Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБОнун ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобо

2020-01-13 / Мониторинг жана баалоо
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБОнун ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын «05» сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген

I. Жалпы жоболор

Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Типтүү жобого ылайык иштелип чыккан, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт. Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги жана баалоо биргелешкен мониторинг жана баалоо болуп аталат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингинин жана баалоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
  • муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
  • жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
  • тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруучулар болуп саналышат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо (мындан ары – БМ жана Б) тобу тарбынан жүргүзүлөт. Биргелешкен мониторинг жана баалоо маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарды жана технологияларды, анын ичинде «Интернет» түйүндөрүн пайдалануу менен көпчүлүк алдында жана ачык жүргүзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине туруктуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжаларын дайыма же бир жолку баалоо.

II. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары жана милдеттери

2.1. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын бирикмелеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызычылыктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирлерди, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын жана сунуштамаларын эсепке алууну камсыз кылуу;

3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин коомдук баалоо;

4) коррупциянын алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү;

2.2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуу усулдарынын натыйжалуулугун табуу;

3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

4) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин бүтүндөйүнөн калк тарабынан жана атап айтканда айрым социалдык топтор (аялдар, жаштар, улгайгандар, жумушсуздар, ДМЧА жана башкалар) тарабынан канаттануунун деңгээлин изилдөө;

5) социалдык-экономикалык программаларды, биргелешип аракеттенүүлөрдүн пландарын жана гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча пландарды жана айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программаларын жана пландарын) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды талдоону жана баалоону табуу, кийин табылган четтөөлөрдү четтетүү, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруунун динамикасын контролдоо боюнча иш-чараларды аныктоо жана ишке ашыруу;

6) иштин кемчиликтери жана мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине калктын канаттанбаганы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдоо, аларды четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү.

III. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги принциптер жана талаптар

3.1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • адамдын жана жарандын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын артыкчылыгы, басмырлоонун кандай гана болбосун формаларына чыдамсыздык;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүн презумпциялоо;
  • иштин ыктырдуулугу жана мыйзамдуулугу, БМ жана Б топторунун объективдүүлүгү, кынтыксыздыгы жана ак ниеттүүлүгү;
  • коомдук талкуулоонун жана анын натыйжаларынын айкындыгы, ачыктыгы;
  • БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча даярдалган жыйынтыктоочу документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кароонун милдеттүүлүгү жана БМ жана Б тобунун сунуштарын, сунуштамаларын жана тыянактарын эсепке алуу;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн бүтүндүгү жана оперативдүүлүгү.

3.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине карата негизги талаптар:

  • баштапкы маалыматтын объективдүүлүгү жана жетиштүүлүгү;
  • маалыматтын кошумча булактарын тартуу;
  • мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын дайма салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
  • баалоонун зарыл жана жетиштүү критерийлеринин минималдуу санын тандоо;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоолдуктарды түзүүнүн жол берилбестиги.

IV. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети жана объекттери

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган мониторингдин жана баалоо объекттеринин ишинин процесси жана натыйжалары биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болуп саналат, төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • айылдык аймакты, шаарды өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашырууну;
  • жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттердин, эл аралык жана башка донордук уюмдардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан финансылануучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашырууну;
  • жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда товарларды жеткирип берүүнү, кызматтарды көрсөтүүнү жана жумуштарды аткарууну, ошондой эле консультациялык кызмат.

Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
  • муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
  • жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
  • тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИСПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.

Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттери төмөкүлөргө милдеттүү:

  • Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жеткиликтүүлүк чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болгон бөлүгүндө өз иши жөнүндө БМ жана Б тобуна маалымат берүүгө;
  • алар тарабынан жиберилген суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кароого;
  • табылган өксүктөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамаларды талкуулоо жана иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн БМ жана Б тобу тарабынан жиберилген биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документтерди кароого;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналган учурлардан тышкары) БМ жана Б тобуна көчүрмөсү менен кемчиликтердин себептери жөнүндө жана кырдаалды оңдоо боюнча пландаштырылган чаралар жөнүндө биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымат берүүгө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобунан биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен БМ жана Б тобу тарабынан табылган кемчиликтерди четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматты жергиликтүү кеңешке маалымдоого.

V. Биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруу

5.1. БМ жана Б тобун түзүү

Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттарына жетүү жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобун түзөт. БМ жана Б топторунун ишин жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.

5.2. БМ жана Б тобунун курамы

5.2.1. БМ жана Б тобу мүчөлөрдүн так санынан – 18 жашка чыккан, тиешелүү жергиликтүү кеңештин мүчөсү болуп саналган 5тен 15ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.

5.2.2. БМ жана Б тобунун курамына жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоосуз, ушул Жобого ылайык сунуш кылынган жана шайланган адамдар кирет.

5.2.3. БМ жана Б тобу төмөнкү курамда түзүлөт:

1) БМ жана Б тобунун курамынын 4/1 кем эмеси – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык кызматкерлери;

2) БМ жана Б тобунун курамынын 4/1 – жергиликтүү кеңештин депутаттары;

3) БМ жана Б тобунун курамынын жарымынан кем эмеси - жарандардын жана алардын атынан чыккан жарандар.

БМ жана Б тобунун курамына карата кошумча милдеттүү:

1) бир жыныстагы адамдар БМ жана Б тобунун курамынын 70% ашыгын түзбөөгө тийиш;

2) БМ жана Б тобунун мүчөлөрү ушул Жобонун 6-бөлүмүнө ылайык БМ жана Б тобунун курамында ишти жүзөгө ашыруу жана мониторинг жана баалоо предмети менен байланышкан кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ болбоого тийиш.

5.3. БМ жана М тобунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

5.3.1. БМ жана М тобунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү түзүлгөн учурдан тартып төрт жылды түзөт.

5.3.2. БМ жана Б тобунун биринчи жыйналышы түзүлгөн учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

5.3.3. БМ жана Б тобунун биринчи жыйналышын өткөргөнгө чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө маалыматты (БМ жана Б түзүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомун, БМ жана Б тобунун курамын, биринчи жыйналышты өткөрүү датасын, ордун жана убактысын жана башкаларды) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтына жарыялайт жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштырат.

5.4. БМ жана Б тобун түзүү тартиби

5.4.1. Жергиликтүү кеңешти түзгөн учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталганы жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтына жарыялайт жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштырат.

5.4.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен БМ жана Б тобунун курамына муниципалдык кызматчылардын ичинен талапкерлерди дайындайт жана талапкерлердин тизмесин жергиликтүү кеңешке жиберет.

5.4.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен жергиликтүү кеңетин депутаттарынын ичинен БМ жана Б тобунун мүчөлөрүн бекитет.

5.4.4. БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына жарандардын жана алардын бирикмелеринин атынан чыккан талапкерлерди шайлоо Жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык өткөрүлүүчү жергиликтүү коомдоштуктун жыйынында (же ушул жергиликтүү коомдоштукка ылайык келген башка ыкма менен) жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйындын катышуучуларынын добуштарынын санынын көпчүлүгүн алган жарандар БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына талапкерлер деп эсептелет. БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары протокол менен жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешке жиберилет. БМ жана Б тобунун курамына талапкерлерди көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл уюштуруучулук шарттарды (маалыматтык кампанияны, чакырууларды таратууну, өтүнмөлөрдү кабыл алууну жыйноону добуш берүү жолу менен тандоо жол-жобосун жана д.у.с. уюштурат) түзөт.

5.4.5. Жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө тескеме кабыл алат.

5.4.6. БМ жана Б тобунун төрагасы жарандардын жана алардын бирикмелеринин атынан чыккан БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен БМ жана Б тобунун мүчөлүгүнө шайланат.

5.4.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жана курамы жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтыны жарыялоо жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштыруу жолу менен БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө жергиликтүү коомдоштукка маалымдоону камсыз кылат.

5.4.8. БМ жана Б тобунун мүчөлөрү чыгып кеткен учурда, БМ жана Б тобунун курамына киргизүү ушул Жобонун ушул бөлүмүнүн жол-жоболору боюнча жүзөгө ашарвлат.

VI. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

6.1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу – мында БМ жана Б тобунун мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгы же болбосо БМ жана Б тобунун мүчөсүнө таасир (кысым) көсөтүү БМ жана Б тобунун мүчөсү катары өз ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарууга таасир көрсөтсө же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон кырдаал.

6.2. Анын өз ыйгарым укуктарын объективдүү жүзөгө ашырууга таасир көрсөткөн же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон БМ жана Б тобунун мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгы деп БМ жана Б тобунун мүчөсү тарабынан акчалай же болбосо накталай формада кирешелерди, түздөн-түзБМ жана Б тобунун мүчөсү, анын үй-бүлөсү же жакын туугандары үчүн, ошондой эле БМ жана Б мүчөсү финансылык же башка жагдайлар менен байланышкан башка жактар үчүн кирешелерди алуу (негизсиз баюу) мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт.

6.3. БМ жана Б тобунун мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген же алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылык келип чыккан учурда же болбосо БМ жана Б тобунун мүчөсүнө анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланышкан таасир (кысым) көрсөтүү кырдаалы келип чыкканда БМ жана Б тобунун мүчөсү бул тууралуу БМ жана Б тобунун төрагасына жана жергиликтүү кеңешке кыска мөөнөттө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

6.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экени жөнүндө маалымат алган учурда, ага карата кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан БМ жана Б тобунун мүчөсүн предмети боюнча мониторинг жана баалоо процессинен убактылуу четтетүүгө тийиш.

VII. БМ жана Б тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу

7.1. БМ жана Б тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

БМ жана Б тобу өз ишинде зарыл шарттар (биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттери турган жерлерге баруу үчүн, жыйналыштарды өткөрүү үчүн жайлар, зарыл канцелярдык товарлар, документтерди даярдоо, мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын кайра иштеп чыгуу үчүн офистик жабдууларга жеткиликтүүлүккө ээ болуу жана башка шарттар) менен камсыз кылынууга тийиш.

7.2. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары

7.2.1. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары болуп БМ жана Б тобунун жыйналыштары, жумушчу топтордун жыйналыштары, коомдук талкуулоолорго катышуу (жыйындар, чогулуштар, коомдук угуулар) жана башкалар саналат.

7.2.2. БМ жана Б тобунун жыйналышы БМ жана Б тобунун ишинин планына ылайык (мындан ары – Иш план), бирок кварталда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.

7.2.3. Эгерде ага БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн жалпы санынан жарымынан көбү катышса, жыйналыш ыйгарым укуктуу деп эсептелет.

7.2.4. БМ жана Б тобунун төрагасы БМ жана Б тобунун ишин жетектейт жана уюштурат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде БМ жана Б тобунун атынан чыгат, иш кагаздарын уюштуруу, ошондой эле ар жылкы жыйындарды жана башка иш-чараларды (БМ жана Б тобунун ишинин натыйжаларын даярдоо жана презентациялоо) уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.

7.2.5. БМ жана Б тобунун төрагасы БМ жана Б жүргүзүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган документтердин (анкеталардын, тизмелердин, фото жана башкалардын), ошондой эле БМ жана Б натыйжаларын чагылдыруучу документтердин (актылардын, отчеттордун жана башкалардын) сакталышын камсыз кылат.

7.3. БМ жана Б тобунун ыйгарым укуктары

7.3.1. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн БМ жана Б тобу:

  • иш пландын долбоорун иштеп чыгат;
  • иш план жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына маалымдайт, иш планды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен талкуулагандан кийин, зарыл болгон учурда өзгөртүү жана толуктоо киргизет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өз компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-чараларды өткөрүүнү иш планга киргизүү боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен талкууланган иш планды жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө киргизет;
  • конкреттүү объекттинин биргелешкен мониторинги жана баалоо мониторингдин жана баалоонун планына ылайык жүргүзүлөт;
  • сурамжылоолорду (анкеталоону), фокус-топту,
  • товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, жана (же) ишке ашырылган долбоорлордон, демилгелерден тикелей пайда алуучулар менен, анын ичинде жерине баруу менен, аңмелешүүлөрдү жүргүзөт;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо процессинде даярдалган, биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринен алынган документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмелерин жана башкаларды) талдоону жүзөгө ашырат;
  • иш-чараларга (коомдоштуктардын муктаждыктарын биргелешип итиктөө (КМБИ), коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга жана башкаларга) байкоочулар катары катышат;
  • өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу (демилгелерди, долбоорлорду, программаларды жана башкаларды ишке ашыруу) менен байланышкан иш-чараларга байкоочулар катары катышат;
  • жергиликтүү кеңешке, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттерине жана жергиликтүү коомдоштукка биргелешкен мониторингдин жана баалоонун жүрүшүндө табылган поблемалар жөнүндө өз убагында маалымдайт;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттерине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети боюнча сунушта маларды берет жана сунуштарды киргизет;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кеңешке биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча отчет берет;
  • жергиликтүү коомдоштукка биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин биргелешкен мониторинги жана баалоо жөнүндө жыйынды отчет берет.

7.3.2. Проблемалардын жана өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын пландаштырылган параметрлеринен четтөөлөрдүн келип чыгышынын эртелеп алдын алуу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун, кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуунун максатында БМ жана Б тобу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жеткиликтүүлүк чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттеринен маалымат суратууга;

2) өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруу статусун баалоо, жүргүзүлүүүчү иш-чаралардын өнүктүрүү программаларына жана пландарына, ошондой эле Жергиликтүү коомдоштуктун уставынын талаптарына, мониторингдин планына ылайык келүүсүн баалоо үчүн тиешелүү объекттерге барууга, көрмө кароолорду, өлчөөлөрдү жүргүзүүгө жана мониторингдин башка ыкмаларын пайдаланууга;

3) жарандардын жана алардын бирикмелеринин биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине, ошондой эле өнүктүрүү программаларына жана пландарына жана алардын аткарылышына мамилесин аныктоо үчүн коомдук пикирди (жергиликтүү коомдоштуктун ар кыл катмарларын жана социалдык топторунун) иликтөөнү жүргүзүүгө;

4) өнүктүрүү программаларын жана пландарын, долбоорлорду, демилгелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жүргүзүүнү сапатсыз же өз убагында бербеген фактылар табылган учурда;

5) ЖӨБ органдарынын айкындуулугунун деңгээлин, бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индексин, аларды жүргүзүүнүн усулун аныктоочу типтүү жоболорго ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоону жүргүзүүгө;

6) биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жарандарды жана алардын бирикмелерин, илимий, эксперттик уюмдарды, көз карандысыз эксперттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башкаларды тартууга;

7) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун айрым маселелери боюнча жумушчу топторду түзүүгө.

VIII. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документтер

8.1. Иш планга ылайык БМ жана Б тобу тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча тиешелүү документтер: акт жана жыйынды отчет түзүлөт.

Мониторингдин жана баалоонун актысы (мындан ары – акт) биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү фактысын ырастаган документ болуп саналат. Төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтыйт:

  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн максатын;
  • биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предметин жана объектисин;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн ордун;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн;
  • төмөнкүлөрдү кошуп алганда, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын сыпаттоо:
    • фактыларды, же
    • баалоонун натыйжаларын табуу (анкеталоо, изилдөө, фокус топтор, коомдук пикирди сурамжылоо жана д.у.с.)
  • биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча сунуштамалар жана сунуштар;
  • Актыга тиркемелер (протоколдор, фото, көрмө материалдар жана д.у.с.)

Жыйынды отчет иш планга ылайык биргелешкен мониторингдин жана баалоонун алкагында белгилүү бир мезгилдин убагында (жарым жыл, жыл) өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө кыскача маалыматты камтыган документ болуп саналат. Жыйынды отчетто биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген актылар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтар, берилүүчү актыларга жана сунуштамаларга жооп иретинде биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттеринин иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары камтылат.

8.2. Акт БМ жана Б тобу тарабынан биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттине, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кеңешке жиберилет.

8.3. Акт ушул Жобонун 4.2. пунктуна ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттери тарабынан милдеттүү каралууга жатат.

8.4. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларына жараша жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобунун сунуштамаларын аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин отчету үчүн жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга же коомдук талкуулоо өткөрүүнү (жыйын, коомдук угуулар, курултай жана башка) демилгелөөгө укуктуу.

8.5. БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча жыйынды отчет БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн активдүү катышуусу менен БМ жана Б тобунун төрагасынын жетекчилиги астында даярдалат. БМ жана Б тобунун төрагасы (БМ жана Б тобунун төрагасынын мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, БМ жана Б тобунун төрагасы тарабынан аныкталган БМ жана Б тобунун мүчөсү) ЖӨБ аткаруу органынын өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын аткарылышы тууралуу жыл сайын көпчүлүк алдында берилүүчү отчетунун убагында жергиликтүү коомдоштук үчүн отчеттун презентациясын өткөрөт. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча даярдалган жыйынды отчет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жарыяланат жана (же) көрүнүктүү атайын жайларга (такталарга, стенддерге) жайгаштырылат.