Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ГОСТ: кызмат көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн БМжБ топторуна жаңы кирген жана көптөн бери иштеп калган мүчөлөр үчүн жардам

2024-07-05 / Мониторинг жана баалоо

ГОСТ – БМжБ тобу тарабынан Жактырылды жана Макулдашылды! Ушунуңдан жазба!

Авторлор: Султан МАЙРАМБЕКОВ, ӨСИ ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультанты; Табылды БАЙБАГЫШЕВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Нарын облусу боюнча аймактык координатору 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылдык аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу иш алып барууда. Бул топ USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун катышуусу менен “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” Типтүү жобого ылайык түзүлгөн1. Долбоордун кызматкерлери жана консультанттары айылдык аймактын өкүлдөрүн БМжБ тобун түзгөндү, топтун курамына кимдер кириши керектигин, топтун мүчөлөрүнүн укуктарына жана милдеттерине үйрөтүштү. Натыйжада Терек айыл өкмөтү тогуз адамдан турган, анын ичинде 3 аял кирген БМжБ тобунун курамын түздү. Топко айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын активисттери кирди. 2023-жылдын 23-мартында жергиликтүү кеңештин сессиясында №XVIII/I токтом менен “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” Жобо жана БМжБ тобунун курамы бекитилген. 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун экинчи тренингинин жүрүшүндө БМжБ тобунун мүчөлөрү мониторинг жүргүзүү ишинин планын түзгөндү үйрөнүштү. Топтун мүчөлөрү өз пландарына төмөнкү иш-чараларды киргизишкен: парктын жана спортзалдын тосмосунун курулушуна, көчөлөргө жарык берген прожекторлордун орнотулушуна, сугат суу жана жайыт билеттерин пайдалануу үчүн калктан акы чогултууга, комузда ойноого окутуу ийриминин ишине мониторинг жүргүзүү; бюджет боюнча коомдук угууларга катышуу ж.б.

БМжБ тобу жалпысынан 10 мониторинг иш-чарасын жүргүзүп, 10 акт түзүп чыкты. Жүргүзүлгөн мониторинг иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча кемчиликтерди четтетүү боюнча айыл өкмөт башчысына 6 сунуш берилди жана бардык сунуштар эске алынып, аткарылды, бул мониторинг жүргүзгөн топтун жетишкендиги болду.

Терек айылындагы Калый МОЛДОБАСАНОВ атындагы орто мектепте 229 окуучу билим алат, ал эми окуу-педагогикалык курамы 38 мугалимден турат. 2023-жылы мектептин спортзалын курууга республикалык бюджеттен 28 964 023 сом бөлүнгөн. Спортзалдын курулушу учурунда Терек айыл өкмөтүнүн мониторинг тобу бир катар мониторинг иш-чараларын өткөрүп чыккан. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүнүн спортзалга болгон сапарларынын биринде топ спортзалдын дубалдары кочкул көк түскө боёлгонун, спортзал караңгы болуп калганын, мындан улам зал жаңы эле курулгандай көрүнбөгөнүн, подрядчы компания спортзалдын дубалдары үчүн туура эмес түстү тандап алганын аныкташкан. БМжБ тобу тиешелүү акт түзүп, ага топтун бардык мүчөлөрү кол коюшкан жана спортзалдын дубалдарын ачыгыраак түскө боёп чыгууну сунушташкан. Акт айыл өкмөт башчысына берилген. Айыл өкмөт башчысы БМжБ тобунун актысына таянып, мектептин спортзалынын курулушуна барган. Дубалдар кочкул көк түскө боёлгонуна ынанган соң, башчы подрядчы уюмдун жетекчисин өзүнө чакырган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында подрядчы уюм спортзалдын дубалдарын ачык-жашыл түскө боёп чыккан. Ушул тапта спортзалдын курулушу ийгиликтүү аяктап, пайдаланууга берилди. Окуучулар жарык залда спорт менен машыгууда. Бул иште өз убагында куруучулардын кемчиликтерин көрүп, кийлигишип, маселени чечүүгө көмөктөшкөн БМжБ тобунун салымы бар.

Өмүрбек РАИМБЕК уулу, Калый МОЛДОБАСАНОВ атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими: “Курулушчулар дубалды кочкул көк түскө боёп жатканын көрүп, караңгы спортзалды элестетип, капа болуп калган элем. Курулушчуларга түс туура эмес тандалганын айтсам, “кандай боёк берсе, ошону колдонуп жатабыз да” деп коюшкан. Бул ишке өз убагында кийлигишкен БМжБ тобунун жардамы менен спортзалдын дубалдары ачык жашыл түскө боёлуп чыкты”.

Терек айылдык аймагынын БМжБ тобунун иш планын даярдоо маалында топтун мүчөсү Акылбек БОТАЛИЕВ иш планына жайыттарды (бодо жана майда малдын ар бир башынан) жана сугат суусун пайдалангандыгы үчүн акча  чогултууга мониторинг жүргүзүүнү сунуш кылды. Айыл өкмөтүнүн адиси катары Акылбек бул көйгөйдү ичинен билчү, себеби бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн чогултулган каражат 100% жетчү эмес. 

Жайында сугат мезгили кызып турганда БМжБ тобу дыйкандар арасында сугат суусун пайдалануу үчүн, аймактын малчыларынын арасында жайыттарды пайдалануу үчүн каражат чогултуу кандай жүрүп жатканын билүү максатында мониторинг иш-чарасына чыгышты. Бир гектар жерге сугат суусун пайдалануу үчүн тариф 150 сомду түзөөрү аныкталды. 2022-жылы аймактын дыйкандарынан сугат суусун пайдалангандыгы үчүн 187 500 сом чогултулган, бул бардык каражаттардын 80% түзөт. Дыйкандар сугарылган 298 гектар жер үчүн акы төлөшкөн эмес. БМжБ тобу сугат суу кызмат көрсөтүүсү үчүн акы төлөбөгөн дыйкандарды үймө-үй кыдырып чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү чечти. Бул иштердин натыйжасында 2023-жылы сугат суусун пайдалангандыгы үчүн каражат чогултуу 100% түзүп, 232 200 сом чогултулду.

Жайыттарды пайдалануу үчүн каражат чогултууга байланыштуу да ушундай эле жагдай түзүлгөн. 2022-жылы жайыт пайдалануу үчүн 230 000 сом чогултулуп, бул пландык көрсөткүчтүн 75% түзөөрү белгилүү болгон. БМжБ тобунун мүчөлөрү жайлоого чыгып, малчылар менен жолугушуп, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн каражат чогултуу маселелерин талкуулоону, ошол эле учурда жумушту эс алуу менен айкалыштырып, тоонун таза абасынан дем алып келүүнү чечишти. Малчылар менен жолугушуу достук маанайда өтүп, БМжБ тобу чогулган каражат көпүрөлөрдү жана жайыттарга жеткирчү жолдордун татаал тилкелерин оңдоого жумшалаарын, мунун баары малчылардын бакубатчылыгы үчүн зарыл болгонун түшүндүрүштү. Натыйжада, 2023-жылдын аягына карата жайыт пайдалануу үчүн 306 100 сом чогултулуп, план 100% аткарылды. 

Кыргызбек КОНГАНТИЕВ, жайыт комитетинин төрагасы: “Мен бир нерсени түшүндүм: биз малчыларга “жайыттарды пайдаланганың үчүн төлө, сен милдеттүүсүң” дей берсек, кайдыгер мамилеге туш болот экенбиз. Ал эми айылдын кадыр-барктуу адамдары, БМжБ тобунун мүчөлөрү каражат кандай максатка жумшалып жатканын түшүндүрүп берсе, анда реакция да башкача болот экен – биздин мониторинг тобунун күчү мына ушунда”. 

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Терек айылдык аймагы Баетов айылдык аймагы менен бириктирилди. БМжБ тобу ушул тапта жаңыланып жатат, топтун курамы Баетов ААнын өкүлдөрү менен толукталышы керек. 

_____________ 

1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.

Окшош материалы: