Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү жамааттын Уставы жана укук бузуулар боюнча административдик комиссиянын иши

2018-11-07 / Мониторинг жана баалоо
Жергиликтүү жамааттын Уставы жана укук бузуулар боюнча административдик комиссиянын иши

2018-жылдын августунда жергиликтүү жамааттын уставын киргизүү практикасына карата тажрыйба алмашуу боюнча кезектеги иш сапар уюштурулду. Бул иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында өттү. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары айылдык кеңештердин уставдарга арналган сессияларын уюштуруу жана өткөрүү өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Экинчи бир маанилүү маселе – укук бузуулар боюнча административдик комиссиялардын ишинин тажрыйбасы. Комиссиялар жергиликтүү жамааттын уставынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөнүн мыйзамдуу механизми болуп саналат.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эки максаттуу муниципалитети (ММ) – Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы АА жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал АА ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп калды. Сессияларды өткөрүү тажрыйбасын өздөштүрүү үчүн айылдык кеңештердин төрагалары, айыл өкмөтүнүн башчылары жана жооптуу катчылары келишти. Иш-чарага Кыргызстандын 48 муниципалитетинен (13ү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана 35и максаттуу эмес муниципалитети) жалпысынан 167 адам катышты, анын ичинен 45и аялдар болду. Жазы жана Ак-Тал айылдык аймактарындагы тажрыйба алмашуу сапарында катышуучулар мүмкүн болушунча көбүрөөк билим жана маалымат алгандай деңгээлде өттү. Биринчиден, тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары эки муниципалитеттин депутаттарынын иши менен практика жүзүндө тааныша алышты. Катышуучулар жергиликтүү кеңештердин жыйындарына күбө болушту. Бул жыйындар мыйзамдардын талаптарын жана регламентти толук сактоо менен ачык сессия режиминде өттү. Экинчиден, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештердин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү аркылуу ЖЖ Уставынын долбоорун кабыл алуу процессинин өзгөчөлүктөрүнө практикада үйрөнө алышты. Үчүнчүдөн, айыл өкмөтүнүн административдик укук бузуулар боюнча комиссиясынын ишин уюштуруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу болду; анда административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана КР мыйзамдарына ылайык комиссиялардын компетенциясына киргизилген административдик айып салуу чөйрөсүндөгү көптөгөн маселелер талкууланды. Соңунда ЖӨБ органдарынын жетекчилери ортосунда конструктивдүү диалог болду. Анын жүрүшүндө ар бири көргөн тажрыйбаны кантип колдонуп, ЖӨБ органдарынын калк менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ишин кантип жакшыртса болоору тууралуу пайдалуу тыянак жасалды.

Жергиликтүү кеңештердин ачык сессиясын уюштуруу жана өткөрүү тажрыйбасы

Ошентип, иш-чаранын коноктору Жазы жана АкТал ААнын айылдык кеңештери уюштурган жана өткөргөн ачык сессияларга күбө болушту. Бул сессиялардын жүрүшүндө депутаттар жергиликтүү жамааттардын уставдарын карап чыгып, кабыл алышты. Эки муниципалитеттеги кеңештердин депутаттарынын кворуму сессия өткөрүүнү бир добуштан колдоого жол берди. Айыл өкмөт башчылары жергиликтүү жамааттардын уставдарын киргизүү жаатында аткарылган иштердин жыйынтыктары менен тааныштырып, калктын кеңири катмары арасында “жергиликтүү Конституциянын” долбоорун талкуулоо боюнча чакан чогулуштардын жыйынтыктары тууралуу депутаттарга маалымат беришти. Башчылар уставдардын долбооруна жергиликтүү жамааттан түшкөн сунуштардын сандык жана сапаттык тизмесин беришти. Андан соң кеңештин мыйзамдуулук, укук жана укук тартиби маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын төрагалары уставдын долбоорун карап чыккандан кийинки жыйынтыктар тууралуу маалыматты, Уставды жакштыруу тууралуу комиссиянын корутундусун беришти. Ошондон кийин депутаттар маалыматтарды талкуулоого киришип, суроолорду узатып, аларга жоопторду алышты. Жазы жана Ак-Тал ААнын айылдык кеңешинин төрагалары мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалган Жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө кеңештин Токтомдорунун долбоору менен депутаттарды тааныштырышты. Токтомго айыл өкмөт башчысынын доклады тууралуу, туруктуу комиссиянын корутундусу, жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жана аны ЖӨБЭММАнын сайтында (www.gamsumo.gov. kg) жарыялоо жөнүндө маалыматтар кирди. Бардык берилген материалдарды карап чыгуунун натыйжасында эки муниципалитеттин кеңештеринин депутаттары жергиликтүү жамааттын Уставын бир добуштан кабыл алып, бекитишти. Эки муниципалитетте тең айылдык кеңештердин сессияларын өткөрүүнүн бардык эрежелери жана жол-жоболору максималдуу түрдө сакталды.

Жергиликтүү жамааттардын уставдары жөнүндө суроолор

СУРОО. Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомун ишке ашыруу үчүн ким жоопкерчилик алышы керек? Бул процессти ким контролдойт?

ЖООП. Жергиликтүү кеңеш айыл өкмөтүнүн атынан ЖӨБдүн аткаруу органына жоопкерчиликти жүктөйт. Контролду жергиликтүү кеңештин мыйзамдуулук, укук жана укук тартиби маселелери боюнча туруктуу комиссия ишке ашырат.

СУРОО. Жергиликтүү кеңеш уставды бекиткенден кийин документке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсе болобу?

ЖООП. Ооба, бул жергиликтүү ченемдик укуктук акт, ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Жашоо бир орунда турбайт да, ар кандай жаңы жагдайлар пайда болот. Булардын баары уставда ордун табышы керек. Бирок ар бир өзгөртүү киргизүү сунушу жамаат менен талкууланып, аны жергиликтүү кеңеш бекитиши керек.

СУРОО. Көпчүлүк муниципалитеттерде жергиликтүү жамааттын эски уставы иштеп жатат. Ал юридикалык күчкө ээби же баары уставды жергиликтүү жамаат менен талкуулагандан кийин жаңылап чыгышы керекпи?

ЖООП. Эски уставдар 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алгандан кийин ошол эле жылы күчүн жоготкон. Бул Мыйзамдын 36-беренесинде (“Өткөөл жоболор”) мындай деп белгиленген: “Конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун кошпогондо, ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук актылар өздөрүнүн күчүн токтотот жана колдонулууга жатпайт... Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн шартта 2010-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат”. Ушундан улам жаңы уставдарды иштеп чыгып, аларды жергиликтүү жамааттар менен талкуулап, жергиликтүү кеңеш белгиленген тартипте кабыл алышы керек.

СУРОО. Жергиликтүү кеңештин уставынын долбоорун талкуулап жатканда айдоо жерлерин мал тебелеп жаткандыктан, бул багытта чараларды көрүү боюнча өтө көп сунуштар түштү. Бул сунуштарды уставга кантип киргизсек болот?

ЖООП. Мындай сунуштарды төмөнкүдөй формулировкада чагылдырса болот: “Мал жаюу эрежелерин сактап, малды бул үчүн атайын бөлүнгөн, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамда жана КР жер мыйзамдарында каралган жерлерде жаюу, ошондой эле жарандык мыйзамдарга ылайык, мал жаюу тартиби жөнүндө малчылар менен милдеттүү түрдө келишим түзүлүшү керек”.

СУРОО. Кеңеш кабыл алган жергиликтүү жамааттын уставы качан күчүнө кирет? Бул документ менен адегенде эл таанышып чыгышы керекпи?

ЖООП. Айылдык кеңештин депутаттары уставды кабыл алгандан кийин документ КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүндө каттоодон өтөт. Андан соң бул документти маалыматтык өнөктүк аркылуу калк арасында мүмкүн болушунча кеңири жайылтыш керек (айылдык аймактагы бардык маалыматтык такталарда жайгаштырып, бардык мекеме-уюмдарга, айыл башчыга, кварталчыларга, жергиликтүү жамааттын лидерлерине таратып чыгыш керек). Ошону менен бирге уставдын күчүнө кириши үчүн аны жергиликтүү ченемдик укуктук акт катары расмий жарыялоо, аны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү милдеттүү шарттардын бири.

СУРОО. Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жөнүндө токтомду жолжоболоштуруп жатканда, “эски устав толугу менен күчүн жоготту” деп көрсөтүш керекпи же буга чейин кабыл алынган уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатканы тууралуу пунктту киргизип коюу жетиштүү болобу?

ЖООП. Эгерде жаңы редакция кабыл алынып жатса, анда токтомдо “Жергиликтүү жамааттын буга чейин кабыл алынган уставы күчүн жоготту деп таанылсын” деп көрсөтүлөт.

Административдик укук бузуулар боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын ишин уюштуруу тажрыйбасы

Окуу сапарынын катышуучуларына Ак-Сай ААнын айыл өкмөтүнө караштуу административдик комиссиянын иш тажрыйбасы мыкты практика катары сунушталды. Эмне үчүн дал ушул тема тандалып алынган? Жергиликтүү жамааттын уставынын долбоорун талкуулоо боюнча өткөн чогулуштардын көбүндө жашоочулар айып санкциялары маселесин байма-бай көтөрүп келишти. Бул жаатта көпчүлүк суроолор айыл өкмөтүнө караштуу административдик комиссиялардын ишине барып такалды. Окуу сапарына катышкан 33 муниципалитеттин ичинен үчөөндө гана укук бузуулар боюнча административдик комиссиялар түзүлгөн. Бул эмнеден кабар берет? Биринчиден, “Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс” Мыйзамы ишке ашпай жатат. Экинчиден, ЖӨБ органдары укук бузуулар боюнча административдик жаза салуу боюнча өз ыйгарым укуктарын билишпейт. Үчүнчүдөн, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин талаптарын аткаруу боюнча прокуратура органдары тарабынан көзөмөл жок. Комиссиялар кантип иштей алаарын талкуулоого эксперттер катары Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай ААнын айыл өкмөт башчысы Эргеш НИЯЗКУЛОВ жана административдик комиссиянын төрайымы Гүлмира ЖУСУПОВА чакырылышты. Ак-Сай ААнын тажрыйбасы Кыргызстандагы айылдык аймактар арасында административдик комиссиялардын ишинин дээрлик жалгыз ийгиликтүү практикасы болуп саналат. Аймактын өкүлдөрү комиссия басып өткөн жолду, жсалган иштер, аймакта укук бузган жаранга кандай айып санкциялар колдонулганы, комиссиянын иш процессинде кандай тоскоолдуктар болгону, кандай каталар кетирилгени тууралуу кенен айтып беришти. Аксайлыктар административдик комиссияны КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы №176 Токтому менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде түзүшкөн. Айыл өкмөт башчынын буйругу менен беш адамдан турган комиссия түзүлүп, ага АӨ адистери жана айылдык кеңештин депутаттары кирген. Башчынын айтымында, күчтүү команда түзүлгөн, ошондуктан комиссиянын иши “чу” дегенде эле жакшы кетти. Бардык айып санкциялары Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 534-1-беренесинин негизинде мыйзамдуу колдонулат, ар бир укук бузуу боюнча айыл тургунунун, милициянын жана комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда протокол түзүлөт. Калыс жана мыйзамдуу иштөө максатында комиссия ар бир укук бузуу боюнча дыкат иш алып барып, бардык материалдар жана фактылар менен таанышып чыгат. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Эргеш НИЯЗКУЛОВ административдик комиссия тартип бузгандардын терс реакциясына кабылып тураарын, бирок акыр соңунда баары туура жыйынтык чыгараарын айтып берди: “Биринчи жолу айып салынганда көптөр каршылык көрсөтөт, этибарга албайт. Бирок андан кийин түшүнүп, административдик комиссиянын чечимине баш ийип калышат. Мисалы, тургундардын бири жайытты мыйзамсыз колдонуп келген: беш баш малдын ордуна кошуна Тажикстандан 20 баш мал алып келип, биздин жайытка коё берчү. Жашоочулар даттанып эле жатышчу. Натыйжада малчыга 2000 сом айып салдык. Күнөөсү болбогонун айтып, ушул күнгө чейин биз менен тартышып келатат. Бирок жайытыбызга чоочун малды жайбай калды. Башка бир жашоочу базардан мал сатып келип, ал оорулуубу же жокпу деп текшербестен эле биздин малга кошуп жиберген. Көп өтпөй, малыбыз ылаңдай баштады. Ага да айып салдык, ал көпкө чейин мындай чечимге баш ийбей жүрдү. Бирок ошол окуядан кийин эч ким мал жаюу жана башкалардын малына кошуу эрежелерин бузбай калды. Бирок көпчүлүк учурларда укук бузган адамдар админкомиссиянын чечимине макул болушат жана айыпты оңой эле төлөп коюшат”

Ак-Сай ААнын 24 тургунуна салынган айып санкцияларынын эсебинен жергиликтүү бюджетке 48 000 сом түшкөн. Бирок административдик комиссиянын ишинде эң маанилүү жагы – айып санкциялардын эсебинен киреше алууга умтулбаш керек, бул процесстен пайда табууну максат кылбаш керек. Комиссия акча үчүн эмес, адамдарды тартипти сактоого, өзүнүн жана башкалардын алдындагы жоопкерчилик сезимин тарбиялоого, биринбири урматтоого, жүрүм-турумдун элементардык эрежелерин сактап, гармонияда жашоого үйрөтүү үчүн иштейт. Бул тема окуу сапарынын катышуучуларында өзгөчө кызыгууну жаратып, көптөгөн суроолор узатылды. Бул суроолорго ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эксперттери жана юристтери жооп беришти. Долбоор “Айыл өкмөтүнүн административдик укук бузуулар боюнча комиссиясынын ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” деген темада презентациялык материал даярдады. Анда комиссиянын иши, административдик айыптарды салуу тартиби, комиссиянын курамы, мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу кеңири сөз болду. Ошондой эле административдик комиссиянын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштар да берилди.

Укук бузуулар боюнча административдик комиссиянын иши жөнүндө суроолор

СУРОО. Эгерде жеке менчикке карата укук бузуу болсо, анда муну менен ким алектенет – менчик ээси өзүбү же административдик комиссиябы?

ЖООП. Зыянга учураган менчик ээси зыяндын ордун толуктоо тууралуу доо арыз менен административдик комиссияга жана сотко кайрылууга укуктуу.

СУРОО. Биздин ААдагы жайыттардын аймагында кошуна ААнын мал жайылып жүрөт. Кошуна ААнын жашоочуларына айып салууга укугубуз барбы?

ЖООП. Укук бузуучу жашаган жерине карабастан административдик комиссия айылдык аймактын чегинде жасалган иштерди карайт.

СУРОО. Административдик комиссиянын мүчөлөрүнө кандайдыр бир акчалай сыйакы каралганбы? Анын үстүнө эгерде комиссиянын курамында айыл өкмөттүн кызматкерлери болсо, бул алар үчүн кошумча жүк да?

ЖООП. Жок, акы каралган эмес. Бирок АӨ кызматкерлерине кошумча эмгек өргүү күндөрүн берип, грамота тапшырып, материалдык эмес шыктандыруучу башка чараларды колдонуу менен аларга дем берүүгө болот. Эрежеге ылайык, административдик комиссиялардын бардык мүчөлөрү жигердүү, алар ак ниети менен иштешет. Себеби бул ишти жалпы аймактын өсүп-өнүгүүсү үчүн жасап жатканын түшүнүп турушат.

СУРОО. Айылдын жаштары өз эрежесин демилгеледи: “айдоо жерлерин тебелеп кеткен мал союлат” деп жазылган баракчаларды чыгарышты. Бул мыйзамдуубу?

ЖООП. Мындай демилгелерге кылдат мамиле жасаш керек. Эгерде жамааттын уставы жана административдик комиссиясы айдоо жерлерин тебелеп салуу үчүн 2000 сом көлөмүндө айыпты белгилесе, анда башка санкцияларды колдонууга болбойт. Антпесе, башка укуктук кесепеттер пайда болушу ыктымал. Мисалы, бир айылда айдоону тебелеп кеткен малды кармап жатканда, ал өлүп калган. Малдын ээси тигилерди сотко берип, утуп алды жана компенсация төлөттү.

СУРОО. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте көрсөтүлгөн олуттуу зыяндын көлөмүн ким аныктайт? Агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынын адистерине кайрылса болобу?

ЖООП. Зыянды атайын түзүлгөн комиссия аныктайт жана бул комиссияга агрардык өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыктын адистери да катышат.

СУРОО. Административдик укук бузуулар үчүн айыптар кимдин эсебине түшүшү керек: республикалык бюджеткеби же жергиликтүү бюджеткеби?

ЖООП. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салган айыптар жергиликтүү бюджеттин эсебине түшөт.

СУРОО. Административдик укук бузуулар аныкталган учурда айрым ЖӨБ органдары зыянды жана укук бузуучунун күнөөсүн аныктоого убакыт коротпош үчүн акт түзө салып, аны укук коргоо органдарына өткөрүп беришет. Бул канчалык туура?

ЖООП. Жашоочу ААнын чегинде укук бузган учурда бул тууралуу протокол түзүлөт. Бирок бул протоколду ушундай укук бузууну кароого компетенциясы бар кызматтык адам түзүшү керек. Башкача айтканда, эгерде укук бузуу тартип коргоо органдарынын компетенциясына кирсе, анда алар протокол түзүп, бузуулар жөнүндө ишти өздөрү карашат жана укук бузуучуга айып салышат. Эгерде укук бузуу айыл өкмөткө караштуу комиссиянын компетенциясына кирсе, анда укук бузуу тууралуу протоколду комиссиянын мүчөлөрү же АӨ башчысы укук берген кызматтык адамдар түзөт. Алар протоколду түзгөндөн кийин аны комиссиянын жыйынына алып чыгышат. Комиссия өз кезегинде чечим чыгарып, укук бузуучуга айып салат.

СУРОО. Административдик комиссиянын курамына кимдер кириши керек?

ЖООП. Административдик комиссиялар тууралуу типтүү жобого ылайык, айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамына төмөнкүлөр кирет: • Комиссиянын төрагасы – айыл өкмөт башчынын орун басары, айыл өкмөт башчынын орун басары кызматы болбогон учурда – айыл өкмөттүн жооптуу катчысы; • айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери; • ички иштер органынын жана башка мамлекеттик органдардын (мекемелердин) аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча); • жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча). Туруктуу негизде иштеген Комиссиянын курамына жооптуу катчы катары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын – мэриянын, айыл өкмөтүнүн бир кызматкери кирет, ага Комиссиянын катчылыгынын функциялары жүктөлөт.

Окуу сапарынын жыйынтыктары

Каныбек БАТЫРОВ, Ылай-Талаа АА айыл өкмөт башчысы: “Бардык айылдык аймактарда көптөгөн административдик укук бузуулар орун алып келет, болгондо да барган сайын алар көбөйүүдө. Айылдын аймагында жашоо эрежелерин бузуунун санынын өсүшүнө жазасыздык себеп болууда. Уяткаруу жана жазалоо системасы жок: кээ бир жерлерде бул маселелерди аксакалдар соту, айрым жерлерде тартип коргоо органдары чечсе, айырм жерлерде такыр эле чечилбей кала берет. Үйүбүзгө баргандан кийин биз да жергиликтүү жамааттын Уставын кароо жана бекитүү боюнча айылдык кеңештин ачык сессиясын өткөрөбүз. Биз аксайлыктардын тажрыйбасын колдонууга аракет жасап, административдик комиссиялардын ишмердигин кайра карап чыгабыз”. Мамытбек ТАЙЛАКОВ, Өзгөн ш. жооптуу катчысы: “Өзгөндө жергиликтүү жамааттын эски уставы колдонулуп келатат. Ушул сапардан кийин Жазы ААнын мисалында документти жаңылоону сунуштайм. Айылдык кеңештин сессиясы жогорку деңгээлде өттү. Көрсө ачык сессияларды өткөрүүнүн бардык эрежелерин жана жол-жоболорун гана сакташ керек экен. Туруктуу комиссиялардын алдын ала иштери чоң ролду ойнойт экен. Бул комиссиялар маселени терең иликтеп чыгып, сессия үчүн корутунду даярдашы керек. Бизде, мисалы, шаардык кеңештин сессияларында талаштуу суроолор көп болот, ар бири өз чындыгын далилдеп, депутаттар оңою менен мунасага келе албай, мунун айынан убакыт да көп кетип калат”

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Окшош материалы: