Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын ЖӨБ Союзу өз мүчөлөрү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктады

2018-07-17 / Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

ЖӨБ Союзу өзүнүн уставы боюнча муниципалитеттерге кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомун сунушташы керек. Бул эмне болгон кызмат көрсөтүүлөр? Аларды кантип алса болот? Бул суроолорго жооп берүү үчүн муниципалитет башчыларынан жана ЖӨБ тармагындагы эксперттерден турган атайын уюштурулган фокус-топтордо муниципалитеттердин бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелери аныкталды.

Ошондой эле бул көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Союз берчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги түзүлдү. Анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү эки категорияга бөлүү сунушталды: жалпы кызмат көрсөтүүлөр – мүчө акысынын эсебинен Союз бардык муниципалитеттерге берген кызмат көрсөтүүлөр жана акынын негизинде – айрым муниципалитеттердин жеке суроо-талаптары боюнча кошумча акыга берилген кызмат көрсөтүүлөр.
 
Талкуу төмөнкү схема боюнча өттү. Адегенде муниципалитеттердин ЖӨБ Союзу чечүүгө жардам бериши керек болгон көйгөйлөрү аныкталды. Андан соң көйгөйгө жараша ЖӨБ Союзу өз мүчөлөрүнө бериши керек болгон кызмат көрсөтүүлөр аныкталды. ЖӨБ Союзу чечүүгө жардам бериши керек болгон өзгөчө маанилүү көйгөйлөрдүн катарына катышуучулар төмөнкүлөрдү киргизишти:
 
  •  ЖӨБ органдарынын саясий жактан корголбогондугу;
  • муниципалитеттерде ички саясатты координациялоонун жоктугу;
  • ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын улуттук деңгээлде коргоонун механизминин жоктугу;
  •  ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы кемчиликтер;
  • ЖӨБ боюнча ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ЖӨБ органдарынын пикирлерин эске алуу механизминин жоктугу;
  • ЖӨБ органдарын укуктук жактан колдоонун жоктугу;
  • ЖӨБ боюнча мыйзамдарга анализ жүргүзүп, чечмелөөдө ЖӨБ органдарына колдоонун жоктугу;
  • ЖӨБ органдарында башкаруучулук потенциалдын жетишсиздиги.
  • Көйгөйлөрдүн тизмесине ылайык ЖӨБ Союзу өз мүчөлөрүнө бере турган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги түзүлдү.
ЖӨБ Союзунун
көйгөйлөрү/Союздун
жооп функциялары
Союздун кызмат көрсөтүүлөрү
ЖӨБдүн эффективдүү иши үчүн зарыл маалыматтын жетишсиздиги / Маалыматтык колдоо
жалпы акыга
  • web-порталдын коштоосу (билим базасы) – ченемдик-укуктук актылардын тексттерине, басылмаларга жана аналитикалык серептерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
  •  ЖӨБ маселелери боюнча жалпы аналитикалык серептерди иштеп чыгуу;
  • мыкты практикалар (чет өлкөлүк жана жергиликтүү) менен таанышуу жана жайылтуу;
  • программалык продукттарды иштеп чыгуу жана ЖӨБдү маалыматташтыруу процесстерин илгерилетүү;
  •  порталда жергиликтүү ЧУАларды жарыялоо;
  • чет өлкөлүк муниципалитеттер жана эл аралык
  • уюмдар, ассоциациялар менен өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө жардам берүү
  • аналитикалык изилдөөлөргө түшкөн заказдарды аткаруу
ЖӨБ органдарында башкаруучулук потенциалдын жетишсиздиги, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүндө
потенциалдын жетишсиздиги/ Потенциалды өнүктүрүү
  • ЖӨБдүн актуалдуу темаларын талкууга алып чыгуу (жалпы тематика боюнча конференциялар жана семинарлар);
  •  портал аркылуу окуу материалдарын жайылтуу;
  • ЖӨБ органдарындагы бош орундар үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын тесттерине суроолорду даярдоо жана таратуу;
  • жамааттар менен иш алып баруу (ЖӨБ органдар ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу)
суроо-талап боюнча
жеке жана топтук окуулар
ЖӨБго тиешелүү мыйзамдардагы кемчиликтер / Ченем чыгаруучулук
ишмердүүлүк
  • колдонуудагы мыйзамдарга анализ жасоо;
  • улуттук колдонуудагы ЧУАларга өзгөртүүлөрдү даярдоого, жаңы улуттук ЧУАларды иштеп чыгууга катышуу;
  • муниципалитеттерди ЧУА долбоорлорун талкуулоого тартуу, аларды жайылтуу
 
Укуктук колдоонун жетишсиздиги (анын ичинде ЖӨБ органдарынын штатында
юристтердин жоктугуна байланыштуу) /ЖӨБго укуктук колдоо көрсөтүү
  • колдонуудагы ЧУАлар боюнча кеп-кеңештерди берүү жана суроолорго түшүндүрмө берүү
  • жергиликтүү типтүү жоболордун жана ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу;
  • жалпы маселелер боюнча юридикалык консультациялар;
  • мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү (суроо-талаптарды даярдоо жана мамлекеттик органдардан суроо-талаптарга расмий жоопторду алуу);
  • текшерүүлөрдү ирээтке келтирүүдө жардам берүү
  • юридикалык колдоо (оор жеке маселелер боюнча юридикалык консультацияларды берүү, келишимдерди түзүү ж.б.)
  • соттордо өкүлчүлүк кылуу
Улуттук мыйзам чыгаруучулук жана Өкмөттүн аткаруучулук деңгээлдеринде
ЖӨБдүн кызыкчылыктары
корголбойт (мыйзам чыгарууда жана документтерди
иштеп чыгууда ЖӨБдүн кызыкчылыктары корголбойт /
ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоо
  • мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарында ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоо;
  • маморгандардан түшкөн ЧУА долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
  • муниципалдык башкаруу аспаптарын жана механизмдерин иштеп чыгуу;
  • ЖӨБдүн абалы тууралуу Президент үчүн жылдык отчетторду даярдап туруу
 

 

Окшош материалы: