менен бөлүшүштү, ошондой эле топтордун туруктуулугун камсыз кылуу механизмдерин (тышкы колдоосуз), социалдык тармактарда жашоочулардын арасында БМжБ тобунун ийгиликтүү тажрыйбаларын жайылтуу боюнча колдо болгон ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Топтун туруктуулугу көп жагынан муниципалитеттин башчысынын жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын эркине жараша болот, ал эми топтун ийгилиги топтун мүчөлөрүнүн айрыкча кайсы бир чечимди кабыл алууда кызыкдарлыгына жана активдүүлүгүнө (кворум) жана андан кийин гана кызмат көрсөтүүчүдөн көз каранды болот деген пикир айтылды.

БМжБ тобунун ийгилигинин маанилүү элементи – мүчөлөрдүн айылдагы кадыр-баркы, жарандардын жана ЖӨБ органдарынын көңүл буруусу. Ошондуктан коомдук иш-чараларга катышуу пайда алып келиши мүмкүн. Мисалы, Мады айылдык аймагынын БМжБ тобунун төрагасы топтун бюджет боюнча коомдук угууга катышуусу жөнүндө айтып берди. Бул угууларда топ айыл өкмөт башчысынын чакыруусу менен калкты өз ишинин жыйынтыктары менен тааныштырып чыккан. Бул айыл өкмөтүнүн коомдук угууларды өткөрүү тажрыйбасында жаңылык болду, мындай топтун мүчөлөрү биринчи жолу аудиторияны өздөрүнүн иши менен тааныштыра алышты.

Семеновка ААнын, Ананьевка ААнын жана Садыр-Аке ААнын БМжБ топторунун мүчөлөрү катышуучулардын көңүлүн топтордун сапаттык курамына бурушту, себеби топтун ийгилиги көп жагынан курамынан көз каранды болот.

Түп айылдык аймагындагы мониторинг тобунун жардамы менен Түп айылындагы туюк жерлер таштандылардан арыла баштады. Ошондой эле ушул эле айылда суу түтүктөрүн курууда подрядчылар суу траншеясын үйлөрдөн 2 метр алысыраак жылдырып, объектинин долбоордук схемасынан четтеп кетишкени белгилүү болду. Акт түзүлгөндөн кийин подрядчы бул кемчиликти оңдоого милдеттенди. Актылар айыл өкмөт башчысына жана жергиликтүү кеңештин төрагасына өткөрүлүп берилди.

“Биздин практикада формалдуу мониторинг топтору да болуп келген. Бүгүн болсо реалдуу мониторинг топтору бар экенин көрдүм, алар иштеп жатышат, буюрса бизде да ушундай иштер болот”, – деди Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси Гүлнура Мукамбетова.

“Кечээ тренинг учурунда мен тренердин мониторинг тобу жөнүндө айтып бергендерин угуп отуруп, “биздин айылга бул туура келбейт, муну жасоо мүмкүн эмес” деген ой кеткен эле. Бирок бүгүн кварталдык жолугушууда Жоош, Кызыл-Октябрь, Дөң-Булак айылдык аймактарынын БМжБ топторунун өкүлдөрүн угуп, бул мүмкүн экенине ынандым!” – деди Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Нургүл ИСАКОВА.

Мындай жолугушуулар катышуучуларга БМжБ топторунун ишине гана эмес, ошону менен бирге жалпысынан эле ЖӨБ органдарынын ишине тиешелүү маселелерде да өз потенциалын жогорулатууга; кызмат көрсөтүүчүлөр жана калк менен өз ара байланыш түзүүгө; топтордун ишине эксперттерди (мисалы, курулушту билгендерди ж.б.) тартуу менен пикир алмашууга  жардам берип келатат. 

____________ 

1 БМжБ топторунун иши “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” Типтүү жобого негизделет. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы  № 01-18/84 буйругу менен бекитилген.

Окшош материалы: