Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарын текшерүүлөр жөнүндө

2017-03-31 / Мыйзам жаӊылыктары

31-мартындагы №32 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышын контролдоо тууралуу» Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сотукуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин 2017-жылдын 31-январындагы ЧЕЧИМИ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети (мындан ары-Комитет) Жогорку Кеңештин депутаты, Комитеттин мүчөсү К.С.Бокоевдин сунушуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 беренесин жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку КеңешининРегламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 114-беренесин жетекчиликке алып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин жүзөгө ашырылышы боюнча контролдук функцияларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары-Өкмөт) жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (мындан ары-Башкы прокуратура) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу» маалыматын карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан (мындан ары-Жогорку Кеңеш) 2016-жылдын 18-февралында кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары-Президент) тарабынан 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Эркин-Тоо» гезитине 2016-жылдын 13-апрелиндеги №31 номерине жарыяланган жана 2016-жылдын 24-апрелинен тартып юридикалык күчүнө кирген. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгү менен Өкмөткө төмөнкүлөр тапшырылган: - Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүнү, контролдук текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин.
Ошондой эле Өкмөткө жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр тапшырылсын:
 
  • өз ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга шайкеш келтирилсин;
  • ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынсын.
Мындан тышкары, жогоруда аталган Мыйзамдын 4-бөлүгү менен Башкы прокуратурага ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашуунун механизмин иштеп чыгуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсебин прокуратура органдары тарабынан жүргүзүүнүн тартибин кабыл алуу тапшырылган.
Ушуга байланыштуу, Өкмөт тарабынан вицепремьер-министр Ж.П.Разаковдун колу коюлган (2017-жылдын 25-январындагы кир.№6-1847/17) жана Башкы прокуратура тарабынан Башкы прокурордун биринчи орун басары К.Токтогуловдун колу коюлган (2017-жылдын 26-январындагы кир.№6-1893/17) жогоруда аталган Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө маалымат берилген. Комитет Өкмөт жана Башкы прокуратура тарабынан каралып жаткан Мыйзамдын жоболорунун аткарылышын талдап көрүп, ушул органдар жана алардын кызмат адамдары Мыйзамдын 28 беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнүн аткарылышын өз убагында камсыз кылбагандыгын белгилейт, бул Мыйзам жоболордун көпчүлүк бөлүгүн жүзөгө ашырылышынын токтоп калышына алып келген. Мисалы, Өкмөттүн маалыматына ылайык, жогоруда айтылган Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Өкмөттүн 2016-жылдын 15-июлундагы №398 «Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу Өкмөт Өкмөттүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-ЖӨБЭММА) тарабынан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө» токтомунун долбоору иштелип чыккандыгын маалымдайт.
Өкмөттүн жогоруда аталган токтомунун долбоорун Башкы прокуратура менен макулдашуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр) 2016-жылдын 4-апрелиндеги №154 буйругу менен түзүлгөн укук коргоо органдары жана салык органдары тарабынан ишкердик субъекттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ишин негизсиз текшерүүлөрдөн укуктук коргоону караштырган мыйзам ченем актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иши аяктаганга чейин бул документти иштеп чыгууну токтото туруу жөнүндө сунуш киргизилген. Ушул кырдаал Мыйзамдын аткарылышынын токтотушуна алып келген. Мындан тышкары, 2016-жылдын 20-июнунда Премьер-министрдин төрагалыгынын астында укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын жана башка кызыктар мамлекеттик органдардын катышуусу менен жумушчу жыйын өткөрүлгөн, анда ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө да ойлор айтылган. Ушуга байланыштуу, Комитет Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарылууга жатат.
Бул жерде ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 3- жана 4-бөлүктөрү менен колдонуу мөөнөтү бүтүндөй ченемдик укуктук акт же анын структуралык айрым элементи үчүн белгилениши мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын же анын структура-лык айрым элементинин колдонулушу белгилүү бир мөөнөткө токтото турулушу мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу ушул акты кабыл алган орган тарабынан өзүнчө ченемдик укуктук акт менен же ага ыйгарым укуктуу башка орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, демек анын колдонулушун толугу менен же айрым структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу Жогорку Кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылышы керек эле. Бирок Өкмөт тарабынан 2016-жылдын 20-июнунан тартып ушул күнгө чейин Жогорку Кеңештин кароосуна Мыйзамдын колдонулушун токтото туруу жөнүндө мыйзамдын тийиштүү долбоору киргизилген эмес.Ошентип, Комитет Өкмөт да, Башкы прокуратура да алардын ыйгарым укуктарына кирбеген аракеттерди жүзөгө ашырууга укугу жок деген тыянакка келет, демек, каралып жаткан Мыйзам Өкмөт жана Башкы прокуратура тарабынан толугу менен аткарууга жаткан.
Муну менен катар, Өкмөт Конституцияга ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталгандыгы, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмелерин бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды камтыбагандыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу, Комитет Өкмөттүн 2016-жылдын 21-июлундагы №411 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө» токтомуна ылайык ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жактырылгандыгына, ал Жогорку Кеңештин кароосуна бекитүү үчүн киргизилгендигине (Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №1057-VI токтому менен кабыл алынган) көңүл бурдурат. Жогорку Кеңештин бул ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренесинен келип чыгат.Ушуга байланыштуу, Өкмөттүн позициясы Комитетке түшүнүксүз, ал эки окшош маселе боюнча эки жактуу стандарты колдонуп жатат.
Мындан тышкары, Өкмөттүн маалыматы тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү жаатында ченемдик укуктук актылардын талаптарын түшүндүрүү боюнча региондук жолугушуулар 2016-жылдын августунда өткөрүлгөндүгү, анын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, шаарлардын мэрияларына жогоруда аталган Мыйзамдын жетекчиликке алуу үчүн сунуштар берилгендиги тууралуу маалымдарды камтыйт.Өз кезегинде, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашыра турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеси Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилген жок, себеби ЖӨБЭММА тарабынан иштелип чыккан тизмени бекитүү жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоорун Башкы прокуратура тарабынан колдоого алынган эмес. Каралып жаткан Мыйзамдын 28 беренесинин 4-бөлүгүн аткаруу боюнча Башкы прокуратура тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдүн бирдиктүү эсебин жүргүзүү тартибин жана текшерүүлөрдү макулдашуу механизмин караштырган буйруктун долбоору иштелип чыккан, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин иштеп чыккан жана бекиткенден кийин тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылат. 
Муну менен катар, Башкы прокуратура менен Өкмөт 2016-жылдын 15-мартында Президент «Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» №58 Жарлыкка кол койгондугу жөнүндө маалымдашты.Белгиленген Жарлыкты ишке ашыруу алкагында, 2016-жылдын 27-июлунда Өкмөт тарабынан №417 «Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларды аткаруу үчүн Башкы прокуратура тарабынан 2016-жылдын 1-августундагы №35 «Прокуратура органдары тарабынан ишкердик субъекттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү жөнүндө укук коргоо жана салык органдарынын актыларын каттоо (эсепке алуу) тартиби жөнүндө» буйругу чыгарылган, ал төмөн турган прокуратураларга жөнөтүлгөн. Бирок Комитет Башкы прокуратура тарабынан жогоруда аталган буйрукту кабыл алуу каралып жаткан Мыйзамдын 19- жана 20-беренелеринин өз убагында аткарылышына алып келбегендигин, ага ылайык:
 
  • Башкы прокуратурага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ар жылдык планын макулдашуу функциялары;
  • прокуратура органдарынын аймактык бөлүктөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде прокуратура органдары ишке ашыруучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн бирдиктүү эсепке алуу функциялары жүктөлгөндүгүн белгилейт.
Комитет Конституциянын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Өкмөттүн негизги багыты – коомдун кызыкчылыктарын, калктын, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктардын жана ЖӨБ органдарынын суроо-талаптарын жана муктаждыктарын канааттандырууга багытталган башкаруу ишининжүрүшүндө мамлекеттин Конституциясынын жана мыйзамдарынын иш жүзүндө аткарылышын уюштуруу экендигин белгилейт. Өз кезегинде, мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан өз функционалдык милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо же алардын аракетсиздиги жергиликтүү коомчулуктардын мүчөлөрүнүн жана ЖӨБ органдарынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мыйзамдардын талаптарын аткарбоо же бузуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жазыктык, административдик, жарандык жана тартиптик жоопкерчиликке алып келет.
Мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарынын бар экендигине карабастан, прокуратура органдары мыйзамдарды бузган же аткарбаган фактылары боюнча жетиштүү чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Администрациялык кодексинин 400- жана 556-1 статьяларында каралган тартипте администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралуу чараларды көргөн эмес. Муну менен катар, Комитет акыркы 3 жыл ичинде аткаруу бийлигинин биринчи жетекчилери комитеттердин жана Жогорку Кеңештин жыйындарында Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин жоболорун өз убагында аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик жөнүндө көтөргөн маселелерге Кыргыз Республикасынын тигил же бул ченемдик укуктук актыларын аткаруу таандык болгон министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери көпчүлүк учурда алар жакында эле дайындалгандыгын аргумент кылышарын баса белгилейт.
Бирок Комитет бул аргументти орунсуз деп эсептейт, себеби Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда министрлерден, мамлекеттик комитеттердин, мамлекеттик кызматтардын, фонддордун, мамлекеттик инспекциялардын төрагаларынан, мамлекеттик агенттиктердин директорлорунан тышкары узак убакыт бою ушул кызмат орундарында иштеген (3-5 жыл) алардын орун басарлары, статс-катчылары, бар экендиги жана милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык жетектеген багыттары боюнча алар да Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин жоболорун өз убагында аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик алыш керек. Мындан тышкары, Комитет Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна «Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорлоруна каралып жаткан Мыйзамдын 19- жана 20-беренелеринин өз убагында аткарылбай калышына алып келген өз кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жоопко тартууну сунуш кылуу максатка ылайык деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:
 
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүн, 19-жана 20-беренелерин, 28-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүн аткаруу камсыз кылынбагандыгы белгиленсин;
  •  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17, 25 жана 26- пункттарынын жана 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде министрлердин, мамлекеттик комитеттердин, мамлекеттик кызматтардын, фонддордун, мамлекеттик инспекциялардын төрагаларынын, мамлекеттик агенттиктердин директорлорун, алардын орун басарларын жана статс-катчыларын жогоруда айтылган
  • Мыйзамдын тийиштүү жоболорун аткарбагандыгы үчүн ээлеп турган кызмат ордуларын бошотууга чейин баруу менен жеке тартиптик жоопкерчиликти караштырсын;
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору «Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 49-беренесине жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорлоруна каралып жаткан Мыйзамдын жоболорунун өз убагында эмес жана толук эмес аткарылгандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликти караштырсын;
  •  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Башкы прокурору Комитетке ушул Чечимдин резолюциялык бөлүгүндөгү 2- жана 3-пункттарын аткаруу боюнча кабыл алынган чечимдердин жыйынтыктары жөнүндө ушул Чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде маалымат берсин;

Комитеттин ушул Чечиминин көчүрмөсү төмөнкүлөргө жөнөтүлсүн:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин күн тартибинин долбооруна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешине;
  • Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна аткаруу үчүКомитеттин төрайымы А. КОДУРАНОВА