Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

СЭӨПга мониторинг – айыл өкмөт башчы, жарандар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кандай ролду ойношот?

2019-03-13 / Мониторинг жана баалоо

ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү мындан ары айрым бир долбоорлордо колдонулчу механизм катары карабаш керек. Бул жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жарандар ортосундагы өз ара мамилелердин туруктуу системасы болууга тийиш.

Ошону менен катар бул системада ар бир тарапта өзүнүн кызыкчылыктары, максаттары, милдеттери жана функциялары болушу керек. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору1 мониторинг жана баалоо темасында өткөргөн практикалык окуулар “ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы кантип түзүлүшү керек?” деген маселеде маанилүү тыянакты чыгарууга жол берет. Долбоордун алкагында Өнүктүрүү саясат институту 2018-жылы октябрь-ноябрь айларындагы программалар менен долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча тренинг өткөрдү. Тренингдер Нарын (беш айылдык аймак) жана Ош (он айылдык аймак) облустарындагы 15 пилоттук айылдык аймакта өткөрүлдү. Тренингге 196 адам катышты, алардын 36 пайызын аялдар түздү. Тренингге айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү, жергиликтүү жамааттардын лидерлери катышты. Программаларга жана долбоорлорго, аны менен катар Биргелешкен аракеттер планына (БАП) мониторинг жана баалоо жүргүзүү көндүмдөрүнө үйрөтүү тренингдин негизги максаты болду. БАПтар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистеринин консультациялык колдоосу менен даярдалган. Биргелешкен аракеттер планы – бул жамааттын артыкчылыктуу маселелерине негизделген, айылдык аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (СЭӨП) бир бөлүгү. Жамааттын артыкчылыктуу маселелери болсо айылдын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) моделинин жардамы менен аныкталат.

Тренинг айылдык аймактардын деңгээлинде мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө ЖӨБОнун жана жамаат мүчөлөрүнүн ролун ачып берди. Ошондой эле индикаторлорду иштеп чыгып, аларга жетүүгө чейинки толук процессти көрсөттү. Тренинг Биргелешкен аракеттер планындагы индикаторлордун анализине негизделген. Индикатор – бул объекттин абалын сүрөттөп берүүгө жана баалоого жардам берет. Бул СЭӨПга мониторинг жүргүзгөн учурда өтө маанилүү жана жөнөкөй аспап. Индикатор – бул алдыга коюлган максаттын багытын көрсөтүп турган компас. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар көрсөткүчтөр (индикаторлор) жасалган ишаракеттерди, тийгизген таасирин жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтүп тураарын билишти. Ошондой эле катышуучулар индикаторлор бирдиктүү принциптерге шайкеш келиши керектигин үйрөнүштү. Ал принциптер: индикаторлор конкреттүү, бир маанилүү, ишенимдүү болуп, бири-бирине карама-каршы келбей, маалыматты чогултууда жеткиликтүүлүк болушу керек. Сандык жана сапаттык индикаторлор менен таанышууга да көңүл бурулуп, катышуучулар конкреттүү мисалдардын негизинде алардын айырмасын көрүштү. Ошондой эле тренингдин катышуучулары иштелип чыккан критерийлер боюнча индикаторлорду тандап алганды үйрөнүштү.

Шаарлардын жана айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын2 даярдоодо жаңы усулдарды жайылтуунун актуалдуулугу дагы бир нерсе менен тастыкталууда: ЖӨБЭММА жана Экономика министрлиги биргелешкен буйругу менен программаны даярдоонун жаңы методикасын бекитишкен. Бул методикада мониторинг жана баалоого чоң көңүл бурулат. Өз тарабынан ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖӨБ деңгээлинде мониторинг жана баалоо системасын түзүү идеясын жигердүү жайылтууда. Бул системага бардык катышуучулар – ЖӨБ органдары, калк, мамлекеттик органдар камтылган.

№1 таблица. Мониторингде ЖӨБОнун жана БМжБТнын ролу (тренингдин катышуучуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо, % менен)

Муниципалитет мисалы, үч жылдан кийин кандай болоору СЭӨПда чагылдырылышы керек. СЭӨПны эффективдүү ишке ашыруу көп факторлордон көз каранды жана айылдык аймактын өнүгүүсүнүн бардык өңүттөрүнө таасирин тийгизет. СЭӨП индикаторлорун башкарууга жүргүзүлгөн мониторинг ушундай башкаруучулук факторлордун бири болуп саналат. Ошондуктан тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мониторинг жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кандай деп, СЭӨПнын бир бөлүгү катары БАПтын структурасына анализ жасап чыгышты. Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБТ) тарабынан мониторинг жасалышы керек болгон индикаторлор тренингдин катышуучуларынын көңүл чордонунда болду. Индикаторлордун бир бөлүгүн ЖӨБ органдары өздөрү гана өлчөй алгандыктан, тренингде БМжБТ, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен айыл өкмөтүнүн оперативдик-чарба ишинин алкагындагы мониторингдин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселелери каралды. СЭӨП индикаторлоруна жүргүзүлчү мониторинг тренингде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн аспабы катары каралды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору окуу процессинде катышуучуларды бир нече маанилүү маселелерди чечүүгө үйрөттү. Биринчиси – бул максаттарга (индикаторлорго) жетүүгө багытталган башкаруу. Экинчиси – бул коомдук пикирди түзүү, СЭӨПда конкреттүү сандарда берилген конкреттүү жыйынтыктар бар.

Үчүнчүсү – бул СЭӨПнын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү процессине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартуу. Төртүнчүсү – индикаторлор системасы аркылуу өнүгүүнү натыйжалуу башкаруу маселелери боюнча ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын потенциалын жогорулатуу. Өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим берүү деңгээли төмөндөп кеткенинен улам, айылдык аймактардын деңгээлинде өнүгүү программаларын башкаруу жаатында квалификациялуу адистердин жетишсиздигине байланыштуу бул өңүт чоң мааниге ээ болуп турат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун байкоолоруна ылайык, СЭӨПда коюлган максаттарга жана индикаторлорго СЭӨП аткаруучулары гана эмес, ошону менен бирге коомчулук жана мониторинг жүргүзүүчү топтор дайыма эле туруктуу мониторинг жасабайт. Эксперттердин баамында, мамлекеттик жана муниципалдык программалар “көрсөтмөлүү мүнөзгө” ээ болгону мына ушуга себеп. Конкреттүү, өлчөнө турган индикаторлордо туюндурулган жыйынтыктарды баалоо аркылуу “көрсөтмөлүү мүнөздөн” реалдуу жыйынтыктарга өтсө болот. Ресурстарды таап, ишке ашыруу механизмдерин жайылтуу гана эмес, ошону менен бирге мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарынын негизинде Программанын аткарылышынын жүрүшүнө түзөтүүлөрдү киргизип туруу да маанилүү. Дал ушул индикаторлор Программанын аткарылышынын жүрүшүнө таасир тийгизүүнүн жакшы аспабы болуп берет. Окуу программалары аркылуу, анын ичинде мониторинг жана баалоо боюнча тренингдер аркылуу ЭҮЖӨБОЖ Долбоору айылдык аймактын ресурстарын башкаруу процессинде ЖӨБ органдарынын ролун ачып берет. Бул жерде айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары жана биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору кандай ролду ойной турганын түшүнүп алуу маанилүү. Катышуучулардын ролун түшүнүү мониторинг жана баалоону уюштуруу үчүн өтө маанилүү. Себеби СЭӨПга мониторингди уюштурууда жана өткөрүүдө тараптардын кызыкчылыктары ар түрдүү болгону, кызыкчылыктардын кагылышуусу мүмкүн экени белгилүү болот.

Ченемдик укуктук база мониторинг жана баалоо аркылуу жыйынтыктарды башкарууда үч негизги тараптын ролун аныктаган. Эгерде кыскача айта турган болсок, айыл өкмөт башчысы СЭӨП долбоорун, анын ичинде индикаторлорду иштеп чыгат. Мониторинг жана баалоо тобу СЭӨПга мониторинг жана баалоо жүргүзөт. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алышат. Төмөн жактагы таблицада СЭӨПга мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессинде катышуучулардын ролун аныктоо боюнча тренингдин катышуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары берилди. Сурамжылоого катышкандардын 34,8% мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө депутаттардын ролу бар дешет, мониторинг жана баалоо боюнча Планды даярдоодо айыл өкмөтүнүн ролун көргөндөр – 55,4% жана ресурстарга, иш-чараларга жана жыйынтыктарга мониторинг жүргүзүүдө БМжБ тобунун ролу бар дегендер – 40,2%.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору мониторинг жана баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базага анализ жасап чыкты. Ага ылайык, ЖӨБОну башкаруу чөйрөсүндө мониторинг жана баалоо механизмдерин жайылтуу үчүн айрым бир шарттар, анын ичинде индикаторлорго мониторинг жүргүзүү да бар. Кабыл алынган мыйзамдар муну тастыктап турат1 . Бирок мамлекеттик программалардын индикаторлорун жергиликтүү өнүгүү программаларына интеграциялоо оор жана актуалдуу көйгөй бойдон кала берүүдө. Айыл өкмөтүнүн Регламентинин 6-главасында2 көрсөтүлгөндөй, СЭӨПда мониторинг жана баалоо планын иштеп чыгуу зарыл. Анда максаттарга жетүүнүн конкреттүү, өлчөнө турган индикаторлорун көрсөтүш керек. Бул жерде айрым бир суроолор жаралат, бирок аларга бир маанилүү жооп жок: Мониторинг жана баалоо планын түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысында жана кызматкерлеринде потенциал барбы? Айыл өкмөтүнүн иш практикасына СЭӨПга мониторинг жана баалоо жүргүзүү механизмин (индикаторлорду) кантип киргизсе болот? Эң негизги суроо – айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин депутаттары өз ишинде мониторинг жана баалоо жүргүзүү механизмин киргизүү канчалык маанилүү экенин баамдашабы? Мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине БМжБ топторун кошуу канчалык маанилүү? Айылдык аймактын деңгээлинде мониторинг жүргүзүү системасында башка бир өзөктүк элемент – бул жергиликтүү кеңештин депутаттары. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ролу да Айылдык кеңештин Типтүү регламентинде аныкталган3 . Регламент депутаттардын ролун методологияны иштеп чыгуучулары катары аныктаган. Мисалы, Айылдык кеңештин Регламентинин 2-главасы кызмат көрсөтүүлөргө баалоо жүргүзүүнүн методикасын, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын жергиликтүү жамааттын, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды, бекитүү, ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу милдетин кеңешке жүктөгөн. Практика көрсөткөндөй, депутаттар мониторинг жана баалоо канчалык маанилүү болгонун түшүнүп, айылдык аймактын СЭӨП индикаторлорунун аткарылышы тууралуу отчетту талап кылмайынча, СЭӨПга мониторинг жүргүзүү боюнча иштер кагаз жүзүндө эле кала берет. СЭӨПнын индикаторлорун аткарууну айылдык кеңештин Иш планына кошуп, айылдык кеңештин сессияларында угуу зарыл.

БМжБ тобу, анын курамы, функциялары ж.б. жөнүндө Жобону даярдоо маселеси ачык бойдон кала берүүдө. Бул Жобону Айылдык кеңештин Регламентинин 2-главасына ылайык, депутаттар кабыл алышы керек. “Эл аралык Интербилим борбору”4 коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы мындай жобону иштеп чыгууга аракет жасаган. “Интербилим” 2018-жылы Ош шаардык кеңешине кабыл алууга документти сунуш кылган. Ал документ БМжБ тобунун укуктук статусун так аныктап бермек. Бирок Оштогу бул иш токтоп калды. Учурда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору БМжБТ аркылуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү жайылтуунун практикалык тажрыйбасына таянуу менен, Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Жобону даярдап жатат. Бөтөнчө бир суроо пайда болот: депутаттар, айыл өкмөт башчылары ичүүчү суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө ж.б. мониторинг жана баалоо жүргүзүү методологиясын иштеп чыга алышабы? Жок деген жооп көбүрөөк жакын. Себеби аларда тийиштүү билим жок. Бирок мындай методологияны жергиликтүү бюджеттеги каражаттын жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн эсебинен эксперттерди тартуу менен даярдаса болот. Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун ролу айылдык кеңештин депутаттары бекиткен жергиликтүү жамааттын Уставында5 да аныкталган. Айталы, Типтүү уставдын 27.5-пунктунда БМжБ тобунун укуктары көрсөтүлгөн. Аталган топ төмөнкүлөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө укуктуу: 1) айыл өкмөтүнүн ишине; 2)коомдук уюмдардын жана бирикмелердин ишине; 3) өнүгүү пландарынын (анын ичинде биргелешкен аракеттер пландары, СЭӨП ж.б.) ишке ашырылуусуна; 4) жергиликтүү бюджеттен каржыланган жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/ программалардын ишке ашырылышына. БМжБТ индикаторлорго ылайык СЭӨПнын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзө алат жана тийиштүү чараларды көрүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарына жыйынтыктарды бере алат.

СЭӨПга мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө БМжБ топторунун, депутаттардын жана АӨ башчыларынын ролу аздыр-көптүр аныкталып калганы менен, айылдык аймактын деңгээлинде мониторинг боюнча дайындар базасын түзүү оор маселелердин бири бойдон кала берүүдө. Мониторинг (индикаторлор) боюнча дайындар базасын жүргүзмөйүнчө жана жаңыламайынча СЭӨПнын аткарылышы боюнча жумуштарды баалоо үчүн маалыматтар да болбойт. Менеджер катары бул маселелерге бардык деңгээлдердеги мамлекеттик администрациялардын башчылары кызыгууга тийиш. ЖӨБОнун ишин баалоо мониторингдин дайындар базасынын негизинде түзүлүшү керек. Анын ичинде конкреттүү көрсөткүчтөргө, маалыматтарды туруктуу түрдө, системалуу чогултууга, индикаторлордун динамикасын көзөмөлдөп турууга таянышы керек. Антпесе, мониторинг объекттерге жана кызмат көрсөтүүлөргө кокустан эле барып калуу менен чектелип калышы ыктымал. Ошондуктан жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессинде мамлекеттик органдардын ролу ченемдик жактан аныкталып, түзүлүшү керек. Бирок бул жерде ушул ролдо чектөөлөр бар болгонун да унутпаш керек – жергиликтүү мамлекеттик администрацияны кошкондо, мамлекеттик органдар мамлекеттик маанидеги маселелерге карата гана мониторинг жана баалоону жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул мамлекеттик маанидеги маселелерди ЖӨБ органдары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында гана чечишет. Жергиликтүү маанидеги маселелерге келгенде жергиликтүү кеңеш жана аны шайлап алган жарандар мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарына “кожоюн” болушат.

Индикаторлор боюнча дайындар базасын айыл өкмөтүнө караштуу кылып түзсө да болот. Бирок мында базадагы маалыматтардын баары каалаган адамдарга жеткиликтүү болушу керек. Бул – айыл өкмөтүнүн башчыларын депутаттар, мамлекеттик органдар, жарандар жана башка кызыкдар жактар менен бириктирип турган революциялык башкаруу аспабы боло алат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мамлекеттик органдар онлайн режиминде СЭӨПнын индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмак. Аларда тиешелүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле бул маалыматты айыл өкмөт башчынын ишин баалоонун критерийи катары колдонууга мүмкүнчүлүгү пайда болмок. Эң жөнөкөй аспап – СЭӨПнын ресурстары, продукттары жана жыйынтыктары өңдүү бир нече өзөктүк индикаторлордон мониторинг панелин түзүү. 2016-жылдан бери Долбоор жыл сайын ЖӨБОнун ишин жана кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо максатында элеттиктер арасында сурмжылоо жүргүзүп келатат. Бул сурамжылоо БМжБ топторунун көмөгү менен ишке ашууда. Сурамжылоонун жыйынтыктарын Долбоордун координаторлору ЖӨБО органдарына жана БМжБ топторуна беришет. Бул маалыматтар динамика кандай өзгөргөнүн көрсөтүп турат. Мисалы, элеттиктердин айылдын чогулуштарына катышуусунда, ЖӨБ органдарына карата мамилесинде кандай өзгөрүүлөр болгонун көрсөтөт. Бул маалыматтарды элеттиктердин ЖӨБ органдарынын ишине жүргүзгөн мониторингинин дайындар базасы катары колдонсо болот. Бул субъективдүү маалымат – бул жерде айыл жашоочуларынын пикирлери, баасы, көз карашы болот. Субъективдүү маалыматтарды СЭӨПнын индикаторлору жана ЖӨБО кызматкерлеринин баасы өңдүү объективдүү дайындар менен бекемдөөгө болот. Маалыматтын үч булагы – айыл тургундарынын пикири, СЭӨПнын индикаторлоруна жетүүгө коюлган баа жана ЖОБО кызматкерлеринин баасы. Ушул булактар ЖӨБ органдарынын ишин баалоодо критерий катары кызмат өтөй алышат. Программаларга жана долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча тренингдин алкагында СЭӨПнын индикаторлоруна мониторинг жүргүзүүнүн алты маанилүү кадамы аныкталды. Ал кадамдар индикаторлорду иштеп чыгуудан башталып, аларды аткаруу менен жыйынтыкталат.

Биринчи кадам – айыл өкмөт башчысы айылдык аймактын СЭӨ программасын даярдоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн Регламентинин талаптарына ылайык индикаторлорду иштеп чыгат.

Экинчи кадам – БМжБ тобунун Мониторинг жана баалоо планына кошуу үчүн индикаторлор (ресурстар, иш-чаралар, продукттар жана жыйынтыктар) тандалып алынат.

Үчүнчү кадам – айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясында БМжБТнын Мониторинг планы бекитилет. БМжБТнын Мониторинг планынын негизинде айылдык кеңештин депутаттары индикаторлордун тизмесин бекитишет. Бул тизме боюнча АӨ башчысы өзүнүн жарым жылдык жана жылдык отчетторунда СЭӨП индикаторлорунун аткарылышы тууралуу маалыматты берип турат.

Төртүнчү кадам – индикаторлордун мониторинги боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Мониторинг объект же кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты системалуу топтоо дегенди билдирет. БМжБ топтору инструктаж жүргүзүп, жашоочулардын назарын БМжБ топторунун ишине буруу үчүн айрым белгилерди колдонушат (футболкалар, баш кийимдер, жилетка, белгилер). Бул БМжБТ үчүн өтө жоопкерчиликтүү баскыч. Себеби объект же кызмат көрсөтүү тууралуу толук, тең салмактуу жана ишенимдүү маалыматтарды (индикаторлорду) чогултуш керек. БМжБТ СЭӨПнын сандык да, сапаттык да индикаторлоруна өзгөчө басым жасайт. Жашоочулар үчүн арналган объекттерге жана кымат көрсөтүүлөргө гана мониторинг жүргүзүлбөстөн, алар тууралуу жарандардын пикирлери, көз карашы, баасы да чогултулат.

Бешинчи кадам – СЭӨПнын индикаторлоруна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн БМжБТ жыйыны. БМжБТ мүчөлөрү ортосунда мунаса табылышы керек: корутунду БМжБТ мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн пикирин билдирип турушу абзел. Пикирлер индикатордүн өнүгүүсүнө, белгиленген мөөнөттө ага жетүүсүнө карата божомолду, план менен фактынын ортосундагы айырманы, кемчиликтерди, көйгөйлүү жерлерди ж.б. чагылдырып турууга тийиш. БМжБТ мүчөлөрүнүн сунуштары белгиленген формада айылдык кеңештин депутаттарына, айыл өкмөт башчысына жана кызыкдар жактарга берилет. Сунуштамаларды даярдап жаткан маалда СЭӨПнын индикаторлорунун аткарылышына негизги басым жасалат. Мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө БМжБТнын функциясы ушуну менен бүтөт. Себеби андан ары БМжБТ жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча чечимди тиешелүү ыйгарым укуктары бар айылдык кеңештин депутаттары гана кабыл алат.

Алтынчы кадам – айылдык кеңештин депутаттары БМжБТнын сунуштарын карап чыгып, СЭӨПнын аткарылышы (индикаторлору) боюнча чараларды кабыл алышат. Айылдык кеңештин Регламентине ылайык, БМжБ тобунун сунуштамаларынын негизинде тиешелүү чараларды кабыл алуу депутаттардын компетенциясына кирет. Ошону менен бирге депутаттарда СЭӨПнын индикаторлору тууралуу маалыматтарды алуу же чараларды көрүү үчүн бир нече аспап бар. Биринчиси – депутаттык суроо-талап жиберүү, экинчиси – депутаттык суроо, үчүнчүсү – айыл өкмөт башчысынын жарым жылдык жана жылдык отчетторуна СЭӨПнын индикаторлорунун аткарылышы тууралуу маалымат берүүнү киргизүү, төртүнчүсү – СЭӨПнын индикаторлорунун аткарылышы тууралуу маселени айылдык кеңештин сессиясында кароо демилгесин көтөрүү.

Мониторинг жана баалоо боюнча өткөн тренингдердин жыйынтыктары кандай болду? Тренингдин катышуучулары СЭӨП үчүн индикаторлорду иштеп чыгуу боюнча көндүмдөргө жана билимге ээ болушту. БМжБ топтору СЭӨП индикаторлоруна мониторинг жана баалоо пландарын түзүштү. “СЭӨПга кантип мониторинг жүргүзүш керектигин билесизби?” деген суроого катышуучулардын 37,5% “ооба” деп жооп берсе, 54,5% айрым бир маалыматтары бар болгонун айтса, 0,9% гана “жок” деп жооп кайтарышкан. Тренингдин катышуучулары тапшырмаларды, формулировкаларды тактоо жана толуктоо зарыл экенин, эң негизгиси – СЭӨП индикаторлорун кайра карап чыгып, толуктап, айылдык кеңештин депутаттарынын кароосуна жиберүү керектигин белгилешти. Тренингдердин жүрүшүндө төмөнкүдөй тыянактар жасалды: коомдук мониторинг муниципалдык кызматчылар ресурстарды кантип колдонуп жатканын байкап туруу үчүн коомчулуктун “курч көзү” катары кызмат кылат. Бул мониторинг коомдук турмушка сиңип, практикага айланууда. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча ЖӨБОнун жана БМжБ тобунун билимине жана көндүмдөрүнө салым кошуп жатат. Мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө коомчулук өзү да жигердүүлүгүн көрсөтө баштады. ЭҮЖӨБОЖ

Долбоору айылдык аймактар ортосунда облустук деңгээлдеги тажрыйба алмашуу сапарларын, билим берүүчү программалар, техникалык жардам көрсөтүү аркылуу бул процесске көмөктөшүүдө. Коомдук мониторингдин методологиялык (илимий) базасы бара-бара кеңейип, өнүгүүдө. “Айылдык аймактын деңгээлинде мониторинг жүргүзүү системасы деген эмне?” деген түшүнүккө аныктама берүү аракети биринчи жолу жасалып жатат. Коомдук мониторинг системасы эволюциялык жол менен өнүгүп, муниципалдык, донордук жана коомдук уюмдар тарабынан колдоого муктаж болуп турат. Айылдык аймактын деңгээлинде мониторинг жүргүзүү системасынын негизги кемчиликтеринин бири – системага салынган мамиленин жоктугу, БМжБТ мүчөлөрүнүн улам алмаша берүүсү. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ишиндеги укуктук өңүттөрү толук иштелип чыккан эмес. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Жобону даярдап жатат. СЭӨПны пландоо аспабы катары натыйжалуу колдонуу көптөгөн факторлордон, анын ичинде индикаторлордун аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингден да көз каранды. ЖӨБОнун жана мониторинг топторунун потенциалын жогорулатуу жамааттын ресурстарын натыйжалуу колдонууга көмөктөшөт. Муну менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, СЭӨПда коюлган максаттарга жетүү мүмкүн болот. Пландалган индикаторлор максаттардын сандык жана сапаттык маанисин чагылдырып турат, аларга жетүү мүмкүн болдубу же жокпу – ушуну көрсөтөт. Мониторинг жана баалоо боюнча тренинг индикаторлорго жетүү аркылуу СЭӨПны башкаруу системасын өркүндөтүү багытында сапаттуу кадам болуп берет. Мындай окуу практикасын райондук жана облустук деңгээлдерде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана студенттер үчүн киргизиш керек.

Медет СУЛТАМБАЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун МжБ боюнча адиси

Окшош материалы: