Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук мониторинг жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси

2018-11-07 / Мониторинг жана баалоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 Буйругу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилди. Типтүү жобо комиссияны түзүү, анын ишин жана ишин токтотуу тартибин, ошондой эле комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин карайт. Типтүү жобо 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык иштелип чыкты. Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укугу бар болгон комиссияларды түзүшү керек.

Айылдык аймактардын жашоочулары жергиликтүү жамааттын Уставдарына тийиштүү эрежелерди киргизүү жолу менен тартипти, тазалыкты камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана көрктөндүрүү боюнча маселелерди чечүүнү суранып келишет. Аны менен катар жарандар укук бузуулардын түрлөрүн жана тартип бузган адамга айып салууну жергиликтүү жамааттын Уставында аныктоону сунуштап келишет. Уставдарды киргизүү процессинде мал багууга жана жаюуга, айдоо жерлерин тебелөө, талаада чогултулган түшүмдү бузуу же жок кылуу, ичүүчү сууну пайдалануу эрежелерин бузуу, таштандыны белгиленбеген жерлерге таштоо ж.б. өңдүү мыйзам бузуулар үчүн айып санкцияларын белгилөө маселелери боюнча өтө көп сунуштар түштү. Жергиликтүү жамааттын Уставы жарандарды жоопкерчиликке тартуу жана аларга карата жаза чараларын колдонуу маселелерин жөнгө салбаганын өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Бул маселелер Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жөнгө салынган. Жергиликтүү жамааттын Уставында ЖӨБ органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо, күнөөлүүлөрдү Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопко тартуу укуктарын караштырса болот. Бул укукту ЖӨБ органдары бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу комиссияларды түзүү жолу менен ишке ашырышат. Комиссия бузуулар жөнүндө протокол түзүү жолу менен белгилөөгө, күнөөлүүлөрдү аныктоого, аларды Бузуулар жөнүндө кодексте каралган жазанын түрүнүн жана көлөмүнүн чегинде гана, кодекстеги беренелер боюнча гана жоопко тартууга укуктуу. 2019-жылдын 1-январынан тарта Комиссиялар бузуулар жөнүндө иштерди карап, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексиндеги 27 берене боюнча айып салышат (таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо, өрттөө, көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин бузуу, иттерди жана мышыктарды багуу эрежелерин бузуу, бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзү билемдик менен кеңейтүү, суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу, менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу, жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу).

Белгилей кетүүчү бир жагдай: бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларда ЖӨБ органы түзгөн мониторинг жана баалоо тобу менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү болот. Баарыбызга белгилүү болгондой, мониторинг жана баалоо тобу жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигинде өзгөчө ролду ойнойт. Топ өз ишинин алкагында айкындуулукту, ачыктыкты жана жергиликтүү деңгээлде коом үчүн маанилүү маселелерди аныктап, аларды чечүүгө жамаат мүчөлөрүн тартууну камсыз кылат. Ошондой эле топ айылдык аймактын өнүгүүсүнө багытталган каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда да олуттуу ролду ойнойт. Ошону менен бирге мониторинг жана баалоо тобу өз ишинде ар кандай мүнөздөгү бузууларды аныктап келет. Алардын арасында бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссиянын компетенциясына кирген бузуулар да кездешет. Айталы, айыл өкмөтүнүн жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле башка муниципалдык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин ишине мониторинг жана баалоо жүргүзгөн учурда айрым адамдар көрктөндүрүү боюнча белгиленген эрежелерди сактабаганы белгилүү болушу мүмкүн. Мисалы, таштандыны уруксат берилбеген жерге ташташат, ичүүчү сууну пайдалануу эрежелерин бузушат, суу түтүк же башка түйүндөргө өз билгениндей кошулушат, муниципалдык мүлккө зыян келтиришет ж.б. Мындай учурларда мониторинг жана баалоо тобу өз убагында Комиссияга кайрылып, күнөөлүүгө карата тийиштүү чара көрүүнү өтүнө алат, күбө катары чыга алат, бузууларды болтурбоо боюнча жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Комиссияга жана ЖӨБ органдарына жардам бере алат.

Окшош материалы: