Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо: процесстин маанилү учурлары жана критерийлери

2017-08-31 / Мониторинг жана баалоо

БААЛООСУМедет СУЛТАМБАЕВ,ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мониторинг жана баалоо боюнча адиси, ӨСИ

2017-жылдын 14-июлунда Бишкекте айылдык аймактардын деңгээлинде мониторинг жана баалоону пландоо маселелери боюнча тренинг өттү. Тренингге Чүй облусунун 12 пилоттук муниципалитетинин өкүлдөрү, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) мүчөлөрү жана ушул жылы Чакан гранттар программасын утуп алган беш пилоттук эмес муниципалитеттин өкүлдөрү катышты. Пилоттук эмес жамааттар алынган гранттарга мониторинг жүргүзүшү керек. Жалпысынан тренингге 40 киши катышты. Мониторинг жана баалоону пландоо, өткөрүү көндүмдөрүнө окутуу, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу – 2016-жыл үчүн 1-2-баалоону, 2017-жыл үчүн 3-баалоону жүргүзүү тренингдин негизги максаты болду. Мониторинг жана баалоо пландалган жыйынтыктарга жетүүдө маанилүү ролду ойнойт. Жамааттарда өтө көп сандарда түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Мисалы, чогулуштар, жыйындар, мектептердин,  жолдордун, суу түтүк линиялардын, спорттук курулмалардын ремонту жана курулушу, таштанды чыгаруу ж.б.

Мониторинг сөзсүз түрдө белгилүү бир интервал менен маалыматтарды чогултуу дегенди билдирет жана объект боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшүндө өзгөрүүлөрдүн динамикасына мониторинг жүргүзүү үчүн бери дегенде эки жолу өткөрүлөт. 2016-жылы жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча бир жамаатта орточо 22 иш-чара өткөрүлгөн. Бул ишчаралардын өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзүү – маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуп туруу зарыл. Анткени иш-чараны аткаруунун жүрүшүндө жамааттын мүчөлөрүндө жана бенефициарларда көптөгөн суроолор пайда болот. Мисалы, иш-чара өз мөөнөтүндө бүтөбү, курулуш иштери сапаттуу жасалып жатабы, маселе пайда болдубу, пландалган жыйынтыктарга жетишебизби ж.б. Пайда болгон суроолорго жооп берүү үчүн ишчаранын аткарылышы тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуп турууну пландап алуу зарыл. Бул үчүн төмөнкүдөй суроолорго жооп бериш керек: ким, канча жолу жана кайсы ишчаралар тууралуу маалыматтарды туруктуу чогултуп турат?

Мониторингдин жыйынтыктарын ким белгилейт? Кызмат көрсөтүүнү баалоону кантип туура тандап алып, муну кантип ишке ашырса болот? Ишчара өткөрүлгөн айылдын, айылдык аймактын деңгээлинде мониторинг процессин кантип уюштуруш керек? Бул суроолорго жооптор БМжБТ мүчөлөрүнөн мониторинг жана баалоону пландоо боюнча билимди жана көндүмдөрдү талап кылат. Биринчи кезекте мониторинг жана баалоо боюнча планды түзгөндү билип, алынган жыйынтыктарды компьютерде иштеп чыгуу боюнча базалык көндүмдөр жана билим зарыл. Бул суроолор өткөрүлгөн бир күндүк тренингдин алкагында каралып чыкты. 2016-2017-ж.ж. өткөн маанилүү мониторингдик иш-чаралардын бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо болду. БМжБ топтору айыл активисттеринин колдоосу менен кызмат көрсөтүүлөргө үч баалоо жүргүзүштү. Алардын ичинен эки баалоо 2016-жылы, бир баалоо 2017-жылы өттү. Баалоо 38 айылдагы 12 муниципалитетте өтүп, 866 анкета толтурулду. Орточо эсеп менен ар бир айылда 22 анкета толтурулуп, 14 кызмат көрсөтүүгө баа берилди.

Сурамжылоого катышкандардын 42,1% эркектер, 57,1% аялдар болду. Суроолорго жооп бер- гендердин орточо жаш курагы 44 жашты түздү. Тренингдин катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдү баалоонун жыйынтыктары, эркектерди да, аялдарды да, түрдүү жаш курактагыларды сурамжылоо канчалык маанилүү болгону көрсөтүлдү. Бул жынысына жана жаш курагына жараша жамаат мүчөлөрүнүн түрдүү керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына байланыштуу. Кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо үчүн анкета жана аны толтуруу боюнча нускама иштелип чыкты. Айыл жашоочулары кызмат көрсөтүүлөрдү 5 баллдык шкала менен баалашты. Мында 1 балл “өтө начар”, ал эми 5 балл “мыкты” дегенди билдирет. Кызмат көрсөтүүлөрдү баалоодо анын критерийлерин аныктап алуу маанилүү учур болуп эсептелет.

Кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо үчүн алты критерий аныкталды. Алар: кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, мөөнөтү, маалымдуулук, баасы, кызмат көрсөтүүгө канааттангандык жана кызмат көрсөтүү жөнүндө өз пикирин билдире алуу мүмкүнчүлүгү. Кызмат көрсөтүү жылына эки жолу – жыл башында жана этегинде бааланды. Бул болсо жыл ичинде биринчи жана экинчи баалоо ортосунда болгон өзгөрүүлөрдүн динамикасын көрүүгө жардам берет. Тренингде кызмат көрсөтүүнү баалоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу маселелери каралды. Кызмат көрсөтүүнү баалоо деген эмне? Бул – айыл тургундары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө өз баасын берүү дегенди билдирет. Ушул тапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги 24 маселени чечиши керек.

Бардык 24 кызмат көрсөтүүнү баалоо мүмкүн эмес. Ошондуктан айыл тургундарына алдын ала баалоо үчүн кызмат көрсөтүүнү тандап алуу сунушталат. Кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу процесси жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча иш-чараларда жүзөгө ашат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү менен алдын ала талкуу өткөргөндөн кийин Долбоордун адистери төрттөн ашпаган кызмат көрсөтүүнү баалоону сунушташты. Кызмат көрсөтүүлөргө жүргүзүлгөн баалоонун анализинин жыйынтыктары боюнча, Чүй облусундагы 12 пилоттук муниципалитеттин жашоочулары баалоо үчүн 14 кызмат көрсөтүүнү тандап алышты. Алар: таштанды чыгаруу, бала бакча, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, ичүүчү жана сугат суу, көчөлөрдү жарыктандыруу ж.б. Бул жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрү болчу.

Тренингде баалоо үчүн кызмат БААЛООСУкөрсөтүүлөрдү кантип пландап, жаңыларын кантип кошуу керектиги тууралуу сунуштар берилди. Ошондой эле ар бир муниципалитет боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү баалоонун жыйынтыктары берилип, аларды андан ары чогулуштарда, элеттик жыйындарда, донорлордун жана башка уюмдардын колдонуусу үчүн даярдалды. Мисалы, 12 муниципалитетте кызмат көрсөтүүнү 1-баалоонун жана 3-баалоонун анализинин жыйынтыктары боюнча алсак, ичүүчү суу боюнча оң өзгөрүүлөр бар. Алгачкы төрт категория боюнча өсүш 0,1 баллды жана «кызмат көрсөтүү боюнча өз пикирин билдире алуу мүмкүнчүлүгү» критерийи боюнча 0,2 баллды түздү. Жамааттар ичүүчү суу (100%), таштанды чыгаруу (66%), сугат суу (58%) ж.б. өңдүү өзгөчө ар-тыкчылыктуу жана маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алышып, аларга баа беришти. Тренингде БМжБ тобунун мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдү баалоонун маалыматтарын Excel форматында иштетүү боюнча билимге ээ болушуп, көндүмдөргө үйрөнүштү.

Жалпысынан тренингде катышуучулар кызмат көрсөтүүлөрдү баалоону пландоо, уюштуруу жана өткөрүү, артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу, алынган маалыматтарды иштетүү, отчет жана диаграммалар түрүндө жыйынтыктарын тариздөө боюнча билимге жана көндүмдөргө ээ болушту. Тренингдин жыйынтыктары боюнча 2017-жылдын соңуна чейин кызмат көрсөтүүгө баалоо жүргүзүү боюнча пландар белгиленди. Тренингдин катышуучуларына консультациялык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Айылдык аймактын деңгээлинде ишке ашырылган жана жыйынтыкталган иш-чараларга мониторинг менен баалоону пландоо жана өткөрүү, алар боюнча отчеттуулук өңдүү маселелер боюнча консультация берилмей болду. Мониторинг жана баалоо боюнча тренингден алынган билим жана көндүмдөр айылдык аймактын деңгээлинде мониторингди эффективдүү жүргүзүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатууга жол берет.

 

 

Окшош материалы: