Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарынын ишин баалоо аспабы

2017-08-08 / Мониторинг жана баалоо

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору тарабынан даярдалды. Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Макаланын мазмуну үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алысты көрө билген жетекчилери жергиликтүү жамааттагы социалдык туруктуулукка кызыкдар болушат. Алар калк айыл өкмөтүнүн дарегине нааразылыгын билдирбей, алардын ишин жана демилгелерин колдоп, муниципалитеттин өнүгүүсүнө жигердүү катышып, ЖӨБнун ишине карата өз пикирин ачык жана конструктивдүү билдирип туруусуна умтулушат. Анткени менен калктын маанайын байкап туруу дайыма эле жеңил боло бербейт. Айыл өкмөтү колунан келишинче аракет жасаганы менен, жарандар баары бир нааразы бойдон кала берген учурлар да аз эмес. Калк ЖӨБнун ишинен кабарсыз калып жатканы буга себеп. Бирок тескерисинче да болот – жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз ишин талаптагыдай аткарбаса да, адамдар муну байкабай калышат жана болуп жаткан көйгөйлөр үчүн тышкы факторлорду айыпташат. Эки учурда тең түзүлгөн кырдаалды бир себеп менен түшүндүрсө болот: ЖӨБ органдарынын жетекчилеринде жана кызматкерлеринде өз ишинин сапатын жана анын жыйынтыктарына карата жергиликтүү жамааттын мамилесин өлчөөнүн аспаптары жана механизмдери жок. Эффективдүү ЖӨБ органы үчүн өз ишинин сапатынын деңгээлин гана эмес, ошону менен бирге бул иштин жыйынтыктарына жарандар канчалык деңгээлде канааттанганын так билүү да өтө маанилүү.

Жамааттагы кырдаалды “өлчөө”, жумшалган аракеттер менен калктын аларды кабылдоосу канчалык шайкеш келгенин билүү маселелеринде ЖӨБ органдарына жардам берүү үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору инновациялык аспапты иштеп чыгып, Кыргызстанда жайылта баштады. ЖӨБ органдарынын ишин баалоо аспабы (LSGPAT же ЖӨБОИБА) – бул өзүнө өзү мониторинг жана баалоо жүргүзүү механизми. Бул механизм ЖӨБ органдарына кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү өз убагында жана так аныктап, алардын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Аспап эмне үчүн инновациялык болуп эсептелет?

Баалоонун салттуу болуп калган аспаптары жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин сапатын же анын ишинин эффективдүүлүгү тууралуу калктын пикирин өлчөйт же аралаш индикаторлорду колдонот. Бул методологиянын баалоонун салттуу аспаптарынан айырмасы – бул жерде ЖӨБ органынын иш сапатын жана бул ишке карата калктын пикирин бир жолку баалоодон кийинки салым – ЖӨБ органынын иши (effectiveness) жана таасир – калктын бул иш тууралуу пикири (legitimacy) салыштырылат.

Баалоонун бул эки объектиси 1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, бири-бирине умтулган эки векторго окшош болот. Бир жагынан ЖӨБ органы калктын үмүтүн актап, керектөөлөрүн канааттандыра тургандай иштегенге умтулат (1-сүрөттө муниципалитеттин ишинин эффективдүүлүгү мүмкүн болгон 5 баллдан 3 баллга бааланган). Экинчи жагынан ЖӨБ органынын ишинин жыйынтыктарына аздыр-көптүр канааттануусун билдирет (1-сүрөттө калктын ЖӨБнун ишине болгон канааттануусу болгону 2 баллды түзгөн). Ушуну менен бирге иштин сапаты менен бул ишке кардар – калк тарабынан берилген баа ортосундагы ажырым өлчөөнүн негизги объектиси болуп эсептелет (1-сүрөттө ажырым бир топ эле: ЖӨБ органы көп жасайт, бирок жарандар баары бир нааразы).

Ошентип аспап муниципалитеттердин ишин салттуу баалоонун алкагынан чыгып, ЖӨБ органынын ишинин эффективдүүлүгүн гана эмес, ошону менен бирге кызмат көрсөтүүлөр жарандардын күтүүлөрүнө канчалык шайкеш келгенин (канааттануу) да өлчөйт. Ушул эки маанилүү элементтер ортосундагы өз ара байланышты көрсөтүү менен, ЖӨБОИБА муниципалитеттерге өз ишиндеги, аны менен катар кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жаатындагы кемчиликтерин көрүүгө шарт түзөт. Өз ишинин эффективдүүлүгү менен жарандардын канааттануусу ортосундагы ажырымды өлчөп, аспап ЖӨБ органдарынын ишин жакшыртуу үчүн артыкчылыктуу маселелердин контролдук тизмесин даярдоого жардам берет.

ЖӨБОИБА – бул пландоонун, ишке ашыруунун, мониторинг жана баалоонун эффективдүү жана так аспабы. Ушул тапта USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору бул аспапты ЖӨБ органдарынын ишинин беш багытына карата колдонууну сунуштайт. Алар: кызмат көрсөтүү; жергиликтүү экономикалык өнүгүү; финансылык менеджмент; муниципалдык башкаруу; ЖӨБ органдарынын жарандар менен өз ара аракети.

Башка баалоо аспаптарындай эле ЖӨБОИБА көрсөткүчтөрдүн (индикаторлордун) топтомунан турат. Алар эффективдүүлүктүн да, канааттануунун да деңгээлдерин аныкташат. Ошону менен бирге акыр соңунда аспаптын өзүн колдонуунун эффективдүүлүгү индикаторлордун сапатына көз каранды болот. Ошондуктан Долбоор ЖӨБ органдарынын ишин баалоонун аспабынын индикаторлорун иштеп чыгууга өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасады. 2017-жылдын январь жана февраль айларында Долбоор ЖӨБОИБА индикаторлорун деталдуу талкуулоо үчүн семинарларды уюштурду. Семинарларга Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 23 муниципалитеттин, жарандык коомдун өкүлдөрү, ЖӨБЭММА кызматкерлери, ЖӨБ Союзунун жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү катышты. Семинарлардын катышуучулары индикаторлорду жигердүү түрдө талкуулап, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүштү. Долбоор 19 индикатордун жана 95 контролдук көрсөткүчтүн соңку тизмесин түзүп жатканда семинарда айтылган бардык пикирлерди эсепке алды (1-таблица). Контролдук көрсөткүчтөр баалоонун беш деңгээлине ээ – 1ден 5 баллга чейин. Эффективдүүлүктүн жоктугу 1 балл катары бааланса, мүмкүн болгон жогорку балл – 5.

Роберт БОДО, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жетекчиси: “Биздин аспап бир эле маалда кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жана жарандардын аларга болгон канааттануусун карап, алардын ортосундагы “ажырымды” аныктоого жол берет. Долбоор пилоттук ЖӨБ органдарында эки көрсөткүч ортосундагы ушул ажырымды кыскартып, жергиликтүү уюмдарды тартуу менен башка муниципалитеттерде мыкты практиканы андан ары жайылтуу максатын көздөйт. Долбоор ишинин башынан аягына чейин бул процесске жергиликтүү уюмду жана анын эксперттерин тартып турат. Ал эми долбоордун ишинин соңунда бул уникалдуу тажрыйбанын туруктуулугун камсыздоо үчүн бардык тийиштүү документтерди, аспаптарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана алдыңкы тажрыйбаны өткөрүп берет”.

Азамат ОРОЗОБЕКОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жетекчисинин орун басары: “Менин практикамда буга чейин уюмдар көңүлүн муниципалитеттердин ишин баалоого буруп келген. Мында калктын ошол кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусун эсепке алчу эмес. ЖӨБ органдарынын иши боюнча калктын канааттануусуна баа берилген учурлар да болгон. Бирок андан ары чечимдерди кабыл алууда бул баалоо эсепке алынган учурлар өтө сейрек болчу. Ошондуктан биздин долбоор уникалдуу десек болот – биз ЖӨБ органдарынын ишин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына карата жарандардын канааттануусун долбоордун соңуна чейин биргеликте карайбыз”.

Дамира СУЛЬПИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча компонентинин улук адиси: “Бул аспап эффективдүүлүктү жана жарандардын канааттануусун бирдей жогорку деңгээлде баалаганы анын уникалдуулугу болуп эсептелет. Долбоор ЖӨБ органдарынын эффективдүүлүгүн аныктоо боюнча алдын ала олуттуу иштерди жасады. Долбоордун кызматкерлери 19 индикатор боюнча эффективдүүлүктү баалоо максатында 16 пилоттук айылдык аймактын ар бирин кыдырып чыгышты. Ар бир ЖӨБ органынын иши бул индикаторлор менен салыштырылып, ага шайкештиги конкреттүү жетишкендиктердин же өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча документтердин болгону менен тастыкталып турду. Индикаторлорго шайкештигин карап жатканда ЖӨБ органдары тийиштүү тастыктоочу документтерди бериши керек болгон убакыт алкактары да эсепке алынды. Акыйкат баа берүү үчүн изилдөөлөр ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн, айылдык кеңештердин депутаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү”.

Эмне үчүн бул аспапты иштеп чыгууда жарандардын канааттануусун өлчөөгө көп көңүл бурулду?

Джамиля АРБАНАЛИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жамааттарды уюштуруу боюнча компонентининулук адиси: “Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу процессинде жарандык катышуу чечүүчү ролду ойнойт. Айылдык аймактардагы калктын күтүүлөрүн жана канааттануусун баалоо бир нече себептерден улам өтө маанилүү. Биринчиден, бул калкка өз айылдык аймагынын өнүгүүсүнө аралашып, жашоо шарттарын биргелешип жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, ЖӨБ органдары өз ишинин багыттарын, тапшырмалардын кезектүүлүгүн, артыкчылыктарын жарандардын муктаждыктарын жана өзүнүн финансылык, кадрдык жана башка мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен жакшыраак аныктай алышат. Үчүнчүдөн, бул баалоо ЖӨБ органдарына калк алдында ачык жана отчеттуу болуу менен, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жол берет. Ошентип, бул аспап жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен калк ортосундагы байланыштын механизми катары кызмат кылат. Калктын канааттануусун өлчөөнүн жардамы менен ЖӨБ органдарында өз ишине сырттан баа берип, өнүгүү үчүн мындан ары иш жүргүзүш керек болгон багыттарды, анын ичинде жарандарды өз убагында маалымдоо боюнча иштерди аныктап алуу мүмкүнчүлүгү болот. Жарандардын мамилесин объективдүү баалоо үчүн көз карандысыз компанияны тартуу өтө маанилүү. 2017-жылдын март-апрель айларында биздин долбоор Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын калкы арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн көз карандысыз жергиликтүү изилдөөчү компанияны жарандардын ишенимин өлчөө боюнча ишке тартты”.

Азамат ОРОЗОБЕКОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жетекчисинин орун басары: “ЖӨБ органдары, алардын миссиясы – бул биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыктарын тейлөө болгонун түшүнүшү керек. Жарандарга жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү мына ушул миссияга шайкеш келет. Таштанды жыйноону, ичүүчү сууну жеткирип берүүнү, көчөлөрдү жарыктандырууну уюштуруу – булар ЖӨБ органдары эффективдүү жана сапаттуу ишке ашырган жана ишке ашырышы керек болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн мисалдары. Жарандардын канааттануусун баалоо менен ЖӨБ органдары өз ишиндеги кемчиликтерди аныктап, жарандардын муктаждыктарын түшүнүп, уга алса, ал эми жарандар өз айылынын көйгөйлөрүн чечүүгө мурдагыдан да көбүрөөк тартыла алышат”.

Роберт БОДО, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жетекчиси: “Эффективдүүлүккө жана жарандардын канааттануусуна баалоо жүргүзгөндөн кийин USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору алынган маалыматтарга талдоо жасап, пилоттук 16 ЖӨБ органдарынын ар бири үчүн “эффективдүүлүк” менен “жарандардын канааттануусу” ортосундагы “ажырымды” аныктап чыкты. 2017-жылдын июнь айында долбоор “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө кластердик ЖӨБ органдарынын эффективдүүлүгүн жакшыртуу” аттуу аймактык форум өткөрдү. Форумдун жүрүшүндө пилоттук ЖӨБ органдарына аларды баалоонун жыйынтыктарын берди. Бул жыйынтыктар менен таанышып чыгып, аларды талдагандан кийин ЖӨБ органдары өз ишин жакшыртуу боюнча кийинки кадамдарды ойлонуштура баштайт деп ишенебиз”.

ЖӨБОИБА ЖӨБ органдарына канчалык зарыл? Башкаруу практикасында аларды кантип колдонсо болот?

Баалоонун жыйынтыктары пилоттук муниципалитеттердин башчыларынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жарыяланды.

Максат ДОРБАЕВ, Ак-Чий айылдык аймагынын башчысы: “Биз изилдөөнүн ж ы й ы н т ы к т а р ы н 2017-жылдын июнь айында алдык. Жалпысынан жыйынтыктар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калк менен өз ара аракетинин чыныгы жагдайын чагылдырат. Анткен менен айрым баалар (айрым индикаторлордун маанилери) күтүүсүз болду. Мисалы, биз айыл өкмөтүбүздө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши тууралуу калк жакшы кабардар деген ишенимде болчубуз. Анткени жылына бир нече жолу бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүп турабыз, айылдык чогулуштар болсо үзгүлтүксүз өтүп турат. Буга карабастан №11 «Жарандар үчүн маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн болгону» индикатору боюнча ажырым 4 балл болду (2-сүрөттү жана 2-таблицаны караңыз). Баалоонун жыйынтыктары боюнча биз дагы тыянак чыгардык: жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусу жана аларды муниципалитеттин ишине жигердүү тартуу багытында дагы көп иштерди жасашыбыз керек экен.

2017-жылдын күз мезгилинде биз айылдык чогулушту өткөрүп, кийинки беш жылга айылдын Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын өзөгүн түзө турган маалыматтарды чогултууну пландаштырып жатабыз. Августта биз бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүп, айыл тургундарынын ичинен мониторинг тобун түзүүнү болжолдоп жатабыз. Биз тандалып алынган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнүн алкагында муниципалитеттер аралык кызматташтык боюнча ишибизди – таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ишин жолго салууга аракет жасайбыз”.

Кыдыр ТЫНАЛИЕВ, Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы: “Биз аймактык форум маалында ЖӨБ органыбыздын ишин баалоонун жыйынтыктарын алдык. Тилекке каршы, дээрлик бардык индикаторлор боюнча көрсөткүчтөр бир кыйла төмөн чыкты. Бардык 19 индикатор боюнча суммалык ажырым 122 баллды түздү (3-сүрөттү жана 3-таблицаны караңыз). Кызмат көрсөтүүлөргө карата жарандардын канааттануусун жакшыртуу жана биздин айыл өкмөттүн ишинин эффективдүүлүгүн жакшыртуу боюнча өтө көп иштерди жасашыбыз керек экен. Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу жана бюджеттин ачык-айкындуулугу өңдүү индикаторлор боюнча төмөн баа бизди өзгөчө капа кылды. Бирок бул баа чындыкка шайкеш келгенин мойнубузга алышыбыз керек. Биз бул кемчиликти жоюуга аракет жасайбыз жана бул иште долбоордун колдоосуна үмүт артып турабыз. Биринчи кезекте бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Анын жүрүшүндө кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча өз стратегиябызды сунуштайбыз. Долбоордун семинарларына катышып, жергиликтүү калк менен жигердүү иш алып барыш керектигине ынандык. Стратегияны ишке ашыруу боюнча пландалып жаткан иш жарандарыбыздын бизге болгон ишенимин арттырууга жардам берет деп ишенебиз. Ушул тапта Ново-Вознесеновка айылындагы маданият үйүнүн ремонтуна долбоордук-сметалык документтерди даярдап койдук. Жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен айыл өкмөттөгү бардык айылдарда көпүрөлөр оңдолду. Ремонт иштерине жергиликтүү калкты жигердүү тарттык”.

Мирлан БЕЙШЕНОВ, Дархан айыл өкмөтүнүн башчысы: “Биз бардык 19 индикатор боюнча баалоонун жыйынтыктарына, ошондой эле эффективдүүлүк менен канааттануу көрсөткүчтөрү ортосундагы ажырым чоң болуп, 96 баллды түзгөнүнө кошулабыз (4-сүрөттү жана 4-таблицаны караңыз). Калкка, аны менен катар балдарга, аялдарга жана жаштарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу пландарын даярдап, ишке ашыруу процессине тартылган коомдук уюмдар, жарандык активисттер менен өз ара аракетибиз чындап эле чабал болгон.

Ушул маалга чейин айыл өкмөтүнүн аппараты эффективдүүлүктү жана жарандардын канааттануусун баалоонун жыйынтыктары тууралуу жамаатты жана айыл тургундарын кабардар кылды. Учурда кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана аларды андан ары оптималдаштыруу боюнча пландарды кайра карап жатабыз. Ошондой эле биз айыл жашоочулары менен мурдагыдан тыгыз өз ара байланышты түзүү практикасын баскыч-баскычы менен киргизип жатабыз: ачык сессияларды өткөрүп, алдыда болчу иш-чараларды талкуулоо жана таанышуу үчүн кварталчылар менен көбүрөөк жолугушуп, артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмелерин түзүүдө оозеки сурамжылоолорду жүргүзүп жатабыз. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун сунуштамаларын колдонмого алуу менен, биз Жумуш чу комиссиянын мүчөлөрүн тандоону жергиликтүү калкка тапшырдык. Мындан ары Жумушчу комиссия кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча стратегияны ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп, калкка отчет тапшырып турат”.

Алтынбек АДИШОВ, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы: “Баалоонун жыйынтыктары жалпысынан биздин ишибизди, өзгөчө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин чагылдырып турат (5-сүрөттү жана 5-таблицаны караңыз). Мисалы, муниципалитеттер аралык кызматташтыктын кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо индикаторлорундагы ажырым олуттуу экен. Муну ушул тапта бизде калктын пикирине мониторинг жүргүзүү боюнча жөнгө салынган системанын болбогону менен түшүндүрсөк болот. Мониторинг системасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн биз айылдык аймакта жашаган калктын бардык топторунун өкүлдөрүнөн турган мониторинг тобун түзүү вариантын караштырып жатабыз. Бул топ айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө карата калктын пикирине туруктуу көз салып, өз ишибизди мурдагыдан да эффективдүү жана жемиштүү аткарууга жардам берет.

Ошондой эле биз калктын суроо-талаптарын жана муктаждыктарын өз убагында билип туруу үчүн сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында биз аймактагы калк менен бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Ал жолугушууларда добуш берүү жолу менен артыкчылык туу маселе катары ички жолдордун ремонтун тандап алдык. Бул маанилүү тапшырманы аткаруу үчүн биз жумушчу комиссияны түздүк. Анын курамына ар кайсы жаш курактагы, түрдүү кесиптердин, улуттардын өкүлдөрү, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кирди. Ушул тапта Жумушчу комиссия кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө калк менен жигердүү иш жүргүзүп жатат”.

Абсатар СЫРГАБАЕВ, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: “Бизге USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун аймактык форумунда ЖӨБ органыбыздын ишин баалоонун жыйынтыктарын тапшырышты. Бул аспап кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун жана уюштуруунун көптөгөн маанилүү өңүттөрү тууралуу толук маалымат бергени менен жакты. Форумдан кайтып келгенден кийин мен айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлерине баалоонун жыйынтыктарын көрсөттүм. Жалпысынан биз баалоонун жыйынтыктары менен макулбуз. Бул изилдөөнүн жыйынтыгында ЖӨБ органынын ишинин эффективдүүлүгү менен калктын канааттануу деңгээлинин ортосундагы чоң ажырым мени абдан таң калтырды. Өзгөчө №14 (Мамлекеттик сатып алууларды жакшыртуу”, №17 (Жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө катышуусу) жана №18 (Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу) индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрдө ажырым 7-8 балл болгону таң калтырды. Баалоонун жыйынтыктары бизди бул көрсөткүчтөр боюнча ажырымды кыскартуу багытында чукул чараларды көрүүгө түрттү. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын гана жакшыртпастан ошону менен бирге өз ишибиз тууралуу калкты өз убагында жана туруктуу негизде маалымдап турушубуз керектигин түшүнүп жатабыз. Ишибиздин эффективдүүлүгү жана калктын канааттануусунун деңгээли боюнча көрсөткүчтөрдөгү ажырымды кыскартуунун үстүнөн ишибизди мындан ары да уланта беребиз.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн биздин айыл өкмөтү бир нече усулдарды колдонууда. Биз калк менен жолугушууларды уюштуруп, ал жерде айылдагы маанилүү окуяларды талкуулайбыз. Биз коомдук угууларда аймактагы бардык 11 айылдын калкы менен жолугушууларды пландап жатабыз. Анда көзгө көрүнгөн оңолуулардын стратегиясын талкуулай алмакпыз. Август айында бюджеттик угууларды өткөрүүгө жигердүү даярданып жатабыз. Бул угууларда 2017-жылдын биринчи жарым жылы үчүн ишибиздин жыйынтыктары менен, ошондой эле 2018-жылы өтчү иш-чаралардын бюджетинин долбоорун сунуштайбыз. Буга чейинки угууларга салыштырмалуу алдыдагы иш-чарада айыл өкмөтүнүн кызматкерлери аймактын бюджетинин презентациясын даярдашат. Аны болсо USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун тренингдеринде алган билимдин негизинде иштеп чыгышты. Калк жаңы маалыматты жеңил кабыл алуусу үчүн коомдук угууларда презентациянын кызыктуу усулдарын колдонмокчубуз”.

Корутунду

Роберт БОДО, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жетекчиси: “Биз пилоттук ЖӨБ органдарынын долбоор менен кызматташууга даярдыгын, бул аспапка болгон кызыгуусун өтө жогору баалайбыз. Муниципалитеттер өзүнүн күнүмдүк ишинде ЖӨБ органдарынын ишин баалоо аспабын колдонууга ынтызар болуп, жигердүүлүгүн көрсөтүп жатканы өтө маанилүү. Биз алынган жыйынтыктардын анализи муниципалитеттерге өз ишине сырттан баа берип, кемчиликтерин көрүп, жарандар менен тыгыз байланышта болуу зарылчылыгына ынанууга жардам бергенин көрдүк. Атүгүл муниципалитеттер биздин сунуштамаларды колдонмого алып, баалоонун анализине таянуу менен өз ишин пландай башташты. Өз кезегинде долбоор жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу ишин жакшыртуу үчүн муниципалитеттерге техникалык колдоо көрсөтөт. Долбоор менен муниципалитеттер ортосундагы жигердүү кызматташтыктын натыйжасында кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгү жана жарандардын канааттануусу боюнча көрсөткүчтөрдү жакшырта алабыз деп ишенебиз”.

Окшош материалы: